Асманым ачык, жеримде береке, элимдин жашоосу бейпил. Оо ушул күндү өздөрү көрбөсө да, урпагына таберик этейин деп канчалаган аталар канын төгүп, жан берди. А энелер зарлап ыйлап жаш төктү.Ооба, ата-бабаларыбыз алакандай жерди сактоо үчүн бир муштумдай түйүлүп, бир билекке биригип, бир максатка умтулду. Заманы канча кан какшатса да мүңкүрөбөй эл эртеңинин эркиндиги үчүн баарына кайыл болуп күн кечирди.
Азаттыкты эңсебесе улуу Током бай-манаптарга жагалдана-жагынып ырдап, беш күнчөлүк өмүрүн сайран менен өткөрмөк. Эл эртеңине кайдыгер болгондо алп жазуучу Айтматовдун атасы Төрөкулдун да тагдыры талкаланмак эместир, улутчул деп айып тагылып алгачкы эл агартуучу-илимпоз, котормочу жана акын, көрүнүктүү коомдук ишмер Касым Тыныстанов да ач ажалдын кандуу кылычына эрте моюн сунат беле, ким билсин?.. Мындай тагдырлар тарыхтын бир бүктөмүндө калганы менен кылкылдатып кызыл туубузду бүгүнкү күндө дүйнө элинин желектеринин катарында желбиретип турганы чындык.
Эл азаттыгы колго тийген күндү эркин жар салсын дегениби, төл тилибизге да мамлекеттик тил макамы берилди. 1989-жылдын 23-сентябры, тили катып булбулдай жалдыраган кыргыз эли үчүн улустун улуу күнүндөй эле зор кубаныч болду. Кубанбаганда эмне? Өз шагында эркин сайрай албаган булбул булбул болмокпу да, өз төрүндө кыргызча эркин сүйлөй албаган кыргыз кыргыз болмокпу?
Кубан элим, бүгүн сенин кубанууга толук негизиң бар. Анткени, 1991-жылдын 31-августунда эчен жылдар элим эңсеген эгемендүүлүктүн ак таңы атты. Эгемен элдин жараны катары өз жериңде өз эне тилиңде эркин сүйлөө – бул чоң бакыт эмеспи…
Эгемендик алган күндөн бери чейрек кылымдан ашуун убакыт өттү. Бул мезгил аралыгында кыргыз маданияты дүйнөлүк цивилизациянын туу чокусуна жетти десек жаңылышпайбыз. Мындай улуу көрсөткүчкө майда макал-ылакаптардан тартып улуу “Манас” эпосуна чейинки дархан дүйнөнүн өсүп-өнгөндүгү күбө.
Руханий дөөлөтүбүз өнүгүп, кыргыз улан-кыздары аалам алкагында эл эркиндиги, эл энчисине берилген бир аманат дүнүйө экендигин айгинелеп, туура пайдаланып, аны көз карегиндей аярлап, келечек муунга кемитпестен өткөрүп берүү озуйпасын да аркалап жүрүшөт.
Анткен менен, азаттыгыбызга көз арткандар да жок эмес. Сырткы күчтөрдүн таасири да тийип кетпес бекен деп чочулайсың. Бизди чочулаткан кайсы күчтөр жана ал кандай таасир этет? Алыс кетпей эле кошуна өлкөлөрдүн жерибизди басып, элибизге ок аткылаганы моралдык жана материалдык жактан олуттуу таасир этип, эбегейсиз зыян келтирүүдө.
Анан дагы эне тилин жерип, өзгө тилде түш жоручулардын көбөйгөнү да зээн кейитет. Бул дагы эгемендүүлүккө залакасын тийгизбей койбойт. Кылымдарды карытып келген кыргыз каада-салтынын унутулуп, батыш-чыгыш элинин үрп-адаты жашообуздан орун-очок ала баштаганы да өкүндүрөт.
Эң башкы коркунуч, диний агымдардын көбөйүшү. Сабатсыздык, билимсиздик, жалкоолук. Булардын акыры тунгуюк. Тунгуюкка кептелген өлкөнүн келечеги барбы? А келечеги көрүнбөгөн өлкөнүн эркин болуусунан эмне пайда? Ошол үчүн бүгүнкү күндүн баштапкы милдети – өсүп келе жаткан жаш муунду келечекке билимдүү кылып тарбиялоо.
Ооба, ар бирибиз эркиндигибиздин кадырын билип, аны урпактан урпакка мурас катары сакталып калышына салым кошолу.
Автордун ой-пикири Саресеп сайтынын максатына толук дал келбеши мүмкүн