Саресеп – 16 фев 2016-ж.
Махмуд Абдулмомунов: “Туура тамактанууну үйрөнүү – бул чоң илим. Адамдар космоско кызыкпай, алгач өзүнө өмүр бою керек боло турган организмине кызыкса жакшы болмок”
Тамактануу адамдын дене-түзүлүшүнө, руханий дүйнөсүнө, кыймыл-аракетине, кулк-мүнөзүнө, айлана-чөйрөгө кылган мамилесине, деги эле бардык жашоосуна чоң таасирин тийгизет. Туура эмес тамактануунун натыйжасында бүгүнкү күнү ар түрдүү оорулар пайда болууда. Эмесе “Шыпаа Нур” дарылоо борборунун жетекчиси, 17 жылдан бери гирудотерапевт болуп иштеп келаткан дарыгер Махмуд Абдулмомуновдун туура тамактануу тууралуу пайдалуу кеңештерине көңүл бурсак…
Өзү тууралуу учкай кеп
Таятам элди табигый жол менен дарылаган табып болгон. Кичинемден апам менен бирге жашап, таятамдын дарылоо ыкмаларын көрүп жүрүп ушул багытка аябай кызыгып калгам. Алгач Ташкентте окудум. Андан кийин Екатеринбургда гирудотерапия боюнча негизги курсту бүтүрдүм. Бул кесип менен иштей баштаганыма быйыл буюрса 17 жыл болот. Бишкекте 2008-жылдан бери ушул багытта иштейм. “Шыпаа-Нур” дарылоо борборун ачканыбызга 4 жыл болуп калды. Азыркы учурда ушул борбордо эмгектенип келем.
Көпчүлүк оорулар туура эмес тамактануудан келип чыгат
Чындыгында көп оору туура эмес тамактануудан улам пайда болот. Мурун акылмандар “оору деген эмне?” деген суроого, “жегенин аш кылбай туруп, үстүнөн кайра тамак жеш” деп жооп берген экен. Мына ошондуктан оорулардын негизги себептеринин бири – сиңирүүнүн бүтүшүн күтпөй туруп, үстүнөн башка тамак жеш дегенди билдирет.
Организмдин тамакты кабыл алышы тууралуу
Ар бир адамдын организми ар кандай. Эркек менен аялдын организми да ар түрдүү. Ошол организмге табигый нерселер аш боло турган система жаратылган. Бирок ашказан ооздон кирген ар бир тамакты аш кыла бербейт. Ал өзүнө керегинче алат да, калганын чыгарып салат. Тамактын ашказанда, ичегилерде сиңирилип боорго өтүшү да ар кандай болот. Организмге керектүүсүн боор ажыратып алып денеге берет, ал эми керексизи таштанды (шлак) катары калат. Адамдагы эң майда элементтердин пайда болгон абалын Авицена мижаз деп атаган. Ар кимдин өзүнө жараша мижазы (жеке организминин өзгөчөлүгү) болот. Эң алгач адам организмин жакшы үйрөнүп чыгып, ошого жараша тамакты тандап жеш керек. Мисалы, бир нерсе бардык адамдын организмине бирдей дал келе бербейт. Азыркы учурда жеке адамдын организмин үйрөнбөй туруп эле жалпы түрдө сунуштап коёт. Ал нерсе анын организмине жагабы, жакпайбы белгисиз. Мурунку табыптар адамды дарылоодон мурун анын жеке организмин үйрөнгөн жана ошого жараша табигый дарыларды сунуштаган. Ошол сунуштоо менен адам туура тамактанган. Адамдар космостун өзгөчөлүктөрүн үйрөнбөй, алгач өзүнө өмүр бою керек боло турган организмин үйрөнсө жакшы болмок. Аны үйрөнгөндөн кийин ар бир нерсени кабыл алуу режимин өзү оңой түзүп алат эле.
Күн тартиби боюнча тамактануу
Эртең менен эрте турганда муздак суу ичүү пайдалуу. Анан 1-2 сааттан кийин жеңил тамактануу жакшы. Ал эми оор тамакты түшкү убакта жесе, мисалы, 11:00-14:00 ортосунда жесе тамак жакшы сиңирилет. Бирок адам бир күндө 450 гр тамак жесе жакшы жүрөт, ооруга да кабылбайт. Кечкисин болсо 18:00-19:00 гө чейин тамак жегени тартипке ылайык. Андан кийин желген тамак аш болбойт. Түндүн бир оокумуна чейин уктабаса дагы ал оңой сиңбейт.
Сиңирүү системасынын эрежелери
Аш кылуу системасы белгилүү эрежелер менен иштейт. Бул эрежелер боюнча, 200-250 гр. өлчөмдөгү тамак ашказанда 3-4 саат, андан кийин ичке ичегилерге өтүп аш болот. Бул биринчи сиңирүү деп аталат. Тамактын түрүнө, өлчөмүнө жана салмагына карап, биринчи сиңирүү 6-10 саатка чейин уланат. Ашказандагы сиңирүү аяктай электе желген бир тиштем тамак да ашказандагы сиңирүү процессин бузат. Бул тиштем мурдагы тамак менен кагылышканда, ал аш боло электиги үчүн ачытып, чиритип баштайт. Натыйжада адам зарна болот. Ашказанда газ пайда болот жана курсак көбөт. Негизи, биринчи сиңирүү эмес, үчүнчү сиңирүүдөн кийин гана, т.а., азыктар кандан клеткаларга өткөндөн кийин гана башка тамак жесе болот. Туура тамактанууну үйрөнүү – бул чоң илим.
Сууну кайсы учурларда ичүү керек
Эртең менен ойгонгондо эле суу ичүү ичегилерди жумшартып, пайдасын берет. Тамактан мурун ичем десеңиз, анда тамактын жыты келе электе ичиңиз. Анткени адамда азыкты аш кылуу үчүн шире ажырайт. Ашканадан ар кандай дабыш келгенден баштап ашказанда процесс башталат. Ошол учурда ичилген суу зыяндуу. Себеби ал пайда болгон ширелерди жокко чыгарат. Же болбосо тамактануудан 1-1,5 сааттан кийин ичсе пайдалуураак. Ансыз деле ошондой маалда дене сууга муктаждыкты сезет. Ошол учурда суу ичүү эң пайдалуу.
Тамактанууда эң биринчи көңүл буруучу нерселер
Бүгүнкү күнү тамактануу тартибин көпчүлүк кармана бербейт. Тамактануу өзүнчө маданиятка айланып баратат. Андан алына турган пайда-зыянга көңүл бурулбай, экинчи орунга коюлууда. Биринчи орунга, сырткы көрүнүшүн, кооз жасалгасына карап, ошого жараша тандап жатышат. Негизи мындай сырты жалтырак тамактар эң зыяндуу.
Тамактын аш болуусунун башаты – анын жакшылап чайналышында. Жок дегенде 25-30 жолу чайналган тамак ашказанга 70-80% га чейин жеңилдик берет. Экинчиси, чайнап аткан учурда ооздон атайын ферменттер ажырайт. Бул ферменттер тамактын туура аш болушун камсыздап берет. Ошол эле учурда тамак менен сууну, же чайды кошо ичүү туура эмес. Себеби ооздо ажыралган ферменттерди жууп, ашказандан, ичегилерден өткөзүп салат. Бул нерсе тамактын аш болушун кыйындатат.
“Организмим көнгөн. Түнкү 12де деле тамактана берем”
Мындай көнүп калууну – аргасыздан көнүү десек да болот. Организмди бир нерсеге мажбурлоонун акыбети жаман. Түндө тамактануу жакшы көрүнүш эмес. Кээде адам организм менен эсептешкенге аракет кылат. Канткенде да ал табигый нерсе болгондуктан, биз аны өзүбүздүн каалообузга жараша өзгөртө албайбыз. Болгону өзүбүздү организм көнүп калат деген шылтоо менен алдаган болобуз. Анын жыйынтыгы ар түрдүү ооруларды пайда кылат. Ал бир канча жылдардан кийин байкалат.
Ачкалык качан байкалыш керек
Авиценанын китептеринде бул тууралуу жазылган. Биринчи ачкалык бул жалган ачкалык деп аталат. Организм бир нерсени каалайт. Ал учурда жебей койгон жакшы. Аны бербей койсо ачкалык өтүп кетет. Каалоо сезими жоголот. Андан кийин кыйла убакыт өтүп чыныгы ачкалык байкалат. Ич курулдай баштайт. Мына ошондо тамактануу – эң пайдалуу тамактануу.
Адам тамактануу аркылуу гана күч-кубатка ээ болобу?
Канча көп жесең, ошончо кубат болот деген түшүнүк туура эмес. Адамдын денесин тикелеп турган тамак жетиштүү делет. Толтурулган нерселердин эң жаманы курсак. Ашказанды үчкө бөлүп тамактануу эң пайдалуу. Биринчи бөлүгүн суу, экинчисин тамак, үчүнчүсүн абага толтурса, адамдын дени сак, шамдагай, акылдуу болот. Качан ашказан бошоп, тамакка муктаждык жаралганда тамак жеш керек. Жеп аткан учурда табит ачылып кетсе тамактанууну токтотуу жакшы касиеттерге үйрөтөт. Кыргыздарда кекиргенде гана тойду деп эсептейт. Ал да туура эмес. Кекирүү – бул ашказандын үчүнчү бөлүгүндөгү абанын ордун да тамак менен толтуруу дегенди билдирет. Бул туура эмес тамактанууга кирет. Ашказан кыйналат.
Тамактануу аркылуу дарылануу
Албетте тамактануу менен дарыланса болот. Мен муну көптөн бери сунуш кылып келатам. Дарылоо тамактары деп атаса да болот. Мында адам тамактануу менен дарыланат. Көпчүлүк эл ушуну түшүнбөй, “кантип эле тамактанып дарыланса болот?” дешет. Негизи ошентсе болот. Ибн Синанын китебинде дарылар деп бөлгөн нерсенин 85%ы жеп-иче турган нерселер болгон. Китеп боюнча дарылоочу тамактардын жасалышы жана рецеби азыркыдан бир аз башкачараак. Мисалы, оор тамактарды жасоодо, анын сиңирилиши үчүн ар кандай кошулмаларды кошкон. Китептерден карасам, 100дөн ашык дарылоочу тамактар бар экен. Андайдан курсак да тоёт, даамы да жакшы, кубаттуулугу да бар, организмге пайдасы да көп. Чынында, тамак оорулардын түрлөрүнө жараша даярдалат. Салыштыра кетсек, 2 жолу ошол тамакты айтылгандай рецепт, тартип менен жасап ичсе, 2 ай дарыланып жатканга караганда жакшы жыйынтык берет.