Саресеп
Исламский мир

КҮНӨӨ ЖАНА ТООБО

     Шайтандын Алланын мээриминен куулган себеби анын көралбастыгы, текебердиги жана буйрукка каршы чыгышы эле эмес, буйрукка каршы чыккандан кийин ар кандай шылтоолорду айтышы, бал тилге салып күнөөсүн туура көрсөтүү аракети. Ал эми буйрукка баш ийүүдөгү аяр сырды түшүнгөн улуу заттар болсо, жаза тайып мүдүрүлгөндөн кийин дароо оңдонуп, туура жолго түшүп, кайрадан Жараткандан кечирим тилеген. Буга өрнөк катары Куран заллага1  дуушар болгон пайгамбарлардын жосундарын баяндайт. Алар катасын түшүнүп эсине келери менен дароо керектүү ишти жасап, талап кылынган сөздү айтышкан. 

     Шайтандын түшкө да кирбеген айла-амалдарына, азгырыктарына кабылып, бир саам эсинен чыгарып бейиштеги тыюу салынган мөмөгө жакындаган Адам (алейхи салам) менен Обо эне эсине келери менен Аллага: رَبَّنَا ظَلَمْنَا اَنْفُسَنَا وَاِنْ لَمْ تَغْفِرْ لَنَا وَتَرْحَمْنَا لَنَكُونَنَّ مِنَ الْخَاسِرِينَ 
“О, Эгебиз! Биз өзүбүзгө зулумдук кылдык. Эгер Сен бизди кечирип ырайым кылбасаң, анда биз, албетте, зыянга учуроочулардан болобуз!”  (Арааф, 7/23) – деп жалбарышкан.

     Пайгамбар боло элек кезинде байкоостон бир кишини өлтүрүп алган Муса (алейхи салам) дароо Аллага жүздөнүп: رَبِّ اِنّىِ ظَلَمْتُ نَفْسِى فَاغْفِرْ لِى “Оо, Эгем, чындыгында мен өзүмө (күтүүсүздөн) жамандык кылып алдым. Мени кечире көр!” (Касас, 28/16) – деген.

     Өзүнө уруксат бериле электе элин таштап кетип калган Юнус бин Маттаа болсо алп балыктын курсагына түшүп караңгылыкта жатканда Жараткан Эгесине: لَا اِلٰهَ اِلَّا اَنْتَ سُبْحَانَكَ اِنِّى كُنْتُ مِنَ الظَّالِمِينَ  “Сенден башка Кудай жок! Сен аруусуң! Албетте, мен адашкандардан болдум!” (Анбия, 21/87) – деп жалбарат.

     Ооруга чалдыгып кыйналып жаткан Аййуб пайгамбардын اَنّى ِمَسَّنِىَ الضُّرُّ وَاَنْتَ اَرْحَمُ الرَّاحِمِينَ “Мага бир балээ келди, а Сен боорукерлердин боорукерисиң!” (Анбия, 21/83) – деген дубасы да башка пайгамбарлардыкынан айырмаланбайт.

     Нух пайгамбар уулу үчүн кылган дубасы орундуу эмес экенин баамдары менен Аллага: رَبِّ إِنِّي أَعُوذُ بِكَ أَنْ أَسْأَلَكَ مَا لَيْسَ لِي بِهِ عِلْمٌ وَإِلاَّ تَغْفِرْ لِي وَتَرْحَمْنِي أَكُنْ مِنَ الْخَاسِرِينَ “Оо, Эгем, чындыгында билбегенимди Сенден суроодо Өзүң менен сактанам. Эгер мени кечирип ырайым кылбасаң, зыянга учуроочулардан болом”, (Хууд, 11/47) – деп кайрылат.

     Адамдардын эң мыктылары жана кемчиликсиздери болгон пайгамбарлардын кетирген катачылыктарынан кийин Жараткан Эгесине кайрылуусу ушундай болгон. Чыныгы момундун мамилеси да ушундай болушу керек. Кураны Каримде такыбалардын өзгөчөлүктөрү тууралуу баяндалганда мындай деп айтылат: وَالَّذِينَ إِذَا فَعَلُوا فَاحِشَةً أَوْ ظَلَمُوا أَنْفُسَهُمْ ذَكَرُوا اللهَ فَاسْتَغْفَرُوا لِذُنُوبِهِمْ وَمَنْ يَغْفِرُ الذُّنُوبَ إِلاَّ اللهُ وَلَمْ يُصِرُّوا عَلَى مَا فَعَلُوا وَهُمْ يَعْلَمُونَ “– Алар бир бузук иш кылып алышса, же өздөрүнө зулумдук кылышса, дароо Алланы эстеп күнөөлөрүнүн кечирилишин тилешет. Ансыз деле күнөөлөрдү Алладан башка ким кечирмек эле? Анан да алар билип туруп кылган күнөөлөрүн кайталай беришпейт ” (Аалу Имран, 3/135)

     Бул аят чыныгы момундун күнөөлөргө каршы турушун сүрөттөйт. Ырас, адам баласы ката кетириши мүмкүн, тайгак жолдо жаза тайып кулашы, катачылыктары кайталанышы да мүмкүн. Бирок ар жолкусунда кайрадан оң жолго түшүүгө, кетирген катачылыктарына өкүнүп кыжаалат болууга тийиш. “Оо, Жараткан Эгем, кечире көр!…” – деп, ал күнөөнү кайра кайталабоого аракет кылышы керек. 

     Күнөөлөрдүн бузук чөйрөсү

     Адам баласы бир жолу жаза тайып мүдүрүлгөндөн кийин кайра ошол катачылыкка түшпөсө гана, аттиң! Бир жолу жаза тайган соң бардык жаңылчу жолдорду жаап, кийин атайын аракет кылса да өтө албагандай тосмолорду коюп таштаса… Бирок, адам баласынын табияты жакшы нерселер менен катарлаш жаман нерселерге да ачык. Б.а., кишинин табиятында алмаз менен бирге көмүр болуу сыпаты да бар. Шарттардын ыңгайына жараша булардын бирин өнүктүрүп, экинчисин артка калтырып коюшу мүмкүн. Бул жерде эң негизгиси − батыраак тообо кылып, күнөөлөрдүн кечирилишин суроо менен катачылыктарды жоюу, убактылуу жаза таюуларды токтотуу жана катачылыктардын бузук чөйрөсүнөн оолак болуу. 

     Эгер бир аз жолдон чыгууга, кичине жаза таюуга маани берилбесе, оңдолбосо, анда анын артынан чоңдору келет. Музда жүргөн киши буту бир аз тайганда эле абайлабаса, бир кезде такыр тура алгыс болуп кулаары турган иш. Канчалаган кишилер кабаир деп аталган чоң күнөөлөргө караганда, кичинекей деп саналган күнөөлөрү үчүн азапка дуушар болгонун эстен чыгарбаш керек. Анткени маани берилбеген жана тообо менен тазаланбаган кичинекей күнөөлөр ошол бойдон кичинекей болуп тура бербейт. Убакыттын өтүшү менен чоңоюп отуруп кишини жоготууга учуратат. Мына ушул себептен эч бир күнөөнү тоготпой коюуга болбойт. Пенде кичинекей кемчиликтери үчүн да: “Алланын алдында мындай ыпластык менен жүргөнүм уят”, – деп тообо кылууга шашылсын. 

     Бир катачылыкты дароо тообо менен тазалабасак, ал экинчи бир катачылыкка себеп болот. Убакыттын өтүшү менен табиятыбыз катачылыкка оңтойлуу болуп калат. Ошондуктан, каталарга бир аз эшик ачылганда эле аны бекем жаап, кайра ачылбас кылып бекитип салуу керек. Эгерде дагы эле уланып жаткан болсо, бир канча жерине мык кагып, “Эми ачам деп убара болбо, эшик мыкталган” деп, жашообузда эч кандай катачылыкка орун бербешибиз зарыл. Шайтан менен напсинин оюндары бүтпөйт. Алардын кол сала турган өтө көп жолдору бар жана бизди байкатпай эле кулатып салышы мүмкүн. Ичибизде жамандыктарга ылайыкташкан канча сезим бар болсо баарын козгоп, башыбызды айландырып, ит акмагыбызды чыгарышы мүмкүн. Мына ошондуктан чын дилден тообо келтирип, напси менен шайтандын азгырыктарына каршы чечкиндүү туруу өтө маанилүү.  

     Курандын бир топ жеринде күнөөлөрдү Алла Таала гана кечирери билдирилип, момундарга  жүздөнө турган эшиктер көрсөтүлөт. Күнөөлөрдү кечире турган Алладан башка эч ким жоктугун баса белгилеп, момундар мүдүрүлгөндөн кийин эмне кылышы керектиги тууралуу сабак берилет. Ооба, адамдар жалпысынан ката кетиргенде, күнөөгө кириптер болгондо башкаларды шылтоолоп, өздөрүн актоого аракет кылат. Бул болсо катачылыкты эселентет. Эгер пенде кылган ишинин жаңылыш экенине ишенсе, дароо Жараткан Эгесине жүздөнүп, тообо келтирип, кечирим тилөөгө тийиш. Ар кандай шылтоолорду бетине кармап кетирген катачылыгын жеңил көрсөтүүгө аракет кылуудан жана башкалардын аны кечиришинен эч бир пайда жок. Эң негизгиси – Алланын алдындагы орду. 

     Пенде эмне кылса кылсын, кандай күнөөлөргө батса батсын, Гафуур (өтө кечиримдүү) жана Рахийм (абдан ырайымдуу) Эгесине жүздөнө алышы керек. Ошондо ал ички дүйнөсүндө жана дилинде Алланын үнүн угат. “Оо, Жараткан Эгем!” дегенде, дилинде Жараткандын “Тилегиңди айт, орундатайын, пендем!” дегенин сезет. Ал сезимдин кандай мааниге келерин акыретте түшүнөт. Мындай сезим аны акыретте зор нематтарга жеткирет. Пенде Алла Таала тууралуу жакшы ойдо болушу керек. Тообо кылып кечирим тилегенден кийин, “Жараткан Эгем мени куру калтырбай, дубамды, тообомду жана тилектеримди кабыл алыптыр” деши керек. Закария (алейхи салам) дубасында: وَلَمْ اَكُنْ بِدُعَائِكَ رَبِّ شَقِيًّا «(Оо Раббим) Сага кылган дубаларымда такыр шагым сынган жок. Дубаларыма дайыма жооп бердиң», (Марям сүрөсү, 19/4) – дейт. Ушундай сөздөрдү Ибрахим (алейхи салам) да айтат. (Мариям, 19/48)

     Кылган күнөөлөрү үчүн өзүн-өзү суракка тартуу жана кылдаттык

     Момун пенде Алла Таала кечирерин үмүт кылып жашаса да, кылган күнөөлөрү үчүн өзүн-өзү кечирбеши керек. Кылган күнөөлөрүн эстеген сайын: “Кайсы бетим менен Алланын алдында ушундай ката кетирдим. Момунга мындай күнөө жарашабы деги!” – деп, ар бир күнөөсү үчүн бармагын кырча тиштеп өкүнүүгө тийиш. “Алла мени кечирсе да, мен өзүмдү кечире албайм” деши пенденин дилинин тазалыгын көрсөтөт. Эң кичинекей күнөөлөрү үчүн да напсиси менен эсептешүүнү билсин. Ал эми башка бирөө тууралуу сөз болгондо аны үмүтсүздүккө сала турган сөздөрдөн, шаабайын сууткан жоруктардан сактанышыбыз зарыл. Мындай адат кулчулуктун талабы болгон дурустукту жана ыкластуулукту билдирет. 

     Алла Таала бир жагынан кулдарын күнөөгө каршы эскертип, күнөөлөрдүн жагымсыздыгын көрсөтүп, андан иренжитет. Дагы бир жагынан, кандай абал болбосун баткакка баткандарга чыгуу жолдорун үйрөтүп, арылуу ыкмаларын көрсөтөт. Мисалы бир аятта мындай деп айтылат: وَاَقِمِ الصَّلٰوةَ طَرَفَیِ النَّهَارِ وَزُلَفًا مِنَ الَّيْلِ اِنَّ الْحَسَنَاتِ يُذْهِبْنَ السَّيِّئَاتِ ذٰلِكَ ذِكْرٰى لِلذَّاكِرِينَ  

2Күндүздүн эки тарабында3 , түндүн таңга ыктаган бөлүгүндө4  намаздарды толук аткаргыла. Чынында жакшылыктар жамандыктарды кетирет5 . Бул түшүнгөндөр үчүн эскертүү”. (Худ сүрөсү, 11/114)

     Азыркы учурда жолдон чыгарчу нерселер абдан көп. Этияттанбаган киши байкоостон эле кокосуна чейин күнөөгө батып калышы мүмкүн. Мындай учурда Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) кеп-кеңештерине көңүл буруп, күмөндүү нерселерден сактануу керек. Анткени, арам менен адалдын ортосундагы чекте жүргөн киши бир заматта тыюу салынган тарапка өтүп кетип, жоготууга учурашы мүмкүн. Кутулбас куяга кабылып, түпкүрдүн түпкүрүнө кулай турган кадам таштап алышы ыктымал. Борбордон башталган кичинекей жаңылуу арылаган сайын чоңоюп, тууралыктан алыстай берет. Пенде бир заматта каяктан каякка барып калганын сезбей турган абалга келет. Турган жери менен турушу керек болгон жеринин ортосундагы аралык чыгыш менен батыштын ортосундай алыстап кеткенин байкабайт. 

     Өтө тайгак жерде турганыбызга, ар бир ирмемде кулоо коркунучубуз бар экенине карабай, көпчүлүгүбүз өзүбүзгө этият болбой, дайыма башкаларды күнөөлөй беребиз. Башкалардын кемчиликтери менен алек болгон киши өзүнүн туура эмес кадамдарын көрө албайт. Кимден болбосун кынтык издеген киши, өзү ыпластыкка кекиртегине чейин батып калганын да сезбейт. Элдин баарын күнөөкөр көргөн кишилерди жолуктурдум. Оозу ачылды дегиче күнөөлөбөгөн кишиси калбайт. Андайлардын араң турган сезимдерин эске алып аяр мамиле кылсаңар силер менен бирге жүрөт. Бирок, кичине эле көз жумсаңар мүдүрүлүп жолдо калары анык. Себеби, алар эголоруна жеңилген өзүмчүл кишилер болот. Биздин милдет – өзүбүзгө да этият болуу менен бирге, дайыма жаза таюу ыктымалы бар мындай кишилерди да колдон алуу жана алардын кулашына жол бербөө. Анткени ыйман менен мээримдин талабы ушул. Алла бизди ар дайым колдоп, көз ачып жумганча да напсибиз менен жалгыз калтырбасын! 


1Залла −  лексикалык мааниси боюнча мүдүрүлүү, чалынуу дегенди туюнтат. Диний термин катары пайгамбарларга жана улуу аалымдарга эле колдонулуп, алардын улуулугуна ылайык келбеген иштер, амалдар, абалдар тууралуу айтылат. Пайгамбарлар үчүн залла саналып, Алланын эскертүүсү берилген иштер катардагы кишилер үчүн катардагы иштей эле каралышы мүмкүн.
2Эй, Мухаммед! 
3Багымдат жана дигер намаздары учурунда 
4Тахажжут намазы учурунда
5Жакшы амалдар күнөөлөрдүн жуулуп кетишине себеп болот


Бул макала Мухаммад Фетхуллах Гүлендин 2007-жылдын 12-февралындагы баяндан алынды.

Которгон: Канат Аманбаев 

Редакциялаган: Насыпбек Асанбаев

Related posts

ЖАЛГАНЧЫЛАР ЖАНА СҮРӨӨНЧҮЛӨР

Эсен Ырыскелди
5 месяцев ago

Кемаль Кылычтароглу ким?

Эсен Ырыскелди
2 года ago

В Турции проиграли толерантность и светскость

Эсен Ырыскелди
1 год ago
Exit mobile version