Саресеп
Исламский мир

АРНАГАНДАР ЖАНА БЕРИЛГЕНДЕР

  Суроо: Куранда айтылган “раббаний” деген сөздүн мааниси кандай? Раббанийлер кимдер жана алар кандай сапаттарга ээ? 

     Жооп: Сөздүктө “аалым”, “Жараткан Эгесине кызмат кылган дин адамы” деген маанини билдирген раббанийге тафсирде Алланы тааныган, даанышман жана илим менен жабдылган акыйкат каарманы деген аныктамалар берилет. Дагы бир аз кененирээк түшүндүрө турган болсок, Раббаний − Алланын ыраазычылыгын көздөп, метафизикалык ойлорго жана руханиятка ачык жашаган, айбандык жана материалдык жагын таштап, жүрөк менен рух жашоосунда саякаттаган акыйкат каарманы деп айтууга болот. Суфизмдеги сайр иллаллах, сайр филлах, сайр мааллах, сайр аниллах сыяктуу түшүнүктөр да муну кандайдыр бир түрдө билдирет. Б.а., раббаний – өзү ишенген иши үчүн напси жана каалоолорунан баш тарткан, бүт нерсени Алланын эсептерине жана мерчемдерине байланыштырган, Аллага баш ийүүнүн маңызын түшүнгөн жана жашоосун ошого ылайык жөнгө салган момун. 

     Ооба, бул жагынан алганда раббаний Жараткан Эгесине берилген чыныгы мусулман пенде гана эмес, ошол максатка жетүү жолунда башкаларды туура жолго салган кемчиликсиз жол көрсөтүүчү. Ал адам болуп жаратылган “потенциалдуу адамдарды” Улуу Алланын Тарбиячылык жагын эсепке алуу менен, чыныгы инсанга айлантууга умтулган жол башчы. Ошондуктан Аллага жакын пенделерди, чыныгы тарбиячыларды жана жол көрсөтүүчүлөрдү раббаний деп аташат. Имам Раббанийдин раббаний деп аталганынын себеби мына ушунда. Мындай айтканда, ааламда жүрүп турган мыйзамдардын негизинде иш алып барган, адамдарды жашоого үйрөткөн, бул жашоодо пенденин бейпил жүрүшүнө, табиятка назар салышына, жаратылыш китебин окушуна жана аны менен көздөгөн максатка жетишине шарт түзгөн мугалимдер.  

     Раббаний сөзү Курандын үч аятында айтылган. Маида сүрөсүнүн 44 жана 63-аяттарында ахли китаптын раббанийлери жөнүндө сөз болот. Аал-и Имран сүрөсүнүн экинчи аяты болсо бардык пайгамбарлар өз маектештерин раббанийликке чакырганы айтылат:
مَا كَانَ لِبَشَرٍ أَنْ يُؤْتِيَهُ اللهُ الْكِتَابَ وَالْحُكْمَ وَالنُّبُوَّةَ ثُمَّ يَقُولَ لِلنَّاسِ كُونُوا عِبَادًا لِي مِنْ دُونِ اللهِ وَلَكِنْ كُونُوا رَبَّانِيِّينَ بِمَا كُنْتُمْ تُعَلِّمُونَ الْكِتَابَ وَبِمَا كُنْتُمْ تَدْرُسُونَ
“Алла Таала бир кишиге китеп, даанышмандык жана пайгамбарлык берсе, анда ал адамдарга: “Аллага эмес, мага кулдук кылгыла” дегенге акысы жок. Бирок ал башкаларга: “Үйрөтүп аткан жана үйрөнүп жаткан китепке жараша Жаратканга берилген пенделерден болгула” дейт”. (Аали Имран, 3/79)

     Ар бир киши жөндөмүнө жараша раббаний боло алат жана өзүнүн адамдык бийиктигине көтөрүлө алат. Бирок, бул үчүн кээ бир руханий системаларын кыймылга келтириши, сезимдерин козгошу, материалдык нерседен алысташы, Алланын ыраазылыгын өз каалоосунан жогору коюп, бүт жашоосун Алланын эсебине ылайык мерчемдеши керек. 

     Напсиси, күчтүү дымагы, арзуулары жана шайтан сымал түбөлүктүү каршылашы бар пенденин раббаний болушу оңой эмес, олуттуу күрөштү талап кылат. Мындай жолго түшкөн адам Алла Таала менен мамилесин абдан бекем тутушу керек. Өз ойлору жана өзүнүн эсептери ишке аралашаар замат аларды талкалап жоюп салууну билиши керек. Нафил намаз окуп жатат дейли. Эгер ага Алланы ойлогондон башка нерсе тоскоол болсо, намазды токтотуп, бөлмөсүнө кирип, оюн бир жерге топтогондон кийин кайра башташы абзел. Парздар үчүн муну айта албайбыз. Анткени бул учурда аны жеңүү мүмкүн эмес. Ал эми раббаний болууну каалаган киши Аллага жакындата турган бардык иштеринде ыкыластуу болууга, чын дили менен Аллага берилүүгө милдеттүү.

     Куран Каримде раббанийге окшогон “риббий” деген сөз бар: وَكَأَيِّنْ مِنْ نَبِيٍّ قَاتَلَ مَعَهُ رِبِّيُّونَ كَثِيرٌ فَمَا وَهَنُوا لِمَا أَصَابَهُمْ فِي سَبِيلِ اللهِ وَمَا ضَعُفُوا وَمَا اسْتَكَانُوا وَاللَّهُ يُحِبُّ الصَّابِرِينَ “Нечендеген пайгамбарлар менен бирге өздөрүн Жаратканга арнагандар да согушуп келишкен. Алар Алла жолунда тарткан кыйынчылыктан тайсалдаган эмес, эч алсыраган эмес жана душманга баш ийген да эмес. Алла ушундай сабырдууларды сүйөт” (Аалу Имран, 3/146)

     Тафсирди караганыбызда, «рибби» сөзүнө, анын келип чыгышына байланыштуу негизинен эки башка маани берилгени байкалат. Биринчиси, чоң топтор, экинчиси – Кудайга берилгендер. Бул экинчи маанидеги рибби сөзү раббани сөзүнө окшош. Кээ бир тафсирчилер бул экөөнүн ортосунда төмөнкүдөй айырма бар экенин айтышат: 
«Риббий деп Алланын жолуна берилген кишилердин баарына айтылат. Ал эми раббани деген жол көрсөтүүчү сыпаты бар кишилер”.

     Демек, рибби да өзүн Алланын динин жаюу жолуна арнаган, Алланын атын бүткүл дүйнөгө жар салуу үчүн талбай чуркаган, диндин жакшылыктарын бүтүндөй адамзатка жеткирүүгө аракет кылган жана бул жолдо жолуккан ар кандай кыйынчылыкка сабырдуулук менен чыдаган азамат.

     Аятта Алла жолунда жанын аябагандардын жолунан кездеше турган кыйынчылыктардан, балээлерден коркпой турганы, алсыздык көрсөтпөшү, душмандарына ийилбей турганы билдирилген. Анткени, алар басып өткөн жолдун кыйынчылыгын билип, бул кыйынчылыктарга каршы турууга убада беришкен жана келишим түзүшкөн. Алар өмүр бою ушул убадаларын бек кармап жашашат. Туу туткан акыйкаттарын элге жаюу кызматында башына келген кыйынчылыктардын жүзүнө күлө карап тосуп алышат. Кыйынчылыктарга кабылганда карбаластабай токтоо болушат. Эч качан: “Биз мындай абалдан качан чыгабыз?” – деп кайгырышпайт. Баштарынан өткөргөн кыйынчылыктардын алдында алардын оозунан эң көп: إِنَّمَا أَشْكُو بَثِّي وَحُزْنِي إِلَى اللهِ “(Якуб): “Мен өзүмдүн кайгымды да, ыйымды да Аллага гана тапшырдым” (Юсуф, 12/86), – деген сөздөр чыгат.

     Ооба, Аллага ыйман келтирген киши Анын алдында гана сажда жана руку кылат жана Анын алдында гана жүзүн жерге тийгизет. Бул даражага жеткен момундун башкаларга кул болуп, алардын алдында ийилип, моюн сунуп, көз каранды болуп жашоого макул болушу ойго да келбейт. Бедиуззаман Саид Нурсидей: “Нансыз жашай алам, эркиндиксиз жашай албайм!” – дейт. (Бедиуззаман, Эмирдаг лахикалары, 159-бет) Эч бир нерсе үчүн өз эркиндигин курмандыкка чалбайт, Алладан башка эч кимден жардам сурабайт, колдоо күтпөйт.

     Риббийлер жөнүндө баяндалган аяттын аягында Алла Таала сабырдуулар менен бирге экени айтылат. Эгер Алла силер менен болсо, анда Ал силерди эч качан таштап салып жок кылбастыгын жакшы билгиле. Бул жерде Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) кордукка кабылганда ыйлаган кызын сооротуу үчүн айткан: “Ыйлаба, чүрпөм! Алла атаңды таптап койбойт” (Аль-Хаким, аль-Мустадрак 3/169), – деген сөздү эстесеңер болот.

Кийинки аятта мындай деп айтылат:
وَمَا كَانَ قَوْلَهُمْ إِلاَّ أَنْ قَالُوا رَبَّنَا اغْفِرْ لَنَا ذُنُوبَنَا وَإِسْرَافَنَا فِي أَمْرِنَا وَثَبِّتْ أَقْدَامَنَا وَانْصُرْنَا عَلَى الْقَوْمِ الْكَافِرِينَ “Алар мындай деп гана айтышкан: “Оо, биздин Эгебиз! Күнөөлөрүбүздү жана иштерибиздеги өөдө-төмөндүктөрдү кечир! Кадамдарыбызды туура жолдо бекем кыл жана каапырлар коомуна каршы бизге жардам бер” (Аалу Имран, 2/147)

     Бул эки аятта Аллага берилген адамдын прототиби сүрөттөлгөн. Ошентип, алардын эмнени ойлоп, эмнени айтып жатканын, өздөрүн кандай кабыл алышканын, Алла Таалага кандай көңүл буруп, кыйынчылыктарга кандай туруштук бергенин көрөбүз. Бул сүрөттөөнүн негизинде позициябызды аныктай алабыз, өлчөп, таразалайбыз, турган жерибиз менен турушубуз керек болгон жердин ортосундагы айырманы көрө алабыз жана Алла жолуна берилип-берилбегенибизди түшүнөбүз. 

     Раббанийлик менен берилгендик бир акыйкаттын эки бети сымал бири-бири менен абдан тыгыз байланышта. Раббанийлик руханий тереңдикти, жүрөктүн Алла менен байланышын билдирсе, риббийлик көбүнесе сырткы байланышты, Алланын атын дүйнөгө жар салуу аракетин билдирет. Раббани болмоюнча толук берилген пенде боло албайсыңар. Эгер толук бериле албасаңар, анда раббанийлик жолунда талап кылынган көрсөткүчтү жана туруктуулукту көрсөтө албайсыңар. Биринин кемчилиги экинчисине таасирин тийгизет. Кандайдыр бир деңгээлде Алланын жолуна берилип, кандайдыр бир деңгээлде алга жылгандырсыңар, бирок, Алланын ыраазылычылыгына толук көңүл бура албасаңар, динди жаюу маселесинде да кемчиликтериңер болот.

     Кыскасы, момундун милдети − бир жагынан руханиятка толугу менен берилип, сезимдерин Алланын жолуна багытташы, экинчи жагынан диний аброюн эч нерсеге курмандыкка чалбашы, бул жаатта ар дайым ыкыластуулук менен аракет кылышы. Анткени, Алла Тааланын ыраазылыгына жетүү жана Жараткан Эгебиздин Нур Жамалын көрүү, ага алып барчу жолдун талаптарын толук орундатышына байланыштуу болот. 


Бул макала Мухаммад Фетхуллах Гүлендин 2008-жылдын 25-апрелиндеги баянынан алынды.

Которгон: Канат Аманбаев

Редакциялаган: Насыпбек Асанбаев  

Related posts

ЗУЛУМДУККА КАРШЫ КҮРӨШ

Эсен Ырыскелди
4 месяца ago

ДҮЙНӨГӨ ТЫНЧТЫК ОРНОТКОН ЭКИ ООЗ СӨЗ

Эсен Ырыскелди
6 месяцев ago

Түркия: Шайлоо алдындагы акыркы божомолдор

Эсен Ырыскелди
2 года ago
Exit mobile version