Украинанын расмий өкүлдөрү Крымдагы жардырууларды өз бийлигин колдогон украин жарандары кылууда деген пикирлерин билдиришти. Крымдагы Орусиянын ондон ашык аскердик базаларында мындай жардыруулар уланарын да айтышууда. Мында: “Кремль жана орус калкы үчүн Крым жарым аралы канчалык баалуу”, “Аны колдон чыгарбаш үчүн орус бийлиги кандай чараларга барышы мүмкүн”, – деген суроолор турат
2014 жылы “Крым наш” деген ураан менен басылып алынган бул украин жарым аралы Орусиянын президенти Владимир Путиндин рейтингинин эбегейсиз жогорулоосуна түрткү болгон. Чындап келгенде, Путин үчүн Крым – орус улутунун өзөктүк маселелси сыяктуу көрүнөт. Орус расмий масс-медиа мындай пикриди агрессивдүү чакырыктар менен калыптаган. Орус калкынын бул психикалык абалы 2014-жылдан бери уланып келет.
Орусиянын жетекчилиги, ЖМКлары жана калкынын басымдуу көпчүлүгүнүн дал ушул психикалык абалы, учурдагы, улам кеңейип бара жаткан, коомдук-экономикалык жана согуштук катастрофанын өзөгү болуп келүүдө. Андан сырткары бул абал өлкө менен улуттун ички жана тышкы саясий катастрофасына да жол ачты.
Крым жарым аралындагы жардырууларга орус бийлиги да, калкы да тынчсыздануу менен көңүл буруп турат. Крым алар үчүн тынчтыктын жана бакубат жашоонун символу болуп келген. Анткени ал, орус ханшасы 2-Екатерина убагында түрктөрдөн кандай тынч алынса, 2014-жылы да бир да ок чыгарылбастан аннексия кылынган.
Андан сырткары Крым – бул жарым аралдын калкынын добуш берүүсү аркылуу, өз ыктыяры менен Орусияга кирүүсүнүн да символу болчу. “Левада-Центрдин” ал кездеги изилдөөсү боюнча, орус калкынын 10%‘ы гана Крымдын Украинанын алкагында калуусун кааласа, эми болсо, оюн ачык айткандан коркпогондордун 20%‘ынан ашыгы, Путиндин “атайын аскердик операциясына” каршы болуп турган кез.
Албетте, Кремль тынч жана бакубат эс алуу борбору делген, “тарыхий адилеттүүлүк калыбына келтириген, постсоветтик доордун эбегейсиз курулуш долбору (Крымский мост) ишке ашкан” деп айтылган Крымдын образын сактап калгысы келет. Путин айтмакчы: “Украиндер карабай тыштап салган жерге кам көрүү”, – фейкинин символу да ошол эле Крым.
Эми жогорудагы символдордун эмес “жанында чылым чегүүгө мүмкүн болбогон, жардыруулардын борборуна” айланган Крымдын имиджи толугу менен тескери тарапка бурулган кез. Учурдагы абалдан улам, Орусия калкы менен Крымдын тургандарынын аң-сезими кайсыл тарапка бурулгандыгы тууралуу жаңы коомдук изилдөөлөр жокко эсе. Ошондуктан, жалпысынан инерттүү келген, калың катмардын ою кандай экенин билүү оор.
Бирок Украинанын партизандык согуштун чекесин көрсөтүүсү Кремлге да, Орусиянын коомдук пикирине да катуу таасир берип жатканын эч ким талаша албайт. Албетте, карапайым орус жараны: “Бул аймакты эмнеге кошуп алдык эле”, “Эми бул жарым аралга тиешелүү кесепеттер бизге чейин жетеби”, “Крым сонун тынчтык жана бакубаттулуктан бир заматта кантип бомбага айланып кетти”, – деген суроолорго жооп издей баштайт.
Жардыруулар башталган 9-августта орус ЖМК‘лары “Биздин талуу безибизге шиш сайган жокпу, эми эмнени күтүп отурабыз” дегендей ызы-чуу чыгарган. Андан кийин маселени жумшартып, орус калкын – жардыруунун себеби “жергиликтүү калктын акмактыгы”, “бирин-серин украиндердин диверсиясы” – деген божомолдор менен сооротуу аракети башталды. Мындан нары орус пропагандасы: “Биз дайыма туура эмес жерде чылым чегет экенбиз” же “Жакшылыкты билбеген украидердин кара өзгөйлүгү”, – деген эки ыктымалдын бирин тандап алышы керек болуп турат.
Бирок эки ыктымалдан тең: “Эгер дембе-дем чылым чегип атсак, эмнеге бомба-миналардан алысырак чеге албайбыз” жана “Эгер украиндер кылып жатса, алар акыркы убакта эмнеге мындай ийгиликтүү болуп калышты”, – деген, башты ого бетер ооруткан, суроолор пайда болот. Орус бийлиги мына ушул суроолорго же алардын себептерине баш оорутуп жаткан кези.
Кремль жана орус калкы үчүн “ыйык жер” болгон Крымда тынчтыкты жана бакубат курорттук сезонду улантууда кандай чаралар колдонулмакчы? Учурда: “Бул үчүн качан, канча күч жумшалат”, – деген суроо боюнча да орус бийлигинин стратегиялык планы болбогону билинип турат.
Путин өзү Крымды орус келечегинин түндүгүнө айланткан. Эми ал түндүккө чок түштү. Жакында Крымский мостко да сокку урулаары активдүү талкуулана баштады. Чын эле андай сокку урулса, түндүк жабуу эле эмес, түндүктүн өзү талкаланаары айдан ачык болуп турат. Андан кийин Кремль кандай опурталдуу кадамга бараары али табышмак.
Таалайбек Маматов