Саресеп
Архив

Интернеттен өспүрүмдөргө аңчылык кылгандар

20 января 2016 г. 11:50 1595

Интернеттин активдүү колдонуучуларынын дээрлик көпчүлүк бөлүгүн өспүрүмдөр түзөт. Өзгөчө интернеттен таанышуу жашы жете электер үчүн кооптуу. Себеби өспүрүм куракта баарлашуу сезими күчтүү болуп, теңтуштары менен сүйлөшүү көңүлсүз сезилет да, улуу муундагы колдонуучуларга жаза башташат

Алгач илимий баарлашуу максатында гана колдонулуп келген интернет акыркы жылдарда заманбап коомдун маалымат алмашуу булагына айланып калган. Адамдардын пикирлешүүсүн, ММКалардын иштөөсүн, соода кылуу, билим алуу, көңүл ачуу жана башка сыяктуу иштерди интернет технологиясыз элестетүү мүмкүн эмес. Бул глобалдуу тармактын ыкчам темп менен өсүшү колдонуучулардын, анын ичинде өспүрүмдөрдүн билимине, аң-сезимине, баалуулуктарына жана жүрүм-турумдарына чоң таасирин тийгизүүдө.

Өспүрүмдөр интернетте педофил, маньяктарга кабылат

Заманбап коомубузда интернетке туташпаган үй-бүлөнү чанда гана кездештирүүгө болот. Натыйжада өспүрүмдөр бош убактысын социалдык тармактарда теңтуштары менен баарлашып, же болбосо жаңы тааныштар менен өткөрүшөт. Ошондой эле өспүрүмдөр интернет технология дүйнөсүндө жашап, аң-сезими көбүнчөсү чыныгы турмушка коошпогон виртуалдык жашоо аркылуу калыптанып калат. Блогдорго пикир жазуу, социалдык баракчага сүрөт жүктөө, тез-тез маалымат алмашуу, онлайн оюндарды ойноо, жаңы адамдар менен таанышуу өспүрүмдөрдүн күнүмдүк жасала турган иштеринин жадыбалына кирип калат.

Анткени менен так ушул өспүрүмдөр үчүн интернеттен таанышуу чоң коркунуч алып келет. Себеби бойго жете электерде чыныгы турмуш менен виртуалдык тармактан баарлашуу айырмачылыгын сезе билүү жөндөмдүүлүгү жок. Мына ушундан улам алар педофил, маньяк жана шылуундардын кайырмагына тез илинишет.

Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн 43%ы интернеттен таанышып, жолугушат

Балдардын интернеттеги коопсуздугу тууралуу көйгөй биринчи жолу АКШда коомдук талкууга алынган. Интернет аркылуу таанышкан өспүрүмдөрдүн сексуалдык зомбулукка кабылуусу бул орчундуу маселеге көңүл бурууга түрткү болгон.

“Эл пикир” коомдук изилдөө борборунун маалыматы боюнча 2013-жылы Кыргызстандагы жашы жете электердин 43 пайызы интернет таанышуудан кийин жолугууга барары далилденген. Алардын 5 пайызына биринчи жолугушууда сексуалдык мамиле сунушталган. Мындай жолугушууга баргандардын айрымдары зордуктоого кабылышкан. Борбордун жетекчисинин айтымында өспүрүмдөр жаштыкк кылып, социалдык тармактарга катталып жатканда аты-жөнүн, жашын, дарегин толук жазып беришет.

“Тууганымдын 15 жаштагы кызы интернеттен бирөө менен таанышып алып, көп өтпөй жоолук салынып, өзгөрүп калды”, – дейт Клара айым. “Бир тууган агамдын кызы жакшынакай эле жүрчү. Үй-бүлөсү деле динге өтө берилген адамдар эмес. Ошол кыз интернеттен бирөө менен таанышыптыр. Анысы ислам дининде мындай болот, мындай жүрүш керек деп ар нерсени айткан окшойт, бат эле жоолук салынып, мүнөзү өзгөрүлүп калды. Ал тургай, ата-энесинин каршы болгонуна карабай өз оюндагысын бербейт. Тигини жесе болот, муну жесе болбойт деп, тамактарды иргей берет. Ким менен сүйлөшүп жатканын ата-энесине да айтпайт. Окуусунан да алыстады. Мурда бий, комуз ийримдерине барчу. Кийин мен күнөө кылып жүрүпмүн деп, комузун өрттөп салды. Үйүнө барсак эле түшүнүксүз нерселерди айта берет”, – деди.

Ал эми Нурайым аттуу студент төмөнкүлөргө токтолду. “12 жашар сиңдим “одноклассники” жана ошого окшош бир канча тармактарда олтурат. Чынында, ал жерден деле достошуп алып, көзөмөлдөп турам. Бир жолу сиңдим “классташым чоңдор үчүн таанышуу тармагынан бир жигит менен таанышып жолугуптур келиптир. Эмне сайт экен деп карасам, көбүнчө сексуалдык мамиле сунушталган тармак экен”, – деди.

«Данакер» үй-бүлөнү бекемдөө борбору коомдук фондунун жетекчиси, психолог Чынара Термечикова өспүрүм курактагы балдар ата-энелерге эмес, бөтөн адамдарга көбүрөөк ишенет дейт. “Интернет колдонгон өспүрүмдөр реалдуу турмуштан четтеп калган балдар. Интернетке көз карандылык өспүрүмдү конфликттүү жүрүм-турумга түртүп, депрессияга учуратат. Социумда өзүн алып жүрүү мүнөздөрүнөн ажырап, эмоционалдык жөндөмдүүлүктөрүнөн айрылат.

Интернет таанышууларга токтолсок, бул өзүнчө чоң система. “Сен мага жагып калдың” деген сөздөр менен өзгөчө жаш кыздарды алдап жатышат. Андайлар чыныгы жолугууга келгенде сексуалдык зомбулукка дуушар болушууда. Ошондой эле аларды интернет аркылуу ичкиликке, баңгиликке тартып кетип жатышат.

Өспүрүм курактын өзгөчөлүгү – балдар ата-энелерге ишенбей, башка кишилерден таасирленишет. Ошондон улам интернет таанышууну талдабай туруп, бат ишенип алышат. Таанышып жаткан кишинин сүрөтүн көрүп, жактырып таанышыш керек экен дешет. Кыздар таанышууга көңүл бурса, балдар көбүнесе оюндарга кызыгат.

Ата-энелерге кеңеш бере турган болсок, баланы кичинесинен баштап интернетти колдонуу убактысын чектеш керек. Сен баарына ишене бербе, интернеттен таанышуу аркылуу баландай окуя болуптур деп мисал келтирип, балага түшүндүрүп бериш керек. Өспүрүмдүн кыларга иши жок болгондуктан, интернетте олтурат. Ошол себептүү жаштайынан үй оокатына жардам бергенге үйрөтүп, балдарды бош койбоо керек. Себеби бекерчиликтен улам балдар ар кандай иштерге барат”, – дейт Чынара айым.

Сексуалдык зордуктоонун курмандыктары 14-17 жаштагы өспүрүмдөр

Атайын изилдөөлөр боюнча интернетте олтурган 14-17 жаштагы өспүрүмдөр сексуалдык зордуктоонун курмандыктары болуп саналат. Мындай курактагы жеткинчектерге сексуалдык мүнөздөгү каттар, сүрөттөр, таанышуу тармактарынын даректери спам түрүндө жиберилет. Адистердин айтымында интернеттеги шылуундарды төмөнкү сапаттарынан билсе болот:

• Эң биринчи жүктөлгөн сүрөткө комплимент айтуу, сулуулугун мактоо менен башталат;

• Жазууларда аябай ката кетирет;

• Ой жүгүртүүсү төмөнкү катмар же болбосо жаш баланыкындай;

• Үйүнөн, көчөдөн жана эс алуудан түшкөн өздүк сүрөттөрү жок, баракчасындагы бардык сүрөттөр интернеттен алынган;

• “Жаш бул жөн гана сан. Негизгиси чыныгы сүйүү” деп көп жазат;

• Маектешине жаккан нерселерди гана айтып, кандай нерсе болбосун дайым макул болот;

• Колунда бар адам экенин, байлыгын баарлашуунун башында эле билдирет.

Интернет танышуунун курмандыктары

Интернет-педофилия азыркы учурда коомдун чоң көйгөйүнө айланып баратат. Социалдык тармактар, таанышуу сайттары оорукчан, өзгөчө сексуалдык каалоолору бар адамдардын мейкиндиги. Камактан бошонуп чыккан педофилдер, маньяктар кезектеги курмандыктарын интернеттен издешет. Алар ишенимине бат кире турган өспүрүмдөргө аңчылык кылат.

• 23 жаштагы Карла Ясинто аттуу мексикалык кыз 12 жашында интернеттен 22 жаштагы жигит менен таанышат. Башында баалуу белектер менен көңүлүн алган жигит аягында аны сойкулукка сатып жиберген.

• 13 жашар орусиялык Кристина аттуу кыз интернеттен 25теги жигит менен таанышат. Биринчи эле жолугушуу күнү жигит ата-энем менен тааныштырам деп үйүнө чакырат. Кыз ага ишенип үйүнө барганда сексуалдык зордуктоого кабылган.

• Өтүп кеткен жылы Финляндияда 1300 өспүрүм сексуалдык зордуктоого дуушар болгон. Алардын 20 пайызы интернет педофилдеринин курмандыктары.

• Изилдөөлөр боюнча Украинда интернет колдонгон өспүрүмдөрдүн 28 пайызы бейтааныш адамга сүрөт жиберсе, 22 пайызы чоңдор үчүн сайттарга киришет.

• 17 жаштагы британиялык Эшли Холл аттуу кыз 32 жаштагы маньяктын курмандыгы болгон. Интернетте 16 жаштамын деп катталган маньяк Эшлиге жазып, соңунда кызды жолугууга чакырып барып, өмүрүн кыйган. Иликтөөнүн жыйынтыгында маалым болгондой, маньяк кызга жолугууга келе жатканыңды эч кимге айтпа деп жазган. Мындай сураныч кызды чочулаткан эмес.

Ата-энелер көңүл буруусу зарыл

Көпчүлүк ата-энелер балдарыбыз ар кайсы жерде жүрбөй, үйдө, компьютер маңдайында олтурат деп сүйүнөт. Бирок балдарынын интернет тармактарынан ким менен кабарлашып, кайсы веб-барактарын окуп жатканын жана интернетти кандай максатта колдоноруна көңүл бура беришпейт. Ошондой эле интернетти туура колдонуу керек экенин балдарына түшүндүрүшкөн да эмес. Негизинен убактысы тар ата-энелерге компьютердин бетине ар кандай сүрөттөрдүн, маалыматтардын чыгышына бөгөт койгон жана зыяндуу сайттардан коргогон программалар сунуш кылынат. Ошондой эле төмөнкү эрежелерди өспүрүмдөргө түшүндүрүп туруу зарыл:

• Белгисиз бирөөнө өз атыңды айтпоо;

• Катталып жатканда үй дарегиңди, мектебиңди, канчанчы класста окууруңду жазбоо;

• Үй телефонуңду бербөө;

• Тааныш эмес адамдарга кол телефонуңдун номерин айтпоо;

• Ата-энеңдин телефондорун тааныш эмес адамдарга бербөө;

• Тармактан тааныш эмес адамдар менен жазышып, жолугууга барбоо;

• Достугуңа бир адамды кошуудан мурун анын профилине кирип, өздүгүн тактоо;

• Бирөөлөргө сүрөтүңдү жөнөтпөө;

• Тааныш эмес бирөөдөн келген сайттарга кирбөө, каттарына жооп бербөө.

Социалдык тармактар аркылуу өспүрүмдөргө сексуалдык маанайда, же болбосо кандайдыр бир башка мүнөздө көз артуу учурда актуалдуу маселе боюнча калууда. Өспүрүмгө багытталган сексуалдык жүрүм-турумдун баары кылмыш болуп саналат. Бирок өспүрүмдөр өздөрү таанышуудан кийин жолугууга барып жаткандыктан, көзөмөлдү үй-бүлөдөн баштоо керек. Ошондой эле, маселе курчуп кете электе мамлекеттик деңгээлде чара көрүү абзел.

Таңчолпон Бакытбек кызы

https://disqus.com/recommendations/?base=default&f=saresep&t_u=file%3A%2F%2F%2FUsers%2Fesenomurakunov%2FDownloads%2Fsaresep%2Farticle%2F20%2Findex.html&t_d=%D0%98%D0%BD%D1%82%D0%B5%D1%80%D0%BD%D0%B5%D1%82%D1%82%D0%B5%D0%BD%20%D3%A9%D1%81%D0%BF%D2%AF%D1%80%D2%AF%D0%BC%D0%B4%D3%A9%D1%80%D0%B3%D3%A9%20%D0%B0%D2%A3%D1%87%D1%8B%D0%BB%D1%8B%D0%BA%20%D0%BA%D1%8B%D0%BB%D0%B3%D0%B0%D0%BD%D0%B4%D0%B0%D1%80&t_t=%D0%98%D0%BD%D1%82%D0%B5%D1%80%D0%BD%D0%B5%D1%82%D1%82%D0%B5%D0%BD%20%D3%A9%D1%81%D0%BF%D2%AF%D1%80%D2%AF%D0%BC%D0%B4%D3%A9%D1%80%D0%B3%D3%A9%20%D0%B0%D2%A3%D1%87%D1%8B%D0%BB%D1%8B%D0%BA%20%D0%BA%D1%8B%D0%BB%D0%B3%D0%B0%D0%BD%D0%B4%D0%B0%D1%80#version=9a1bc22f669e65e0fad921dc193f5254

Related posts

Түрк менен оруска арачылык кылууга ал бардыр…

Эсен Ырыскелди
3 года ago

Саудия менен Ирандын тирешүүсү күтүлгөн

Эсен Ырыскелди
3 года ago

Заманбап экономика чаржайыт адамды аңдыйт

Эсен Ырыскелди
3 года ago
Exit mobile version