Суроо: Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) ар кандай жолдор менен өзүнө салам-салават айтууга үндөөсүн кандай түшүнсөк болот жана анын бул буйругун кандай орундатышыбыз керек? 

     Жооп: Суроодо айтылгандай, Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам)  бир нече хадисинде өзүнө салам жана салават айтууга буюрган. Мисалы бир жерде «Кыямат күнү мага адамдардын ичинен эң жакын болгону – мага  эң көп салам жана салават айтканы», – деген. (Тирмизий, Витр) Башка хадисинде болсо, өзүнүн аты аталган жерде салават айтпагандарды «сараңдар» деп атаган. (Тирмизий, Даъват 101)

     Кээ бир хадистерде салават кандай айтылары үйрөтүлөт. Мисалы, азан окулуп бүткөн соң:
 اللّهُمّ رَبَّ هَذِهِ الدَّعْوَةِ التَّامَّةِ، وَالصَّلاَةِ القَائِمَةِ آتِ مُحَمَّدًا 
الوَسِيلَةَ وَالفَضِيلَةَ، وَابْعَثْهُ مَقَامًا مَحْمُودًا الَّذِي وَعَدْتَهُ 
«Оо бул кемтиксиз чакырыктын жана окула турган намаздын Эгеси! Азирети Мухаммеддин (саллаллаху алейхи васаллам) бейиштеги даражасын көтөрүп, ага артыкчылык насип эт. Аны өзүнө убада кылганыңдай “макаму махмуд, – болгон улуу даражага жеткир», – деген сыяктуу дубаны айта жүргөн киши Пайгамбарыбыздын шапаатына ээ болорун баса белгилейт. (Бухарий,  Азан-8) 

     Салават айтуу аркылуу биз тилек кылган жана Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) убада кылынган улуу даража Исра сүрөсүндө (17/79) баяндалган. Алланын Элчиси бул даража шапаат кылуучу даража экенин да айтып кеткен. (Бухарий, Таухид-24; Тирмизий, Тафсирул-Куран, Исра сүрөсү)

     Негизи бизди салават айтууга үндөө менен Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) акыретте үммөтүнө жана бардык адамзатка кол сунуп, жардам кылууну каалап жатат. Андыктан бул жерде да өзүн эмес, үммөтүн, жалпы эле адамзатты ойлоп, алардын бактысы үчүн аракет кылып жатканын көрүүгө болот. 

     Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) буга окшогон хадистери менен акыретте ага жакын болуубузду каалап, өзүнө көрсөтүлчү сый-урматтан биздин да үлүш алып калуубуздун жолдорун көрсөтүүдө. Бул да болсо анын үммөтүнө болгон өзгөчө жакындыгын айгинелейт. Куран анын бул абалын: لَقَدْ جَاءَكُمْ رَسُولٌ مِنْ أَنْفُسِكُمْ عَزِيزٌ عَلَيْهِ مَا عَنِتُّمْ حَرِيصٌ عَلَيْكُمْ بِالْمُؤْمِنِينَ رَءُوفٌ رَحِيمٌ 
«Силерге өз ичиңерден чыккан пайгамбар келди жана силердин кандайдыр бир кыйынчылыкка дуушар болууңар да ага өтө оор келет. Ал силерге абдан берилгендиктен, жүрөгү силер деп согот. Ал момундарга өтө мээрман, чексиз ырайымдуу» (Тооба сүрөсү, 9/128), – деп баяндайт.

     Чынында Пайгамбарыбызга салават айтууну Алла Таала Өзү буюрган:
إِنَّ اللهَ وَمَلاَئِكَتَهُ يُصَلُّونَ عَلَى النَّبِيِّ يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا صَلُّوا عَلَيْهِ وَسَلِّمُوا تَسْلِيمًا 
«Албетте Алла Таала жана периштелери пайгамбарга салават айтышат. Оо ыйман келтиргендер, силер да ага салам жана салават айткыла!» (Ахзаб сүрөсү, 33/56)

     Маалым болгондой, салават – Алла Тааладан ырайым, периштелерден истигфар, момундардан болсо дуба маанисин туюнтат. Ошондуктан бул ыйык баян Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) кадыр-баркын көкөлөтүп турат. Себеби Алла Тааланын салават айтып, ырайым кылганын, кечиримге бөлөгөнүн жарыялоосу, ага коопсуздук, эсенчилик убада кылганы десек болот. 

     Алла Таала пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) өтмүштөгү жана келечектеги бүтүндөй күнөөлөрүн кечиргенин билдирет. (Фатх сүрөсү, 48/2) Бул эмне деген улуу сыйлык! Ал Алланын жардамы менен бүтүндөй ишин эң сонун деңгээлде аткарган. Бирок ал ошого карабай, дайыма Аллага улуулугуна ылайыктуу кулчулук кыла албаганын, Алланы жеткиликтүү тааный албаганын, толук кандуу шүгүрчүлүк келтире албаганын айтып келген. Күн сайын жетимиш, же жүз ирет Аллага истигфар кылып өткөн. Мына ал ушундай шүгүрдүн, истигфардын жана мактоо айтуунун акысын берген чыныгы өрнөк инсан болгон. Ал Алланын ырайымына жетүү үчүн жасала турган нерсенин баарын жасаганы үчүн жана Алла Таала да анын келечекте көрсөтө турган ийгилигин билгени үчүн аны эң улуу артыкчылыктар менен сыйлаган.

     Кыяматка чейин келе турган бүткүл момундардын Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) салават айтуусу, дуба кылып кечирим тилөөсү анын даражасын болушунча көтөрүп турат. Ошондой эле, эзелки илими менен муну билип турган Алла Таала ал үчүн катачылыкка, күнөөгө бара турган бардык жолдорду тээ башынан эле жаап таштаган. Мурда эч кандай күнөөгө жол бербегендей эле, өмүрүнүн акырына чейин да эч бир күнөө иш жасаткан эмес. Мындай улуу даражага жетүүсүнө өзүнүн эң кылдат, эң аяр табияты себеп болсо да, үммөтүнүн ага ар убак дуба кылуусу кошумча таасир берген. Алла Таала кыямат күнгө чейин бүтүндөй момундардын ага дуба кыларын жакшы билген үчүн күнөөнүн эң майдасына да кириптер кылган эмес, жада калса кыялына кирүүсүнө да жол берген жок.

     Салам жана салаваттын эселенип кайтуусу 

     Пайгамбарлык мүдөөнүн Мырзасына (саллаллаху алейхи васаллам) салам жана салават айтуу – ага болгон сүйүүнүн, берилгендиктин жана оопанын белгиси болгондой эле, биз да анын сүйүүсүнө ээ болуп, моралдык жактан жогорулообузга себеп болот. Анткени Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) өзүнө айтылган салам жана салават үчүн жооп кылып, алик аларын айткан. Бул да болсо Алланын мүнөзү. Алла Таала: «Мени эстегиле, Мен да силерди эстейин» (Бакара сүрөсү, 2/152), – деген эмеспи. Анын сыңарындай, Алланын Элчиси да өзүнө жасалган мамилени, кылынган дубаларды жоопсуз калтырбайт.

     Эгер биз да Алланын Элчисинин (саллаллаху алейхи васаллам) сүйүүсүнө арзып, кыямат күнү шапаатына жетип, бейиште коңшуларынын арасынан орун алгыбыз келсе, аны эбегейсиз сүйүшүбүз керек. Анткени биздин ага болгон сүйүүбүз – анын бизге болгон сүйүүсүнө себепкер болот. Биздин аны эскерүүбүз – анын бизди эстөөсүнө жол ачат. Ал эмес Алланын сүйүктүүсүнө жана бардык жаратылган заттардын эң мыктысына оопалуу мамиле кылуу менен Алланын да сүймөнчүгүнө айланууга жол ачылат. Алланын Элчисин бардык нерседен ашкере сүйүү – чыныгы момундуктун талабы. Себеби хадисте айтылганы боюнча, аны өз жанынан артык сүйө албаган киши чындап ыйманга келген болуп саналбайт.

     Мына ушунун баарынан кийин салам-салават айтуу бизге кандай кайтаарын эч ким толук биле албайт. Балким мына жыгылам деп турганда алдыбыздан сунулган аркан болуп сактап калаар. Балким, биздин атыбыздан Алланын алдында ортомчу, колдоочу болоор. Муктаж болуп мукурап турганда алдыбыздан чыга келип кол сунаар. Эгер Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бул тууралуу кайра-кайра айтып, чакырык жасап жаткан болсо, анда уктап жаткандарды ойготуп, бейкапар жүргөндөрдү эскертип, кыскасы аларга пайдалуу болгон жолго чакырып кызыктырыш керек. Кыскасы бир жолу айтылган салам-салават менен болсо да Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) болгон сүйүүбүздү, жылуу мамилебизди билдирсек, ал бизге эселенип кайтат, жогорулап көтөрүлүүбүзгө, жандануубузга себепкер болот.

     Ооба, мурда айтканыбыздай эле, салам жана салават айтуу Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) урматтоонун, ага берилүүнүн белгиси. Улуу аалым Бедиуззаман айткандай, сүйгөн жан сүйүктүүсүнө окшошууну самайт. Эң негизгиси − анын жашоосуна ылайык өмүр сүрүүгө, анын сүннөтүн ээрчүүгө аракет кылууда. Эгер жашооңорду анын сүннөтүнө ылайыкташтырган болсоңор, анда отуруп-туруудан баштап, ичип-жегенге чейинки бүтүндөй күндөлүк кыймыл-аракетиңер ибадат болуп саналат. 

     Мына ушул себептен салафу-салихин катары таанылган улууларыбыз салам жана салаватка өзгөчө маани берип, ал тууралуу көптөгөн эмгектерди жазып, жазылган салаваттарды күнүмдүк зикир катары үзбөй окуп келишкен. Мисалы, Жазулий бир нече белгилүү салаваттарды топтоп, “Далаа’илул-хайроот” аталышындагы дуба китебин даярдаган. Бул китеп көп окулган белгилүү китептердин катарында турат. Ошондой эле салаваттардын жыйындысы саналган “Далаа’илун-нур” дагы Бадиуззаман аалымдын авраду-азкар топтомуна кирет. Кулуубуд-дариъа дагы эң көркөм салам жана салаваттар камтылган эмгек. Салам-салават авраду-азкар үчүн кудум космодромдун милдетин аткарып, алардын канат байлап Аллага учуусуна жардам берет.

     Сүннөткө жараша жашоо

     Салам жана салават – Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) чын жүрөктөн берилүүнүн жана анын жолунан айрылбоонун көрсөткүчү. Андыктан тек гана салават айтуу менен чектелбей, бүткүл жашообузду анын сүннөтүнө ылайык өткөрүү үчүн аракет кылууга милдеттүүбүз. Кутман сахабалар Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) ар бир сөзүн жерде калтырбай, жан дилдери менен орундатышкан. Анын сөздөрү менен жүрүм-туруму, берген буйруктары менен айткан осуяттары китептер аркылуу, ар бир сөзүн жашоосуна сиңирген үммөтү аркылуу бизге чейин жетти. Биз да мусулман катары бул маселеге өтө аяр мамиле жасашыбыз керек. Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) куттуу сүннөтү жашообуздун системасына айлансын. Канчалык акылдуу болуп, өмүрүбүздү канчалык мерчемдебейли, анын жолун карманмайын баары бир ишибизде кемтиктер, өксүктөр, жетишпестиктер боло берет. Качан гана пландарыбызды Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) жүрүм-турумуна, түшүнүгүнө ылайык жүргүзгөнүбүздө, аткарган иштерибиз кемелине жетет.

     Алла Таала Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) улуу орунга коюп, аны кудум байланыш борбору сымал абалга жеткирип, башка бардык жаралмышты ага байланыштуу кармап жаткан болсо, анда биз да бир гана ага байланып, Аллага барчу жолдо анын нурунан жардам алып, анын калтырган аманаттарын кылчактабай так аткарууга милдетүүбүз.

     Адамзат илимде, технологияда, акыл-эсте, философияда болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жетип, укмуштуудай системаларды тургузушу мүмкүн. Коомдук турмушта болсун, жеке жашоодо болсун же үй-бүлөлүк түзүмдө болсун, тим эле жашоого бап келген эрежелерди ойлоп табышы ыктымал. Психологдор менен педагогдор да эл агартуу жаатында эң сонун жаңылыктарды киргизиши мүмкүн. Бирок мунун баары кошумча ийгиликтер гана. Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) бизге убада кылган, системалуу түрдө сунуштаган жашоо түзүлүшү жогоруда айтылгандар менен алмаштырылып, же жеке кызыкчылыктардын курмандыгы болуп калбашы керек. 

     Тилекке каршы, адамзат тарыхында Алла Таала буюруп, Анын элчилери аркылуу жеткирилген нечендеген акыйкаттар, адеп-ахлактык баалуулуктар жана адамдык асыл сапаттар ар кандай түшүнүктөрдүн, философиялардын жана идеологиялардын курмандыгы болуп кеткен. Эл белгилүү бир замандарда ар кандай идеологияларды табылгыс система катары көрүп, аны тургузабыз деп колунда турган баалуулуктарына каршы согуш ачышкан. Мусулман коому да мындай жоруктан таасирленбей, өйдө-ылдый кыйшаңдабай коё алган эмес. Бирок ушунун баарына карабай, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) көрсөтүп кеткен жашоо жолун колубуздан келишинче карманып өтүү биз үчүн милдет. 

     Адамзаттын бактылуулугу мына ушуга байланыштуу болгон үчүн, акыреттеги бакытка дагы ушул жол аркылуу жетебиз. Демек, салам-салават Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) болгон сүйүүбүздү билдирүүгө жана анын сүймөнчүгү болууга, ошондой эле анын шапаатына ээ болууга себепкер болот. Анан калса, салам-салават айтуу – анын сүннөтүн бекем карманып жашоого жетелеген негиздердин бири.


Бул макала Мухаммад Фетхуллах Гүлендин 2007-жылдын 24-февралындагы баянынан алынды.

Которгон: Жумалиев Алтынбек

Редакциялаган: Насыпбек Асанбаев