15 февраля 2016 г. 12:35 358

Поезд жер челчү кара букадай өкүрүп келип, кезектеги станцияга токтоду. Жүктөрүн көтөрүнгөн жүргүнчүлөр бош купелерге жайланышып, бири-бирине астыртан көз сала жайланышышты. Ошону менен поезд кайрадан ачуу чаңырып, бекеттен акырындап узап, ылдамдыгын арттыра баштады.

Так ушул поюз менен кеңири өлкөсүнүн чексиз мейкиндиктерин көрүүнү эңсеп, көп нерсеге ынтызарланган, сырткы өңүндө Ата Мекенге сагынычы арткандай түрү бар жаш жигит насип буюруп, алыстан келаткан жүргүнчүнүн жанына отуруп калды. Узун жолдо сапарлашың менен пикир алышып, эрмектешкенге не жетсин. Өзгөчө поездде.

– Кел, курдаш, таанышып отуралы. Менин атым Канимет. Эл-жерге кусалыгым артып, Кытайдан келатам. Ата-энемди, бир тууган, тели-теңтуштарымды көрбөгөнүмө далай жыл болду. Өз жериңдин касиети кандай сонун! Абасы, суусу, топурагы тим эле түшүңө кирет. – деп терезени мелтирей тиктеп келаткан алыбеттүү, москоол жигитке кол сунду.

– Арслан, – деди берки көңүлсүз.

– Кел эмесе, Арслан курдаш, Кытайдын базарлыгына кара, – деп Канимет үстөлдүн үстүн жайнатып жиберди.

– Маанайым жок, курдаш. Сен өзүң эле ала бер. Сыйыңа рахмат, – деди коңшусу бир нерсеге кыжалат болгондой.

– Мындайың жарабайт, Арслан тууганым. Мен чын дилимден чакырып отурам. Кел тамакка кара. Кытайдыкы десе ирээнжип атасыңбы. Бул ит жээр, бит жээр кытайдын тамагы деп чанба. Бардыгы натуралдуу, – деди жайдарылана.

– Билсең дос, мен түрмөдөн келатам. Үйгө барганда элдин жүзүн, айылдаштарымдын жүзүн кантип карайм? Уялганыман жерге кирип кетким келет. Өлөйүн десең жан таттуу, кирейин десең жер катуу болуп турган учур. Каргаша кырсык болуп, кокустан бирөөнүн канына забын кылып алгам. Ата-энемдин эл караган бетин жер караттым. Эми минтип мөөнөтүм бүтүп, үйгө бараткандагы кербезим.

– Ээ, курдаш, эр жигиттин башына нелер келип, нелер гана кетпейт. Эч сумсайбагын. Башыңды жогору көтөр.

– Бир кездерде мен да таалайым жанган, жаркылдаган жигит элем. Топ бузуп, эл алдында сүйлөгөн кебим бар эле. Эми момундай болуп жексур атандым. Бөөдө бирөөнүн убалына калдым. Балдарынын убалынан корком. Мүмкүнчүлүк болсо жашоону кайра баштагым келет. Түрмөдө отуруп чыкса эле жазасынан кутулду деп ойлошот кээ бирлер. Кайдагы?.. Мен Жараткандын жазасынан корком.

– Аның чын дечи. Бирок сен атайын эмес, кокусунан өлтүрүп алдым дебедиңби?

– Анын несин айтасың? Акыр түбү колум булганды да. Канча жылдан бери ушул ой мээме тынчтык бербейт. Андан көрө өзүм өлүп жок болсом жакшы болмок.

– Кой, дос, сен антип көп эле өзүңдү ичтен жей бербе. Бу да болсо Кудайдын буйругу. Түрмөдөн сендей болуп ойлонуп, өзүн абийир сотуна салып чыккан адамды биринчи жолу көрүшүм.

– Кыскасы менин таржымалым ошондой. Түрмөдөн чыгарда ата-энеме кат жазып жибергем. Эгер мени кечирген болсоңор, биздин айылдын тушундагы станциянын жанындагы жалгыз түп алмага ак жоолук байлап койгула дегем. Поезд улам арышын алып биздин станцияга жакындаган сайын жүрөгүм лакылдап, жаным чыгып кете жаздап баратам. Тигине, тоо боорундагы айыл көрүндү, көрдүңбү. Ошол биздин айыл. Мен ошол жалгыз түп алманы карагандан опкоолжуп турам. Кокус ак жоолук байланбай калабы дегенде мээм чыңалып кетип жатат, – деп көзүн чылк жумуп, терезени караганга кайраты жетпей төмөн карады.

– Арслан, сен анчалык карагың келбей атса, кел мен эле карап берейин. Сен менин ордума отура тур. Мен эле карап бере коём азыр, – деп орун которуп ала коюшту. Ошону менен темир бука ачуу чаңырып келип, кезектеги станцияга жакындап калганда ыргагын жайлата баштады.

– Алма дегениң станциядагы элдин көптүгүнөн көрүнбөй жатат, курдаш.

– Анда ал алманы бирөө кыйып салган го? Станциянын эле тушунда болчу. Көрүнүктүү эле жерде, – деди эңкейген бойдон. Башы тизесине тийчүдөй чүнчүп, салбырап отуруп калган экен.

– Аа, мынакей, алмаңарды эми көрбөдүмбү. Шактарына байланган ак жоолуктун көбүнөн улам алма көрүнбөй калган турбайбы. Алманы тегеректеп поездди жардана карап турган эл жүргүнчүлөргө окшош эмес. Бирөөнү күткөндөй түрлөрү бар көп эл экен, – дегенде Аслан акырын башын өйдө көтөрдү. Көзүнөн аккан жашы сел болуп, буту тушалып, эси эңгиреп бараткансыды…

Талгат Деркембаев