Рейтер агенттигинин кабары боюнча, Орусиядан чочулаган казактардын саны эки эсе арткан

Акыркы алты ай ичинде коңшулашы болгон Орусия мурунку советтик республикага кол салат деген казактын саны эки эсе арткан. Украинадагы согуштун таасирин өлчөгөн казак изилдөөчүлөрдүн ушул аптада жарыялаган сурамжылоосу ушундай да натыйжа берген.

20 миллиондук калкы бар Казакстан Москва менен тыгых тарыхий жана экономикалык байланышы бар. Бирок буга карабай, орус-украин кагылышуусунда бейтарап болгонго аракет кылып, Орусиянын Украинадагы басып алган аймактарын тааныбай келет.

MediaNet жана PaperLab бейөкмөт уюмдарынын ушул жылдан 3-майынан 12-майына чейин 1100 кишиден пикир алган сурамжылоосунун натыйжасы боюнча казактардын 60%’ы согушка нейтралдуу карайт, 12,8%’ы болсо Орусияны колдойт, 21,1%’ы Украинаны жактайт.

Майда өткөрүлгөн сурамжылоонун натыйжалары өткөн жылдын декабрындагы натыйжалар менен салыштырылган. Ал боюнча Орусия Казактсанга да кол салышы мүмкүн деп чочулагандарын саны 8,3%’дан 15%’га чейин өскөн.

Суралган кишинин үчтөн бирине жакыны, Орусияга карата ой-пикири начарлаганын айтып, жарымынан көбү өзүндө эч кандай өзгөрүү сезбегенин билдирген, 4,7%’ы гана коңшу өлкөнү кабылдоосу жакшырганын айткан.

Казакстанда 3 миллионго жакын этникалык орус жашайт. Ал Орусия менен дүйнөдөгү эң узун жана үзгүлтүксүз кургак чек ара менен чектешет. Ошол эле убакта Астана Кытай жана Батыш менен тыгыз мамилелеш. Алар Казакстандын газ-мунай өндүрүшүнө миллиарддаган долларлык инвестиция киргизген.

Саресеп