Саресеп
Кыргызстан

Деги бекер эмне бар?! Өзгөчө пикир

Мындан 18 эле жыл мурун мен студент элем. Ошол 18–20 эле жыл мурун студенттер бири-бирине кагаз кат жызышчу. Ошол 18 жыл мурун айылдагы ата-энеси менен байланыш үчүн студенттер телекомго топурап барып, түн бир маалга чейин кезекте турушчу. Телекомдогу оператор аялдардын көзүн карап, “Чаткал менен байланыштырып коюңузчу” – деп жалдырашчу.

А 15 жыл мурун телекомдордо, базарларда IP телефон деген күрткөлөр ачылган. Ошол IP-телефония күрткөлөрү пайда болгондо телекомдо түндөп кезек күтүүдөн жеңилдеген студенттер Орусиядагы туугандары менен оңой сүйлөшүп жыргашкашкан. IP телефон доору көпкө узаган эмес. Анткени дароо эле мобилдик телефондор чыга баштаган. Мобилдик телефон менен бир мүнөт сүйлөшүүнүн баасы 27 сомдон болгон (2009-жылы 1 АКШ доллары = 34–43 сом – Саресеп). Ошол курсак нанга тойбой аткан маалда бир мүнөттүк сүйлөшүүнүн баасы 27 сом болгону канчалык кымбат экенин элестетип көрүңүз азыр.

Эки-үч жыл ичинде эле үнү заар Nokiaны LG деген экрандуу, музыкалуу телефондор колдонуудан сүрүп чыкты. Анан эле Samsung деген телефондор базарга жайнап кирди. Телефондун баасы да, сүйлөшүү акысы да, интернеттин баасы да күн санап арзандап отурду.

Ошол нокиянын, самсунгдун алгачкы жылдарында студенттерге Орусиядан акча которулчу. Ошол жылдары акчаны таксиден же бирөөдөн жибербей банк аркылуу дароо которгон керемет сервис пайда болду. Банктар жайнап ачылды. Баардык банкта 30–40 адам акча которуу үчүн же которулган акчаны алуу үчүн сааттап кезекте турушчу. Арзыбаган 1000–2000 сом үчүн саат-саат убакыт, жолкире корочу. Экобанктын залынан жарым саатка жетпей чыксаң сүйүнчү элең.

Эсимде, окууну бүткөндөн кийин БТА банкка кредит эксперти болуп ишке орношмокчу болуп калдым. Бир дыйкан 100 миң сом кредит алганы келген. Ошого 100 миң сом кредитти бир ай чуркатып, анан бергенбиз. Азыр ойлосом ошол күндөр азап эле экен.

Ошол жылдары светтин акчасын светчиге берип койсоң светчи өзү жеп кетчү. Ага ишенбей светтин акчасын дайыма өзүм Ош-электро’нун кассасына алып барып төлөчүмүн. Анын кассасы жепирейген кароолканадай болчу. Жаанда тротуарда кезек күтүп, кезегиң жеткенде гана акчаңды төлөп, алакандай кагазды алып кетчүсүң.  Суукта, жаанда шөмтүрөп кезек күткөндөн башка айлабыз жок эле.

Дагы бир жолу айдоочулук күбөлүгүмдү ГАИ’ге алдырып койгом. Анан бир нече күндөн кийин айып пулду төлөп, айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн Ош шаардык ГАИ’нин короосунда 2 сааттай жүргөм.

Мунун баарын неге эстеп атам? “Кечээ акча которсом Мбанк 5 сом акы алып коюптур. Бабанав акмак! Уяты жок!” -деген маанидеги постту окуп калгандан кийин эстедим. Кечээ эле 1000 сомду бирөөгө которуу үчүн банкка барып, кезекке туруп, 20 сом акысын төлөп, кээде алган тараптын акысына деп, дагы 20 сом төлөп, ошол миң сомду Бишкекке которуу үчүн паспортуңду текшертип, бир нече кагазга кол коюп, телефон номуруңду жазып, оператор берген КОД’ду тумардай катып, сааттап убактыңды короткон күндөрдүн артта калганына сүйүнбөйлүбү?

Азыркы технологиялар, азыркы жаман жаштар, жаман батыш жашоону жеңилдетип, банк кызматтарынын дээрлик жарымын элдин колуна карматып койгону жаманбы? Азыр балаңа акча коротом десең банкка баруунун, кезек алуунун, оператордун паспорт контролунан өтүүнүн, кассирге паспорт көрсөтүүнүн, кат-кат кагазга кол коюнун кереги жок болуп калды го. Жүз эмес, эки жүз миң кредитти дивандан оң капталыңан сол капталыңа оодарылбай туруп алып атасың. Айып пул, свет, интернет, контракт жана башкаларды керек болсо туалетте телефонду телмире тиктеп отуруп төлөп коюп атпайбызбы? Мунун эмнеси жаман? Эмнеси кымбат? Бекер эмне бар?

Ыдырыс Исаков

Related posts

Алыскы бир боор энеден, жакынкы кошуна артык

elzioesen
3 года ago

Кыргыз коому жарандыкка бышып жетилдиби?

Эсен Ырыскелди
2 года ago

Кыргыз саясатынын «походкасы»

Эсен Ырыскелди
2 года ago
Exit mobile version