Кыргыз делегациясына аргументациялык негиздеме

Бийлик Кемпирабад суу сактагычынын тагдыры боюнча документтерди, келишимдерди, протоколдорду, меморандумдарды ачыкка чыгаруудан баш тартууда. Ошого карабастан, буга чейин эч ким танбаган фактыларга таянуу менен Кемпирабад суу сактагычы биздики деп айтканга толук негиз бар. Ал кайсы фактылар?

1. Буга чейин Өзбекстан Кемпирабад суу сактагычын Кыргызстандан ИЖАРАГА алып келген. Аны эки тарап тең танган эмес. Мисалы, мен бирөөнүн үйүнө ижарага кирсем ал үй меники болуп калбайт. Мен болгону ошол үйдү убактылуу пайдаланып жаткан болом. Ижара алуучу мүлктүн ЭЭСИНЕН гана мүлктү ижарага ала алат. Демек, ушул элементардык эле көз караштан алганда, Кемпирабад Кыргызстандыкы. Бул эң башкы негиздеме.

Тиркеме: Кыргыз ССРинин өкмөтүнүн 1962-жылдагы токтому. Мында жер Кыргыз ССРинин Өзгөн районунун АЙМАГЫ экени таптак жазылып турат

2. Кемпирабаддын пайдасын Өзбекстан тарап гана көрүп келген, Кыргызстан тарапка берилген убадалар, милдеттенмелер аткарылган эмес. Муну Т. Усубалиевдин китеби да, С. Аламановдун “Азаттыктагы” маеги да тастыктап турат. Аны Ташкент да танган жок. Демек, эгерде мен ижарага батир алып, өз милдеттенмемди аткара албай койсом, ээси мени чыгарып салганга, ал тургай чыгаргандан кийин да соттон доо койгонго акысы бар. Ээси Кыргызстан болсо, Өзбекстан өз милдеттенмесин аткарбаганы чын болсо – Кыргызстан аны бул аймактан чыгарып салууга толук укугу бар. Бул эч кандай талаштуу аймак катары сүйлөшүүнүн предмети болбошу керек.

3. Өзбекстанга Кемпирабадды өткөрүп берүү жөнүндө эч кандай келишим эч кайсы жерде эч кандай ратификациядан өткөн эмес, эч жерде жарыяланган эмес. Бийликтин ээси – эл. Бул бардык башмыйзамдарда, анын ичинде азыркысында да жазылган. Демек, кокус жазып-тайып ошондой келишим өтүп кеткен болсо да ал мыйзамсыз, аны алып өткөндөр мамлекеттик чыккынчы.

Кыскасы, кайсы жагынан караганда да мыйзам боюнча Кемпирабад суу сактагычы, анын ичинде: а) БИРИНЧИ ИРЕТТЕ астындагы жери; б) үстүндөгү мүлкү; в) агып жаткан суусу – бүт биздики.

Жыргалбек Касаболот