Бир ишканага жетекчи шайлаарда же дайындаарда анын келечекке койгон так планы (программасы) негизги критерий болушу керек.
Ишкананын ички көйгөйлөрүн канчалык билет, аларды кантип чечкени турат, ишкананын базардагы орду кандай, артыкчылыгы-кемчилиги эмнелер, кардар-жумушчу эмнени каалайт, аларга дагы кандай жакшы товар-кызмат сунуштай алат, кирешени кантип көбөйтөт, чыгашаны кантип азайтат, келечекте ишкананы кандай элестетет ж.б.у.с. суроолорго жооп сунуштаган жетекчилер гана узун мөөнөт ийгиликтүү болору шексиз.
Ал эми ушулардын ичинен эң маанилүүсү – жетекчинин өнүгүү боюнча өзүнүн жеке “видениеси” же “ою” деп эсептейм. Анткени, ошол ойго жараша максаттар коюлат жана пландар түзүлөт эмеспи?
Эгер жетекчи ишкананын келечегин элестете албаса, ал бийик максат да кое албайт, ага жараша аракет да кылбайт, кол астында иштегендерге дем бере албайт, туура талап кое албайт жана күнүмдүк майда-барат иш менен эле убакыт коротот.
Албетте, ар бир жетекчи сын-пикирге, сунуштарга жана жаңылыктарга ачык болуусу керек. Бирок, башкалардан түшкөн сунуштар менен гана жакшы иштеп кетүү мүмкүн эмес.
Өнүгүү программасын жетекчи болгон киши өзүнүн видениесине жараша сунуштайт, андан кийин гана башкалар менен кеңешет жана сын-пикирге ачык болот.
Кыскасы, жетекчилерибиз “Буюрса жакшы болот”, “Ниетибиз түз”, “Мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп атабыз”, “Коррупцияны жоебуз”, “Сындай бербестен сунуш айткыла”, “Иштей берели” сыяктуу абстракттуу сөздөрдү азайтып, конкреттүү пландарын сунуштап, сын-пикирге ачык болсо жакшы болмок деген эле үмүт.
Кечиримдүүлүк
Жакында Камчыбек Ташиевдин фейсбук баракчасындагы кечиримдүүлүк жөнүндө посту элди уу-дуу салды го. Ката-бута орусча жазылганынан сырткары, чын эле өзү жазганбы же башка бирөөбү деген суроону койбой деле, негизги кызыктырганы: муну Ташиев кимге даректеди жана кимди кечирүү жөнүндө айтты деген кеп күч. Анан эле эки чоң саясатчы кубанып, бири камактан үйгө чыкса, бири мойнуна коюлган кылмыш иштерден жеңилдеп калганы ого бетер жоромолдорду күчөттү. Ал саясатчылардыкы кубаныч болсо, бир активист камакка кесилип, дагы калган 25 активист жана оппозициячыл камакта кала бергени кошумча табышмак жаратты. Бир журналист азыр “бул посттун маанисин, ким жөнүндө экенин билесизби, кандай ойдосуз?” деп сурап калды.
“Мен билбейм, билгим да келбейт. Калың кыргыз эли 3 күн бою өлкөнүн эң маанилүү жетекчилеринин бирине таандык соцтармак баракчасында ката-бута жазылган постту талкуулап, демин кармап бул пост кимдерди сүйүнтүрүп, кимдерге адилеттик алып келээрин жоромол кылганы – ыйлай турган, капа болчу көрүнүш”, – дедим. Мамлекеттик жетекчи кечиримдүүлүктү чындап сөз кылса, мыйзам талаасында, “ырайым берүү” укугун пайдаланып кылчу жолу бар. Ал негизи президентке эле таандык укук, соттун чечими болгондон кийин болот ал.
А негизи, мыйзам негизинде иштеген, расмий адилеттүүлүк институттары бар мамлекетте, биринчиден, адамдын кылмышы, күнөөсү чын эле бар болсо жаза чарасына тартылат, эгер андай негиз жок болсо, эзели адам камалбашы керек. Кечиримдүүлүк – адамдын ички сезиминдеги, адамдык сапатынан болгон нерсе. Жеке киши жеке мамилелерде кечиримдүү болуусу жакшы. А расмий мыйзамдык процесстер боюнча, бул орунсуз…. болушу керек, эгер мыйзамдуу, адилеттүү мамлекет болсо.
Дегеним, маселе ал айтылган пост жөнүндө деле эмес, кимге, кимдин пайдасына болгону жөнүндө да эмес; маселе – биздин адилеттүүлүк жагдайында ушундай капа кылчу чекке жеткендигибизде: бир бейрасмий, жеке баракчада чыккан посттун аркасынан кимди ким кечирет экен эми, ким эркиндикке чыгат экен эми, деп акмалап калганыбыз.
А эгер, такап, “айт, кимге айтылды бул сөз?” деп туруп алсаңар, бир таптакыр асмандан алынган божомол: бул сөздү автор бизге, сизге, калың элге айткан окшойт: Аскар Акаевдин мойнунан кылмыш иштерди алып салуу алдында, эл арасында ага нааразылар болоорун билип туруп, анын алдын ала, “Кудай кечиргенде, сен кечирбей ким болуп кеттиң?” деп, нааразылардын оозун бираз жаба туруу аракетиндей сезилди. Жөн эле сезилди, муну дагы тираждап, буга да канат берип учуруп ийбегиле, ээ.