Бул аптада 2016-жылдын 15-июлундагы аскердик төңкөрүш аракети тууралуу баарынан мурун “төңкөрүүгө даярдык бар” деп жазган жана, газетасына караганда атайын кызматка көбүрөк тиешелүү Фуат Угур деген журналист, кезектеги төңкөрүш тууралуу жаза баштады.  Эрдогандын партиялаштары Түркияны түрө кыдырып, АКПнын түрк жарандарынын көңүлүндөгү орунга ысым коюшту. Бул эки күндемдин кесилишкен жери бар. Ал – Эрдогандын “шайлоочу бергиси келбей жаткан бийликти кантип алыш керек” деген ою

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын партиялаштары Түркиянын 65 облусун түрө кыдырып чыгышкан. Бул топко учурдагы депутаттары менен партиянын лидерлери кирген. Андан кийин, чогулткан маалыматтары менен элдин реакциясы тууралуу фактыларды бириктирип, өздөрүнө жакын журналист жана эксперттер менен талкуулашкан.

Бул талкуу тууралуу таркаган маалыматтар боюнча, АКП’нын лидерлери Түркияда үрөй учурган абал түзүлгөнүн аңдашкан. АКП’ны кандай болсо да колдоп келе жаткан, өткөн кылымдагы светтик башкаруудан чочуп калган диндарлар менен динчилдер түкүрүнүп, бакырып, жинденип ичтеринде жыйылып калган бугун алардан чыгарышкан. Муну көргөн партиялаштары, эки тизгин бир чылбырды колуна кармап отурган Эрдогандан корккондуктан, АКП’нын мындай абалына “Төмөндүктүн эң жогорку деңгээли” деген ат коюшкан.

Ооба, өз партиялаштарынан чыккан лидерлердин да ашмалтайын чыгарып рейтингин түшүргөн Эрдоган жана атаандаш топтордун баарын “эл душманы” катары көрсөткөн анын партиялаштары түбү көрүнбөгөн саясий-экономикалык кургуйга оңкобаш атып түшүп бара жатат. Төбөсүн аңгектен дөңгөккө уруп кетип бара жаткан партия, мурунку 52%’дык рейтингинен кулап, учурда 30%’дын алдына түшүп, фанатик “даканса” шайлоочусунан да ажырай баштады.

“Төмөндөөнүн эң жогорку деңгээли” дегенди, түрк оппозициясы да туура көрүп, аны – “мүмкүн болгончолук төмөндүк” деп жоруп алды.

АКП’нын лидерлери, партиясынын шайлоочусу алдындагы аброюн андан да нары түшүп кетүүсүн токтотконго, эч бир чара таба албай турган кези. Аргасыздан чөнтөгүндө уйпаланып калган эски көзүрдү – өз шайлоочусун күрттөр менен Сириялык качкындарга тукуруу же андан да башка “душман” таап, ар тарапка тентий баштаган фанатиктерин кайра тегерегине топтошу зарыл.

Чындап келгенде, Эрдоган менен АКП’нын лидерлеринин мурдунун учунан нары жакты көрбөгөнү оппозициянын ишине жарап келүүдө. Анткени түрк конституциясына киргизилген акыркы өзгөртүүлөр боюнча, партия 50%’дан ашык добуш алганда гана өкмөт кура алат. Буга чейинки парламенттик системада, биринчи келген партия башка партия менен ортоктош болуп, өкмөттү кура берчү. Андан сырткары, учурдагы баш мыйзам боюнча, өкмөт менен өкмөт башчы эч нерсе чечпейт, баардык нерсе президент жана анын администрациясына байланган. Жакынкы президенттик шайлоодо болсо Эрдоганды, эң алсыз деген Кемаль Кылычтароглу да, биринчи турда жеңип кетчүдөй болуп турат.

Эрдогандын жакындарына: “Кайдан таап келип, өзүбүзгө өзүбүз бул 50%’дык барьерди коюп алдык”, – деп наалып атканы коомчулукка чыгып кеткен. Ал эң чоң катасы ушул болгонун моюндап, өкүнүп жаткан кези.

“Түркияга супер-президенттик башкарууну орнотсок, ансыз деле бүт ири бизнес менен ЖМКлар колубузда, бизден бийликти ким ала алмак эле, парламенттик системаңда ар ким менен кеңешип, убакыт коротпой, тарс-турс буйрук берип койсок эле, бардык иш шарт-шурт кетип, шумдук болобуз”, – дешкен. Бирок бир баштан тарс этип чыккан чечимге караганда, кеңештен, талашып-тартышылып чыккан чечим таттуу да, өтүмдүү да болорун эстен чыгарышкан.

Эми Эрдоган менен партиялаштары бийликтен кетпей, өздөрүн, үй-бүлөлөрүн, тегерегинде жыйылган “бешли чете” деп аталган олигархтарынын шайкасын кантип куткарып калам деген кандуу сценарийинин бири жөнүндо кеп салалы.

Бул сценарий тууралуу, элдин баарына түрк коопсуздук кызматы менен тыгыз байланышы бар экени маалым болгон журналист Фуат Угур, бул аптада жазып чыкты. Түркиянын MIT’ине (Улуттук чалгын кызматы) көчүгүн такап алып үргөн мындай журналисттер, бийликке каршы чыккан киши же топко Эрдогандын фанаттарын тукуруп, “түп-тамырыңар менен бирге кырып-жоготобуз” деп коркутса да, түрк укук-коргоо жана сот системасы алардын кылмыштарын көз жаздымда калтырып келет.

Бул Фуат Угур деген журналист, 2016-жылдын 15-июлундагы аскердик төңкөрүш аракети тууралуу, ал ишке ашардан бир нече ай мурун жазып чыккан. Эрдогандын “жездемден уктум” деген аскердик аракет жөнүндө анын кол-бала журналисти небак жазып, фанатик-дакансалардын кыжырын алдын ала кайрап баштаган.

Бул аптада кезектеги аскердик төнкөруш тууралуу Фуат Угур: “Өткөн 15-июлда келемиштер качты, бирок учурдагы капкандарга өзгөчө белектер коюлду”, – деп жазды. Чалгынчы-журналист мунусу менен, “MIT’тин шумпайлары, 2016-жылындай, өздөрү даярдаган аскердик төңкөрүшкө дагы бирилерин кылтакка түшүрүш үчүн шумдук провокацияларды даярдады” деп айткысы келип турат.

Фуат Угурдун макаласынан эмне деген натыйжаларды чыгарсак болот? Биринчиден, Эрдоган менен партиясы туңгуюкка кептелди. Экинчиден, оппозиция биригип, АКПнын алдыдагы шайлоодо утуп чыкчуу жолдорунун баарын тосту. Ошондуктан, дагы бир аскердик төңкөрүш театрын ойноп, бүт оппозицияны оптом капаска солоо планы да бар дегендик.

Түрк эксперттери: “Анкеталардын натыйжалары боюнча, жеңил утушка бара жаткан оппозициялык күчтөргө аскердик төнкөрүштүн эмне кереги бар? Бардык ЖМК, полис, прокуратура, сот колуңда туруп, аскердик төңкөрүштү кимдер кылаарын апачык билсең, эмнеге чара көрбөйсүң? Эмнени күтүп атасың?”, – деген суроолорду берип айраң-таң.

Жансакта Сарбашов