Саресеп
Исламский мир

Түрк бийлиги зилзаланын алгачкы 48 саатын интрига менен өткөргөн

6-февраль түнү жер титирегенден кийин түрк өкмөтү 48 саатка шал болуп калган. Себеби ички штер министри, коргоо министри жана түрк президенти канткенде жер титирөөнү алдыдагы шайлоого пайдалансам деп, бири-бирине бут тосуу менен алек болгон…

Миңдеген бала, аялзаты, кары-картаң жана башка кишилер урандылардын алдында калып, телефон жана башка ыкмалар аркылуу жакындары менен байланканына карабай тоңуп өлүп калган. Жакындары “оо, кокуй, мамлекет кайда” деп бакырып ыйлап, колунан келген майда сыныктарды тытмалаганы менен оор урандыларга алы жетпей, ызы-чуу болуп жүрүп жакындарынан ажыраган.

Адатта, жер титирөөдөн кийин урандылардын алдынан чыккан жансыз денелер тууралуу медиктер баштапкы байкоо жүргүзүп, эмне себептен улам өлгөнү тууралуу тиешелүү форманы толтурат. Бирок Түркияда быйылкы жер титирөөдөн кийин мындай формалар толтурулбастан, өлүп калган кишилер тез аранын ичинде көмүлсүн деген ооз эки буйрук берилген. Анткени, эч кандай олуттуу жаракаты жок миңдеген киши, жардам кечиккендиктен алгачкы 48 саатта денесинин температурасы улам төмөндөп барып, тоңуп өлүп калган. Эгер мындай протоколдор толтурулуп, кишилер, өмүрүнөн ажыраган жакындары тууралуу мамлекеттик органдарды сотко бере баштаса, учурдагы бийликтин айласы алты кетип калаары бышык.

Мындан улам Туркия, президенти Режеп Тайып Эрдоган, коргоо министри Хулуси Акар жана ички иштер министри Сулейман Сойлунун, жер титирөөдөн кийинки сааттарда кылган аракеттерин талдап жаткан кези. Бул үчилтиктин интригаларынан улам жер титирөөдөн кийинки суткаларда миңдеген киши куткарылбай калганын карапайым эл да түшүнүп калган.

Интригаларынын бети ачылып калгадыктан, Сулейман Сойлу, Хулуси Акар жана Тайып Эрдоган үчөө үч башка икая айтып баштады.

Түркиянын учудагы ички иштер министри Сулейман Сойлу мындай өзгөчө кырдаалдарды карьерасынын эң күчтүү лифти катары колдонуп келет. “Доору йол” партиясындагы тез жогорулоосу менен 2016-жылдын жайындагы “аскердик төңкөрүш” аракетин кандай колдонуп кеткенин билсек, далил катары жетиштүү. “Доору йол” партиясы кризиске киргенде, черныйлар менен бирге шуулдап жүрүп бир заматта анын жетекчилеринин бири болуп алган. “Аскердик төңкөрүш аракети” түнү болсо, наркобарондор менен иштеше коюп, ички иштер министрдин креслосуна минген.

Бул жер титирөөдөн кийин да Сулейман Сойлу, Седат Пекер деген вор в законе акыркы эки жылда “бирге иштешкенбиз” деп, далилдерди келтирип талкалап салган аброюн тазалап, жогорулатуу жан алакетине түшкөн. Сойлу кол алдындагы “Афад” аттуу МЧС, спецназ, полис менен жандармадан 75 миң кишини жер титирөөдөн запкы чеккен шаарлардын бардык жеринде көрүнгөндөй кылып, жарадар жана өлгөндөр үстүнөн шоу кылмак эле. Бул шоунун натыйжасында, алсырап бара жаткан Тайып Эрдогандын фонунда жаракыраган “саясий жылдыз” болуп чыга келмекчи болгон. Ошондуктан зилзаланын биринчи сааттарында “саясий бийликти төңкөрүп конгөн аскерлерди шаарларга киргизбеш керек” деп, аскерлердин жардамына эң биричилерден болуп каршы чыккан.

Сойлу полистерди жардамга тарталы дегенде, саясатта такымын жеген Тайып Эрдоган анын сунушун кабыл алган эмес. Андан кийин куткаруу иштеринин баарын президенттик администрациясы кылат деген.

Зилзаланы өз кызыкчылыгына колдонууда Тайып Эрдогандын экинчи коркуусу коргоо министри Хулуси Акар болду. Түркияда адат болуп калган аскерий төңкөрүштөн чочулаган Эрдоган, 1999-жылкы зилзаладан кийин эң чоң жардамы тийген аскердик күчтү бу сапар бура бастырбай койгон. Ошондуктан баарысы соцтармактарда зилзаладан кийин эмне кылганын айтып жайып атса, Хулуси Акар саясатчылар аскерлерге эмнелерди кылдырбай койгонун түшүндүрүү менен алек.

Акар зилзала болоору менен жер, суу жана аба аскер башчылары менен көрүшкөнүн, бүт аскердик күчтөргө даяр тургула деп буйрук бергенин, кемелерди жана учактарды даярдыкта кармаганын айтып түгөтө албай жатат.

Аскердик күчтөрдүн баары зилзаладан кийин жарым саатта, б.а. түнкү беште толугу менен даяр абалга келгенин айтып, бирок эмнеге запкы чеккендерге жардамга келбегени тууралуу сүкүт кармап турат. Эгер 1999-жылкы зилзалада аскер барып, фото-видеого түшпөгөн жери калбаса, бул жер силкинүүдөн кийинки 48 саатта эч жерде көрүнгөн эмес. Ошентип, Хулуси Акар аскер менен түрк элине: “Мен зилзала болору менен ар бир аскерди даяр абалга келтирдим, бирок саясатчылар биздин жардамды каалашкан жок”, – деп, бул тууралуу атайын пресс-конференция да берди.

Тайып Эрдогандын болсо Акарга да, Сойлуга да карата атайын стратегиясы бар. Коргоо министрине келсек, Эрдогандын жүрөгүндө “аскерлер мени төңкөрөт” деген коркуу бар. Конституция боюнча өзү башкы командачы болсо да бул коркуудан кутула алган жок. Кай бир аскерлик иш-чарага катышканда жансакчылары алдын ала барып, офицерлердин жана жоокерлердин куралында бир да ок болбосун деп текшерип чыгат.

Акар президентинин бул проблемасы бар экенин билгендиктен, зилзала түнү Эрдогандан аскерлерди колдонуу макулдугун алганга аракет да кылган эмес. Анткени Эрдоганды мажбурлагаса же андан уруксат албастан аскерлерди жардамга киргизсе, макамыман ыргып кетиши мүмкүн.

Ошентип, зилзала урандылардын алдында калган калк миңдеп өлүп жаткан 48 саат ичинде, Түркиянын эң таасирлүү үч кишиси саясий эсептерин чечүү жаналакетинен чыга албай койгон.

Мамлекеттик мекемелердин ортосунда мыйзамга негизделген тең салмактык эмес, улам күчтөнүп же алсыздап турган саясий тотордун оодарыш оюндары үстөмдүк кылса, алар маал-маалы менен шал болуп турат. Түркиядагы зилзаладан кийин кээ бир кишилер ким экени аныкталбастан көмүлүп, кай бирилери килейген эксковаторлор менен унааларга жүктөлүп, урандылардын свалкасына ташылып жатат. Жакындары болсо өз өмүрүн алардын кайда экенин билбей өткөрмөкчү…

Жансакта Сарбашов

Related posts

Режим Эрдогана и проблема идентичности Турции

Эсен Ырыскелди
2 года ago

Эрдоган готовится к огромным предвыборным расходам

Эсен Ырыскелди
2 года ago

Инттелект жана кызмат-4

Эсен Ырыскелди
1 год ago
Exit mobile version