Түрк оппозициясы үч айдан кийин өтчү шайлоо боюнча орток билдирүү кылды. Анда батышка, демократияга жана адилеттүүлүккө кайтуу беренелери камтылган. Эрдоган менен жакындары тартып жана катып алган мал-мүлк менен каражат түрк жана эл аралык укук системасынын жардамы менен бюджетке кайтарылмакчы…
“Алтылык үстөл” атаккан түрк оппозициясынын лидерлери бул аптада көп убакыт коротуп, чогуу иштеп чыккан билдирүүсүн жарыялады. Анда ушул жылдын 14-майына чукталып жаткан президенттик жана парламенттик шайлоодо элдин көңүлүн бура алчу убадалар жазылган. Алар ишке ашса, учурдагы түрк президенти Тайып Эрдоган менен жакындарынын саясий-экономикалык мурасы талкаланмакчы.
Бул билдирүүнү анализдеген түрк эксперттери Тайып Эрдогандын оппозициясын алкап жатып калды. Анткени алты партиядан турган коалициянын мындай бирдиктүү, так жана багыттуу текстти жазып чыгуусу оор болчу. Бул текст партиялык кызыкчылыктарды аркага жылдырып, өлкө кайсыл багытта өнүгүшү керек экенин алты партия бирдей көргөнүн чагылдырган.
Билдирүүгө укуктук жана сот системасынан тартып, ачык-айкындык жана демократияга кантип кайтып келүү керектигин камтыган так, даана беренелер кирген. Эксперттер бул текстти пациенттин ооруларынын баарын аныктап, тиешелүү дарылар менен рецептти жазып чыккан докторлордун ишине салыштырган. Аркасынан жүргүзүлгөн сурамжылоолор бул орток билдирүү, окуган кишинин 88%на жакканын аныктаган.
Чындап келгенде, мындай биримдик жана тактык шайлоого чейин уланса, оппозиция кайсыл талапкер чыгарса да, ал Эрдоганды биринчи турда жеңип чыкчудай көрүнүп калды. Мындай көрсөткүч түрк шайлоочусунун лидер менен бирге, бийликти туура пайдалануу принциптерине да көбүрөк көңүл буруп калганын айкындап жатат дейт эксперттер.
Калктын көңүлүн орток билдирүүдөгү төмөнкү беренелер бурду:
- Мындан кийин президент бир жолу гана жети жылга шайланат. Жаңы шайланган президент, Эрдоган курдурган 1000 бөлмөлүү сарайда жашабайт, тактап айтканда, мурунку “Чанкая көшкүндөгү” имаратка кайтат.
- Эрдогандын учурунда Анкарада, жайлоо, көл жээгинде жана токойлордо салынган президенттик резиденциялар калктын керектөөсүнө берилет. Жүз миллион долларлык учактар менен автоунаалар сатылып, адардын ордуна өрт өчүрчү учактар алынмакчы.
- Президенттин мыйзам өкүмүндөгү токтомдорду чыгаруу укугу жокко чыгарылат. Мыйзам чыгаруу ыйгарым укугу парламентте гана болот.
- Америкалыктар менен бирге өндүрүүсү башталган жана, орустардын S-400 ракеталары алынганда, Түркия сыртка чыгарылган, АКШнын F-35 тез учак куруу долборуна кайра кайтуу ниети билдирилген. Сот системасын реформалоо менен бирге жоруганда, бул түрк оппозициясынын Шанхай биримдиги сыяктуу, өлгөнгө чейин жеке башкарууга эмес, батыш үлгүсүндөгү демократиялык системага ыктаары билинген.
- “Ата-Түрк” аба майданы кайра иштеп баштайт, 2-Стамбул каналын салуу долбору болсо жокко чыгарылат. Мындан Эрдоган жана жакындарынын Стамбул шаарынын жерин ит-бекер алып, миллондогон долларга кайра сатуу ниеттери таш капканын билсек болот.
- Коррупцияга байланышкан кылмыш иштери мөөнөтү өтүп кетти деп кыскартылбайт, алар боюнча кечирим берилбейт жана жемкорлордун сыртка алып чыгып кеткен миллиарддаган долларлары аныкталып, өлкөгө кайтарылат.
- Эрдогандын доорунда тартылып алынган мал-мүлк жана каражаттар сот аркылуу ээлерине кайтарылат. Мисалы, Акын Ипек деген ишкердин, “ФЕТӨ” деп аталган, бирок бар экени такыр аныкталбаган террордук тобуна катышкан деп тартылып алынган “Коза-Алтын” ишканасы менен алтын кендери боюнча Эрдогандын өкмөтүнө каршы Англияда ачтырган сот иши, бизнесмен тарапка чечилген. Мындай бир нече кылмыш иши ушинтип акыйкат тарапка чечилсе, Эрдоган менен партиялаштарына каршы сотторго миңдеген доо каттары жазылмакчы.
Жансакта Сарбашов