Элдүү киши эр экен,
Не деген кеби эп экен.
Эли жок мендей кургурду,
Эгем Таала кудурет,
Кай түрдүү пендем деди экен…

(Алманбеттин арманы)

Айтылуу акын Арстанбектин “Эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң” деген сѳзү бар. Бирок биз бул сөздүн маанисин толук аңдабай жүргөндөйбүз. Элден чыгуу десе эле дөгүрсүп көөп кетүүнү, же жалгыздап бөлүнүп тоо-ташты аралап жашап калууну ойлоп калган сыяктанабыз. Натыйжада өзүбүздүн жүрүш-турушубузга баам салабыз да, «Эл катары жашап атам. Көпкөн эткен жерим жок. Эл жегенди жеп, эл кийгенди кийип, эл арасында жүрөм. Демек мен элден чыккан жокмун», – деп, өзүнчө корстон болорбуз. Бирок, бул оюбуз кандай гана алдамчы ой экенин кийин башыбызга чоң жамандык түшкөндө, же бир чоң жакшылык келгенде гана байкаарбыз. Же анда деле байкабай калар бекенбиз…

Андай болсо элден чыгуу деген кандай? Ал кандай жүзөгө ашат, мына ушуга саресеп салсак.

Ар бир кишинин өзүнүн эли болот. Улуту, уруусу, айылдаштары, жердештери дегендер кишинин эли эмеспи. Ал эми кошуналары, уруулаштары, теңтуштары (азыркы тил менен айтканда классташтары) аны ошол элге кошуп турган байланыш жиптери болот. Мына ошол жиптерди үзө баштаган киши акырындап элден чыгат. Мисалы биз айлыбызга көп барбай жүрүп кошуна-колоңдон, айылдаштардан алыстадык дейли. Андан кийин ал жердеги тууган уруктун да барды-келдисине катышпай жүрүп алардан да ажырадык. Аңгыча эле карьера, жумуш, кызмат деген балээнин айынан бала кезден бирге өскөн тели-теңтуштун да жамандык-жакшылыгына катышпай калсак. Натыйжада алар бизден түңүлүп, жөнөкөй отурушунан тартып, чоң кубанычына, же башка түшкөн азасына чейин кабар айтпай калган деңгээлге жетет.

Ошол маалда балким биз муну жактырарбыз. Дайыны жок чыгымдардан, убакытты алган катыштардан кутулганыбызга сүйүнүп, жеңилдеп калгансыйттырбыз. Бирок, мунун арты чоң жоготууга алып барарын көпчүлүк учурда байкай бербейбиз. Ооба, биз ушул алыстоолор менен бизди калдайган элге байлап, бириктирип турган жиптерди үзөбүз да, ың-жыңсыз болуп элден чыгабыз. Айлыңа барсаң бир тууган ага-иниңен башка эч ким саламдашпайт. Көчөгө бассаң карылар тааныбай саламыңа суз жооп кайтарат. Өз теңдүүлөр тааныса учурашкан болуп, тааныбаса бул ким эле дегендей шектүү карап ары бурулат. Кичүүлөр чоочун киши келгендей чочуркап боор бербейт. Ошентип бир заматта элеңдеп элсиз каласың. Башыңа күн түшсө сурап келер, кубансаң кубанычыңды тең бөлүшөр жан болбойт.

Чынында көбүбүз айылдан чыгып шаарга келгенибиз менен, шаардагылар менен да туугандашып, теңтушташып, алышып-беришип катышып кеткен жокпуз. Демек биз бул жер менен да эл болуп кетпедик. Андай болсо барган жерибиз менен эл болбой туруп, киндик кан тамган айылдан да кол үзсѳк, ал жактан да байланыш солгундаса, анда элден чыкканыбыз ошол эмей эмине?

Ал эми өзү элден чыккан кишинин бала-бакырасынын эли болобу? Алар кандай баалуулуктар менен өсөт? Кимди караан тутуп, кимди элим деп, кимге сүйөнүп жашайт? Же андан да жаманы – кимден айбыгып, кимден тартынып, кимден ыйбаа кылып, кимди сыйлап, кимди кадырлап, кимди урматтап жашайт? Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты болуп, өз билгенин кылып жашайбы? Өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип калабы? Эч ким тааныбаса, демек эч кимден уялбай калары да ошол. Артынан «Баланча баландай иш кылыптыр» деген жылуу кеп айтылбай турган болгон соң, жакшы иш кылып кереги эмне? Куранда деле «артынан жакшы сөз менен эскерилгендер» деп, жакшы сөз менен айтылып калууга чакырык ташталып жатпайбы. Ал эми элиң болбогон соң, сени эч ким тааныбай, кайдан келгениңди, кимдин уулу экениңди билбеген соң, сенин кылган ишиңди ким жакшы сөз менен эскерет эле? Демек, эли жок кишинин жакшы иш кылууга деле шыгы козголбойт тура. «Баланчанын баласы иттик кылыптыр» деген ачуу кеп айтылбай турган болгон соң, анда кишини жамандыктан ким тосот?  

Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов “Ак кеме” аттуу чыгармасында кандай гана керемет сөздү айтып кеткен! “Жети атасын билбеген киши арам менен адалды деле ылгабай калат”, – дейт ал. “Баары бир балдарым менин ким болгонумду билбейт. Демек, менин кандай арам иштерди кылганымды да билбейт деп оюна келген былык иштерди кыла берет. Баары бир кийинки муун мени билбейт. Демек жакшы иш кылсам деле аны эч ким баалабайт деп жакшы иштерди жасабай калат”, – дейт. Кандай гана улуу кеп! Бул сөздү жазуучу өзү ойлоп таба койбосо керек. Бул сөз, ушундай түшүнүк элибизде илгертеден бар болгондой. Ошон үчүн алар жети атасын билүүнү жана аны бала-чакасына үйрөтө кетүүнү милдет катары санагандыр. Ошон үчүн алар жолуккан кишиден ата-жотосун сурап, керек болсо ошого жараша баасын бергендир. «Тектүү жердин кулуну турбайсыңбы, балам!» деп жакшы иш кылса ата-жотосун кошо мактап, жаман иш кылса «Ата-жотоңо наалат!» деп ата-бабасын кошо уяткарып жамандыктан кайтарганы ушундандыр. Мына, эл деген ушул. Элдүү киши деген ушул.

Бүгүн «Эл эмне дейт деп жашабаш керек. Өзүңө кандайы туура келсе, ошону кыл. Башкалардын оюн капарыңа да алба» деп чакырык таштагандар бар. Балким мунун туура жагы да бардыр. Балким эл эмне дейт деген куру намыстын айынан дайыны жок чачылып-чарпылып жаткандар үчүн бул туура кептир. Бирок, ошентип жүрүп такыр эле элди көзгө илбей калуудан канчалаган көйгөйлөр чыгып жатканын да ойлой жүрсөк. Нечендеген ыпластыктар, уятсыздыктар, адамгерчиликке жат жоруктар ушул элди көзгө илбей калуудан, ал тургай элден чыгып калуудан чыкты десек да болор. Чоң шаарга келип, эли журту менен байланышын үзүп алган соң, каалаганын кылып калган абийирсиздерди көп эле көрүп жүрөбүз. Мисалы ошол эле Орусияда жүргөндөрдүн арасындагы абийирсиз жоруктар эмнеден улам болуп жатат? Так эле ошол «эл эмне десе ошол десин» дегенден, же тагыраак айтканда, «Эми ал эл эмне десе ошо десин. Мен баары бир алар менен аралашпайм, катышпайм» дегенден чыгып жаткан жокпу? Болбосо, кайра элине келип катышарын билсе жүрүм турумун көзөмөлгө алат беле? Айылда эртең эле тууган-уругу менен чогуу отурарын, ошол жерде кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болуп каларын билип, баскан турганына көз салат беле…

Биз бүгүн шаардашуу, ааламдашуу менен бирге элден чыгуунун заманында жашап жаткандайбыз… Маселенин баары ушунда тургандай…

Насыпбек Асанбаев