2 февраля 2016 г. 12:34 592
“Жетим өз киндигин өзү кесет” дегендей, коомубузда ата-эне мээриминен эрте ажыраган балдардын саны акырындык менен өсүүдө. Жетимчилик көйгөйүнүн өрчүшүнө ажалдан баштап, өз жанынан чыккан балдарын таштаган ата-энелер да себепкер болууда
«Өлүм айтып, кырсык күттүрүп келбейт» демекчи, баланы ата-энеден айрыган ажалдын качан келерин баарыбыз биле бербейбиз. Бирок ара жолго ташталган, ата-эненин экөө тең, же бирөөсү тирүү болуп туруп, жетимдер үйүндө тарбияланып жаткан балдардын көбөйүшү коомубуздун көйгөйүнө айланып, жетимчилик маселеси оркоюп көрүнө баштады.
Буга чейин расмий маалымат булактарда айтылгандай, 2015-жылдын башында 16 680 бала ата-эненин кароосунан ажыраган. Булардын жарымы ажырашкандардын, калганы ички жана тышкы мигранттардын балдары. Ошондой эле учурда балдар үйүндө жана мектеп-интернаттарда 11 000 жетим бала багылууда.
Мамлекет балдарды 18 жашка чейин гана камсыздагандыктан, интернатты аяктаган баланын кийинки тагдырынын жакшы болуп кетиши да күмөн жаратат. Себеби алардын жашоосуна кызыккан жандардын саны жокко эсе. Жылына мындай мекемелерден 400гө жакын бала чыгат. Кимдир бирөө бир күндүк нанын табуу үчүн бирөөгө жалданып иштесе, кээ бирөөсү кылмыштуулукка баш багат. Таянар тоосу, жакыны болбогон балдардын мындай иштерге барышына күнөө коё албайсың.
“Кудайдын аманатындагы балдар жөндөмдүү болот”
Жаштайынан жашоонун оор соккусуна дуушар болгон жетим балдарга ата камкордугун, эне мээримин таттыруу далалатында жүргөн Тоголок Молдо атындагы №71 мектеп-интернатынын мүдүрү Атаев Рустам Алтымышбаевич өлкөбүздөгү жетимчилик көйгөйүнүн өзөгү үй-бүлө баалуулуктарынын жетишсиздигинен келип чыгарын төмөнкүдөй билдирди:
“Өзүмдүн мугалимдик тажрыйбам он тогуз жыл, кесибим географ-экономист. Буга чейин бир топ жерлерде иштедим. Бул жер менин 4чү ротациям. Эки жылдан бери мектеп-интернаттын мүдүрүмүн.
Биздин мектеп 2014-жылы Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Шаршеновичтин демилгеси менен өлкөбүздө жетим, кароосуз жана ата-эне укугунан ажыратылгандардын балдары үчүн түзүлгөн. Аларга жакшы шарт жана мүмкүнчүлүк түзүп берүү, коомдо өз ордуларын табууга жардамдашуу үчүн шаардык кеңеш тарабынан мектеп-интернат деген статус берилген. Ошондон бери бир жарым жыл болду. Кыргызстандан жети дубанынан 160 бала келип окуп жатат. Уставдын негизинде 10-14 жаштагы балдар кабыл алынат. Балдарды үч категория боюнча алабыз:
1. Тоголок жетим
2. Ата-энеси тарабынан кароосуз калгандар
3. Ата-эне укугунан ажырагандардын балдары.
Бардык окуучулар райондук социалдык өнүктүрүү башкармачылыктын анализинин негизинде, соттун чечими менен кабыл алынат. Мектепте балдар үчүн заманбап технологиялар, интерактивдик такталар, секциялар жана бош убактыларын өткөрүү үчүн ар кандай ийримдер түзүлгөн. Мектептин бул долбоорун өз алдыбызча үйлөндүргөнгө чейинки долбоор деп айтабыз. Бул болсо балдарды мектепти бүтүртүп эле койбой, жогорку окуу жайларга жайгаштырып, үйлөндүргөнгө чейин камкордукка алуу, мамлекетибизге кызмат кыла турган жаңы муунду иштеп чыгуу. Мектепти бүткөнгө чейин балдар 9-11дин базасында алгачкы кесиптик билим алышат. Өз тандоолору боюнча чач тарач, тигүүчү, жыгач уста, ашпозчу боло алат. Ошентип бала мектепти бүткөндө бир кесиптин ээси болуп, коомго аралашып кетүүсүнө жакшы шарт түзүп беребиз.
Мектеп алгач ачылганда эркин форма бар болчу. Кийинчерээк тоголок жетим балдарды ала баштаганда шаардан келген толук үй-бүлөнүн балдарынын ортосунда социалдык теңсиздик пайда болгон. Мына ушул теңсиздикти жоюу максатында ата-энелер менен алдын-ала түшүндүрүү ишин жүргүзүп, өлкөбүздө актуалдуу болуп турган бирдиктүү форманы биздин мектеп пилоттук катары киргизип, жыйынтыгында жакшы таасир берди. Азыр ата-энелер мурда балдарыбыз, кымбат баалуу кийим сураса, азыр китеп сурап калды деп айтып калышат. Себеби, форманын өзү эле адамды 30 пайыз тарбиялайт экен.
Жетим дегенде эле адамдар билим албаган, жетиштүү тамактанбаган коомдун эң төмөнкү катмарын элестетишет. Бирок таң калыштуусу, ата-энелүү балдарга караганда ата-энеси жок, Кудайдын аманатындагы балдардын көбү талантуу, жөндөмдүү болот. Бизде мисалы 160 окуучу окуса, ошонун баары өтө талантуу. Мына ушундай балдарга жакшы шарт түзүп берип жатканыбыз чоң жетишкендик. Ошондой эле максаты жок жүргөн жетим балдар дагы бар. Биздин мектептин бир өзгөчөлүгү, ошондой балдардын багытын аныктаганга жардам берет. Булар менен күнү-түнү иштеп, чыныгы ата-эне болгонго аракет кылабыз. Катуу тартип менен баарына жетүүгө болбойт. Мээримиң канча күчтүү болсо, бала ошончо жүрөгүн ачат. Балдар биринчи келгенде түнтүрөөк болуп, эч кимге ишенбейт. Биз болсо сүйүү, мээрим аркылуу көңүлүн таап, жүрөгүн ачканга аракет кылабыз.
Менин бир таң калганым, ушул жерден улуттук, үй-бүлөлүк баалуулуктар адамга канчалык керек экенин билдим. Бул баалуулуктарды мектепте, университеттерде окутуп үйрөтүү менен балдарды жарым жетим кылган ажырашуунун алдын алгыдайбыз. Акыркы маалыматтар боюнча өлкөбүздө 25 000дей жетим, жарым жетим жана кароосуз калган балдар бар экен. Биз уставдын негизинде жылына 80 бала алабыз. 800дөн албасак дагы, жылына сексенин куткарып жатканыбыз биз үчүн чоң жетишкендик”, – деди Рустам мырза.
“Өмүрдүн бир келерин адамдарга түшүндүргүм келет”
Бул дүйнөдө бир үйдү кубанычка толтуруп, ата-энени бакытка бөлөгөн, элжиреткен кылык-жоругу менен кайгы-муңду жеңилдеткен баладан өткөн бакыт жок эмеспи. Бирок ошого карабай ата-эне мээриминен эрте ажырап, балалыктын таттуу күндөрүнөн ажырап жаткан балдарыбыздын көбөйүшү жан кейитерлик көрүнүш. Учурда мектеп-интернатында тарбияланып жаткан Айгерим аттуу кыз келечекте адамдарга кыйынчылыкта жол көрсөткөн инсан болгусу келгенин төмөнкүчө айтып берди:
“Менин атым Ташмуканбетова Айгерим. Тоголок Молдо атындагы №71 мектеп-интернатынын 8-классында окуйм. Өзүм Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Васильевка айылынан келгем. Бул жерде 2 жылдан бери окуп жатам. Үй-бүлөдө жалгыз кызмын. Апам каза болгондон кийин таенем менен таятамдын колунда болдум. Кийин айыл өкмөттүн сунушу менен бул жакка келгем. Атам менен катташпайм, өзү дагы байланышпайт.
Эң алгач мектепке келгенде бир чөйрөдөн үзүп келип экинчи чөйрөгө отургузуп коюшкандай эле болдум. Башында өкүнүп, ачуум келип, аябай кыйналдым. Бирок чөйрөгө карата адам өзгөрүлөт дегендей, мен дагы жакшы жакка өзгөрүлдүм. Бул жерден кетсем тагдырымды талкалап койчудай болом. Интернатты ушунчалык жакшы көрүп каларымды ойлогон эмесмин. Азыр каникулда таенемдерге барганда мектебимди, досторумду, мугалимдеримди сагына берем. Себеби алар ата-энем кылбаган нерселерди кылып беришет. Куса болуп, апамды сагынууга жеткире турган абалга калтырышкан жок.
Мага мектептин максаты жагат. Сапаттуу билим, татыктуу тарбия ала алам. Менде азыр материалдык жактан дагы, моралдык жактан дагы бардык нерсе бар. Биздин мектепте баары биз үчүн. Мисалы, кээ бир ата-энелер дагы өз балдарына мындай шарт түзүп бере албайт. Мугалимдерибиз, мүдүрүбүз, мектеп президентибиз бизге камкордук көрөт. Мен бийлегенди, спорт менен машыкканды жакшы көрөм. Өзгөчө таеквандону аябай жактырам”, – деди. Айгерим келечекте өмүр бир келерин, бүгүнкү күн эртең болбой турганын адамдарга түшүндүрүп, жардам берген психолог болгусу келерин кошумчалай кетти.
“Жетим балага жакшы сөз, жакшы мамиле жетиштүү”
Кыргыз коомунда жетим баланы асырап алуу жакшы өнүккөн эмес. “Өзүмдүн балдарымды араң багып жатам, бирөөнүкүн эмне кылат элем” дегендер чекеден табылат. Бирок студент болгонуна карабай №71 мектеп-интернатында тарбиячы болуп иштеп жаткан Бакыт Пайызбек улуу “апам болсо” деп ыйлаган балдарга үмүт бергенге аракет кылабыз дейт:
“Мен 7-класстагы балдарды карайм. Тарбиячы болордон мурун жетим баланын психологиясына ылайык даярданып келебиз. Алгач ар бир баланын өмүр баянын окуп таанышып да чыгабыз. Башында келип саламдашып жүрсөң, кийин өздөрү тосуп чыгып, бат эле көнүп калышат. Сырттан келсең күтүп турушат дегендей. Балдарга жакшы сөз сүйлөп, жакшы мамиле жасап коюу эле жетиштүү. Жаңы келген балдар башында жатып алып ыйлай берет. Эмне болду десең апамды, үйүмдү сагындым дейт. Карай келсең үйлөрү деле тар, шарты жок. Бирок ичинде апасы болсо болду. Апам тирүү болсо мен келбейт болчумун деп ыйлашат. Алаксытып, сүйлөшө келсең, апам минтчү эле, тигинтчү эле деп айтып беришет. Аларга үмүт бергенге аракет кылып, жанында болосуң.
Тарбиячы өзү тарбиялуу болуш керек. Мисалы биздин балдар айылдагы үйлөрүнө барганда досторубуз тамеки тартып калышыптыр, сөгүнүшөт экен деп таң калып келишти. Эгер балдар айылда болсо билинбей жүрө беришмектир, бирок биз мугалимдер, тарбиячылар өзүбүз үлгү болгондуктан балдар бул нерселерди билишпейт. Айтып үйрөткөндөн көрө, жасап көрсөтүү керек”, – деди Бакыт мырза.
Бул жалганда жалгыз калган балдарга жардам берчү адамдардын бар экени кимди болсо кубантат экен. Бирок маселенин тамыры үй-бүлөдө жаткандыктан, жетимчилик көйгөйү өрчүп кете электе мамлекеттик деңгээлде чара көрбөсөк болбос.