Батыш Орусияга каршы күчтүн бардык түрүн колдонууда
Батыш, Украинага кол салган Орусияга киргизилген санкциялардын натыйжалуулугун арттыруу үчүн, саясаттын жумшак да, катуу да ыкмаларын колдонуп келет. Бул аптада Кыргызстанга тиешелүү рангдагы мамлекеттик жана эл аралык аткаминерлер келип, кыргыз бийлигинин тамырын тартып кетти. АКШнын расмий бийлиги экинчи катардагы чиновниктерине Орусияны айыптабаган өлкөлөргө көз салып турганын жана аларга каршы тиешелүү чаралар сөзсүз көрүлөрү тууралуу айттырды. Орусиянын Кара деңиздеги флагман кемеси атылып, анын командасын куткарды деген Түркия катуу жемеге калып, “көргөн да, билген да жокмун” деп актанууга мажбур болду.
***
Дүйшөмбү 11-апрелде министрлер кабинетинин төр агасынын орун басары Эдил Байсалов Женевадагы иш сапарынын алкагында БУУнун Адам укуктары боюнча улуу комиссары Мишель Бачелет менен жолукту. Ал жерде “биздин республика укуктук демократиялык мамлекетти курууда узак жолду басып өттү” жана “эл аралык коомчулуктун такшалган, жоопкерчиликтүү мүчөсүнө” айланды деп ишендирди. Андан соң “учурда Кыргызстанда демократиялык жана толугу менен легитимдүү бийлик орноп, басымдуу көпчүлүктүн колдоосу менен анын кызыкчылыгына жараша саясат жүргүзүп келет” деп сөзүн улаган. Мишель Бачелет болсо уюму Кыргызстанда омбудсмен институтунун статусун жогорулатуу жана ишмердүүлүгүнүн көз-карандысыздыгын күчөтүү боюнча министрлер кабинетинин демилгесин колдоорун билдирди.
***
Кыргызстандын Британиядагы элчиси Улан Жусупов британиялык AGRI-HR рекрутинг компаниясынын мүдүрү Ян-Виллемом Наребут менен жолукту. Бул компания Британиянын мал фермаларына Кыргызстандан сезондук жумушчу жалдоо менен алектенет. Жолугушууда 2023-жылдан тартып бул демилгенин квотасын 2-3 миң кишиге чейин чыгаруу ниети айтылды. Үстүбүздөгү жылдагы квотада Британияда 1000 киши иштеп келээри каралган.
***
13-апрелде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Бул сүйлөшүү Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосунда жаңы кеңейтилген макулдашуу түзүлөрдүн алдында өттү. ТИМдин билдирүүсүндө макулдашуу боюнча бир катар иш-чара, жолугушуу жана зыяраттар пландалып жатат деп айтылган. Иштелип жаткан документ 1999-жылы ишке кирген макулдашуунун ордуна киргизилмекчи.
***
ПРООНдун 17 өлкөдө адам укутарын стандарттарын жакшыртуу боюнча жаңы программасына Кыргызстан да кирди. Бул долбор Жапония тарабынан каржыланмакчы. Анын алкагында ишкердин кишилерди мажбурлап иштетүү, басынтуу жана жерлерди басып алуу сыяктуу туура эмес иштерге жол бербөө чаралары каралмакчы. Долбор боюнча Кыргызстан менен бирге 16 мамлекетке ишкердик учурунда адам укуктарына зыян келтирген ишканаларга карата саясат иштеп чыгууга жардам берилмекчи. Ошону менен бирге ишкерлерге да бул багытта жоопкерчиликтүү болууну үйроткөн иш-чаралар өткөрүлмөкчү.
***
14-апрелде Кыргызстандын тышкы иштер министри АКШнын мамкатчысынын Жарандык коопсуздук, демократия жана адам укутары боюнча орун басары Узра Зея менен жолукту. Узра айым кыргыз жетекчилигинин коррупцияга каршы күрөшүн маанилүү деп, афган студенттери менен журналисттерин Кыргызстанда кабыл алынганын кубаттап, Сириядан кайтып келген аял жана балдарды реинтеграция жана реабилитация кылууга көмөктөшөрүн айтты.
Жолугушууда Украина боюнча абал өзүнчө каралып, кыргыз тарап кандай болбосун араздашуу саясий-дипломатиялык жол менен чечилиши керектигин, ошондуктан эл аралык коомчулук бул конфликттин болушунча тезирээк токтотушу керектигин айтып, карапайым эл зыянга учурабашы керектигин белгилеп, бул үчүн Кыргызстан керектүү колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Жолугушууда адам укуктарын сактоодо Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерин аткарып, эркин ЖМК жана активдүү жарандык коомдун институттарын бекемдөөдө эки тараптын биргеликте аракет кылуусу маанилүү дешти. Кыргыз министри өз жарандарына карата АКШнын визалык талаптарын жеңилдетүү маселесин көтөрдү.
***
15-апрелде АКШнын каржы министри Жанет Йеллен Орусиянын Украинага кол салганындан кийин аны менен мамилесин уланткан мамлекеттер дүйнөлүк экономикадын изоляция болуу коркунучу алдында турат, бул болсо ушул күнгө чейин араздашууда нейтралитет карманган мамлекеттерге эскертүү болот деп билдирет The Wall Street Journal. Анын айтымында, Орусия менен мамилесин сактап калуудан утам деген мамлекеттер алысты көрө албай жатат. “Бир нерсени тактап алалы, санкция киргизген мамлекеттердин коалициясы, санкцияларды алсыраткан аракеттерге кайдыгер калбайт” – деген Йеллен.
***
15-апрелде Евробиримдиктин Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча башкармасынын орун басары Дюк Пьер Девин Кактус-медианын суроолоруна жооп берген. Ал кыргыз бийлиги менен “Интернеттеги фейк маалматтар жөнүндө” жана “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамдарын тууралуу сүйлөшүү болгонун билдирген. Андан сырткары Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы ВСП+ экономикалык келишимдин схемасы каралган. Ал боюнча Кыргызстан Европага 6000ден ашык товар түрүн киргизсе, пошлина төлөбөйт, бирок Евробиримдиктен кирген товарлардан пошлина ала берет.
Бул сүлөшүү учурунда орус-украин конфликтинен кийин Орусияга киргизилген санкцияларды, көбүнчөсүн, банктар менен учак компаниялары бузуп-бузбаганын Евробиримдик көзөмөлдөөрүн айткан. Ошондой эле экспортко тыюу салынган товарлар Кыргызстан аркылуу Орусияга реэкспорт кылыса, чаралар көрүлөрүн билдирген.
***
16-апрелде АКШнын президенти Жозеф Байдендин кеңешчиси Жейк Салливан америкалык бийликтин Reutersке, “бир-эки аптанын ичинде” Орусиянын санкциялардан качуусуна көмөктөшүү аракетин кылып аткан өлкө жана уюмдар тууралуу маалымат жыйнап, аларды бутага алабыз деген ниетин билдирген.
Орусияныны бизнеси менен академиялык коомчулугу Кыргызстанга көчүн улантууда
Уюшуп өнүгүү боюнча эксперт, “Чуприна & Өнөктошторү” компаниялар тобун тузгөн Дмитрий Чуприна орусиялыктар менен орус бизнесинин Кыргызстанга релокация кылуусу тууралуу Кактус-медиага 15-апрелде кеп салып берген.
Өзүнүн байкоолоруна таянган Дмитрий, орусиялыктар Кыргызстанда көз көрүнө көбөйгөнүн, бирок орус ири бизнеси учурда чалгындоо кылып жатканын айткан. Алар Кытайдан товар киргизүү боюнча логистиканы жакшыртууга жана акча которууга ортомчуларды караштырып жатат деген. Чуприн бул жакка келген орусиялыктарга юридикалык, административдик жана логистикалык колдоо керек экенин билдирген.
***
Бишкекте Орусиянын Эл аралык мамилелер боюнча Москванын мамлекеттик институту (МГИМО) “Эл аралык орус мектеби” стратегиялык долборунун алкагында Кыргызстанда пилоттук режимде университеттин стандарттарына ылайык лицейлик класстарды ачмакчы. Бул максатта МГИМОнун Горчаков лицейинин педагогдору менен жетекчилери 10-14-апрелде окуучу жана мугалимдерге орус жана англис тилдери, математика жана коом таануу боюнча ачык сабак, тренинг, семинар жана консультацияларды өткөрүштү.
Горчаков лицейинин директорунун орун басары Анастасия Кудьмина: “Биз Орусияда лицей модели кандай иштеп жатканын айтып берип, аны кыргыз коллегаларыбызга сунуштаганы келдик”, – деген.