Саресеп
Исламский мир

ЭТИЯТТЫК ЖАНА СЕРГЕКТИК

     Суроо: Дүнүйөкорлор кээ бир жакырчылыка батыргысы келгендерин материалдык жетишпестик, же пенделик кызыкчылык аркылуу колго түшүрүшөт. Мындай коркунучка каршы Кураны Каримге кызмат кылуу жолундагылардын мойнуна кандай жоопкерчилик жүктөлөт?

     Жооп: Аманатка  бекем болуу, руханий биримдик жагынан катуу көңүл бурулушу керек болгон жана көп кырдуу катмарлардан турган мындай аяр теманы майда-чүйдөсүнө чейин баяндап берүү чындыгында өтө кыйын. Теория катары айтылган маселелерди практика жүзүндө ишке ашыруу – андан да кыйын. Ошентсе да мен оюма келген жана маанилүү деп эсептеген айрым жагдайларга токтолгонго аракет кылайын. 

     Оболу суроодо айтылып жаткан реалдуулукту баамдай алышыбыз керек. Душмандык кылууга башын сайган кай бир катмарлар тээ илгертен бери ыймандуу пенделерди жайына койбогондой эле, эми да тынч коюшпайт. Аларды көз жаздымда калтырбай көзөмөлдөп, микроскоптон карап тургандай ар бир кыймылын иликтеп, баскан изине чейин аңдышат. Мүмкүнчүлүк болору менен таасирин жоготуп, күм-жам кылуу үчүн колдорунан келген аракетин жасашат. Ошондуктан Кураны Каримге, ыйманга кызмат кылууга баш байлагандар алардын тынымсыз көзөмөлүндө турушканын, артынан калбай аңдып жүрүшкөнүн билип, ошого жараша иш кылышканы өтө маанилүү. 

     Бүгүнкү күнгө чейин канчалагандардын кемчилигин таап, кемтиги табылбагандарын азгырып жүрүп орго түшүрүп кадыр-баркын айрандай төгүп келишкен кара мүртөз, кара ниет кишилер мындан кийин да ошондой эле оюндарын уланта беришет. Ар кандай айла-амалдары менен кээде силерди бороон-чапкынга кабылтса, кээде аязга таштап тоңдурушат. Силер жалган-жалаалардын артындагы чыркыраган чындыкты алып чыгып, кара ниет иштердин торунан кутулуп чыкканга чейин алар кыйратуучу соккуларын жасап алышат. Силер жөнүндө ушундай карасанатай сөздөрдү айтып, элдин аң-сезимин ушундай козутушат дейсиң, баары кыжырланып турган чөйрөдө эң таза, эң ак ниет иштериңер да жаман көрүнүп, ыплас сезилип отуруп, акыры ушул арам ойлордун курмандыгы болуп кетет.  

     Кээде бир мусулмандын кемчилигин көтөрүп чыгып, аны козутуп, чоңойтуп олтуруп бүткүл мусулмандарга, анын артынан жалпы мусулманчылыкка сокку урушат. Кээде ушундай нерсени бетке кармап алып бир кыймылды толугу менен кыйратууга далбас урушат. Дүйнө дүйнө болгону ыйман менен ыймансыздык күрөшү уланып келет. Жакшы, адамгерчиликтүү, ыймандуу, адептүү кишилер менен бирге заалымдар, мунафыктар, бузукулар дагы дайыма болуп келген. Мындан кийин да мындай көрүнүш өзгөрбөйт. Кээде ачык-айкын, кээде болсо тымызын иштер жасалып, кимдир бирөөлөр караниет иштерин жүзөгө ашыруу жана адамдарды бараткан жолунан адаштыруу үчүн колунан келгенин жасайт. Мындай учурда биздин милдетибиз – бузукулукка, жамандыкка берилген кишилердин болорун эч качан көз жаздымда калтырбай, жүрүм-турумубуз, турган турпатыбыз, жасаган иштерибиз менен аларга мүмкүнчүлүк бербөө. Керек болсо ыйманга кызмат кылам деген дили таза инсандар чогулуп алып, бул маселеде эмнелерге көңүл буруу керектигин талкуулап, бул боюнча тийиштүү стратегияларды мерчемдеп, бири-бирине эскертип туруулары зарыл. 

         Күмөндүү жерлерден алыс болгула!

   Ыймансыздыкка, жамандыкка, көралбастыкка, кызганычка маталган кишилерге мүмкүндүк берип, алардын ишин жеңилдетпеш үчүн өтө аяр болуп,  кылдаттыкты, этияттыкты колдон чыгарбоо керек. Ар-намысты, абийирди туу тутуп, күнөөдөн алыс болуп жашоо негизинен биздин милдетибиз, пенделик вазыйпабыз. Арамга кирүү, күнөө иштерди жасоо мындай турсун, кимдир бирөөнү шектендире турган жүрүм-турумдардан да алыс болушубуз керек. Хадис деп риваят кылынган бир сөздө “Күмөндүү жерлерден алыс болгула” (ал-Газали, Ихяау Улумиʼд-Диин, 3/36; ал-Ажлууний, Кашфуʼль-Хафа, 1/45), – деп айтылган. Бул сөз хадис критерийлеринен өтпөгөнү менен, бизге өтө маанилүү принципти көрсөтүүдө. Силер аябай таза, ар-намыска бек болушуңар мүмкүн. Бирок жакшы ниет менен болсо да ыплас жерлерге баш бакканыңарды кимдир бирөө көрүп калса, аны силерге каршы колдонушу мүмкүн. Кээ бир иштериңер шариятка туура келгени эле жетиштүү эмес. Алар эртең-бүрсүгүнү алдыңардан кандай тосуп чыгарын да эске алууга аргасызсыңар. Силер маани бербеген канчалаган кыймыл-аракетиңерди эртең силерге каршы да колдонуп койо беришет. Муну менен бир гана силерге эмес, силер мүчө болгон кыймылга да көө сүртүшөт.

     Куранга, ыйманга кызмат кылам дегендер өздөрүнүн ар-намысын, абийирин кандай сактаса, өздөрү менен бирге жүргөн досторунун ар-намысын, абийирин да так ошондой сактаганга аргасыз. Эгер биздин айыбыздан аларга жаман сөз айтыла турган болсо, буга биз жооптуубуз. Мойнубузга жүктөлгөн аманат үчүн, баш отубуз менен кирип жан үрөгөн ыйман кызматынын кадыр-баркы үчүн өтө этият жашап, ар бир кадамыбызды ойлонуп таштаганга аргасызбыз. 

     Ушул күнгө чейин канчалаган жалганга чындыктын көйнөгү кийгизилип эл алдына чыгарылып, канчалаган суулар булганды. Канчалаган чын дилдүү момун пенделер болбогон жалаалар менен тебеленди. Мындай ыплас жоруктардын зыяны бир гана ошол ишти аткаргандай көрсөтүлгөн кишилер менен чектелбей, тескерисинче бүтүндөй динге каршы чыгууга жол ачкан. Кээ бир момун пенделер ойлонбой туруп жасаган каталар, же билип туруп жасаган күнөөлөр динге чабуул жасагысы келип жүргөн топтор тарабынан өтө чоң мүмкүнчүлүк катары каралып, каалагандай колдонулуп келген. Эч ким өзү кетирген кандайдыр бир жаңылыштыктарынын айынан динге, динаятка сөз тийгизүүгө, жалпы мусулмандарды каралатууга акысы жок. Кетирилген кемчиликтер канчалык жеке адамдык сыяктуу көрүнсө да, бир жагынан жалпынын укугуна кыянатчылык кылынган болот.

     Өзгөчө динге өкүлдүк кылам деген кишилер жашоосун башынан аягына чейин пайгамбарлардай кайратман, олуттуу, сергек, күнөөдөн ат чабым алыс, ар-намыска бек өткөрүүгө аракет кылуулары зарыл. Ошону менен эле тим болбой, алар дүнүйкорлор тараптан келе турган жамандыктарга сак болуп, алар өз кызыкчылыгы үчүн колдонушу мүмкүн деген жагдайларды да көз жаздымда калтырбай, абдан көрөгөч, кыраакы, баам-парасаттуу болуулары абзел. Шек туудуруп, күмөн ойлорго салат, күнөө кылды деген сөзгө калтырып, артынан ар кандай кептерди ээрчитет, ак ниети бурмаланып кетет деген ыктымалдуулуктар бар болсо, анда ал иштер шариятта уруксат берилген болсо да оолак болуу зарыл.

     Бир момун пенденин динге, динаятка сөз тийгизбейин, өзүм мүчө болгон топко зыян келтирбейин деген аракети, сактануусу ибадат кылгандай саналып, жакшылык дептерине сооп катары агылат. Себеби сергектик жалпы мусулманчылык үчүн көрсөтүлөт, мындай сергектиктин артында Алланын ыраазычылыгы турат. Мүлдө мусулман журтун уятка калтырбоо, Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) нурдуу кабарларына чаң жугузбоо, Ислам дининин жаркыраган жүзүнө көлөкө түшүрбөө үчүн канчалык сергек болсок да аздык кылат.    

       Өзүбүздү өзүбүз суракка тарталы 

     Өзүбүз эсебин бере албаган бир да жүрүм-турумубуз болбошу керек. Суракка тартыла электе өзүбүздү-өзүбүз бул жерде суракка тарталы, өмүрүбүздү өтө олуттуу сурак түшүнүгү менен өткөрөлү. Мына ошондо кандайдыр бир каталарыбызды, кемчилигибизди кармаш үчүн жан алакетке түшүп турган жаман ниеттүүлөргө мүмкүнчүлүк берилбейт. Ошондо гана мойнубузга жүктөлгөн аманатка кыянаттык кылынбаган болот.

     Устат Бедиуззаман тапкан акчасын, кийген кийимдерин, жеген тамак-ашын дайыма эсептеп айтып турганынын түпкүлүгүндө да мына ушундай кылдаттык жатат. Кээ бирөө анын мындай билдирүүлөрүн аны өрнөк туткан шакирттеринин ишенимин арттыруу деп түшүнүшү мүмкүн. Бул албетте туура. Бирок маселени бир гана муну менен чектеп койбош керек. Муну менен ал кийин өзү жөнүндө айтылчу жалган жалаалардын да алдын алган. Өмүрүнүн ар бир көз ирмеминин эсебин берүү жана коомго ачык-айкын көрсөтүү менен ар кандай жүйөөсүз күнөөлөөгө, сындоого бөгөт коюп, өтө таза, ар-намыстуу жашаганын баарына түгөл көрсөткөн. Ооба, устат Бедиуззаман бир жагынан ушунчалык жөнөкөй, жупуну жашоо өткөрсө, экинчи жагынан өзү жашаган жөнөкөй жашоонун кайра-кайра эсебин берген. 

     Кээ бирөө мындайды ашыкча көрүшү мүмкүн жана мынчалык кылдаттык кишинин жашоосун жашоо эмей эле азапка айлантат го деп кабыл алышат. Бирок бир нерсени жадыбыздан чыгарбайлы. Тозок напси каалаган нерселер менен, бейиш болсо напсиге оор, кыйын келген нерселер менен курчалган. Адам напсинин алдынан чыккан мындай тоскоолдуктарды кайра-кайра ашып өтүп олтуруп бейишке жетет. Өзгөчө динге өкүлдүк кылуу деңгээлинде болуп, эң алдыңкы сапка чыккан болсоңор, анда өтө машакаттуу жолго чыкканыңарды эстен чыгарбагыла. Себеби силердин эң күчтүү куралыңар – башкалардын жүрөгүнө орногон ишенимдүүлүгүңөр. Ошол куралыңарды жоготуп ала турган болсоңор, анда силерди эч ким укпайт. Натыйжада өзүңөр менен кошо башкалардын да шагын сындырып, жасалган канчалаган жакшы иштерге балта чапкан болосуңар. 

     Ошондуктан баарына чыдайсыңар. Тарткан ар бир кыйынчылык сооп дептерине жазыларын, о дүйнөдө мизан таразасынын бир тарабына коюларын унутпагыла. Бул жерде Алла Таала үчүн чыдаган кыйынчылыктарыңар о дүйнөдө кандай сюрприздерге, Алланын кандай жакшылыктарына айланып алдыңардан чыгарын биз биле албайбыз!


Бул макала Мухаммад Фетхуллах Гүлендин 2008-жылдын 9-майындагы баянынан алынды. 

Которгон: Сейитбек Идирисов

Редакциялаган: Насыпбек Асанбаев

Related posts

Президенттик шайлоонун “кара кутусу” – Мансур Яваш

Эсен Ырыскелди
2 года ago

Европа дин менен саясат маселесин кантип жөнгө салган? Исламда бул мүмкүнбү?

Эсен Ырыскелди
2 года ago

ТАРЫХ ТҮШҮНҮГҮ

Эсен Ырыскелди
2 года ago
Exit mobile version