Кураны Карим көптөгөн аяттарында хижрат темасына токтолот. Хижратка чакыруулар, хижрат кылган момундарга мактоолор айтылат. Анткени Ислам дининин жайылышында хижраттын функциясы өтө маанилүү. Хижрат кылгандар барган жерлеринде ар түркүн кишилер менен байланышып, жаңы-жаңы ачылыштарга себепчи болот. Курандын бул тууралуу буйруктарын жакшы түшүнгөн сахабалар ат, качыр, төө менен ырааккы өлкөлөргө көчүп, барган жерлеринде динин, баалуулуктарын, маданиятын, диний пикирлерин жаюу үчүн жарышкан. Алардан кийин канчалаган акыйкат жолдогулар, канчалаган устаттар жер кезип, жеткен жерлеринде акыйкатка чакыруу жана агартуу иштерин жүргүздү. Айлап-айлап созулган машаккаттуу сапарлар, жол бою туш келген коркунучтар аларды руханий баалуулуктарын башкаларга жеткирүүдөн алыстата алган эмес. Мына ушул кажыбас аракеттердин арты менен мусулмандык кыска убакыттын ичинде өтө кең аймакка жайылган.
Сахабалар да, алардын жолунда жүргөн акыйкаттын эрендери да токтобой, тыным албай алга карай кадам таштай беришкен. Анткени, кудум велосипед сымал, тынымсыз жүрүп туруу гана кишини жыгылтпасын алар эң сонун билишкен. Токтогон киши жыгыларын, жыгылган киши тепсендиде калып кор болорун да билишкен. Ооба, азыркы мусулман дүйнөсүнүн аянычтуу абалы буга эң сонун мисал. Кулабаш үчүн тынымсыз кыймылда болуш керек.
Бүгүнкү күндүн каармандары да так ошондой ой менен дүйнө жүзүндөгү түрдүү өлкөлөргө тарашты. Барган жерлерине өз баалуулуктарын, маданиятын жеткиргендей эле, ал жерлерден да алчусун алып өз маданияттарын байытышты. Мааниси тереңге кеткен түзүлүштөргө, жаңылыктарга себеп болуп, барган жерлеринде жылуу мамилеге туш болушту. Көз караштары, ой жүгүртүүсү ар түркүн кишилерге жолугуп, достошуп, достук көпүрөлөрүн курушту. Мына ушунун баарын “ыктыярдуу хижрат” деп айтсак болот.
Ичи тар заалымдар
Өкүнүчтүүсү, дин жолунда кызмат кылган эрендердин төгөрөктүн төрт бурчуна жайылышын, кылган иш-аракеттери, жүзөгө ашырган долбоорлору алкоого, мактоого татыганын көрө албаган “хасуттар” (араб тилинде “хасит” көрө албас, ичи тар деген сөздүн өтмө мааниси) болду. Арапча өтмө мааниде айтылган бул сөздү атайын колдонуп жатам. Анткени аларды хасит (ичи тар) деп атоо жеткиликсиз болуп калат. Мына ошол ичи тарлар бул ийгиликтерге бут тосуу үчүн колунан келген аракетин кылышты жана кылып жатышат. Дин үчүн башын байлаган эрендердин маданий баалуулуктарын жеткирип, тилдерин үйрөтүшү, аралаша жашаган коомго сиңиши, айкалышы алардын тынчын алды. Эсепсиз акчаларды жумшап жалаа жаап, колдорундагы бардык көзүрлөрүн колдонуу менен аткарылып жаткан жакшы иштерге тоскоол болууга аракет кылышты. Негизсиз жалаалар менен улуу жолдо жүргөн азаматтарды каралап, кишинин оюна келбей турган зулумдуктарды, жамандыктарды жасашты. Диний баалуулуктардын даңазаланышы, улуттук пикирлердин жайылышы шайтандан жана анын жолундагылардан башка кимдин тынчын алышы мүмкүн!
Бул көралбас заалымдардын кылганын карап турсаң, кылган кылык-жоруктары менен кызмат каармандарына: “Силер эмнеге студенттерге стипендия берип колдоп жатасыңар? Эмне үчүн дүйнө жүзүндө курмандык чалуу жараяндарын уюштуруп, ар кандай иш-чараларга себепкер болдуңар? Эмне үчүн дүйнөнүн булуң-бурчуна билим берүү мекемелерин ачып, сабатсыздыкка карыш согуш ачып жатасыңар? Эмнеге тил олимпиадаларын өткөрүп, бүтүндөй өлкөлөрдүн көңүлүн өзүңөргө буруп жатасыңар? Эмнеге, эмнеге…” деп жатышкандай. Эмне үчүн биз кылбаган иштерди кылып, бизге каршы душмандык сезимдерин козгодуңар жана бизди кыянатчылыкка түрттүңөр? Жыргап эле жашап жатпадык беле. Силердин кылган иштериңер биздин иштерибизди көрсөтпөй жаап калды. Ар-намысыбызга доо кетирдиңер. Бизге кылган ушул “жамандыгыңар” үчүн силердин жаныңарды тынчытпай, баарыңарды бир-бирден эзебиз…
Ооба, ушундай ойдо болушту жана студенттерге стипендия берүүнү, курмандык кызматтарын уюштурууну, муктаждарга жардам берүүнү “кылмыш” деп эсептеп, желмогуздун изине түшкөндөй аңчылык кыла башташты. Жүздөгөн, миңдеген кызмат жолундагы уюмдарды жабышты. Бул иштерге кандайдыр бир байланышы бар кишилерди аңдып жүрүп кармап, аягында аларды жок кылуу үчүн колдорунан келген бардык аракеттерин кылышты. Өлкөнүн жарандары үчүн чоң кызматтарды кылган уюмдарды жабышты. Миңдеген бейкүнөөлөрдү абактарга шыкап, жарандык укуктарынан ажыратып, ар-намысына шек келтиришти. Мына ушундан улам Алла Таала бизге мажбур хижраттын жолун ачып, аларды үрөн сымал дүйнөнүн булуң-бурчуна таратты.
Мажбур хижрат
Алла жолунда кылынган кызматтарга тоскоолдук катары жасалган иш-аракеттердин баары зулумдук жана бузукулук экенинде шек жок. Бирок маселенин тагдырга тиешелүү жагы да бар. Бул жерде биз өзүбүздү да эсепке тартып, ыктыярдуу хижратты туура пайдаланбай, жер жүзүнө жетиштүү жайыла албаганыбыз үчүн Алла заалымдардын күчү менен хижрат кылууга мажбурлап жатат. “Мен силерди өз жериңердеги заалымдардын зомбулугуна кабылтуу менен хижрат кылууга мажбурлайм” деп айтууда деп ойлонушубуз керек. Ооба, мурдагысын ыктыярдуу хижрат десек, муну мажбур хижрат дейбиз.
Алла Таала мажбур хижрат менен силерге жол ачып, силерди үрөн сымал дүйнөнүн булуң-бурчуна чачты. Кудай буйруса бул үрөн жакында түшүм берет. Өлкөнүн сыртына чыккан мугалимдер, ишкерлер, ар түркүн кесип ээлери Алланын буйругу жана колдоосу менен кыска убакыттын ичинде барган жерлерине көнүшүп, кээ бири ал жерлерге инвестиция кылып, кылынып жаткан кызматтарга демөөрчүлүк кылат. Дагы бир тобу жаңы-жаңы кызмат тармактарын ачып, кызматтарын дүйнөнүн булуң-бурчуна жеткирет. Мындан күмөнүңөр болбосун, бул жаатта Алланын убадасы бар. Алла Таала аяттарында хижраттын бул дүйнөлүк жана акыреттик соопторуна токтолуп, момундарды хижратка үндөгөн.
Мисалы бир аятта мындай деп айтылат: وَمَن يُهَاجِرْ فِي سَبِيلِ اللّهِ يَجِدْ فِي الأَرْضِ مُرَاغَمًا كَثِيرًا وَسَعَةً “Ким Алла жолунда хижрат кылса, бул дүйнөдө көптөгөн жай, кеңдик жана ырыскы табат” (Ниса сүрөсү, 4/100) Бул аятта “Хижрат кылсаңар, барган жерлериңерде канчалаган мүмкүнчүлүктөргө жетесиңер. Демек, көктөн келген уруктарды жер жүзүнө сээп, алардын баш алып бакка айланышына, мөмө беришине шарт түзүү үчүн дүйнө кезип көчүп жүргөн кишилерди барган жерлеринде Алла Таала таштап койбой, аларга эч күтпөгөн ырыскы тартуулоо менен кубантат” деген маани жаткандай.
Эгер Жараткан Эгебиз бизди дүйнө жүзүнө жайылууга мажбурлап жатса, демек мунун да бир максаты бар болуш керек. Биздин милдет мунун сырларын түшүнүүгө аракет кылуу жана хижратыбыздын талабын орундатуу. Ачкан уюмдарыбыз, аткарган иш-аракеттерибиз менен жаңы кишилерди таап, алардын көкүрөгүнө рухубуздун илхамдарын сиңирүү. Барган жерлерде руханиятты жаюу. Мухаммеддик руханияттын ал жерлерде да кучак жайышына шарт түзүү. Дүйнөнүн бүтүндөшкөн коомуна айланып, ылайыктуу ордубузду табуу. Муну бир жагынан дүйнөлөшүү деп түшүнсөк да болот. Дүйнөлөшүү дегенибиз дүйнөнүн көр тирилигине, азгырыгына баш-оту менен кирип кетүү дегендик эмес. Дүйнөнү таануу, дүйнө жүзүндө адамзаттын тагдыры тууралуу сөз айта алуу деген маанидеги дүйнөлөшүү…
Аяттын уландысында мындай деп айтылат: وَمَن يَخْرُجْ مِن بَيْتِهِ مُهَاجِرًا إِلَى اللَّهِ وَرَسُولِهِ ثُمَّ يُدْرِكْهُ الْمَوْتُ فَقَدْ وَقَعَ أَجْرُهُ عَلَى اللَّهِ وَكَانَ اللَّهُ غَفُورًا رَّحِيمًا “ Ким үйүнөн Аллага жана Анын Элчисине хижрат кылуу ниети менен чыгып, жолдо ажалы жетип өлүмгө учураса, ал сыйлыкка татыктуу жана анын сыйлыгы Алладан болот. Алла Гафур, Рахим (кечирими, ырайымы жана жакшылыгы кенен)”. Бүгүнкү күнү да мисалдарын көргөнүбүздөй, эл-жеринен хижрат кылуу ниетинде чыгып, көздөгөн жерине жете албай ара жолдо көз жумгандарга да Алла Таала ниетине, максатына жараша сооп берерин убада кылат.
Мухажирлер үчүн камдалган сооптор баяндалган дагы бир аятта мындай деп айтылат: وَٱلَّذِينَ هَاجَرُواْ فِى ٱللَّهِ مِنْ بَعْدِ مَا ظُلِمُواْ لَنُبَوِّئَنَّهُمْ فِى ٱلدُّنْيَا حَسَنَةً وَلَأَجْرُ ٱلْاخِرَةِ أَكْبَرُ لَوْ كَانُواْ يَعْلَمُونَ “Зулумдукка учурагандан кийин Алла жолунда көчкөндөрдү дүйнөдө жайлуу конушка жайгаштырабыз. Эгер алар билишсе, акыреттеги сыйлык андан да чоң” (Нахл сүрөсү, 16/41) Бул аятта да ар кандай кысымдардын, зулумдуктардын жана кыйноолордун айынан өз мекенинде жашай албай калып, хижрат кылууга аргасыз болгон момундардын абалы баяндалууда жана аларды күткөн акырет нематтары сүйүнчүлөнүүдө. Барган жерлеринде Алла Таала аларга эч күтпөгөн нематтарды, жакшылыктарды насип кылат. Алардын акыретте ала турган сооптору бул дүйнөдө тапкандарынан да чоң, кыялга келбегенчелик укмуш даражада.
Хижрат жана акыйкат жолдо күрөшүү
Дагы бир аятта болсо, хижраттан кийинки Алла жолунда күрөшүү менен сабыр кылуу тууралуу айтылат: ثُمَّ إِنَّ رَبَّكَ لِلَّذِينَ هَاجَرُواْ مِن بَعْدِ مَا فُتِنُواْ ثُمَّ جَٰهَدُواْ وَصَبَرُوا إِنَّ رَبَّكَ مِن بَعْدِهَا لَغَفُورٌ رَّحِيمٌ “Чындыгында, Эгең – жапа чеккенден кийин көчкөндөрдүн, күрөшкөндөрдүн жана сабыр кылгандардын (жардамчысы!). Мындан кийин Эгең – Кечиримдүү, Боорукер!” (Нахл сүрөсү, 16/110) Бул аятта да, жогоруда айтылган аятта да фитнага, жамандыкка, апаатка, зомбулукка учурагандан кийин өлкөсүн таштап чыгып кеткен азаматтар тууралуу айтылууда. Башкалар алар тууралуу качып кетти десе да, же дагы бир кепти жабыштырса да, Куранда бул хижрат деп аталып, хижрат кылгандарды күткөн сооптор тууралуу баяндалат.
Бул аятта көңүл бура турган дагы бир нерсе – хижраттан кийин дароо Алла жолунда күрөштүн айтылышы. Хижрат кылышты, анан Алла жолунда күрөшкө чыгышты деп айтылууда. Хижрат менен Алла жолунда күрөшүү сөздөрүнүн ортосунда “анан” деген мааниге келген “сумма” байламтасы бар. Б.а., алар хижрат кылгандан кийин барган жерлеринде оболу ыңгайлуу шарт түзүштү. Мындай шарт түзүү үчүн керектүү иштерди орундатышты жана Алланын динин бийиктетүү үчүн күрөшө башташты. Мындайча айтканда, өздөрүн таанытып, ой-пикирлерин билдире башташты. Алла менен адамдардын ортосундагы тоскоолдуктарды жоюу аркылуу жүрөктөрдүн Аны менен табышуусуна шарт түзүүчү стратегияларды иштеп чыгышты.
Алла жолунда күрөштөн кийин аятта сабырдуулук айтылат. Анткени бул иштер эрктүүлүктү, чечкиндүүлүктү талап кылган оор иштерден. Адам баласы бул жолдо көптөгөн кыйынчылыктарга, машакаттарга туш болушу мүмкүн. Булардын баарын сабыр менен гана жеңүүгө болот.
Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) хижратты баалуу кылган нерсенин ниет экенин билдирет. “Иш-аракеттер бир гана ниетке байланыштуу. Ар бир жан ниетиндеги нерсеге жетет. Кимдин хижраты Алла менен Анын Элчисине арналса, анын хижраты Алла менен Анын Элчиси үчүн кылынган болот. Ал эми кимдин хижраты мал-мүлккө жетүүгө, же (жаккан) аялга үйлөнүүгө багытталса, демек анын хижраты да ошого жараша болот” (Бухари, Бадъул вахий 1; Муслим, имарат 155) Демек хижратты баалуу кылган нерсе адамдын ниети, максаты, ой-пикиринин тереңдиги. Аятта айтылганына караганда, хижрат Алла жолунда күрөшүү менен гана толукталчудай. Мына, сахабалардын хижраты да ушундай болгон.
Ооба, кысым көрүп, жамандыкка кабылып, каракчылардын талоонуна учурап өлкөсүнөн чыгып кеткен, эли-жерин сагынып куса болгонуна карабай башка өлкөлөрдө жашоого мажбур болгон киши тарткан бардык кыйынчылыктарынын сообун алгандай эле, барган жеринде улуу баалуулуктарын көрсөтүп, жолуккан кишилерди рухунун илхамы менен тааныштырып, Алла эң сонун көрүнүштө жараткан кулдарын чыныгы адамдык бийиктикке көтөрүүгө аракет кылуу менен дагы бир пайда табышы мүмкүн. Мындай улуу табылгалары бар жолго түшкөн киши алдынан чыккан зордук-зомбулуктар, душмандык, көралбастык үчүн арыз-муңун айтып даттанбайт. Биздин оозубуздан түшпөгөн дубабыз: Аллахым, бизди туура жолдон адаштырба, тайдырба! Динибизге, улуу ой-пикирибизге кызмат кылууну бизге насип кыл! Эгер бизге ыктыярдуу, же мажбур хижрат насип болсо, анда барган жерде жемиштүү кызмат кылдыра көр!” деген таризде болушу керек.
Ар дайым хижрат
Кишинин көпкө чейин бир жерде турушу, белгилүү гана кишилер менен бирге болушу бир канча убакыттан кийин кандайдыр бир көйгөйлөрдү пайда кылышы мүмкүн. Руханий азыктануу үзгүлтүккө учурабай, дайыма дем берилип турганы менен, боордоштукка бүлүк салган көйгөйлөр чыгып калган учурлар болот. Боордошторубуздан бир нерселерди таап чыгып, кай бир сыпаттарын жектеп калышыбыз мүмкүн. Ичибизде кандайдыр бир фитналар башталып, же жок эле дегенде бири-бирибизге аралаша берип, аралаша берип ортодогу сый-урмат соолуйт. Баштапкыдай жандуулук, жигердүүлүк жок болушу ыктымал. Кылган кызматтарыбыз өзүбүздү канааттандырбай, же сиз жол көрсөткөн кишилер үнүңүздөн, сөзүңүздөн тажашы да мүмкүн. Мына ушул себептерден улам хижрат токтобошу керек. Кызмат жолундагы азаматтар тынымсыз дүйнөнүн түркүн жерлерин кыдырып, жаңы-жаңы кишилер менен таанышып, жаңы-жаңы кызмат тармактарын табышы керек.
Кокус хижрат басаңдаса, же талаптагыдай өнүгүү болбой, жаңылануулар токтоло түшсө, кишилер бири-бири менен алек боло башташы мүмкүн. Өзгөчө улуу инсандардын арасында да болбогон бир майда маселелерден улам ыйкы-тыйкылар башталышы ыктымал. Тарыхта буга мисал болчу окуялар көп жолугат. Эгер мындай көйгөйлөрдөн кутулууну, уруш-талаштардан оолак болууну кааласаңыз, мунун жападан-жалгыз чарасы Алла үчүн хижрат кылуу жана барган жерлерде Алла Тааланын ыраазылыгына жетүү багытында чуркоо.
Биз кылып жаткан кызматтарыбыз жагынан эч качан өзүбүздү ордунан жылгыс таштай көрбөшүбүз керек. Бир жерден такыр жылбачудай болуп өзүбүзгө орун даярдап албайлы. Дайыма кыймылда болуп, Алла жолундагы жолоочу катары сапардан калбай, ар дайым жолдун талабын аткарууга бек болушубуз керек.
Которгон: Канатбек Аманбаев Редакциялаган: Насыпбек Асанбаев, Дилазык