Түрк калкы жана аналитикалык коомчулугу эмитен эле: “Тогуз айдан кийинки президенттик жана парламенттик шайлоодон соң Түркияда жарандык кагылышуу күтүлөбү? Андай болсо, мындай каргаша кандай натыйжа берет?”, – деген сыяктуу коркунучтуу суроолорго жооп издеп баштады
Ооба, учурдагы өкмөтү бийликти кан төксө да алып калгысы келгенин ачык эле билдирип жаткан Түркияда, саясат жана коом таануучулар “мээ чабуулун” жасап, түрдүү сценарийлерди караштырып, канткенде кантип мындай абалга барбоо, болуп кетсе да тез аранын ичинде токтотуп, андан кайра чыгып кетүү жолдорун талкуулап жаткан кез.
“Жарандык кагылышуу эмне себептен чыгат” деген суроого жооп бир эле – эгер бийлик адатынча шайлоодо түрдүү манипуляцияларды кылып, анын натыйжасын уурдап алса чыгат. Же болбосо Стамбулдагы жана Анкарадагы шайлоону уттургандан кийин “тигилер эмне кылышканын билбейбиз, бирок бирдеме кылышты” деп айтканындай, уттурган соң, ушуга окшогон имишти таратып, тарапташтарын көтөрүп чыгуусу да мүмкүн.
Мындай сценарий боюнча, Жогорку шайлоо мекемеси (ЖШМ), адатынча, оппозицияга берилген ойлорду, түрдүү шылтоолор менен, жараксыз деп таап, “тигилер айткан пайыздар эмес, биз айткан туура” деп чыгат. Ой санагындагы мындай ажырым эки жактын тең тарапташтарын козутуп, алардын көчөөлөргө төгүлүп, кагылышуусуна түрткү болот.
Андан кийин, мындай хаосту атайын чыгарган бийлик, көбүнчөсүн өздөрү уюштурган төрт-беш провокация чынжырчасынан кийин, тизме менен саясий оппоненттери менен жарандык активисттерди жана калган-каткан көз-карандысыз блогер, журналисттерди капаска солой баштайт. Ошол эле убакта, 90%‘дан ашыгын өзүнө каратып алган салттуу масс-медиа аркылуу жалган кабарлар менен элдин мээсин жууп кирет.
Мындай, алдын-ала даярдалган коркунучтуу сценарий менен кетсе, акырында эмне болот дегенде, бийлик да, оппозиция да калктын активизмине жараша аракет кылат. Эгер калк жолдорду бөгөп, шаарлардагы аянттарды толтуруп, оппозициянын шайлоо участокторунан жыйнап келген расмий мөөр менен тастыкталган бюллетендеринин натыйжасын коргосо, саясий багыт тууралык жакка оошу мүмкүн.
Андай болбосо, Түркияда, адаттагыдай, колунда куралы болгондор акыркы сөздү сүйлөйт. Куралдуу күчтөрүнө, полис мекемелерине, Улуттук чалгындоо кызматына кимдер ээлик кылса, ошолордун сөзү өтө баштайт. Эң коркунчтуусу, эгер аскер жана жогорудагы мекемелер да жиктешип бөлүнүп кетсе, мындай жагдай куралдуу жарандык кагылышууга да алып барышы мүмкүн. Себеби, Түркияда карапайым калктын колунда да эбегейсиз көп курал бар.
Акыркы жылдары бардык саясий оюндар ачык-айкын, расмий курал жана ыкмалар менен эмес, көшөгөнүн аркасыда, белгисиз жана бүдөмүк жолдор менен кылынып жаткандыктан, куралдуу күчтөргө, полистерге жана атайын кызматка кимдин сөзү өтөөрүн эч ким билбейт. Эгер бийлик талашка бул мекемелер да кирип кетсе, Түркиянын да бат эле коңшулаш Сирия менен Ирактын кебетесин кийип калуу ыктымалы бар.
Жансакта Сабашов