Мейли өзүнчө эл катары болсун, мейли бүткүл адамзат катары болсун, биз өтө оор, кыйчалыш мезгилди баштан өткөрүп жатабыз. Бир жагынан тагдырда буйрулган мүмкүнчүлүктөрдү жакшы колдонуп, жакшы ойлонулган так чечимдерди кабыл алууга, экинчи жагынан Аллага көп дуба кылууга муктаж болуп турабыз. Жалпы адамзатты камтыган көйгөйлөр бир гана өзү менен алек болгон, өзүнүн дартына гана күйгөн кишилерди көп деле кызыктырбашы мүмкүн. Алар антип-минтип жүрүп өздөрү жашаганга ылайыктуу жер таап алышат эмеспи. Бирок жан дүйнөсүнө бүткүл адамзатты батырып, бүткүл пендезатты сыйдырган асанкайгылар кеңири аймакта пайда болгон ар бир көйгөйдү түздөн-түз өздөрүнө байланыштырып, өздөрүнөн көрүшкөндүктөн, килейген аймак да аларга жетишпеши мүмкүн.
Кураны Каримде башыбызга келген жамандыктардын, кырсыктардын себеби өзүбүз кылган каталар, күнөөлөр болору айтылган (Шуураа, 42/30). Ошондуктан, мейли жеке адамдык жана үй-бүлөлүк деңгээлде болсун, мейли мамлекеттик жана бүткүл адамзаттык деңгээлде болсун, башка түшкөн бардык жамандыктарда өзүбүздү суракка тартып, тообо жана истигфар менен Аллага кайрылышыбыз керек. Анткени жеке өзүбүздүн чөйрөдө болобу, же көпчүлүктү камтыган кенен алкакта болобу, айтор болуп жаткан кыйынчылыктар эгер биздин кандайдыр бир каталарыбыздан, кемчиликтерибизден улам болуп жаткан болсо, анда биз билип-билбей туруп Алланын, же адамдардын акысына кирип, укугун тебелеп, адилетсиздик кылып жаткан болобуз. Ошол себептен, оболу напсибизди суракка тартып, жасаган иштерибизди акыл менен бир сыйра сыдырып өткөрүп, кайсыл жерде кандай жаңылыштык кетиргенибизди аныктап, аны оңдоп кетүү жолдорун издеп, андан кийин Алладан кечирим, ырайым тилеп, жалбарышыбыз керек.
Чынында Кураны Каримдеги пайгамбарлардын дубалары аркылуу бизге таалим кылынган акыйкат да ушул. Азирети Муса (алейхиссалам) ката кетирип бирөөнүн өлүмүнө себеп болгондуктан:
رَبِّ إِنِّي ظَلَمْتُ نَفْسِي فَاغْفِرْ لِي
“Оо, Эгем! Чындыгында мен өзүмө (күтүүсүздөн) жамандык кылып алдым. Мени кечире көр!” (Касас, 28/16) – деген сөздөрү менен Алла Таалага ичиндеги арманын айтып, өзүнө буйрулган чектин сыртына чыгып кеткенин билдирип Алладан кечирим тилеген.
Ошондой эле азирети Юнус (алейхиссалам):
لَا إِلَهَ إِلَّا أَنْتَ سُبْحَانَكَ إِنِّي كُنْتُ مِنَ الظَّالِمِينَ
“Сенден башка Кудай жок! Сен аруусуң! Чындыгында, мен өзүмө-өзүм зулумдук кылгандардан болдум!” (Анбия, 21/87) – деп, улуу пайгамбарга тиешелүү кичинекей бир кемчиликти да чоң көрүп, муну “өзүмө-өзүм зулумдук кылгандардан болдум” деген сөздөрү менен баса белгилеген.
Дал ушул сыяктуу азирети Адам (алейхиссалам):
رَبَّنَا ظَلَمْنَا أَنفُسَنَا وَإِنْ لَمْ تَغْفِرْ لَنَا وَتَرْحَمْنَا لَنَكُونَنَّ مِنَ الْخَاسِرِينَ
“Оо, Эгебиз! Биз өзүбүзгө зулумдук кылдык. Эгер Сен бизди кечирип, ырайым кылбасаң, анда биз, албетте, зыянга учуроочулардан болобуз!” (Аараф, 7/23) – деген сөздөрү менен өзү үчүн милдет болгон бир ишти аткара албай калганын, өзү үчүн сызылган сызыктын сыртына чыгып кеткенин билдирген.
Азирети Абу Бакир (радиаллаху анху) Алланын Элчисинен (саллаллаху алейхи ва саллам) өзүнө гана тиешелүү дуба үйрөтүүсүн суранганда, Пайгамбарыбыз ага таалим кылган төмөнкү дуба да ошондой өңүттө болгонун көрө алабыз:
اَللَّهُمَّ إِنِّي ظَلَمْتُ نَفْسِي ظُلْمًا كَثِيرًا وَلَا يَغْفِرُ الذُّنُوبَ إِلَّا أَنْتَ فَاغْفِرْ لِي مَغْفِرَةً مِنْ عِنْدِكَ، وَارْحَمْنِي إِنَّكَ أَنْتَ الْغَفُورُ الرَّحِيمُ
“Аллахым, мен өзүмө абдан эле көп зулумдук кылдым. Күнөөлөрдү Сенден башка кечире турган эч ким жок. Улуу даргөйүңдөн өзгөчө бир көңүл буруу менен мени кечире көр, мага ырайым кыл. Күнөөлөрдү кечире турган Сенсиң, ырайым кыла турган да бир гана Сенсиң!” (Бухарий, Даават 16).
Алла Таала адамзатка жол башчы кылып жөнөткөн куттуу пайгамбарлардын, же азирети Абу Бакир сыяктуу пайгамбарлык жолго бекем жалгашкан пенделердин билип-билбей күнөө иш кылары ойго да келбейт. Бирок алар өздөрүнүн абалдарын Алла Таалага билдирип, “бизден кемчилик кетти, Сен кечиримдүүсүң” дешкен. Кураны Каримде өзгөчө басым жасалгандай, Алла Таала пенделерине кыпындай да зулумдук кылбайт, адилетсиздик да кылбайт. Алла пенделерине эмнени буюрган болсо, баары адилеттүү. Эгер кандайдыр бир зулумдук болуп жатса, анын баары пендеге таандык, бул түздөн-түз ошол пенденин колу менен жасалып жаткан болот, же болбосо, алардын кандайдыр бир жаңылыштыгы буга себеп болот.
Ооба, Алланын алдында алакан жайып, өзү жасаган адилетсиздигин, кылган зулумдугун моюнга алуу кечирим, ырайым кылынууга өтө маанилүү себеп болуп саналат. Ошондуктан, өзгөчө кырсыктар, жамандыктар, кыйынчылыктар төбөдөн ылдый жамгырдай жааган мезгилдерде момун пенделер Алла Таалага кайрылып, жалынып-жалбаруулары өтө маанилүү. Эгер мындай кыйынчылыктарды өзүбүздөн деп билбесек, улам сырттан башка күнөөкөрлөрдү, заалымдарды издегенге умтула берсек, анда анын баары да улана берет. Тескерисинче, буларга өзүбүздү жооптуу сезип, кемчиликтерди мойнубузга алсак, Алла Таала бизге ырайым кылат, туш болгон кыйынчылыктардан арылуу жолдорун ачат.
Биз пайгамбар эмес экенибизди жадыбыздан чыгарбайлы. Алла Таала пайгамбарларды күнөөсүз жараткан, аларга күнөө иш кылуу мүмкүнчүлүгүн берген эмес. Күнөөгө алып барчу жолдор аларга жабык болчу. Ошондуктан бул дүйнөгө тандалган, касиеттүү, куттуу адам катары көзүн ачкан пайгамбарлар бүткүл өмүрүндө билип туруп кандайдыр бир адашуу жолуна кадам таштаган эмес. Өтө сейрек кездешкен, ижтихад катасы деп аталган кадамдарында да аларга дароо эскертүү берилип, алардын кайра кайталанышына уруксат берилген жок. Алардын адамзаттын алдында толук кандуу жана кемчиликсиз жол көрсөтүүчү боло алуулары ушуга байланыштуу болгон. Биздин болсо мындай “исмат” (күнөөдөн корголгон) сыпатыбыз жок. Ушундан улам ката жана күнөөлөрдөн корголгон эмеспиз. Алланын өзгөчө тандалган пенделери болгон олуялардын, асфиялардын даражасына жеткен болсок да, баары бир ката кетире беребиз. Акыйкатта Балʼам Ибни Баура, Барсуса сыяктуу Жараткан Алла Таала тууралуу акыйкаттын анык жүзүн билген канчалаган кишилер оңкосунан түшүп оодарылып, тозоктун түбүнө тоголонуп кете беришкен. Алардын алмадай мээсиндеги ааламдай маалыматтар да, ийне менен кудук казган илим-билими да, жасаган жакшы амалдары да эч кандай пайда алып келген эмес.
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) бир хадисинде мындай деген:
كُلُّ ابْنِ اٰدَمَ خَطَّاءٌ وَخَيْرُ الْخَطَّائِينَ التَّوَّابُونَ
“Ар бир адам баласы ката кетирет. Ката кетиргендердин эң кайырдуусу болсо тообо кылып, катасынан кайтууну билгендер” (Тирмизий, Кыямат 49; Ибн Маажа, Зухд 30). Демек бүткүл адамдар бул дүйнөгө ката кетирүүгө ачык болуп келишкен. Алардын табиятында дайыма ката кетирүү жараяны жүрүп турат. Жаман абалга алып барчу бир нерсе болсо, күнөөгө биротоло маталып калбай, аны кайра-кайра кайталай бербей, дароо тообо, истигфарга кайрылуу зарыл. Табиятыбыз жагынан күнөө ишке ийкемдүү жаратылган соң, кандайдыр бир көйгөйлөргө, кыйынчылыктарга туш болгондо өзүбүздү кайра-кайра сыдыра карап, баарын өзүбүздүн кемчиликтерибизге байланыштырып Алла Таалага кайрылууну да билишибиз керек.
Бир нерсени да айта кетели, пенде өзүнүн каталарын, кемчиликтерин сезүүсү, аны Алладан аласасы бардай жүрүүдөн алыстатат. Кемчиликтерин билген жана көрө алган киши Алланын алдында кичипейилдик, коркуу менен үч бүктөлүп, түйшөлүп, арман кылып тыбырчылайт, Алладан анын кечиримин тилейт. Өзүнө тартууланган жакшылыктардын шүгүрчүлүгүн кыла албаганын жана Алла Тааланын буйруктарына, тыюуларына жеткиликтүү кылдаттыкты көрсөтө албаганын ойлогон момун пенде Алладан өзү үчүн бир нерсе тилегенден да уялат.
Бир аалымдын дубасында айтылгандай, Аллага чын жүрөктөн ишенген пенде: “Аллахым, баары толгон-токой сооптору менен Сага келатышат. Мен болсо белимди бекчейткен күнөөлөрүмдү жүктөнүп Сага келдим”, – деп Аллага корголоп, Андан кечирим, ырайым тилөө өтө маанилүү. Анткени мындай пенде Алланын алдында өзүнүн ким экенин билип, дайыма сергек жашайт. Саждага маңдайын коюп, дайыма кечирим тилейт. Алладан аласасы бардай жүргөндөн сактанат, адепсиз мамиледен алыс болот. Көз ирмемге болсо да кулчулук аң-сезиминен айрылбайт. Башыбызга келген балээлер, кыйынчылыктар Алла тарабынан жок кылынуусу үчүн мындай жүрүм-турум Алланын улуу даргөйүндө өтө кадырлуу болуп саналат.
Маалым болгондой, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) элди кыйынчылыкка салган каатчылык, кургакчылык мезгилде жамгыр тилөөнү жана ал жерде Алланын мээриминин төгүлүшүнө себеп боло тургандай дуба кылууну сунуштаган (Бухарий, Истиска 1). Мында баарынын алакандары тескери жайылып, кийимдер да тескерисинен кийилип, бала-чака, кары-картаң дебей элдин баарын, ал тургай колдон келсе мал-жандыктан бери тилөө (же бизче түлөө) өтчү жерге алып барып, (Алла Таала бардык нерсени, пенделеринин бардык абалын билгенине карабай) кандай кыйынчылыкка кабылышканын айтып Алла Таалага даттануу, сурануу, тиленүү зарыл.
Эгер Алла Таала өзүбүздүн күнөөлөрүбүздүн айынан бизди сыноолорго туш кылган болсо, анда тообо кылууга чуркап, тазаланууга аракет кылуу, дуба кылып Аллага жалбаруу биздин милдетибиз болмокчу. Дуба кылганда айткан ар бир сөзүбүз жүрөктөн чыгышы керек. Тээ кайсыл бир мезгилде жаттап алган жеңил-желпи сөздөр менен же көркөм сөздөр менен коштоп жасалма дуба кылбай, тескерисинче таза, тунук, чын көңүлдөн чыккан сөздөр менен Жаратканга кайрылып, чын ыкластан, чын дилден абалыбызды көрсөтүүбүз абзел.
Жеке каталарыбыз, кемчиликтерибиз жана күнөөлөрүбүз жалпы кыйынчылыктарга себеп болушу мүмкүн. Баары бул жаатта өзүн карап чыгышы керек. Кээ бир кишилер бүткүл коом үмүт-тилегин арткан үлгүгө айланат. Жалпы эл үмүтүн ошолорго байлап, алардын аракети менен жакшы нерселердин болоруна, жаңы жышааналардын жүзөгө ашарына ишенишет. Алар тийиштүү аракетти кылышпаса, өздөрүнүн милдетин толук аткарышпаса, туура эмес иш кылышса, туура эмес жолдорго түшүп алышса, анда коомдо өтө олуттуу кыйынчылыктар пайда болот. Кудум деңиздеги кемелерге жол көрсөткөн маяктар өчүп калгандай кыйынчылык туулат. Себеби, кемелер кайда барып, кайсы жерге токторун билбей карайлап калат. Ошондуктан, кандайдыр бир маанилүү орунда турган кишилердин өзгөрүп, башкача болуп кетиши, Алланын жалпыга төгүлчү мээриминин үзгүлтүккө учурашына себеп болушу мүмкүн. Эч бирибиз пайгамбар эмеспиз. Баарыбыз ката кетиришибиз мүмкүн. Кетирген каталарыбыз бизге кыйынчылык болуп кайра келиши мүмкүн. Мындан эч кандай шек санабаш керек.
Азирети Бедиуззаман ыкластуулуктун бийик чокусунан кулаган киши тегиз жерге эмес, терең чуңкурга барып түшөрүн ишенимдүү айткан. Себеби киши канчалык жакшылыктарга, нематтарга жетсе, андан кулаганда да өтө жаман абалга түшүү ыктымалдуугу көбүрөөк. Падышанын өзгөчө кастарлаган, анча-мынча кишини киргизе бербеген бөлмөсүнө кирген соң, ошого жараша өзүн кармап отура албай кандайдыр бир тентектик кылган киши жөн эле бөлмөдөн чыгарылып тим болбойт. Аны желкеден кармап, тээ дарбазадан сыртка ыргытып, артынан итке куудуруп жибериши да мүмкүн. Ушундан улам каталар кишинин ээлеген ордуна, жеткен даражасына жараша кабыл алынат. Алардын кичине, же чоң болуусу кишиге жараша өзгөрөт. Муну “Хасанатуʼл-абрар саййиатуʼл-мукаррабиин” (Орточо саалих кишилер үчүн сооп болгон нерселер Аллага жакын болууга жетишкен өзгөчө пенделер үчүн күнөө болуп калышы да мүмкүн) деп да түшүндүрүшөт.
Кээде жалпы элдин башына келген кыйынчылыктар бузукулардын, заалымдардын абдан чоң жамандыктарынан улам болот. Эгер кайсыл бир коомдо уурулук, мыйзам бузуу көбөйүп, адепсиздикти токтотуу мүмкүн болбой жатса, жалган айтуу көнүмүш адатка айланса, эки жүздүүлүк күчөгөн болсо, зулумдук, адилетсиздик болуп жатса, болуп жаткан мындай деградацияга башкалар үн катпаса, көңүл бурбаса, анда тилекке каршы бүткүл коом материалдык жана руханий апааттарга дуушар болушу мүмкүн. Азирети Мусанын Алла Тааладан жаны кейип, сыздап туруп сураган суроосу муну ишарат кылып турат:
أَتُهْلِكُنَا بِمَا فَعَلَ السُّفَهَاءُ مِنَّا
“Арабыздагы наадандардын кылыктары үчүн бизди жок кыласыңбы?!” (Аараф, 7/155).
Андан сырткары төмөндөгү аят дагы муну тастыктап турат:
وَاتَّقُوا فِتْنَةً لاَ تُصِيبَنَّ الَّذِينَ ظَلَمُوا مِنْكُمْ خَاصَّةً وَاعْلَمُوا أَنَّ اللّٰهَ شَدِيدُ الْعِقَابِ
“Араңарда пайда боло турган чуудан сактангыла. Бул силердин араңардагы бир гана зулумдук кылгандардын башына келбейт (баарыңардын башыңарга келет). Алланын катуу жаза берерин билгиле!” (Анфаал, 8/25). Азирети Бедиуззаман бул аятты Эрзинжан менен Измирде пайда болгон катуу жер титирөөгө байланыштуу жазган Зилзала бөлүмүнө тема катары койгон.
Жүзөгө ашкан апааттар, кырсыктар аркылуу коом заалымдардан, бузукулардан арылган болот. Мындай оор сыноолордо коомдогу терс көрүнүштөргө каршы чыкканына карабай күчү жетпеген күнөөсүз пенделер да көз жумуп, о дүйнөгө сапар тартышы мүмкүн. Бирок алар мындай учурда шейит катары көз жумган болушат. Коомдогу адилетсиздикти, күнөө иштерди колдогон, же аларга үн катып койбогон тили жок шайтандар болсо, күнөөкөр катмар менен бирге кыйрап жок болушат. Бирок ыйманына, ниетине жана амалына жараша акыреттеги азаптарынын оорчулугу ар башка болот. Себеби Алла Таала кандай деңгээлде болбосун ыйманды жана саалих амалды текке кетирбейт, сөзсүз түрдө сыйын берет.
Жогорудагы касиеттүү аятта баяндалгандай, Алла Таала шадидуʼл-икааб (катуу жаза) берүүчү болгондой эле, ошол эле учурда архамуʼр-раахимин (эң чоң мээримдин ээси). Ошол себептен жаза берүүдө шашылбайт. Балким миң түрдүү имхалдан (мөөнөттөн) кийин муну жасайт. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) бир куттуу хадисинде мындай деген:
إِنَّ اللَّهَ لَيُمْلِي لِلظَّالِمِ حَتَّى إِذَا أَخَذَهُ لَمْ يُفْلِتْهُ
“Алла Таала заалымдын мөөнөтүнө мөөнөт кошуп берет. Бирок бир жолу колго түшүрчү болсо, анда жөн койбойт” (Бухарий, Тафсииру сура (11) 5; Муслим, Бирр 61). Пайгамбарыбыз сөзүн төмөнкү аят менен улантат:
وَكَذَلِكَ أَخْذُ رَبِّكَ إِذَا أَخَذَ القُرَى وَهِيَ ظَالِمَةٌ إِنَّ أَخْذَهُ أَلِيمٌ شَدِيدٌ
“Эли заалым болгон аймактарды жазалаганда Эгеңдин аларды кыйратуусу ушундай болот. Албетте, Анын соккусу жан чыдагыс катуу!” (Хууд, 11/102).
Мөөнөт берүүнүн ичинде ар кандай эскертүүлөр да бар. Алла Таала заалымдарды эсине келтирүү үчүн ар кандай нерселердин жана кубулуштардын тили менен аларга эскертүү берет. Кээде жамгыр жаадырбай, кургакчылык кылуу менен аларга “Эсиң барда этегиңди жый” дейт. Кээде экономикалык кризис менен аларды силкип өтөт. Кээде асмандан, жерден кырсыктарды жөнөтүп капылет уйкудан ойготот. Кээде дин карманып жашаганга мүмкүн болбой тургандай абалга алып келип, “Мамлекетиңерди, эл-журтуңарды, диниңерди, баалуулуктарыңарды бекем карманып сактап калгыла” дейт… Эгер кишилер нерселердин жана кубулуштардын тилин түшүнбөй, сабак албай, зулумдук кылууну токтотпосо, күнөө иштерге чекит койбосо, ой жүгүртүп эсине келбесе (Кудай сактасын), анда төбөдөн ылдый нөшөрлөгөн апааттарды, кырсыктарды жаадырат.
Заалымдар бул дүйнөдө да, акыретте да өздөрү татыктуу болгон жазаны тартышат. Алардын арасындагы жакшы кишилер болсо, бул дүйнөдө жазаларын алышкандыктан, акыретке эч нерсе калбайт. Алланын даанышмандыгы кандай болорун биле албайбыз. Балким өтмүштөгү коомдордо боло келгендей, бекем ыйман келтиргендерге өзгөчө кутулуу мүмкүнчүлүгүн тартуулап, аларды кийин маанилүү милдеттерде да колдонушу мүмкүн. Эгер алар Ислам динибиздин келечеги үчүн кандайдыр бир пайдалуу болсо, Алла бир жерди кыйроого учуратып жатып аларды коргоп коюшу мүмкүн. Өлгөн өлүп, жан бергендер жан берип дайыны табылбай турган кезде кээ бирөөлөр тирүү калат. Алла Таала тирүү калтыргандарын башка аймактарда, башка иштерде колдонот.
Мухаммад Фетхуллах Гүлен
Которгон: Сейитбек Идирисов
Редакциялаган: Насыпбек Асанбаев