Саресеп
Исламский мир

Түрк шайлоочунун ой-пикири кантип бурмаланды

“Түрктөрдүн акыркы парламенттик жана президенттик шайлоосунда эмне болду? Экономикасы алсырап, инфляция эселеп өсүп, түрк лирасынын куну түшүп, анын үстүнө жер титирөөдөн кийин мамлекеттик мекеменин баары өз милдетин аткарууда чабал болгон өлкөнүн бийлиги кантип өз элинен колдоо тапты?”, – деген сыяктуу суроолорго жооптуу, кыргыз реалияларына кайрылсак, тезирээк табабыз

Алмазбек Атамбаевди дайыма жактап келген жакындарымдын бири бир күнү: “Сакайам деп Испанияга чыгып кеткен Атамбаевди өлтүрөбүз деп Белорусиядан барган үч киши кармалыптыр”, – деди. Бул кабар ал катталган Ватсап тобунан таратылыптыр. Кийинки күндөрү сураштырсам, мындай маалымат эч жерге чыкпаптыр.

Учурдагы бийликтегилердин: “Биз капаста жаткан кезибизде, тарапташтарыбыз менен Ватсап топторунан баарлашып турдук”, – дегени бар. Анан баарыбыз, буга чейин эч жерде билинбеген, “даканса” феноменине күбө болуп келе жатабыз. Демек, ал кезде түзүлгөн Ватсап топтор дагы эле жигердүү иштеп жатат десек болот.

Андан кийин эле Орусиядагы Пригожиндин “фабрика троллей” менен бирге биздин Матраимовдун ошондой эле троллдору бар экени айтылып, кыргыз троллдору аркылуу акыйкатты жана адилеттүүлүктү талап кылган саясатчы, журналист, блогер жана жарандык активисттер “бузуку” атка конушту.

Жогорудагы үч абзацты окуган соң, шайлоону алдын ала камсыздоонун кеминде үч ыкмасы бар экенин билсек болот. Биринчиси – кыйыр түрдөгү шайлоо кампаниясы шайлоо болоруна бир жыл калганда эле башталат. Экинчиси – интернет-ресурстары сунган анча кымбат эмес (бийликке келем деген саясий топтор үчүн) кызматтар аркылуу, шайлоочуларды микро-бутага алсаң болот. Үчүнчүсү – сага жана сага каршы добуш берчүү микро-тайпаларга эмне, кандай жана кантип таасир берерин билип бере алчу күчтүү ПИАР компанияны жалдайсың.

Ушул үч мүмкүнчүлүктү бириктирип жакшы колдонсоң, шайлоо “бактысын”, катуу кетсе, 3-4%’дык бурмалоо менен өзүңө оодарып аласың. Тайып Эрдоган жана анын жакындары 14 жана 28-майдагы шайлоолорду ушундай жолдор менен утуп чыкканы билинип баштады.

Биринчи мүмкүнчүлүк – эрте кыймылдоо

Тайып Эрдоган качан шайлоо күнүн жарыя кылат деген маселе оппозициянын башын бир жыл бою оорутту. Жер титирөө болгондон кийин, шайлоо жок эле дегенде бир жылга жылып кетиши мүмкүн деген пикир да арбын айтылды. Шайлоонун старты берилгенде, оппозиция шайлоо компаниясын бир айдай эле жүргүзө алды.

Эрдоган болсо бул шайлоолорго небактан бери даярданып келген. Бир нече жыл калганда эле, “договорной” оюндун баарын бузуп салчу потенциалы бар, күрттөрдүн лидери Салахаттин Демирташты 40’тан ашык күрт губернатору жана акимдери менен бирге камап салды. Андан кийин Стамбулда бийликтин кандидаты Бинали Йылдырымды эки ирет жеңип чыккан, учурдагы мэр Экрем Имамоглуна кылмыш ишин ачтырып, шайлоого катыша албагандай кылып тушады. Анкаранын мэрлигин жеңип алган Мансур Явашка да ошондой ыкмалар колдонулаарын каңкуулап, шайлоого катыштырбай койду.

Ошентип, президенттик жарышка оппозициянын эң алсыз деген лидери, саясий карьерасы батып бара жаткан Кемаль Кылычтароглу менен чыккысы келип атканын Эрдоган ачык эле билдирди.

Экинчи мүмкүнчүлүк – соцтармактардын алгоритмдери

Мисалы, бир агит-материалды таратыш үчүн Фейсбукка 30 АКШ долларын которсоң, ал материал өзүң таратканга караганда ондогон эсе көп кишиге жетип, ошончо эсе лайк басылып, ошончо эсе бөлүшүлөт. Анткени Фейсбук сенин кандай өңүттө материал даярдаганыңды, ал кандай сапаттагы кишилерге жагаарын, алардын кимиси соцтармактарда активдүү экенин жана башка көп параметрлерди билет.

Жогорудагы ыкманын баары бир аз өзгөчөлүктөр менен түрктөр да активдүү “отурган” Тикток, Инстаграмм, Твиттер соцтармактарында да колдонулат. Андан сытркары Ватсап-группа жана Телергам-каналдардан да микро-тайпалар аркылуу маалымат же фейктерди таратсаң болот.

Үчүнчү мүмкүнчүлүк – күчтүү ПИАР компания

Ой-пикири бийликке жакын, ортодо калган жана андан алыс микро-тайпаларды аныктап, алардын аң-сезимин кандай маалымат жана дезинформация менен кантип манипуляция кылыш керек экенин билип берген ПИАР компаниясын жалдайсың. Бийликтин эки тизгин бир чылбырын өз колуна топтоп, башы чокчойгон бизнестин баарын өзүнө каратып же алардан “атайын салык” алган ажолор үчүн мындай компанияны жалдаш такыр маселе эмес.

Аны менен түрк дакансаларын керектүү фейктер менен сугарып турасың, добушун каякка берерин билбей ортодо тургандардын талаптарына жараша май-токоч бересиң же шапалак урасың, такыр сага добуш бербегендерди оппозициядан же толугу менен шайлоодон иренжитип, чочутасың.

Мисалы, расмий маалымат боюнча, акыркы жылдары Түркияга качып келген, кеминде 250 миң сириялыкка жарандык берилген. Алар үчүн бийлик атайын араб тилинде роликтерди тартып, интернет алгоритмдерди коолдонуп, соцтармактардагы микро-топтор аркылуу тараткан. Жер титирөөдөн запкы чегип, психикалык оор абалда тургандарга өзүнчө иштелип, алардын Эрдоган менен партиясына добуш бергендери, зилзалада бийликтин чабалдыгы апачык билинип калганына карабай, мурункусунан да көбөйгөн.

Бул мүмкүнчүлүктөр колдонулгандан кийин, түрк бийлигине 4-5%’дык бурмалоо деле жетиштүү болгон.

Ошондуктан, кайсыл бир мамлекетте оппозиция жеңип чыгам десе, жогоруда тизмектелген мүмкүнчүлүктөн да көп ыкма таап чыгышы керек. Антпесе, шайлоо элдин чыныгы эмес, бурмаланган добушу менен натыйжалана бермекчи.

Жансакта Сарбашов

Related posts

Эрдоган түрк ишкеринин 3,6 млрд долларлык бизнесин кантип тартып алган

Эсен Ырыскелди
3 года ago

Инттелект жана кызмат-2

Эсен Ырыскелди
1 год ago

Бидат

Эсен Ырыскелди
2 года ago
Exit mobile version