Кызматтагы алгачкы жылдар

Соңку окуялар мени көп ойлондурду. Ойлонуп отуруп оюмду башка кишилер менен да бөлүшүүнү туура көрдүм. Албетте “баары мендей ойлонсун” деген түшүнүк түркөйлүк болсо керек. Арбир кишинин көзү-кашы окшобогондой эле ою деле окшобойт. Кандайдыр бир багытта санаалаш болуп калышыбыз мүмкүн, же идеологиялык бир агымда чогуу агып бараткандырбыз. Албетте санаалаштар бир жерде мөмөсүн берген бутак сыяктуу бутак-бутак болуп бөлүнүшү күтүлгөн иш.

Ойлорумду хронологиялык окуялар менен байланыштырууга аракет кылам. Анткени заман аккан сайын ойуң да агат, өзгөрөт, көз-караш ар кайсы окуялар менен калыптанат экен. Учурдагы окуяларга кыскача тарыхчадан кийин анализ кылуунун оң көрдүм. Анткени, кандай гана социалдык окуя болбосун, ал тарыхына карата түшүндүрүлүп, талкуулануусу керек деген ойдомун.

1992-жылы Түркияга мамлекеттик программа менен лицейде окуганы бардык. 1996-жылга чейин Болу шаарынын лицейинин биринчи үч тепкичин бүтүрдүм. Андан кийин Стамбул университетинин эл аралык карым катнаштар бөлүмүн аяктадым.

Лицейдин соңку жылында классташтардан баары бүтүрүп, универге тапшырып кетишти, мен болсо 2 кредитим жетпей калып, бир семестр дагы окууга туура келди. Лицейде жүрүп кызматты тааныдык. Ошол 1992-93-жылдары түрк бизнесмендер Кыргызстанда мектептер ача баштаган. Мектеп ачуу үчүн улам бир химмет (акча чогултуу) чогулушу болот, бизди да алпарышат, көбүнө барып катышып жүрдүк. Дем алыш күндөрү бираз дин, ыйман анан түркчө үйрөнүшсүн деп түрк үй-бүлөлөр үйлөрүнө алып кетишчү. 20-25тей балдар-кыздар бир ошончо да үй-бүлө. Ясин байке, Жума байке, Хайрулла байке, Эрол бей жана башкалары, кыскасы, мектеп ачууга салым кошпогон киши жок эле… Бирөөсү үйүндөгү мебелин сатып, бирөөсү болгон бизнесин Кыргызстанга көчүрүп, бирөөсү баласын “кызмат кыл” деп Кыргызстанга жиберип. Айтор укмуш эле мотивация менен чуркашчу экен көрсө.

Ошол кезде баары эле келечек муун үчүн жасалып аткандай сезилчү, а балким чын эле ошондой. Мусулмандар да алдыңкы окуу жайларды саларын. Жатаканаларды, курстарды модерн методология менен иштете аларын өрнөктөр менен жандуу көрүп аттык. Жамаат жаңы иновацияны ишке ашырып атканын күбөсү болуп аттык. Бүт нерсе, жаңы, укмуш эле да, баарын таң калтырчу.

Бир күнү, кыргыз окуучулар чогулуп бир жерде китеп окуп отурганбыз. Бир түрк байке келип баарыбызды чогултуп: “Балдар бүгүн Ясин окуп дуа кылышыбыз керек болуп атат. Хайрулла байкенин баласы Ведат аби Бишкекте шейит болуп кетти”, – деп суук кабарды угузду. Кийин уктук Ведат байкени квартирасында атып кетишкенин. Биз болсо аң-таңбыз. Кандайча деп ишеналбай отуруп калдык. Анткени атасын да, баласын да таанычубуз да. Жалгыз уулдары болчу. Мен ошондо байкенин үйүнө барбадым. Балдар барып апасынын аябай ыйлаганын, атасы болсо “шейит баланын артынан мындай кылба” деп кемпирин урушканын айтып келишти.

Кийин студент болуп башка шаарларда жүргөндө да, Кыргызстанда жүргөндө да, жолубуз түшкөндө ошол үй-бүлөлөрдү зыярат кылчу болдук. Акыркы жолу 2014-жылы Хайрулла байкенин үйүнө бардык, карыган чал кемпир болуп калышыптыр, эки киши барган элек бизди баласындай эле тосуп алышты. Апанын көз жаш алып сүйүнгөнүчү… Ведатымдын жанынан келишти деп алганычы… Мен болсо: “Ведат байке кайда, мен кайда”, – деп уялам. Шейиттин макамына биз түшүбүздө да чыгалбай калдыкко. Чал кемпир көз-жаш менен бизди узатышты.

Сейид Несиминин ушул ырын негедир ушул жерге койгум келди.

Гүл экен гүл
Мен бүгүн Пириме бардым
Пирдин жамалы гүл экен гүл
Отуруптур макамында тактыда
Тактысы да гүл экен гүл

Хайрулла байкенин үйү жупуну бир кабаттуу жер үй. Үйдүн алдында апабыздын кичинекей гүл бакчасы бар…

Ак гүл менен кызыл гүл
Жуп болуп өскөн бакчада
Караштары бир башкача
Зикирлери да, гүл экен гүл

Нурлан байке (уландысы бар)