Кыргыздарга бийлиги канчалык кымбат турат?

Аткаруу, мыйзам чыгаруу жана башка мамлекеттик орган жана кызматтарга кыргыз бюджетинен күн сайын 64 млн сом жумшалат. Былтыр 2021-жылы бул чыгымдар 23,2 млрд сомду түзүп, 2020-жылга караганда 1,6 млрд сомго көбөйгөн.

Кыргызстанда чыгым рейтинги баштаган коргоо, коомдук тартип жана коопсуздукка жылына 2,2 млрд сом, рейтингди жапкан айлана-чөйрөнү коргоого 1,2 млрд сом каражат жумшалат.

Кыргызстандын үмүт жанданткан жаңылыгы

Шаршемби 3-апрелде кыргыз президенти Садыр Жапаров “санариптик көчмөндөргө” ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча буйрутмага кол койду. Анын максаты: “Маалымат-коммуникациялык технологиялар тармагында иштегендерге (“санариптик көчмөндөр”) ыңгайлуу шарртады түзүп, Кыргыз Республикасына заманбап креативдүү жана жогорку калификадиядагы адистерди, инвесторлорду жана ишкерлерди тартып, жаңы ишканаларды, инновациялык долборлорду жана экономиканын жогорку технологиялык тармактарын ачуу”, – деп айтылган.

Министрлер кабинетине ушул тармакта алектенген чет өлкө жарандарын каттоону жөнөкөйлөштүрүү, он-лайн арыз тапшыруусу каралган тартипти иштеп чыгуу тапшырылган. Бул максатта чет элдик компанияларды тартууга “Бишкек” эркин-экономикалык жана Жогорку технологиялар паркынын аймактары колдонулсун делген буйрутмада.

Өкмоттүн Батыштан “грантоеддик” ниети менен аракети

Орус-украин согушу чыкканга чейин жарандык коом менен эркин медианы басмырлаган “иностранный агенттер” тууралуу орус мыйзмадарын болгонун болгондой көчүрүп, ишке киргизүү аракетин кылган кыргыз бийлиги бул аптада да Батыштан кезектеги гранттарды алып баштады.

Шаршембиде Кыргызстан менен Евробиримдик менен Билим берүү жана илим министрлинин эсебине 32 млн евро грант алуу боюнча келишимге кол койду. Ал каражаттын 27 млн евросу республикалык бюджетти колдоого, калган 5и кошумча жардам катыр берилмекчи.

***

8-апрелде Бишкекте ачылган “КРдин энергетика тармагын трансформациялоо” форумунда энергетика министри Доскул Бекмурзаев: “Учурда энергетика жабдыктарынын эскирүүсүнүн, климаттын өзгөрүүсүнүн, калк тарабынан керектөөнүн көбөйүүсүнүн жана отундун кымбаттоосунун басымы алдында турат”, – деген.

Бул форумга катышкан Бүткүл дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча регионалдык директору Татьяна Проскурякова энергетика сектору өнүгүүнүн локомотиви болгондун ордуна, анын тормузуна айланып, учурда 1,5 млрд АКШ долларлык дотацияда отурганын (ИДПнын 20%) айткан.

Мындай абалдан чыгуу үчүн кыргыз өкмөтүнүн, тышкы өнөктөштөрдүн жана жеке сектордун биргелешип аракет кылуусу керектигин баса белгилеп, жеке сектордун Кыргызстандагы ири долборлорго каражат жумшоосу киреше алып келиши керектигин айткан. Бул үчүн Бүткүл дүйнөлү банктын ири портфели каралганын баса белгилеген Татьяна айым: “Биз силер үчүн энергетика боюнча тажрыйбасын бөлүшө алчу каалаган экспертиңерди алып келүүгө, мындан сырткары жалпы жол картанын жана реформалоо программасынын алкагында бул секторду каржылоого чын дилибизден даярбыз”, – деген.

***

Кыргызстандын 10 айыл-чарба ишканасы АКШнын эл-аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (USAID) жардамы менен Ташкентте өткөн Борбор Азиядагы эң ири азык-түлүк коргөзмөсүнүн бири болгон UzFood-2022ге катышкан. Ал жерде кыргыз агрокомпаниялары жер-жемиш, эт жана сүт өндүрүмдөрүн экспорттоо боюнча 20 келишимге кол коюшкан.

Эки анжы абалдан толук чыккан Казакстан

Бул аптада орус-украин согушу 40ынчы күнүнө кирди. Бир апта мурун казак президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары Тимур Сулейменов орус-украин согушуна карата өз бийлигинин мамилесин: “Албетте, Орусия биздин көбүрөөк алар тарапта болуусун каалайт. Бирок Казакстан Украинанын аймактык бүтундүгүн сыйлайт. Бир Крымдын да, Донбасстын да абалын кабыл алган эмеспиз жана кабыл албайбыз, анткени аны БУУ кабыл албайт. Орусияда “согуш” деген сөздү айтууга тыюу салынып, аны “атайын аскердик операция” деп атышат. Биз болсо Казакстанда, өкүнүчтүүсү, болгонун болгондой атайбыз”, – деп так жана ачык билдирген. Орусиянын эң жакын жана берилген коңшусунун бири ушундай билдирүү кылганы дүйнөдө дүрбөлөң жаратып, Орусиянын бир катар ЖМКларында казактар украиндердин кейпин кийип калганы турат деген какшык материалдардын чыгуусуна жана Владимир Путиндин Касымжоомарт Токаевге телефон чалуусуна түрткү болгон.

Бирок бул телефон чалуу Орусияга киргизилген санкциялардын реалдуу терс таасирин көлөкөлөп калган эмес. Ошондой санкцияларга кириптер болуп калуудан чочуган казак президенти өткөн аптанын жекшембисинде америкалык The National Interest журналына макала жарыялаган. Анда Токаев: “Казакстан “дүйнөнүн басымдуу көпчүлүк өлкөлөрүндөй эле Украинанын аймактык бүтүндүгүн сыйлайт, – деген соң, сөзүн төмөнкүчө жыйынтыктаган. – Биз конфликттин БУУнун уставынын негизинде, тез жана адилетүү чечилүүсүнө үмүттөнөбүз”. Макалада “Казакстан демократиялашуунун жаңы доорунун босогосун аттады” деген Токаев, бул “мамлекеттик бийликтин болуп көрбөгөндөй децентрализациялашуусун, …коррупция менен күрөшүү, сот жана укук коргоо органдарын реформалоо” менен коштолот деп убада кылган соң, Батышка “Европа жана Кошмо Штаттары менен отуз жылдык бекем достугубузду жана кызматташуубузду чыңдагыбыз келет”, – деп кайрылган.

***

Орусиянын дагы бир санаалаш коңшусу болгон Кытайдын мунай иштетүүчү компаниялары аны менен жаңы келишимдерди түзүүдөн баш тартууда. Кытай компаниялары буга чейин кол коюлган келишимдердин талаптарын аткаруу менен бирге, баалар арзандаганына карабай, орус мунайын кайра иштетүү боюнча жаңы келишимдерди ачпасын билдиришкен. Мунун себеби, Кытайдын мамлекеттик компаниялары орусиялык “Роснефть” менен “Газпромго” киргизилген санкциялардын кесепетине кабылып калуудан чочуп турат деп айтылат.

***

Бул аптада Орусиянын расмий бийлиги алгач ирет президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песковдун оозу менен Орусия Украинадага “спецоперация” учурунда “чоң жоготууларга” учураганын моюндады. Песковдун айтымында, Украинадагы “спецоперация” бир нече күндө токтошу мүмкүн деген, бирок НАТОнун башчысы Йенс Столтенберг согуштун узап кетүүсүнө даяр туруш керек деген. Франциянын президенти Эммануэль Макрон да келечек апталарда орусиялык аскерлер Добасстагы чабуулдарын күчөтөт, ошондуктан бул согуш жакынкы күндөрү токтобойт деген пикирин билдирген.

Украинанын расмий бийлиги орусиялык куралдуу күчтөр Киев, Чернигов жана Сум облустарынан чыгып кеткенин билдирди. Бул аптада Евробиримдик менен Канада Украинага 550 млн$ жана 400 млн$ кошумча аскердик жардам берерин айткан. Ал убакта немистердин Bild гезитине маек курган Украинанын президенти Зеленский учурда Украинанын Владимир Путин менен сүйлөшүүгө баруудан башка аргасы жок экенин, андан башка эч ким согуштун качан бүтөөрүн чечпесин айткан.

9-апрелде Киевге Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жетектеген евробюрократтары келип, Украинанын президенти Зеленскийге, Евробиримдиктин мүчөлүгүнө биринчи кадам катары каралган, жадыбалды тапшырып: «Силердин Европа жана Евробиримдикке карата жолуңар ушундан башталат», – деген. Алардын аркасынан ишемби күнү Киевге келген Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Киеге кошумча 120 бронетехника жана кемелерге каршы жаңы ракета системаларын жиберерин айткан. Германиянын коргоо министри Кристина Ламбрехт Украинага немис корлорунан берилчү курал-жаракты берип бүткөнүн, эми мындан кийинкилерин түз эле курал өндүргөн ишканалардан жүктөп баштаарын билдирген.

Жогорудагы аракеттердин баары Орусияга улам киргизилип жаткан санкциялардын фонунда ишке ашып жатат. Билдире кетсек, согуштун биринчи 10 күндүгүндө Орусиядан 100 миңге жакын санариптик көчмөндөр жана башка активдүү жарандар чыгып кеткен. Алардын 10дон 28 миңдейи Кыргызстанга келгени да айтылган. Чыгып кетүүнүн негизги себеби катары Орусияда акча трансферлери менен транзакциялары татаалдашканы деп айтылган.