Саресеп
Кыргызстан

Кул мүнөз элде эгемендиктин куну канча?

Дүйнө жүзүнө тоталитардык деп таанылган, өнүккөн өлкөлөрдү “атомдук курал менен жок кылам” деп чамынган СССР деген дымагы күч империянын колониясынан эч кандай согушсуз, Эгем жардам берип, Жараткандан жардамы менен эгемендикке ээ болгонбуз. Элибиздин эркиндикти карай кадам кериши, уюткулуу кыргыз журтчулугунун чоң жениши эле…

Бирок 70 жыл “улуу орус” деп тизе бүгүп, муштаса башыңды тосуп, кулдук уруп жүрүп, кулчулук аң-сезимде калганыбыз – биздин эң чоң арманыбыз… Демократия баалуулуктарын семичкедей чаккан, карайлап турган элинин бакубат жашоосуна жол тапкан, бабалардын баркын билген, чындык деп чыркырагандарды душман санабай, айткандарын кулагына илген, илип эле тим калбай жыйынтык чыгара жүргөн өлкө башчынын кыргызга буюрбаганы – элдин өксүгү. Чыныгы демократиялык өлкө кура албай, көзкарандысыз институттар ирдене албай, чиновниктер өзү үчүн гана иштеп, өлкө коррупциянын сазынан али күнчө чыга албай, аксак саясат жүрүп, жемкорлордун “иттери” гана “үрүп” келет. Тагыраагы, ачык, эркин экономикалык саясатты колго алууга, өлкөнү өнүгүү жолуна салууга эгемендүүлүккө ээ болгону эч бир президентибизде акыл керемет, өкмөтүбүздө болсо дарамет болбоду.

Кыргыз өксүгүнүн башында дал ушу көөдөнү сокур, көрөңгөсү тайыз, кийими укмуш, билими тайкы, көкүрөгүндө галстугу бар, көөдөнүндө калыстыгы жок мамлекет башчылары турат. Эгемендикке жеткени, Бириккен улуттар уюмуна мүчө болуп кирип, желегибизди желбирете илип, өз конституциябызды кабыл алдык. Алдыңкы өлкөлөрдү аңдадык, өнүгүүнүн демократиялык багытын тандадык. Европа өлкөлөрүнөн кийинки, бирок постсоветтик өлкөлөрдүн арасынан биринчи болуп, Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болдук. СССРдин “уйкусунан” ойгоно албай, ДСУ мүмкүнулүгүн өлкө кызыкчылыгы үчүн колдоно албай койдук. Ага биздин билимибиз да, эркибиз да жетпеди.

Евро Биримдик ымалага келди, ВСП+ мүмкүнчүлүгүн берди. Тактап айтканда, Кыргызстан Европанын 28 өлкөсүнө товарларын сатууга бажы төлөмү алынып, а биздин чиновниктер эми “укмуш экономикабыз өнүгөт” деп “ак уруп” калышкан. Арийне, аны да колдоно алган жокпуз. Минтип эркинбиз дегенибизге отуз жылдан ашык убакыт өттү, элибиз жакшы жашоо издеп, мигрант болуп башка өлкөлөргө кетти. Анткени ар шайлоодо тоодой бийик ант берип, добушуңуз үчүн деп ун, момпосуй, кант берип, үйүңө көмүр төктүрүп, так иштейм деп ооз көптүрүп бийликке келгендер эл ырыскысын өздөрүнө энчилешти. Калганыбыз кыйратып өлкөбүздү өстүрүүгө чамабыз жетпей, жашап келебиз эпетей-септей.

Ушу күнгө чейин кыйынмын дегени да, эл ырыскысын жегени да, акыл айткан аалымы, ит минип калган интеллигенти менен джип минип жүргөн чыйт түкүрмө чиновниги, эл башкарган “жакшысы” менен ак уруп жүргөн “бакшысы” да “кул мүнөздүктөн” кутулбай койду. Дегеним, Москванын айтканынан чыга албай, өз алдынча жүрө албай же эркин турмуш сүрө албай орустун оозун карап, аларды олуя санап, жетегинде келебиз. Калк камын көрөм деген зэктериң да, тоюс, бектериң да убадасын унутуп, манчыркаган Маскөөнүн таманына талпак болуп төшөлүү убаракерчилигин тартышты. Өз тилибизди жеригендей, “сен кул тукумусуң” деген ачуу чындыкка териге бербей орустун тилин расмий тил катары кабыл алганбыз. «Сен орусча үйрөнүп кел, орустардын көчөсүн шыпырып бер» деген таризде сынай тиктеп, кыйтыр жылмайып Маскөө карап туру. Анан да Россиянын экономикалык кызыкчылыгы жогору турган, бардык пайданы өздөрүнө бурган Бажы биримдигине кошулганыбыз, кул кылып алам деген гигант өлкөнү карай кол сунганыбыз эле болуп калды.

Көзүбүздү байлап, алдына салып айдап жүрү. Өзүбүздүн өлкөбүздөгү тарифти өзүбүз койгонду да чектеп, Дүйнөлүк соода уюмунун алкагында жүргүзүлчү соода-сатык кыймылыбызды, эркиндигибизди тепсеп койду… Кыргыз “Тойота”, “Мерседести” айдап эмне кылат, бизде “Жигули” деген автоунаа турат. Карызга беребиз. Өзү болбосо баласы, анын да жетпесе чамасы, небереси кутулат дегендей эле мамиле болуп калды. Орустун автоунаасын сатып алсаң болот. А жапондордун, европалыктардын автоунаасына чек коёт. Кыскасы, Россия өздөрүнө ыңгайлуу кылып шарт түздү. Кошуна Кытай мамлекетинин товарларын реэкспорт жасоого ыңгайлуу географиялык жакшы байланышыбызды да үздү. Биз транзиттик өлкө катары иш кыла албай, өз алдынча бутубузга тура албай калгандайбыз. Андан да өкүнүчтүүсү, ажо болууну самайм, өлкө башкарууга, эл багууга жарайм деген талапкерлерибиз Маскөөнүн “батасына” муктаж экени коомчулуктун сынында. Калк сынына карабай, натыйжалуу жыйынтык чыгарууга жарабай, эптеп бийлик башына жетүүгө далалаттанып жаткандын өзү, эл бакчу адамдардын дээринде да деңгээлинде да эчтеме жоктугун далилдегенсийт.

Кызыгы, СССР деген империя раматылык болуп кеткени, анын курамынан чыгып эркиндикке жеткени, Прибалтика өлкөлөрү өсүп-өнүктү? Кыргызстан менен катарлаш СССРдин “коммунизмге карай алга” деген багытында сапарлаш бул өлкөлөрдүн деле абалы биздей болгон. Арийне, бизден айырмаланып Советтер союзу таңуулап койгон көз карашынан, мээде орун алган жарасынан бат арыла алышты. Өнүгүү жолун табышты, өнүккөндөргө бат эле жетип, өлкөсүнө жарык жагышты. Маселен, эл аралык изилдөөлөргө карасак (Human Development Report), Инсандык өнүгүү боюнча өлкөлөр рейтингин санаганда, Кыргызстан 189 өлкөдөн 122-орунду ээлеген. А Эстония 30, Литва 34, Латвия 39-орунду мээлеген. Демек, бизден бир топ алга кеткени, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына жеткени ачык көрүнүп турат…

Билесиңерби, бабалар бизге не айткан, «карапайым эл караңгы болот, аларды эл жакшылары башташы керек» деп айткан. Тилекке каршы, кыргызды өргө баштайт деген эл жакшылары да, өлкө башчылары да караңгы болушту. Анын кесепетин ак калпактуу эл көрдү, ак мөнгүлүү жер көрдү. Али күнчө Россиянын көзүн карап моюн сунуп, кулдук уруп келебиз. Орустардын катарында туруу, алар менен мамиле куруу деген жазылбаган жобону иштеп чыгып алдык. Маскөө менен сүйлөшкөндөр “кыйын” атка конуп, орус саясатын башкалардан “коруп” калды. Кыргызстандын аймагында орус саясатын жайылтып, элдин аң-сезимин аларга багынтып жаткан кул тукумдарынын жооптуу кызматтарды ээлеши, орустардын оозун карап ийилип, кошомат кылып жүгүнүп турушу – Кыргызстандын эгемендиги үчүн чоң трагедия…

Сайпидин СУЛТАНАЛИЕВ, ruhesh.kg

Related posts

Маданий туризмдин заманбап стратегиясы зарыл

Эсен Ырыскелди
2 года ago

Кыргыз коому жарандыкка бышып жетилдиби?

Эсен Ырыскелди
2 года ago

Элге так маалымат, тарбиялуу маданият керек

Эсен Ырыскелди
2 года ago
Exit mobile version