Суроо: Хадисте: آفَةُ الدِّینِ ثَلاَثَةٌ: فَقِیهٌ فَاجِرٌ وَاِمَامٌ جَائِرٌ وَمُجْتَهِدٌ جَاهِلٌ “Диндин апааты үчөө. Алар күнөөкөр факих (фыкх аалымы), заалым башчы жана түркөй мужтахид” (Али ал-Муттаки, Канзул Уммал, 10/183), – деп айтылат. Бул үч түрдүү кишини дин үчүн оор жоготуу кылган өзгөчөлүктөр эмнелер?

     Жооп: Ибн Аббастан риваят кылынган бул сөз хадис критерийлери жагынан сынга кабылганы менен, маанисинин тереңдигинде шек жок. Эмесе дин үчүн балээ, жоготуу экени айтылган бул үч топту катары менен жакындан таанууга аракет кылалы:

     Күнөөкөр факих

     Булардын биринчиси – фажир (күнөөкөр) факих. Фажир − эч кебелип койбой күнөө кылган кишини билдирет. Куран менен сүннөттү изилдеген, бул эки ыйык булактан өкүмдөрдү чыгарган, бирок өзүнүн жашоосу бузулган кишини ойлоп көргүлөчү. Андай киши түз жолдо жүрө албайт, дин арам кылган кээ бир иштерди кылат, күнөөгө батат. Мисалы, адалдан таап жатабы, арамдан таап жатабы, маани бербейт. Колун, тилин тыйбайт, напсисин эрчийт. Демек анын илиминен өзүнө пайда жок. Кураны Карим мындайларды китеп жүктөлгөн эшекке салыштырат. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) бир дубасында пайдасы тийбеген илимден сактоону Алладан тилейт. Дагы бир хадисте: “Илиминин тереңдеши менен дүнүйөдөн көңүлү суубаган киши Алладан гана алыстайт, башка натыйжа болбойт”, – деп айтылган. (Ад-Дайлами, Фирдаус 3/602)

     Мындай кишилердин кылган күнөөлөрү жеке өздөрү менен гана чектелип калбайт. Анткени башкалар ага көңүл буруп, сөзүнө кулак төшөп, кылган иштеринен үлгү алышат. Диний суроолоруна жооп берген, көйгөйлөрүн чечкен аалымдын бузуку жолдордо жүрүшү көптөгөн кишинин руханиятын солгундатат. Куран менен сүннөттү билген, ар дайым диний маселелер менен алек болгон кишинин жолдон чыкканы көпчүлүктү адаштырат. Айрыкча, мындай киши берген өкүмдөрүндө “Алланы” эмес, “напсисин” эрчисе, анда иш таптакыр чатак дегендик. “Паракорлук уурулук эмес” десе, башкалар “Бизге уурулуктун жолу ачылды” деп ойлошу мүмкүн. Эгер аалым көрүнгөн киши паракорлукту башкача көрсөтсө, эл паракорлукка маани бербей, бардык иштер паракорлук менен жүрө баштайт.  

     Мына ошондуктан ой-пикирлери, изденүүлөрү менен коомго багыт көрсөткөн дин аалымдарынын жоопкерчилиги өтө чоң. Көпчүлүк эл аларды карап жолун, багытын белгилейт. Алардын жолдон чыгышы өздөрү менен гана чектелип калбай, айлана-чөйрөсүнө да жайылат. Алардын кулашы катардагы бирөөнүн кулаганындай эмес. Алар сүйлөгөн сөзүндө, же кыймыл-аракетинде адашса, коомду да жолдон чыгарат. Мына ушул себептен алардын катачылыктарынын коомго тийгизген терс таасири кээде шайтандын азгырыктарынан да ашып түшүшү мүмкүн. Анткени шайтан сол жактан келип пендени жамандыкка түртөт. Эгер пенде напсисин эрчибесе, шайтандын азгырыгынан аман калышы мүмкүн. Ал эми дин кармангандай көрүнүп, оозунан аят, хадис түшпөгөн кишилердин абалы мындай эмес. Себеби, башкалар алардын сөздөрүнө кулак салат. Ушундан улам алардын бир аз жолдон чыгышы, же кетенчиктөөсү да элге чоң таасирин тийгизет. Мисалы, айткан сөзү менен кылган иши бир болбогон, диндин буйруктарына кайдыгер мамиле жасаган аалым башкалардын динге болгон ишенимине бүлүк салат. Динди саясий максаттарына курал кылып алган, динди өз кызыкчылыгына колдонгон диний кызматкердин динге келтирген зыяны катардагы кишинин зыянындай болбойт. Мына ушулардын баарын эске алганда, эмне үчүн хадистин эң башында күнөөкөр факих диндин апааты катары айтылганын жакшы түшүнөбүз. Менимче алар акыретте адаштырган, жолдон чыгарган кишилеринин алдында жүрөт жана дайыма уятынан жер карап жүрүшөт.  

     Заалым башчылар

     Хадисте айтылган экинчи топ − заалым башчылар. Башчы деген сөз менен бир уюмдун, ишкананын башчысынан тартып, мамлекет башындагы кишилерге чейин айтабыз. Албетте, темабызга байланыштуу, оболу мамлекет башында тургандар ойго келет. 

     Адилеттүү башчылардын Алланын алдындагы даражасы канчалык улуу болсо, кызмат ордун башкаларга зордук-зомбулук көрсөтүү үчүн колдонгон заалым башчылардын да Алланын алдындагы орду ошончолук төмөн. Маалым болгондой, арштын көлөкөсүндө көлөкөлөй турган жети түрдүү кишилер аталганда, алардын сап башында адилеттүү башчылар турганы айтылат. Арпачалык арам жебеген, жарым сөз жалган айтпаган, бирөөнүн бир тыйын акысына кол салбаган, башкаларга жедирбеген, бирөөнүн ар-намысы менен ойнобогон башчылар акыретте улуу пайгамбарлардын артынан орун алат. 

     Мунун тескерисинче, кол алдындагыларга зулумдук кылган башчылар, хадисте айтылгандай, адамзат жана коом үчүн апаат болуп саналат. Эгер бир өлкөнү башкарган башчылар элди эзип, сыздатып, адилетсиздик кылып жаткан болсо, ал коомдун башы балээге малынганы ошол. Айрыкча, бийликтен көзү тумандап, өзү үчүн кооптуу деп ойлогон атаандаштарды жок кылуу үчүн шайтан да уяла турган айла-амалдарды кылып, аларга жалган жалааларды жабуу, ар кандай күнөөлөрдү жабыштырып аларды жазалоо, ар кандай жаман жолдор менен жетим-жесирдин акысын жеш сыяктуу иштер өтө чоң апаат болуп, мындай апаатка туш болгон коомдун кайрадан бутуна туруп өзүнө келиши өтө кыйын.  

     Акысын жеген кишилердин баарынын ыраазылыгын алмайынча, жүздөгөн ийгиликтерге жетсе да мындай заалым башчылардын бейишке кириши мүмкүн эмес. Зордук-зомбулукту таштамайынча жана зомбулук көрсөткөн кишилердин ыраазылыгын алмайынча Алланын азабынан жана каарынан кутула албайт. Акыретте арштын көлөкөсүндө отуруу сыяктуу зор насипке жеткен, туу чокуларга чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон кишинин элине кылган зулумдугу менен тозоктун түбүн карай кулашы кандай гана бактысыздык. 

     Күнөөкөр факих менен заалым башчынын катарлаша айтылганы да маанилүү. Анткени факихтери туура жолдон тайган өлкөнүн башчылары да зордук-зомбулуктун жолуна түшөт. Күнөөкөр факихтер сарайдын фатвачылыгын кыла баштаганда, айткан пикирлери, берген фатвалары менен башчыларды да таң калтырып, жолдон адаштырат. Диний далилдердин ойронун чыгаруу менен башчылардын колуна укмуштуудай көзүрлөрдү, укмуштуудай мүмкүнчүлүктөрдү бергендиктен, канчалаган карөзгөйлүктөр, канчалаган ыпластыктар динди жамынып жасалат. Дин кызматкерлерине таянган заалым башчылар зордук-зомбулугун да диний ураан менен кылып, миң бир түрдүү арам иштерди жасап жатса да өздөрүнүкүн туура деп санагандан жана туура деп көрсөткөндөн кайра тартышпайт. 

     Түркөй мужтахиддер

     Хадистин аягында сабатсыз мужтахиддер тууралуу айтылат. Алар Куран менен сүннөттү терең түшүнбөгөн, бул эки булакка тереңдеп кире албаган, пайгамбар менен сахабалардын жолунун маани-маңызын, философиясын билбеген, бирок ошого карабай өкүм чыгарууга аракет кылган кишилер. Учурубузда мындайлардын катары арбын экени өкүндүрөт. Андай аалымсөрөйлөр кадам сайын бутка чалынат. Айрыкча алардын бир тобу Абу Ханифаны, Имам Маликти, Имам Шафини, Ахмад бин Ханбалды жактырбай турганчалык өздөрүнө ишенип алган. Жакшылап караганда, алардын көбү Куран менен сүннөт жаатында сабатсыз экенин көрөсүз. Ал эми Куран менен сүннөт диндин пайдубалы. Куранды алдына жайылган картадай көрө албаган, андагы буйруктарды чечмелеп, жашоодо пайдаланууда жол көрсөткөн сүннөттү терең аңдай албаган кишинин чыгарган өкүмү кабыл алынбайт. 

     Бирок бул бүгүнкү күнү мужтахиддик деңгээлге жеткен, өкүм чыгарууга жарамдуу аалымдар чыкпайт дегендик эмес. Изденип өкүм чыгаруу адистикти талап кылат. Кенен, жеткиликтүү маалыматка ээ болгон киши гана мужтахид болушу мүмкүн. Бирок анын оңой-олтоң иш эмес экенин да унутпаш керек. Абу Ханифа, Имам Малик, Суфянус Саври сыяктуу инсандар бул ишке бүткүл өмүрүн арнап, эртеден кечке чейин илим менен алек болгон жана тынымсыз диний маселелерди талкуулап талдашкан. Мужтахиддик мына ошолор сыяктуу негизги (аслий) жана кошумча (фаръи) булактары менен динди өтө жакшы билген аалымдар гана өтөсүнө чыга алчу олуттуу иш, оор жоопкерчилик. Сабатсыз, түркөй кишилердин иши эмес. Бирок, чала сабаттар диндин атынан өкүм чыгарып, Алланын атынан сүйлөй берет. Ошондуктан алардын кетирген катачылыктары бүткүл жашоосуна, бул жашоосуна да, акырет жашоосуна да өтө чоң зыян келтирет. Ушундан улам бир коомдо чыныгы мужтахиддердин ордун аалымсөрөйлөрдүн ээлеши, дин жаатындагы эң чоң балээлердин бири.  

     Жаман аалымдар

     Хадисте айтылган бузуку факихтер менен түркөй мужтахиддерди жаман аалымдар деп атоого болот. Алар жамандыктан арыла албаган аалымдар. Негизи эле илимине амал кылбаган кишини чыныгы аалым деп айтууга болбостугун айта кетейин. Куранда айтылгандай, аалым деген коркконунан титиреген, жүрөгүн тынымсыз санаа баскан киши. Пенде илимде кандай даражага жетсе да, билгендерин аткарбаса, үйрөнгөнүн дин жаатында иш жүзүнө ашырбаса, бул маалыматтар ал үчүн жүрөгүн, дилин жана мээсин чарчаткандан башка эч нерсе эмес. Мындай киши элдин көзүнө аалым көрүнсө да, диндин назарында түркөй бойдон кала берет. 

     Кураны Карим бизге Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) аркылуу: رَّبِّ زِدْنِي عِلْمًا “Оо, Эгем, илимимди арттыр!” (Тааха, 20/114), – деген дубаны сунуштоо менен илимге, илимибиздин артышы үчүн ар күнү жаңы нерселерди үйрөнүүгө чакырат. Башка бир аятта Алладан эң катуу корккон инсандар аалымдар экенин кабар берет.(Фаатир, 35/28) Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) аалымдарды “пайгамбарлардын мураскорлору” деп айткан. (Абу Дауд, Илим 1; Тирмизи, Илим 19)

     Мындан сырткары, Куран менен сүннөттө илимдин маанилүүлүгү, аалымдардын улуулугу тууралуу көптөгөн далилдер бар. Анткени аалымдар кудум чолпон жылдыздай калайык-калкка жол көрсөтөт. Эл аларды карап кайсы жол менен барса бейишке жетерин билет. Ошондуктан алар сүйлөгөн сөзү, кылган иши менен жамандыктын жолун тандаса, өздөрү менен бирге жоон топту да тозоктун жолуна салат. Алардын кареги менен тең айланган, айткан сөзүн көөдөнүнө бек түйүп, жасаган кыймыл-аракетинен өрнөк алган көп сандагы кишилер болгондуктан, аалымдын ар бир катасы, ар бир жамандыгы ондогон, жүздөгөн, миңдеген кишинин убалына калат. Бул адаштыруу пенденин ээлеген ордуна жараша өзгөрөт. Бир мечиттин имамынын жолдон чыгышы менен, бир аймактын имам хатибинин жолдон чыгышы бирдей болбогондой эле, бир имам хатиб менен бир муфтийдин жолдон чыгышы да бирдей болбойт. Ушул жагынан алганда, ар кимдин убалы − анын таасир эткен аймагынын кеңдигине жараша болот. 

     Кыскасы, илим жакшылык жолунда колдонулса инсанды бийиктикке чыгарган тепкичке айлангандай эле, жаман жакка колдонулганда ошончолук туңгуюкка кулатат. Аалымдын милдети − Алла Таала насип кылган илим-билимди туура жолдо колдонуу. Мындай киши ар маселеде туура жол менен жүрүп, ээ болгон маалыматтарын жакшы иштер менен айкалыштырышы керек. Алла Таала берген илимди жаман жакка колдонгондор акыретте өз күнөөлөрү менен бирге, адаштырган жана алдаган кишилердин да күнөөлөрүн артынган абалда Алланын алдына барат. Алла Таала мындай акыбеттен баарыбызды сактасын.  


Бул макала Мухаммад Фетхуллах Гүлендин 2014-жылдын 19-сентябрындагы баянынан алынды.

Которгон: Канат Аманбаев

Редакциялаган: Насыпбек Асанбаев