Саресеп
Исламский мир

НЕМАТ МЕНЕН ТҮЙШҮК БАЛАНСЫ

     Айрым кишилер Исламдын жүгүн жеңил күндөрдө аркалайт. Ал эми дагы бирөөлөр болсо бул милдетти өтө катаал, оор учурларда мойнуна алат. Эң негизгиси − киши өзү жашап аткан абалга ыраазы болуп, ошол абалынын муктаждыктарына жараша мойнуна жүктөлгөн озуйпаны күчүнүн жетишинче аткаруусу. Маселен, кээ бирөөлөр кененчилик өкүм сүргөн, бейкут заманда динге кызмат кылат, Алла ыраазычылыгын көздөп жашайт жана ошол алкакта Бейишке жеткирчү амалдарды аткарат. Бирок ошол эле киши оор сыноолорго дуушар болсо, ийгиликке жетчү жолдо баратып жоготууга учурашы ыктымал.

     Улуулукка, улууларга, алардын абалдарына суктануу жакшы нерсе. Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) айтуусу боюнча, эң жакшы заман бул − «асры саадат» доору (Пайгамбарыбыздын убагы). Адамзаттын өтмүштөгү жана келечектеги эң кайырдуу мууну сахабалар. Бирок ошого карабай, «Мен деле Алланын Элчисинин убагында жашасам эмне!» – деп айтпаш керек. Себеби, ал доордо чоң жеңиштер болгондой эле, оор жоготуулар да бар болчу. Нематы канча болсо, түйшүгү да ошончо болгон. Себеби сыноолору абдан татаал эле. Ал доордо жашоо ушунчалык опурталдуу, ушунчалык кооптуу болгон дейсиң, кишиде Адамзаттын асыл таажысынын (с.а.в.) катарынан орун алуу мүмкүндүгү болгондой эле, (Кудай анын бетин ары кылсын) Анын душманы болуп, бетме-бет тирешип калуу ыктымалы да болгон. Анткени, жахилия доорунун баткагынан суурулуп чыгып, өзү өсүп-чоңойгон чөйрөсүн таштап ыйман келтирүүсү оңой иш эмес болчу. Ар бир доордо пайгамбар жолунун өкүлдөрүнө каршы чыккандар болгондой, ал күнү да Пайгамбарыбызга каршы чыгып, түбөлүк жоготууга учуроо ыктымалы болгон. Ал доордо ыйман келтиргенден кийин ошол бойдон туруу да оңой-олтоң болгон эмес. Себеби душман катаал, согуш татаал эле.

     Баарыбыз өзүбүз аралаша өскөн чөйрөнүн балдарыбыз. Биз өзүбүз чоңойгон доордун арты менен эч кыйналбай Алланы, Пайгамбарыбызды жана Исламды кабыл алдык. Исламдык салт-санаалар, үрп-адаттар рухубузга сиңгендиктен, динди кабыл алууда да кыйынчылык туулган жок. Ушундан улам абалыбызга канчалык шүгүр кылсак да аз. Айтылуу акын Мехмет Акиф сезимдерине ээ боло албай:
     «Гүл доорун билгенимде Анын булбулу болмокмун,
     Оо, Раббим, мени мурда эле жаратсаң эмне!»
– дегени менен, маселени бир беткей карабоо зарыл. Утуунун каалгасы канчалык кең болсо, утулуунун каалгасы да ошончолук кенен экенин эстен чыгарбоо зарыл. «Түйшүккө жараша ийгилик» формуласындагыдай, Асры Саадатта жашоонун нематтарынчалык тобокелчиликтери да көп болгонун жадыбыздан чыгарбайлы. Ал доордун кыйынчылыктарына чыдайт белек, чыдабайт белек, аны билүү мүмкүн эмес. Андыктан абалыбызга ыраазы болуп, колдо бар мүмкүнчүлүктөрдү эң мыкты деңгээлде пайдаланып калууга ашыгалы. Биз жашап аткан жалпы абал, коомдук түзүлүш, шарттар жана система Ислам динин карманууга жана аны башкаларга түшүндүрүүгө канчалык жол берип жатканын таразалап, баалап көрүп, ошол алкакта кыбырай беришибиз керек.

     Сахабалардын, табииндердин, табаи табииндердин жана андан кийинки доорлордо жашап өткөн улуу заттардын тарткан азаптарын оңой көрбөйлү. Алардын көпчүлүгү өмүрүн ат үстүндө, согуш майдандарында өткөрүшкөн жана дайыма душман менен балжа-булжа согушуп, кырчылдашып турушкан. Бир жерден башка бир жерге хижрат кылып жүрүшкөн. Көпчүлүгү кан майданда жан беришкен. Өздөрү өлгөнү менен башкалардын тирилүүсүнө себеп болушкан. Албетте, бул учурда канчалаган кишилер жаза тайып ара жолдо калышты.

     Бизге окшоп бардар жашоого жедеп көнүп бүткөн, кыйынчылык тартпаган муундун мындай сыноолорго чымырканып чыдоосу, туруштук берүүсү оңойго турбайт. Ушул өңүттөн караганда, «Бизди ушул доордо жаратып, көтөрө албачу жүктү жонубузга жүктөбөгөнү үчүн Аллага чексиз шүгүр!» – деп, абалыбызга ыраазы болушубуз керек. Гүл доорун эңсөөнүн ордуна, гүл доорундагы кишилердин деңгээлине жетүүнү эңсөө менен жашашыбыз зарыл. Эң маанилүүсү − учурдагы аманат катары мойнубузга жүктөлгөн озуйпага кыянаттык кылбай, акысын берип, өтөсүнө чыгуу.

     Жараткан Алла кээ бир инсандарга, же коомдорго улуулук жолун көрсөтүп, кошумча нематтарды тартуулайт. Эгер алар Алла берген бул нематтардын кадырын билишсе, Алла Таала нематтарын дагы көбөйтөт. Тескерисинче, кадырына жете албаса, анда алар катардагы кишилердин да сабынан орун албай, алардан да төмөн кулайт. Чынында, бул маселеде ар бир киши ушундай улуулукка талапкер болуп жаратылган. Себеби, ал эң сулуу, эң чырайлуу келбетке ээ. Макулуктардын эң кадырлуусу, дээрлик бардык жаратылыштын маңызы сыяктуу. Деги эле инсан дегениң түпкүлүгүндө периштелер өзүнө сажда кылган жан эмеспи. Алла ушунчалык кадырлаган адамзат өзүнө берилген артыкчылыктын, потенциалдын акысын бербесе, анда ал асфали-сафилинге (кор болгон абал) түшөт. Пенденин алдында үч тандоо бар. Ал же жакшы иштерди кылат, же жаман иш кылып күнөөгө батат, же болбосо бош, кыймылсыз турат. Акыркы эки абал ал үчүн жоготуу. Өсүүнүн тек гана жолу бар. Ал − жакшы иштерди кылуу. Куран муну ыйман келтирүү жана жакшы амалдарды жасоо түрүндө формулага салат. Ар бир кишинин жашоосунан ушул немат менен түйшүктүн балансын көрө алабыз. Бирок бул айрым кишилерде дагы айкыныраак көрүнөт. Канча көп түйшүк тарткандарга, ошончо көп олжо ыйгарылат. Бул эреже фыкыхта көптөгөн өкүмдөргө булак болгон. Мисалы, кан күйгөн согушта душман менен бетме-бет кармашкан жоокер менен оорукта кызмат кылгандарга бирдей сыйлык берилбейт. 

     Алла менен мамилебизди да ушул эле формулага салып көрсөк болот. Баарынын өз макамына, даражасына жана ибадатындагы даражасына жараша Аллага жакындыгы билинет. Пенде ибадат жолунда туш болгон кыйыкчылыктар аркылуу Аллага жакындап, Аллага жакындаган сайын колундагы нематтар артат. Андан соң албетте, бул маселеде жоопкерчилиги да көбөйөт. Босогодо туруу менен коридордо туруу, конок үйүнө кирүү менен хандын өз бөлмөсүнө кабыл алынуу бирдей эмес. Босогодо турган киши ошол жердин эрежелерине баш ийбесе, көп болсо көчөгө куулуп чыгат. Ал эми хандын бөлмөсүнө кабыл алынган киши ошого жараша өзүн карманып, ошого жараша жүрө албаса, ага көрсөтүлгөн сый-урматка татыктуу жооп кайтарбаса, анда тээ Эвересттин чокусунан Лут көлүнүн түбүнө кулагандай абалда калат.

     Маселеге мындай өңүттөн да карасак болот. Алла Таала айрымдардын зоболосун иршад жана таблиг милдети менен көтөрүп, коомду имерген көсөм, лидер кылат. Мындай учурда аларга жүктөлгөн милдет – аброюн, кадыр-баркын, мүмкүнчүлүктөрү менен каражатын толук кандуу пайдаланып, кишилерди туура жолго баштоо. Бирок алар муну кылгандын ордуна артынан эрчиген калкты жаңылтып башка жакка буруп кетсе, макамынын, ээлеп турган ишинин өтөөсүнө чыга албаганы үчүн жана ал тургай муну кыянаттык менен жаман жакка пайдаланганы үчүн мойнуна жүктөлчү күнөө да өтө оор болот.

     Эгер бир киши кандайдыр бир макамга ээ болсо, анын акысын берүүгө милдеттүү. Көзүнөн көзүн албай тигилип отурган, сөзүн жаземдебей угуп, ар бир шыбышына кулак түргөн кишилерди жаңылтпоо керек. Жаңылбоо жана жаңылтпоо үчүн талкуулоо, кеңешүү менен илгерилөө зарыл. Сезимдерине жараша иш кылбаганы оң. Өзүнө, үй-бүлөсүнө, бала-бакырасына тиешелүү иштерди ойлобой, Аллага тиешелүү иштерди ойлоосу абзел. Алланын жана пайгамбарыбыздын купулуна толчу иш-аракеттерди үзгүлтүксүз кылуусу зарыл. Артынан ээрчиген кишилерди аңга түртпөө үчүн, алардын руханий күч-кубатын талкалап, үмүтүн таш каптырбаш үчүн Куран менен сүннөттү бекем карманып, аны ээрчиш керек.

     Маанилүү орундарды ээлеген, төрдө отуруп сабак өткөн кишилер ошол мүмкүнчүлүгүнүн акыбетин кайтарган учурда ыйгарылчу сыйлыктар чоң болгондой эле, ал абалды кыянатчылык менен пайдалангандар дуушар болчу жаза да оңбогондой чоң. Ушул себептен Набиййи Акрам (с.а.в.) кайсы бир хадисинде мындай деп айткан: إِنَّ أَحَبَّ النَّاسِ إِلَى اللَّهِ يَوْمَ القِيَامَةِ وَأَدْنَاهُمْ مِنْهُ مَجْلِسًا إِمَامٌ عَادِلٌ، وَأَبْغَضَ النَّاسِ إِلَى اللَّهِ وَأَبْعَدَهُمْ مِنْهُ مَجْلِسًا إِمَامٌ جَائِرٌ «Кыямат күнү Аллага эң сүйүктүү жана эң жакын болгон киши – адилеттүү башкаруучу. Алланын алдында эң жийиркеничтүү жана Андан эң алыс болгон киши болсо заалым башкаруучу». (Тирмизи, Ахкам, 4)

     Ооба, мойнуна алган милдеттердин өтөсүнө чыга алган, ар бир жарандын укугун коргогон адилеттүү башкаруучулардын Алланын алдындагы сыйлыгы биз ойлогондон да артык болгондой эле, аманат катары милдетин алган озуйпага кыянаттык кылган, карамагындагы кишилерге калыстык менен мамиле кылбаган, Алла Таала берген мүмкүнчүлүктөрдү жемиштүү пайдаланбаган заалым башкаруучулардын күнөөлөрү да оор болот. Ооба, колго тийчү сыйлыктардын түйшүгү да оңой эмес. Ошол чоң олжону колго алуу үчүн азабына да чыдай билүү керек. Көздөгөн жеңиш канчалык көп болсо, тобокелчилиги да ошончолук чоң.

     Эгер Алла Таала көзүңөрдү белгилүү бир өлчөмдө акыйкатка ачып, салих инсандар менен бирге аракет кылуу мүмкүнчүлүгүн берсе, силер өз милдетиңерди ийине жеткире аткаргыла. Айлана-чөйрөдөгү кырдаалдарга дайыма көз чаптырып, «Мындай учурда эмне кылсам болот, кандай жолго түшсөм?» – дегиле. Эгер эмне кыларыңарды билбей, жол табууга жеке дараметиңер жетпей жатса, анда орток кеңешмеге салып, орток пикирди карманып иштин туурасын табууга аракет кылыш керек. Кээде ордуңардын акысын берүү үчүн кандай жолдорго барсам деп изденип жатканда,  Алла Таала күтүүсүз ырайымына бөлөп, силерди туура жолго багыштайт. Чынында азыр биз күбө болуп турган ушунча нематты да мындан башкача баалоо жаңылыштык болор.

     Дагы бир жагынан кызматтын акысын берүү туруктуулукту талап кылат. Ыкластуулуктун туу чокусуна чыгуу абдан кыйын болсо, ал жакта туруктуу калуу андан да татаал. Ыклас чокусуна чыгууга бир жигиттин күчү кетсе, ал жерде турууга он жигиттин күчү керек. Кудай сактасын, ал жерден кулаган киши Бедиуззаман айткандай, терең аңга түшөт. Чыккан чокуң канчалык бийик болсо, кулаган оруң да ошончолук терең болот. Андыктан, багытыбыздан адашпоо үчүн дайыма чыңалууга, кайраттанууга муктажбыз. Бир жагынан эч кимдин руханий күчүн сындырып албоого аракет кылалы. Ошол эле маалда баарынын өзүн өзү суракка тартуусуна себепчи болушубуз абзел. Алла менен байланышыбызды чыңдоо үчүн жана кызматыбыздын өтөсүнө чыгуу үчүн дайыма бири-бирибизге жакшылык кылышыбыз керек. Руханий азыктанууну, окууну, ойлонууну, талкуулоону, тереңдөөнү калтырбай аткарып, оптималдуулукту жоготпошубуз абзел.  

     Ошону менен бирге, Алла Таала кээде бизге ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү да ыроолойт. Мисалы эң күчтүү маалымат каражаттарына, эң көп сатылган газеталарга, эң көп көрүлгөн каналдарга, эң мыкты билим берүү мекемелерине эгедер болосуңар. Мындай кырдаалда булардын да өзүнө жараша айтылчу шүгүрү, бул ырыскылардын да берилчү акысы бар экенин жадыбыздан чыгарбайлы. Орток акылдан пайдаланып колуңуздагы мүмкүнчүлүктөрдү канткенде жемиштүү пайдалана алам деп ой жоруганыңыз эң туура иш. Бир жагынан айткыңыз келген, билдиргиңиз келген пикириңизди, максатыңызды туура белгилеп, аны туура жолдор менен жалпынын назарына сунуп жатсаңар, бир жагынан алдыңардан торой чыгып каршылык көрсөткөн душмандарыңарга мүмкүндүк бербешиңер керек. Андай болбосо Алла мунун да эсебин сурайт.


Бул макала Мухаммад Фетхуллах Гүлендин 2008-жылдын 26-июнундагы баянынан алынды.  

Которгон: Тойчубек Сагындыков

Редакциялаган: Насыпбек Асанбаев

Related posts

Эрдогандын партиялаштары: “Төмөндүктүн эң жогорку деңгээлиндебиз”, – деди

Эсен Ырыскелди
2 года ago

Власти Турции узаконивают контроль над социальными сетями

Эсен Ырыскелди
2 года ago

Оппозиционный альянс Турции против президентской системы

Эсен Ырыскелди
2 года ago
Exit mobile version