Карл Лөвенштейн: “Канткенде бузулбагандай, бурмаланбагандай, басып алынбагандай жана автократияга кубулуп кетпегендей укуктук система түзсө болот”, же болбосо: “Өзүн өзү коргой алган конституция жазса болобу”, – деген суроого баш ооруткан
Конституция боюнча адистешкен юрист Карл Лөвенштейндин идеяларынын бири 2-дүйнөлү согушта жеңилип калган Германиянын негизги болуп калган. Ал 1891-жылы Германиянын Мюнхен шаарында еврей үй-бүлөдө төрөлгөн жана 81 жашка чыгып каза болгон.
Башынан укук маселелерине кызыккан Лөвенштейн жаш курагында эле юридикалык билимди алып, өзүнүн университетинде иштеп калган. Адольф Гитлер баш болгон нацисттер Германияда бийликке келгенде, ал 1933-жылы АКШга көчүп кеткен. Ал жакта да университетте укук сабагын берип иштеген.
Андан сырткары ал Европа менен Түштүк Америкадагы фашисттик кыймылдарды изилдеп, макала жазып турган. Лөвенштейндин атагы 1937-жылы АКШда гезитке басылган “Согушкер демократия жана фундаменталдууу укуктар” деген макала менен чыккан. Ошентип ал “согушкер демократия” деген сөздү укуктук саясий термин катары илимий чөйрөнүн колдонуусуна киргизген.
2-дүйнөлүк согуш учурунда ал АКШ өкмөтүнүн юридикалык департаментинде да кызмат кылган. Согуш ортолоп калган кезде эле АКШ бийлиги немис армиясы жеңилерин божомолдоп, согуштан кийинки Германия кандай болот деген суроого баш оорута баштаган.
Левенштейн Америкалык укук институтунун алдында топ түзүп, нацисттер бийликке келгенге чейинки немистердин укуктук маданиятынын салттарын анализдешкен. Анын негизинде согуштан кийинки Германиянын укуктук системасын кайра жаңыртуу пландарын түзүшкөн.
Согуш бүтөрү менен 1945-жылдын июль айында Лөвенштейн кайра Германияга кайтып келип, батыштык оккупациялык администрацияда иштеп баштаган. Ошентип 20 юрист чогулуп жаңы Германиянын укуктук системасын жаза башташкан. Мындан сырткары Левенштейн он беш ай Германияны кыдырып, нацисттерге кызмат кылган юристтерди таап, аларды жоопкерчиликке тарттыруу менен алек болгон.
Лөвенштейн менен анын укукчулар тобу, “согушкер демократия” принципине негизделген жаңы конституцияны жазып чыгышкан. Ал боюнча: “Канткенде бузулбагандай, бурмаланбагандай, басып алынбагандай жана автократияга кубулуп кетпегендей укуктук система түзсө болот”, же болбосо: “Өзүн өзү коргой алган конституция жазса болобу”, – деген суроого баш оорутушкан
“Согушкер демократия” – терминин киргизген Лөвенштейн идеалдуу конституцияны жазып чыгуу мүмкүн эмес деген. Болгону автократ же тирандын демократиялык институттарды басып алуусун оорлоштуруу зарыл. Жогоруда аталган макаланы жазып аткан кезде Левенштейн Германиянын демократиялык институттарын Гитлер кантип басып алганын эске алган.
Көп киши ойлогондой эмес экен. Гитлер демократиялык жол менен бийликке келген эмес, тескерисинче, ал парламенттеги оппозициялык партияларды күч колдонуп кууп чыгып, күч менен бийликти тартып алган. Демек, демократиялык жол менен бийликти монополдоштуруу мүмкүн эмес, бирок демократиялык механизмдерди пайдаланып, аларды бурмалап бийликтин короосуна кирсе болот.
Лөвенштейн саясий режимдердин классификациясын да ойлоп тапкан. Алар эки эле типте болот. Биринчиси – автократиялар, б.а. бийликти бир колго топтогон режим. Экинчиси – конституциялык демократиялар, аларда бийлик болушунча жалпы элге таркатылган.
Ошондуктан Лөвенштейн канткенде бийлик бүткүл элге таратылып, бардык жеке кызыкчылыктар бири бирин тең салмакта кармап тура алат деген нерсеге баш ооруткан. Мындай тең салмактоо жана туруктуу кармап туруу механизми болушу керек деген.
Лөвенштейн, үч бийлик бутагына бөлүү негизги классикалык принциптин бири болгону менен анын иш жүзүнө ашуусу кыйын деп, өзүнүн үчилтигин сунуштаган. Биринчиси – саясий чечимдерди аныктоо жана чыгаруу; экинчиси – саясий чечимдерди аткаруу; үчүнчүсү – саясий көзөмөл. Саясий көзөмөлдү сот, парламент, аткаруу бийлигинин бир бөлүгү башка бөлүгүнө карата жүргүзө берет деген ал.
Лөвенштейн катышкан юристтер тобу учурдагы Германия менен Австриянын конституциясын жазып чыгышкан. Ал баш мыйзам боюнча эң жогорку сот бийлигинин саясий да ыйгарым укуктары бар. Мисалы немистердин жогорку соту партияларды каттабай коюга, аларга тыюу салып, таркатып жиберүүгө укуктуу.
Андан сырткары жогорку сот, эгер баш мыйзамга дал келбесе, конституциялык укуктук актыларды жокко чыгара алат. Конституцияда “мындан башка да түзмө түз саясий чечимдерди кабыл алат” деп жазылган. Албетте мунун бардыгы кандайдыр бир фашисттик партиянын кайра пайда болуп бийликти басып албоосуна багытталган.
Ошентип 2-дүйнөлүк согуштан кийинки Батыш Гарманияда “согушкер демократиянын”, б.а. өзүн өзү коргой алган демократиялык түзүмдүн сөлөкөтү пайда боло баштаган. Ал боюча: “Сабырдуулуктун өзүн четке каккан саясий топ же лидерге карата сабырдуулук – бул демократияны бурмалоо. Эркиндиктерге принципиалдуу каршы чыккандарга эркиндик берүү кооптуу”, – деп айтылган.
Бирок кимдин ким экени жакшы аныкталбаса, популисттер мындай слогандарды өз кызыкчылыктарына колдонуп, саясий куугунтук баштап жиберээри да анык.
Эң негизкиси, демократия туруктуу болушу үчүн бийликтин ыйгарым укуктарын болушунча коомго жайылтуу, бийликтин бир жерге топтолуусуна бөгөт коюу, ошондуктан элеттерде ыйгарым укуктары бар топторду түзүү жана алардын өз акылары үчүн күрөшүүсүн камсыздоо зарыл деп айтылган
Жансакта Сарбашов