Кантип бир дүкөн бирөөнүн кызынын боюнда бар экенин өз ата-энесинен мурун билип алды?
Американын ГЛОБУС, ФРУНЗЕ сыяктуу ири супермаркеттеринин бири ТАРГЕТ дүкөнү бир үйгө кат жөнөтөт. Үйдүн ээси катты ачып караса анын мектепте окуган өспүрүм кызынын атына жөнөтүлгөн купон бар экенин көрөт. Ал боюнда бар аялдардын буюмдарына ири суммада скидка берилген купон болот. Тиги киши чочуп кетет. Анан жакынкы ТАРГЕТ дүкөндөрүнө барып, “менин кызыма эмнеге мындай буюмдарды жөнөтсүңөр” деп тилдеп, урушат. Тигилер кайра-кайра кечирим сурашып араң узатышат.
Арадан бир канча ай өткөндөн кийин дагы бир кабар алып коелу деп атасына чалышат. Бул жолу атасы тигилерден кечирим сурайт. Тигилер түшүнбөй калышат. Ошондо атасы, чындап эле өспүрүм кызынын боюнда бар экенин айтат. Жакынкы айларда төрөйт дейт. Мен силерди билбей урушуп салыпмын, кечиргиле дейт.
Эми суроо: кантип бир дүкөн бирөөнүн кызынын боюнда бар экенин өз ата-энесинен мурун билип алды?
Азыркы учурда бардык ири компаниялар кардардын өздүк маалыматтарын алганга аракет кылышат. Себеби алар кардарларды канчалык жакшы тааныса, ошончолук так жана керектүү жарнамаларды сунуштай алышат. Азыр твиттерде, ютубда же инстаграмда бир видео көрсөңөр эле болду, балээге калдыңар. Ошого окшогон видеолорду сунуштай беришет. Мунун жакшы жагы дагы толтура, албетте.
Кайра темага кайта турган болсок:
ТАРГЕТ жана ВОЛМАРТ сыяктуу ири дүкөндөр кардарлардын кредиттик (банктык) карталарынын изин кууй турган система менен иштешет экен. Ага кардар өзү билбей макулдугун берип коюшу мүмкүн. Себеби эч ким 5-10 барактык келишимди окубайт. Ошентип дүкөндөр кардардын кайсы күнү, каякта эмне сатып алганын баарын байкап турушат.
Көрсө тиги өспүрүм кыз акыркы убактарда боюнда бар аялдардын баштапкы айларда алчу дары-дармек жана буюмдарын ала баштайт. Бир канча жума байкашат. Анан ошондой буюм сатып алган башка кардарларга да салыштырышат. Алар да улам ошондой буюмдарды сатып алып, кийин төрөгөндөрүн байкашат. Демек бул кыздын да боюнда болушу мүмкүн деген божомол менен алдын ала скидкаларды жөнөткөн болот.
Мисалы азыр Нетфликсте бир кинону көрсөңөр ошого окшогон кинолордун тизмесин чыгарып беришет. Же бизде, ЭТНОМЕДИА’да деле ошол жанрдагы тасмаларды сунуштайбыз. Биздики албетте жасалма интеллект менен эмес жанрга карап сунуштайбыз. Бирок ири компаниялар жасалма интеллект аркылуу өздөрүнүн товарларын сунушташат.
ТАРГЕТ’тин бул окуясынан кийин башка кардарлар да өздөрүнүн абалын байкап көрүшөт. Көрсө аларга да дал ушундай так жана керектүү нерселерди өз убагында сунуштап жүргөн болот. Кээ бири кубанса, кээ бири корко баштайт. Ал дүкөнгө барганды токтотушат. Муну байкаган ТАРГЕТ дүкөндөрү бул саясатын бираз өзгөртүшөт. Мындан кийин алар кардарга эң керектүү буюмдан сырткары дагы калп эле орок-балка, ийне-жип сыяктуу майда-чүйдө керексиз товарларды кошуп коюшат. Бирок баары бир өздөрү божомолдогон кымбатыраак жана керектүүрөөк товарды чоң скидка менен сунуштай беришет.
Кыскасы, азыр бизнестин эң баалуу куралы бул маалымат. Бул маалыматтарды BIG DATA деп коюшат. Азыр бизди Фейсбук менен Гугл өз ата-энебизден да жакшы тааныйт. Себеби, аларда эч кимде жок деп ишенген, бир Кудай жана өзүм гана билем деген маалыматтар чогултулган.
Кийинки серияда АМАЗОН ЭМНЕГЕ КОРКУНУЧТУУ деген темада жазам.