Саресеп
Исламский мир

Түркиядагы саясий зилзаланын кесепети кандай болчудай…

Табигий зилзаладан аяк-башын жыйа элек Түркияда саясий зилзала жүрүп кетти. Анын эпицентри “Алтылык үстөл” деп аталаган оппозиция бирикмесинде болду. Алты партиянын экинчи күчтүү ортогу ИЙИ партиясынын төрайымы Мераль Акшенер үстөлдү оодарып салып кете берди…

Үстөл оодаруу окуясы алты оппозициялык лидердин орток келишимге кол койгон күндүн эртеси болуп кетти. Мераль Акшенер: “Балдарымды мураска калтырам”, – деп жерге-сууга батыра албай келген негизги оппозициялык ЖХП партиясынын лидери Кемаль Кылычтароглун “өзүнүн талапкерлигин таңуулап атат” деп айыптап, эшикти тарс жаап чыгып кетти.

Бирок алеви (сунний эмес) ишениминдеги, күрт улутундагы жана социалист Кемаль Кылычтароглу “Алтылык үстөлгө” отургандан тартып эле өз талапкерлигин таңуулап келген. Башкача айтканда, бул бир паста болуп кетип, Мераль айым чочуп кетчүдөй окуя эмес болчу. Мераль айымдын да ниети башынан эле ачык болчу. Ал Кемаль мырзанын канатынын астында бириси Анкаранын, экинчиси Стамбулдун мэрлигин алган Мансур Яваш менен Экрем Имамоглун талапкер катары көрүп келген. Бирок өмүр бою өз мүмкүнчүлүгүн күтүп, Түркиянын учурдагы президенти Тайып Эрдоган бардык тараптан алсыраган кезде талапкерлигин коймокчу болуп келе жаткан, өтө кылдат саясат жүргүзгөн Кемаль Кылычтароглу, кол алдындагы партиялаш мэрлердин тизгинин тартып койгон.

Бул аптанын башында Мераль айым үстөлдөн тура качканда, Анкара менен Стамбулдун мэрлерине кайрылып, экөөңүн бириң талапкерлигиңди койсоң, мен колдойм деп жиберген. Эки мэр тең кечээ чыгып, партиябыздын төрагасы Кемаль аксакалдын жолун кыя кесип өтө албайбыз, ал эки айдан кийинки (болжолу 14-май) шайлоого аттанса алдына өбөк, аркасына жөлөк болобуз дешти. Ошондон тартып түрк серепчилери Мераль Акшенердин саясий карьерасы бүттү деп айта баштады.

Түрк демократиясын жана өлкөсүнүн европалык багытын колдогондордун пессимисттери “Мераль Акшенердин жоругу – чыккынчылык. Эми түрк демократтарынын үзөңгүдөн буту тайыды. Эрдоган эки айдан кийин ойноп-күлүп, үчүнчү жолу (мыйзамсыз болсо да) ажолук креслого минет”. – деп наалып атат.

Оптимисттер болсо Мераль Акшенер өзү каалап-каалабаса да, жакшы иш кылды. Анткени Акшенердин партиясын колдогон электорат Мераль айымды сүйгөнү үчүн эмес, Эрдогандан көөнү айныганынан улам исламчыл АКП жана ультра-улутчул МХП партияларынан жүз үйүрүп, ИЙИ партиясына добуш бермекчи болгон. Акшенер “Алтылык үстөлдөн” туруп кеткени менен анын партиясын колдогондор үстөлдө калды. Эми Кемаль Кылычтароглу баш болгон беш лидер ачыктан-ачык европалык демократиялык жолду тандаарын айтып, күрттөрдүн 15-18%дык добушун алат. Акшенерден кеткени менен Эрдоган менен ультра-улутчул МХП партиясынын лидери Девлет Бахчелиге барбаган исламчылдар менен ультра-улутчулдардын көбү Кемаль Кылычтароглу жана анын ЖХП партиясына добуш берет дейт оптимисттер.

Андан сырткары, Мераль айымдын “тойдо дүңк” эттирүүсү менен праймериз (талапкерликке талапкерлердин жарышы) ишке ашты дейт кээ бир супероптимисттер. Саясатчы айым Эрдоганга каршы эң көп добуш алып жаткан Мансур Яваш менен Экрем Имамоглун колдоду, алар болсо бир добуштан Кемаль Кылычтароглун колдоорун айтты. Ошентип эки сунний жана түрк улутчул Эрдоганга каршы оодарышка алеви жана күрт аксакал чыгат деди.

Эми баарыбыз келерки апталардагы социологиялык изилдөөлөрдүн натыйжаларын күтөбүз. Эрдоган да күтөт. Анан айласы кетип баратса, табигий зилзаланы шылтоо кылып, шайлоону жайга же бир жыл нары жылдырып жибериши мүмкүн.

Жансакта Сарбашов

Related posts

Дүйнө автократтары Эрдоганды сүйөп, түрк оппозициясы Имамоглуну сүрөп…

Эсен Ырыскелди
2 года ago

Эрдоган түрк ишкеринин 3,6 млрд долларлык бизнесин кантип тартып алган

Эсен Ырыскелди
3 года ago

Садагасы, талакты гезит бетинен үйрөнбөйт.

Эсен Ырыскелди
3 года ago
Exit mobile version