Түркияда президенттик шайлоо жакындап келе жатат. Мындан улам, түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен кээ бир мамлекет башчыларынын жолугушууларын, айрым дүйнө лидерлери учурдагы түрк бийлигин куткарып калуу аракетин кылып атат деп жоромолдоп баштагандар бар

Бирок, учурдагы казандай кайнап жаткан дүйнөдө, кайсыл бир мамлекет башчынын атайылап стратегия түзүп, Тайып Эрдоганды куткарып калайын деген планы бар экени шектүү. Болгону учурда Иран, Орусия жана Түркия лидерлеринин кээ бир маселелерде кызыкчылыктары тогошуп калды десек болот.

Украинадагы согуш мындай кир жана күмөндүү кызыкчылыктардын кайнаган жерине айланып бара жатат. Кээ бир батыш мамлекеттери да Орусияга коюлган санкциялардын таасирин, орустарга көз-каранды бир нече өлкө сыяктуу эле, Түркиянын да азайтууга катышып жатканына көз жумуп турат. Мисалы, Түркия аркылуу валюта сатып алуу, товардык жана технологиялык эмбаргону тешип өтүү сыяктуу иш-чараларды де-факто колдоп турган кези.

Айрым эксперттердин пикири боюнча, башында батыш лидерлери “Украина тезирек жеңилсе, ушул санкциялардан кутулуп, орустар менен мурункудай соода-сатык кылсак” деген ойлору болгон. Украин кошундары орус аскерлерине катуу каршылык көрсөткөн соң “кокуй, Украинага жардам бербесек, өзүбүздүн шайлоочулардын добушунан куру калабыз” дешти. Бирок азыр Украинага “курал жагынан каралашабыз” деген убадаларын улам кечиктирип, аларын азайтып бычып турган чагы.  

Айрым батыш өлкөлөрү Түркияны колдонуп, Орусия менен соода-сатыгын кыйыр жол менен улантууда. Ошол себептен улам, Орусиянын президенти Владимир Путин, өзү менен Украинанын ортосундагы алакалар тууралуу сүйлөшүүлөрдү, түрктөр аркылуу кылып жатат. Анткени Түркия НАТОнун мүчөсү болгонуна карабай, Орусиянын, башкалардан биринчиликти талашкан, досу жана өнөктөшү болуп келет.

Адатта мындай иш-чараларды жакшы колдонгон Эрдоган батыштын да, чыгыштын да лидерлери менен бирге түшкөн сүрөттөр менен видеолорду, ички саясий базарында соодалаганга мүмкүнчүлүк алып жатат.

Дүйнө коомчулугу “Түркия Орусия жана Иран менен туруктуу бирикме куруп кетиши мүмкүнбү” деген маселеге да баш оорута баштады. Айрым түрк эксперттери мындай суроого “Түркия түзбөсө да Эрдоган түзөт” деген ойдо. Анткени Тайып Эрдоган, дүйнөнүн саясий оюнчулар лигасында, өлкөсүн, бири-биринен демократияны, адам укуктарын жана сөз эркиндигин талап кылбаган тайпага киргизгиси келип турат.

Анткени, мындай эркиндиктер салтка айланып калган өнүккөн мамлекеттердин лидерлеринен көңүлү айнып, алардан тажап калды. Капчыгы калың кишилердин жанында колу жука киши өзүн кандай сезсе, ошондой ыңгайсыз абалда калып жатат. Алар менен социалдашып, мамиле куруусу барган сайын оорлошууда. Эрдогандын социалдаша алчу тайпасы, Кытай лидерлик кылган, Орусия менен Иран сыяктуу экинчи лига болуп калды.

Ошондуктан, эгер 2023-жылкы президенттик шайлоодо Тайып Эрдоган үчүнчү ирет жеңип чыкса, түрк эли жакыр, бирок “намыскөй” калк катары, жеке, өзүм билемдик башкаруунун ачуу тузун болушунча татат. Учурдагы түрк жетекчилиги, элине “улуттук салттар менен жашоо”, “көз-карандысыз өлкө”, “батыштын бузукулугун тоскон улут” деген апыртма ураандарга сугарып, Түркияны, Кытай менен Орусиянын көзүн караган, Иран жана араб салтанаттары менен кол-кабыш кылган өлкөгө айлантаары турган иш.

Жансакта Сарбашов