Студенттик замандагы Искендер Пала менен Ахмет Туран Алкан экөөнүн макалаларын күтүп жүрүп окуйт элем. Ахмет Туран Алкандын ушунчалык кооз түркчөсүн, эстетикалык жазууларын окуп атып, ыргагына кантип кирип, саптардын арасында гүл бакчада жүргөндөй эле сезимдерге дуушар болосуң.

Кээде бул кишилер ушу саптарды кантип жазат болду экен деп суктанып аласың. Колдонулган адабий тилдин усталыгынан да ичиндеги тарыхый окуялар, интеллектуалдык ой жүгүртүүлөр андан беш бетер… Тарых менен адабият бир кишиде кантип жолукканын көрүп, тооба дейсиң… Алкандын Заман гезитинде учурдагы саясатты эски бир адабиятчы тили менен сатирага салып жазган бир бурчу бар эле…, ал бурчтун өзүнүн фанаттары бар эле да чиркин…, атын унуттум Режаи Рүлаптан эфенди беле…

2012-жылы Искендер Паланын “ОД” деген ат менен чыккан Юнус Эмренин адабий биографиясын көрүп калдым. Бул Романды бир отурганда окуп бүтүрдүм. Юнус менен чогуу бир доордо кадимкидей эле жүрөсүң да сандалып. Паланын китептерин көргөн жерде сатып алчумун.

1999-жылы болсо керек, антрополог Неввал Севинди Нью-Йоркто Хожа Эфенди менен бир маек кылды. Укмуш таасирдүү маек болгон, Радикал гезитинде чыкты окшойт. Кийин китеп болуп чыккан. Китеп жарманкеге барып ошол китебине кол жазма алгам. Иран жөнүндө, саясий жашоосу жөнүндө өттө күчтүү макалалары бар болчу.

Ошол токсонунчу жылдардын аяк ченинде Эдуард Саиттин Ориентализмин окуп алып анын таасиринен бир канча жыл бою чыгалбай жүрдүм. Себеби, Эдуард Саиттен кийин Жемил Меричтин бир канча китебин катары менен окуган элем да. Бул өлгөндүн үстүнө көмгөн болуптур. Эч кимге мындай кеңеш бербейм. Батышты жек көрүп, Беязытта ар бир туристи жийиркенип карачу болуп калгам. Өтө опурталдуу абал…

1997’де 28-Шубат (аскерлердин түрк саясатына кийлишишүүсү) кризиси болду. Менде эки же үч том Рисалелерим бар болчу. Бирөөсүн сатып алгам, калгандарын окуу жарышмаларда утуп алгам. Байкелер “текшерүү болот экен башка жерде сактай туралы” деп алып кеткен бойдон китептер кайра келбеди. Бир жыл бою издеп, китептеримдин изин таппай койдум. “Созлер” басмаканасын кооз мукабалары менен басылган чөнтөк рисалелери эле толтура болчу, бири да жок. Генчлик (жаштар) рехбери, хасталар (оорулуулар) рисалеси, ихлас рисалеси сыяктуу айтор 10-15 чөнтөк рисалелерим жоголду кетти. “Тимаш” басмаканасынын ырлар жыйнагынан эки том китебим бар эле. Пырланталарды айтпай эле коеюн. Ошондон кийин китеп сатып алганда ойлончу болдум.

Жагалоглу районунда басмаканалардын китеп саткан дүкөндөрү жайгашкан жер болчу. Жалаң Рисалеи Нурларды баскан 4-5 басма үйү бар эле. “Кайнактын” таркатуу борборунун биринчи кабатында чоң китеп дүкөнү бар, эми ичине кирсең жарым күнүң жөн эле кетип калат. Университеттен кийин Жагалоглунда бир басмаканада кичине иштеп калдым. Басмакананын ээси сол көз караштагы марксист киши болчу. Мени чакырып алып Чынгыз Айтматовту айтып берчи деп сүйлөтө берчү. Айтматовтун абдан сүйчү экен көрсө. Бир күн, Кылым карытар бир күндүн цензуранын айынан чыкпай калган, кийин өзүнчө китеп болуп чыккан “Белое облако Чингисхана”ны кечке талкууладык. Түркчөсү кийин “Cengizhana küsen bulut” деп Отүкенден басмаканасындан басылды окшойт.

(уландысы бар)

Нурлан Муса