Кечээ жакында орус ракеталары Херсон шаарынын бейтапканасынын төрөт бөлүмүнө түштү. Ал күнү бейтапканада эки ымыркай төрөлгөн, бири кесарев менен алынган. Төрөттөр чабуул алдында аяктап, врачтар менен кардарлары бейтапкананын жертөлөсүнө түшкөнгө үлгүргөн…

Ракеталар граждандык объектке түшүп, карапайым жарандардын бири да өлбөгөнү учурдагы Украинада жакшы кабар десек болот. Акыркы суткада Херсон облусунун аймагы 40 жолу аткыланган. Алардын 11 Херсон шаарына түшкөн. Мындан бир нече күн мурун Херсондун борбор аянтынын жаны аткыланып, 10 жаран набыт болгон.

Жыл аяктап, бул катастрофанын жыйынтыгын чыгарчу күн да келди. 2022-жыл Украина калкы үчүн азап, көз жашы, канкорлорго карата жек көрүү жана өлүмгө толгон жыл болду.

***

2020-жыл кирип келгенде Орусиянын президенти украин бийлигин согуш менен коркутуп баштады. Батыштын ЖМКлары согуш башталышы мүмкүн деген кабарларга толуп чыкты. АКШ менен Британиянын чалгын кызматтары Кремлде куралдуу кол салуу тууралуу чечим кабыл алынды деп айтып жатты. Бирок мындай согуш болуп кетишине дүйнө көп ишене бербеди.

24-февралда Владимир Путин: “Мен атайын согуштук операциясын баштоо чечимин кабыл алдым”, – деди. Батыш жетекчилеринин Киевден сыртка алып чыгып кетели деген сунушуна Украинанын президенти Владимир Зеленский: “Мен борбордо, өз элим менен калам… Биз баарыбыз көз-карандысыздыгыбызды коргоп атабыз”, деп жооп берди.

Путин Киевди бир нече күн ичинде алып, Майдан Незалежностиде орус армиясынын парадын кабыл алам деп ишенген. Ошондуктан орус офицерлерине майрамдык форманы ала баргыла деген буйрук берилген. Путин жана анын жан-жөкөрлөрү Батыш бир аз наалып тим болот, анткени Орусиянын газы менен мунайынан баш тарта албайт деп эсептеген.

Бирок Евробиримдиктин эң күчтүү мамлекеттери Германия менен Франциянын башчылары Шольц менен Макрон согуш башталгандан кийин Путинге басып да келген жок. Ковид учурунда бункеринен чыкпаган Путин Шольцту оозун ачкан байкуш, Байденди болсо алсыз чал деп эсептеген. Орусиянын газына жылынган Европа кышты ойлоп, көп каяша айта албай деген.

Путиндин фантазиясында АКШ либералдык менен дүйнөнүн жарымын, Орусия болсо авторитардык менен калган жарымын башкарып, дүйнөдө эки күчтүн тең салмактуулугу орнойт деп күткөн. Бирок орустар Украинага кол салганын АКШ, Британия жана Европанын  бийлиги акыркы чек катары кабыл алып, толугу менен украиндер тарапка өттү. Анткени алар дүйнөдөгү демократиянын кепили болчу.

Батыш, айрыкча АКШ калкына өлкөсүнүн дүйнөнү куткарып жатканы жагат. Байден жыл бою: “Биз Украинанын адилеттүү дүйнөгө умтулуусун колдойбуз. АКШ украин калкынын жанында туруп берет”, – деген убадасынан кайткан жок. Зеленскийдин бул айда АКШга барганы эбегейсиз кызыгуу жана колдоо тапты. Ошентип, согуш башталары менен Батыш үчүн Украинаны колдобоо – адепсиздик болуп калды.

Согушту баштап алган Путин аркага кайта албай турат. Күн өткөн сайын орус бийлигинин кылмыштарынын бети ачылып, эл аралык трибунал үчүн далилдер чогултулуп жатат. Бирок жаалданган Путин украиндерди нацисттик доосуна жыгып, өзүнүн кылмышын украиндерге төңкөп, “ата-мекен үчүн согуш” катары сунуусун улантууда.

Ошентип Экинчи дүйнөлүк согушта фашизм деген улуу коркунучту жеңген Орусия эми өзү “улуу коркунучка” айланып, Улуу Сотто жоопко тартылганы турат. Бул келечектеги трибунал дүйнөдө эмитен эле “Экинчи Нюрнберг” деп аталып калды.

(уландысы бар)

Таалайбек Маматов