Адам баласы сыноо дүйнөсүндө жашап жаткан соң, сыноо катары ар түркүн кыйынчылыктарга, кесепеттерге кабылат. Ал кыйынчылыктардын бир бөлүгү бул жашоого тиешелүү болсо, бир бөлүгү динге тиешелүү болот. Бул жашоого тиешелүүлөр өзү эле айтып тургандай пенденин материалдык абалына, жашоодогу ордуна таасирин тийгизет. Ал эми динге тиешелүү болгондор болсо, пенденин руханиятын, диний турмушун аксатат. Адам уулуна анык коркунучтуу болгону ушул – динге келген кесепеттер.

     Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) дагы: وَلَا تَجْعَلْ مُصِيبَتَنَا فِي دِينِنَا    «Динибизге зыяны тие турган жамандыктарга жолуктурба бизди, оо Жараткан!» (Тирмизи, даават 84)? – деп дуба кылуу менен, Аллага баш калкалай турган негизги балээни көрсөтүп кеткен.

     Азирети Бедиуззаман болсо: Анык кесепет динге келген кесепет. Андан сактануу үчүн дайыма Аллага корголоп, жалбарып туруу керек” (Бедиуззаман, Лемалар, 13-бет)? – деген сөздөрү менен бул маселеге көңүл бурат.

     Турмуштук апааттар

     Турмуштук апааттардын бир бөлүгү пенденин жеке жашоосуна, дагы бир бөлүгү үй-бүлөлүк жашоосуна, бир бөлүгү болсо жалпы элдин жашоосуна таасирин тийгизет. Мисалы, кишинин иштеринин жүрүшпөөсү, же кандайдыр бир ооруга кабылуусу жеке инсандык апаат. Үйдөгү келишпестик, жубайлардын ыйкы-тыйкысы үй-бүлөгө келген апаат. Жер титирөө, сел, бороон-чапкын, ачарчылык, кургакчылык, жугуштуу оорулар сыяктуу элдин өзүнө, же мал-мүлкүнө зыянын тийгизген апааттар коомдук апаат болуп саналат. Булар жашоодо кандайдыр бир кыйынчылыктарга, жетишпестиктерге жеткиргени менен, сабыр кылып, ыраазы болуп кабыл алса кишинин күнөөлөрүн жууп, даражасын жогорулатат.

     Көктөн да, жерден да келген кырсыктардан сырткары, кайсы бир кишилердин колу аркылуу жеткен турмуштук апааттар да бар. Буга чейин адамзат канча жолу кан күйгөн согуштарга тартылып, канча жолу тирандардын зулумдугунан, эзүүсүнөн көзүнөн жаш ордуна кан агып, ар кандай азап менен тозокко туш болушкан. Азыр да дүйнөнүн жалпы абалын карай турган болсок, канчалаган эл укугу тебеленип боздоп жүргөнүн көрөсүңөр. Кээде өз араларынан чыккан заалымдардын ач көздүгү, өзүмчүлдүгү, кээде болсо эл аралык актерлор ойногон түркүн-түстүү оюндар канчалаган кишинин жашоосун тозокко айлантууда.

     Канчалаган кылымдар бою мамлекеттердин ортосундагы тең салмакты сактап, Ислам ааламын ар кандай коркунучтардан сактоо жаатында кудум мекен сакчыларындай милдет аткарган элдин бүгүн минтип баш-аягын таппай, дендароо абалга келип калышынан өткөн чоң апаат болобу? Кааласаңар муну улуттук апаат, же ата мекендик апаат дегиле. Албетте, жеке бир инсан дуушар болгон кичинекей кырсыктан, бүткүл эл дуушар болгон улуу апаатка чейинки жамандыктардын баары өз деңгээлине жараша мааниге ээ болот. Жалпысынан алганда, көпчүлүк жеке өзүнө тийген кесепеттерден таасирленгени менен, жан дүйнөсү терең инсандар көпчүлүктү кучагына алган кесепеттердин күйүтүн дал өзүнө тийгендей кабыл алат.

     Динге келген апааттар

     Түрү, тереңдиги жана таасир эткен аймагы канчалык чоң болбосун, турмуштук кесепеттер акыреттик кесепеттердин жанында аябай эле кичинекей болуп калат. Пенде чындап коркуп, чындап кача турган алаамат акырет жашоосуна таасирин тийгизе турган жана аны түбөлүк кайгыга сала турган апаат.

     Эмесе андай апааттарга эмнелер кирет? Ыймандын негиздеринде күмөнгө кабылуу, арам-адалга маани бербөө, ибадаттарга жеткиликтүү көңүл бурбоо, Алла менен байланыштын алсыз болуусу сыяктуу кесепеттер пенде кабыла турган өтө чоң апааттардан. Элдин Жараткан Алланы жетишерлик тааныбоосуна жана Андан алыс жашоосуна салыштырганда, бул жашоого тиешелүү кырсыктар, жамандыктар эмне болуп калыптыр.

     Элибиз Курандан, Сүннөттөн алыстап, кайдагы бир ишенимдерди, өзүбүздүн түшүнүккө такыр коошпогон идеологияларды тутунуп, түбөлүк жашоосун жогото турган агымдарга кирип жатканда, бул беш күндүк жашоого таандык материалдык кесепеттер кыпынга да арзыбас. Төбөсү көрүнгөн эле кишилердин эволюция теориясын туура көрүп, Куран менен Сүннөттүн эрежелерин чаташтыруусу, жеке напсине жетеленип, жеке ырахатын көздөп, же заманбап агымдардын жетегине кирип диний өкүмдөрдү өзгөртүүсү, өзүнүн баалуулуктарынан шектенүүсү жана өзүнөн-өзү басынып динин, намысын коргой албоосу диний жана акыреттик жашообузду кыйындата турган чоң апааттардан.

     Баарынан коркунучтуусу – динге зыянын тийгизген мындай кесепеттердин барган сайын кучак жайып таралуусу жана бүткүл мусулмандарды камтуусунда. Эсеби маселен, үй-бүлөлүк негиздерге доо кетип, мечиттер функциясын жоготуп, илим алуучу жайлар толугу менен материалисттик түшүнүктө болуп, көчөлөр болушунча булганат да, ал жерлерде өсүп чыккандар таптакыр динден алысташат, же анын маңызын түшүнбөй, сырткы белгилерин гана карманып жашап калышат. Алладан коркуу сезими жүрөктөрдөн таптакыр өчүп, кишилер кудум акырет жок сымал жашай башташат. Деизм, атеизм, агностизм сыяктуу агымдар жаштардын арасында кеңири таралат. «Динчил», «эскичил» жана «радикал» деген сыяктуу сөздөр менен кишилер Алладан жана пайгамбарынан алысташат. Мына ушунун баары динге келген кесепеттерден.

     Динге келген бул апааттар турмуштук кесепеттерге да себепкер болот. Анткени мындай учурда алдым-жуттумдук, талап-тоноочулук, уурулук, жемкорлук, уятсыздык коомдун бардык катмарына жайылат. Мамлекеттин казынасын көзөмөлдөгөн кишилер элдин акысын өзүн карай буруп, алардын эсебинен жашап баштайт. Элдин амандыгын, ар-намысын жана мал-мүлкүн коргоо милдетин алган башкаруучулар кайра ошол нерселерге коркунуч туудурат. Кишилер идеологиялар үчүн бири-бири менен кармашат. Коом өзүнөн өзү бузулуп, чирий баштайт. Динди, диндарлыкты кеп кылган кишилерге дароо эскичилдик тамгасы басылып, артта калгандай мамиле көрүп, ар кандай кысымдарга, зулумдуктарга кабылышат. 

     Динди алсыраткан апааттардын, жамандыктардын эң чоңдорунун бирин дагы эле ошол азирети Бедиуззаман «курттун көөдөнгө кирип кетүүсү» деп сүрөттөйт. Мына ошондо коомдун жан дүйнөсү анык апаатка кабылат. Себеби, бооруна кирип канын шимип, тамырларын соолуткан душман ага достой көрүнөт. Мунафыктар, эки жүздүүлөр силердин келбетиңерди кийип, араңардагы кишиге айланат. Маал-маалы менен силердей болуп жазат, силердей болуп жашайт, бирок, нары жагынан алдыңарга оңдурбай турган ор казат. Башыңарды айлантып, дениңерди магдыратып уктатат. Элдин сезимдерин, аялуу жерлерин байкап, ошого жараша иштеп жүрүп каалаган жагына имерет. Сүйлөгөн сөздөрү, жазган эмгектери менен элдин пикирине таасир этип, акты кара, караны ак кылып көргөзөт. Арам ойлоруна жетүү үчүн шайтандын да мээси жетпей турган жүрүштөрдү жасап, алар менен элдин маанайын чыңалтып, абалды курчутуп отуруп кагылышууга жеткирет. Өзүнө пайдасы жок болсо опол тоодой зулумдуктарга да, бирөөлөрдүн бей күнөө көз жашына көңүл бурушпайт. Ошол эле маалда, өздөрүнө керектүү пикирлерди коомго жеткирүү үчүн эң кичинекей маселелерди да тоодой кылып көтөрүп чыгып, тим эле кыямат кайым болуп кеткенсип дуулдатып жатып калышат. 

     Азирети Аюп (алейхиссалам) бүт денесин каптаган кеселге кабылганда:  أَنِّي مَسَّنِيَ الضُّرُّ وَأَنْتَ أَرْحَمُ الرَّاحِمِينَ  «Жараткан Алла, мен зыянга учурадым, сен болсо Архамур-Рахиминсиң» (Анбия сүрөсү, 21/83), – деген. Азирети Жунус (алейхиссалам) алп балык жутуп алганда: لاَ إِلَهَ إِلاَّ أَنْتَ سُبْحَانَكَ إِنِّي كُنْتُ مِنَ الظَّالِمِينَ  «Сенден башка жаратуучу Зат жок. Сен бардык кемчиликтерден аруусуң. Чынында мен өзүмө өзүм зулумдук кылдым, кечире гөр!» (Анбия сүрөсү, 21/87), – деп дуба кылат. 
Азирети Аюп менен азирети Жунус кабылган абалдын экөө тең мындай караганда бул жашоого таандык кырсык болуп, алардын бул жашоосуна коркунуч туудурган. Эгер бул жашоого таандык апааттарга да ушундай жалынып-жалбарып, дуба кылыш керек болсо, анда динге зыян келтире турган жамандыктарга күн-түн дебей Аллага жалынып, маңдайыбызды жерден албай ичибизден кан өткүчө Жаратканга дуба кылып, тиленишибиз керек. 

     Динге зыянын тийгизген апааттар улуу инсандардын аракети, дипломатиялык жолдор, кыраакылык, каалоо, эрк менен эле чечилип кетиши кыйын. Бул маселеде Жараткан Алладан жардам тилөө жана кулчулукту ылайыктуу орундатуу зарыл. Эгер мусулмандардын Жараткан менен байланышы алсыз болсо, Пайгамбарыбыздын жолунда болушпаса, анда Алла Таала аларды душмандардын күчтүүлүгү, кудурети менен эмес, өздөрүнүн алсыздыгы менен жеңилүүгө дуушар кылат. Керек болсо чымындын да чабуулуна туруштук бере албай чөгөлөп беришет. А эгер Алла менен байланыштары күчтүү болсо, Алла аларды Өзү менен бирге душмандарга жем кылбайт.

     Динге келген апааттарга карата кылдаттык

     Кандай дегенибиз менен, диний апааттар жаатында жеткиликтүү кылдат болбой келебиз. Ал тургай мунун кандай чоң кемчилик экенине да маани бербейбиз. Исламдын абалын ойлоп санаа тартпайбыз, күйүткө түшпөйбүз. Бул жагынан жакшылап ойлонуп, реабилитациядан өтүүгө муктажбыз. Эмнелердин маанилүү, эмнелердин маанисиз экенин баалоо жаатында элибиз олуттуу окууга муктаж. Ыймандын маанилүүлүгүн дагы бир жолу элдин жан дүйнөсүнө жеткирип, ыймансыздыктын кишини кандай жоготууларга учуратарын жеткирүү зарыл. Отурсак да, турсак да ушул маселелер тууралуу сүйлөшөлү. Бейиш менен тозок деген оңой жерлер эмес экенин, Алладан алыс болуунун жашоону кандай азапка айлантарын, Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жолунан чыгуунун кандай чоң адашууга алып барарын элге бекемдеп түшүндүрүү керек.

     Тилекке каршы, мусулмандар акыркы бир канча кылымдан бери дин жагынан арты-артынан кесепеттерге, апааттарга дуушар болуп турса да муну байкашкан жок. Өтө жеңил, караңгы элге айландык. Элге насаат айткандар да башкалардан айрымасы жок, алардын өздөрү деле караңгылыкта. Ыймандын кадырын, баасын эч ким билбейт. Жалпы мусулман дүйнөсү башыбызга түшкөн апааттарды байкабай келебиз. Башкалардын ыйманы тууралуу ойлонбогонубуздай эле, өз ыйманыбызды да ойлобойбуз. Мен ушул күнгө чейин маңдайын жерге коюп: “Аллахым, Сенин мээримиңе сыйынайын, Сенин жолуңа садага чабылайын, элүү жолу жанымды алсаң да, ыйманыбыздан бир күкүмчө ажырата көрбө!” – деп жалбарган бир киши көргөн жокмун. Динибизге тийген кесепеттерден улам кайгы-касырет тарткан бир мусулман көрбөдүм. Кана канчабыз миражга чыгып жаткандай намаз окуйбуз? Канчабыз элден оолак болгон учурларын тафаккур менен өткөрүүдө? Канчабыздын көз карашында, ой жүгүртүүсүндө, сүйлөгөн сөзүндө улуу маанилер бар?

     Ушул жерден да көрүнүп тургандай, биз диний маселелерге андай деле маани бербейбиз. Карманган баалуулуктарыбызга толугу менен ишенбейбиз. Болбосо, канчалаган сахабалар мен мунафык эмесминби деп санаа тартып, салафи уламаларынан канчасы ыймансыз өлүп кетпесем экен деп коркчу. Эгер биз күнүмдүк маселелерге кекиртегибизден малынып, аң-сезимибизди булгап, убактыбызды ушак-айың, оюн-күлкү менен өткөрө берсек, анда бир күнү өзүбүзгө таандык маселелерге, өзүбүзгө таандык баалуулуктарга кантип чоочун болуп калганыбызды байкабай да калабыз. Динибизге тийип жаткан кесепеттерди көрбөй, бул жааттагы кылдаттыгыбызды жоготобуз. Башкаларды ыйман жолуна салганды мындай кой, Ислам ааламынын күйүтүн тартып, өзүбүздүн акыреттик жашообузду жана түбөлүк бактыбызды ойлонууга да чамабыз жетпей калат.

     Ошондуктан кайра-кайра силкинип өзүбүзгө келип, өз жолубузду табууга мажбурбуз. Жок эле дегенде кылган иши ыйманга негизделген жолдо жүргөндөр бул жаатта алда канча кылдат болсун. Эгер дайыма ыйман издегенибиз менен, ошол издегенибиздин ондон бирин да таба албай жатсак, анда башкаларга айткыдай көп деле кебибиз жок экени ошол. Эгер алган илимибиз, окуган китептерибиз жүрөгүбүздө бир толкундануу пайда кылып, ыйман акыйкаттарын ойготпосо, анда алардан эч кандай пайда жок. Бизге өзүмчүлдүктү жугузган, эгобузду көбүрткөн, ар кайсы жерде керсейип жүрүү сезимибизди козгогон, демагогияга, билимдүү көрүнгөнгө түрткөн илим түшүнүгү да, китептер да жердин жети катар түбүнө кирсин!

     Жаш кезинде көздөгөн мүдөөсүнө бекем байланган кишилерде да кээде белгилүү бир жаштан кийин бошоңдоо, алсыроо башталат. Жоопкерчилик, милдеткерлик түшүнүгү менен жашаган, материалдык жана моралдык акы күтпөгөн кишилерди Алла Таала ийгиликке жеткирет. Бирок, жаштын өтүүсү менен иштин маанисинен, өзөгүнөн алыстап, мурункудай кылдаттык, жигердүүлүк болбой калат. Мындай чаалыккан кишилер менен андай деле чоң ийгилик жаратууга болбой турганы да чындык. 

     Буларды айтуу менен силерди үмүтсүздүккө кабылткым келбейт. Бирок, өзүбүздү бир сыйра карап чыгуу өтө зарыл, кайдыгер кароого болбой турган маанилүү маселе.


Бул макала Мухаммад Фетхуллах Гүлендин 2008-жылдын 27-мартындагы баянынан алынды.

Которгон: Насыпбек Асанбаев