Түркиянын акыркы 20 жылдык тарыхында биринчи жолу учурдагы президенти Рэжеп Тайып Эрдоганды жеңе алгандай үч талапкер бар. Стамбулда Эрдогандын шайлоо опузасын эки трет жеңген Экрем Имамоглу, Анкарада да бул бузуку системанын жеңген Мансур Яваш. Акыркысы ал экөнүн партиясынын башчысы Кемаль Кылычтароглу

Эрдоган жана жакындарынын 2023-жылдан кийин бийликти кармап калуу боюнча үч түрдүү планы бар:

  1. Оппозиция орток талапкер чыгара албагандай кылуу;
  2. Оппозиция орток талапкер чыгара албай чатакташып, ар кимиси өзүнүн кокту-колотуна тарап кетишин камсыздоо;
  3. Орток талапкер чыгарышса, ал Кемаль Кылычтароглу болсун. Анткени, Эрдоган ага бир аз гана айырма менен жеңилгендиктен, добуштарды өйдө-төмөн чоюп, жеңишти жулуп алса болот.

Жогорудагы үч сценарийден, Эрдоган үчүн эң кааланбаган үчүнчү сценарий ишке ашса да, Боршайкомдун, полистин жана куралдуу группировкалардын күчү менен жеңишти бириккен оппозициянын колунан сууруп кетсе болот. Эгер Имамоглу же Яваш аттанса, президенттики сактап калуу оорлошот. Анткени буга чейинки катышкан шайлоосунун баарында Кылычтароглу Эрдоганга уттурган, берки экөө болсо анын системасын жалпысынан үч ирет жеңип чыккан.

Бирок Кылычтароглу менен бир үстөлдө бир жылдан ашык кеңешип келе жаткан беш оппозициялык партиянын лидерлери эки мэрден чочуп турат. Анткени учурдагы түрк конституциясы боюнча, президент кайсыл бир ак кагазга текст жазып, кол койсо, анысы мыйзамга айланат. Ошондуктан алар Имамоглу менен Яваш президент болсо, өздөрүнүн жана жакындарынын напсилерине жетеленип, бир заматта “ажыдаар” болуп чыга келиши мүмкүн деп коркуп турушат.

Каршы тарапта болсо, түрк мамлекети менен элине зыянынан башка пайдасы тийбей калган, келечекке карата сокур, эч бир идеясы менен стратегиясы жок бийлик турат. Түрк эксперттеринин бири айтмакчы: “Кошунасынын тоогун уурдап келүүнү жетишкендик катары эсептеген, акылы айылдык деңгээлден жогору көтөрүлө албаган”, – аткаминерлер бар. Эрдоганга жакын кишилер учурда каржы пирамидаларын куруп, карапайым калкты алдап, алардын капчыгынан миллиондогон акча сууруп чыгып кеткенге чейин бара баштады.

“Менин жоолукчан аялымдын сүрөтүн интернетте таратышыптыр”, – деп такыбасынып бакырып жүргөн эрдоганчылар Европанын түрдүү мамлекеттерине миллиондогон еврону уурдап чыгып, катышкан. Ошол эле кишилердин бири миллиондорду уурдаганы аз келгенсип, өз шоопурун кеңешчи катары да каттатып, анын айлыгын чөнтөгүнө салып жүргөнү түркнетти уу-дуу кылып жатат.

Мисалы, учурунда динбезер өкмөттүн куугунтугун көргөн Кабакчы деген үй-бүлөө бар болчу. Эми анын аксакалдары жети урпагынан бери эки-үчтөн жумушка каттатып, карапайым түрк бир жылда таба албаган акчанын бир нече эсесин бир айда чөнтөккө солоп жаткан кез. Алар тууралуу улам кабар чыккан сайын, “кишини чын эле топурак гана тойгузат экен” деп жакасын кармаган түкө көп.

Эрдогандын партиялаштары айлык маянанга тоюп бүтө албай жаткан өлкөдө, күн өткөн сайын карынын тойгуза албагандар көбөйүп бара жатат. Кечээ жакында мамлекеттик жана көз-карандысыз статистиканы өлчөгөн мекемелер бул айдагы инфляцияны жар салды. Мамлекеттики боюнча (ТУИК) инфляция бир айда 1,46% болсо, көз-карандысыздыкы боюнча (ЭНАК) 5,86%. Ошентип, көз боемочулук кылган мамлекеттик мекеме инфляцияны 25%га аз жарыялап атат. Бирок инфляциянын чыныгы деңгээлин түрк калкы жукарган жон териси менен жакшы эле сезе баштады.

Казына жана экономика министри болгону менен жомоктогу баатырлардай , башында“инфляцияны бул өлкөгө кире албагандай кылып, тумшукка урабыз” деген Нуреддин Небати, кийин “уктап, алты айдан кийин ойгонсоңор, баары нукка түшкөнүн көрөт элеңер” деп кейип-кепчиген. Бирок андан бери алты айдан да көп өттү, экономисттер инфляция бир жылда 80ден 200%га чейин жетип атат деп какшап келет.

Түркиянын генералдык прокурунун бири болсо (33 прокурордон турат) ак сөөк клиенттерди коштоп жүргөн сойку кыздарга кылмыш ишин ачтырып, алардан сексуалдык кызмат алуу аркылуу делосун жаап жүргөнү жакында дүң болду. Мал ээсин тартпаса арам өлөт дегендей, түрк бийлиги башынан аягына чейин ушинтип сасып кеткен чак.

“20 жыл мурун Азрети Умардын принциптерин жар салып бийликке келген эрдоганчылар, учурда өз калкына тозооку Абу Жахилди сагындырып турган кез”, – дейт алардан көңүлү калган диндар түрк эксперттери. Алар Эрдоган баштаган бийлик 2023-жылдан кийин да калса, кантээр экенбиз деп чочулап турат.

Жансакта Сарбашов