26 января 2016 г. 12:12 912
Айласыздан ушул саптан баштоого туура келип жатат. Мен энергетика боюнча серепчи, же саясий баяндамачы эмесмин. Бирок бул тармакта 40 жыл иштеген инженер-электрик катары, кээ бир ойлорду айтканга укугум бар деп ойлойм
Кыргыздар совет доорунда жеңилге качкан
Өлкөбүздөгү экономикалык оор абалды башка тармактар сыяктуу эле энергетика тармагы да башынан кечирип жатат. Негизинен бул акыбалды жалпы коомчулук деле билет. Демек, ушул абалдан чыгуу жолун таба турган кызматтагы адамдар (милдет катары) көп жылдан бери энергетикалык тармактын башкы кеңсесинде, министрликте отурушат. Булар министрлер, орун басарлары, статс-секретарь жана аппараттын кызматкерлери. Андан сырткары, Улуттук электро тармагында, Электр станциялар акционердик коомунда, бөлүштүрүү тармагында, Бишкек, Ош жылуулук борборунда отурушат. Президент А.Атамбаев кайсы бир коргоо кеңешинин жыйынында: “Эмне үчүн бөлүштүрүү компаниялары электр энергиясын 18 тыйындан сатып алып, кайра 1 сом 50 тыйындан сатканына карабай, чыгашалуу тармакка айланып отурат?” деп айтканы бар. Президенттин ушул сөздөрү эле бул тармактын кандай иштеп жатканын далилдеп койду.
Эмесе азыр ар кандай сандарды айтып окурмандардын башын оорутуп отурбай, жакшы ойлорду бөлүшсөк. Биз бул акыбалга кандайча жеттик? Совет доорунда, өзгөчө “сенектик доору” деп аталган мезгилде көпчүлүк жогорку окуу жайга өтөм дегендер укук коргоо органдарына, зоотехникке, бухгалтерликке жана дагы ушул сыяктуу өз чөнтөгүнө гана пайда алып келүүчү кызматтарга умтулганы жалпыга маалым. Эми эгемендик алып, мезгилдин талабы менен толук өзгөрүүгө дуушар болгону айыл-чарбасы, соода тармактары ар кандай элдир-селдир кызматкерлерден толук болбосо да, көпчүлүгүнөн кутулду. Анткени жигердүү, чыныгы билимдүү (диплому гана бар эмес) кызматкерлер керек экенин көпчүлүк түшүнүп калды. Натыйжада алардын баркы, баасы көтөрүлдү. Бирок, жогорку айтылган советтик оору бир гана энергетика тармагында толук сакталып калды.
Ооз менен орок оруунун пайдасы тийген жок
Энергетика тармагында ким гана министр болгон жок. Бирок бирөө дагы азыркы замандын талабы боюнча “үзүрлүү менеджер” (эффективдүү) боло алган жок. Натыйжада, ушул күнгө чейин абал өзгөрүүсүз кала берди. Анан калса, энергетика тармагы боюнча түшүнгөнү деле, түшүнбөгөнү деле серепчи болуп чыга келди. Ал эми министрлер, орун басарлар, стат-секретарлардан тартып бөлүштүрүү тармагын жетектегендерге чейин ар кандай сандарды жадыбалдай сайрап жатышты. Бирок бул санагы жок интервьюлардан, бетме-бет кайым айтышуулардан (25 жыл бою) эч нерсе өзгөргөн жок. Тескерисинче, абал оорлогондон оорлоп гана келе берди. Акыры, Токтогул станциясындагы авариялык окуя булардын жалган көрсөтмөлөрүнөн таптакыр пайда болбой турганын ашкереледи. Эгер Кытай эл республикасынын жардамы болбогондо, биздин “Датка-Кемин”, “Датка” сыяктуу электр чубалгылары ишке кирмек эмес. Бишкек жылуулук борборун реконструкциялоо биз үчүн космоско учуп барчудай эле кеп болмок. Андай болсо өзүбүздүн электр тармагын башкаргандар эмне менен алек болуп келди? Энерго ресурстарды (суу, көмүр, электр энергиясы) уурдоонун жол-жоболорун түзүлгөнүнө, сатып алуудагы коррупциялык иштерге, эң негизгиси кадр тандоодогу коррупциянын баарына ким жооп бериш керек эле?!
Азыркы муун да алдым-жуттумга жакын
Деги буга чейин канчалаган башкаруу уюмдары түзүлдү.
1. Акаев маалында түзүлгөн энергетика боюнча президенттин атайын өкүлү. (Баштапкы жетекчиси Ж. Сатыбалдиев кийин премьер-министрликке чейин жетти. Ал эми анын орун басары Б. Баетов ушул убакка чейин Энергетика министринин стат-катчысы болуп турат)
2. Энергохолдинг. (Жетекчиси Ж.Түлебердиев азыр ардактуу эс алууда)
3. Жалпы тармакты акционердик коомдорго бөлүү.
4. Министрлердин көп жолу алмашуусу (кээ бири 2 жолудан болууга жетишти)
Эми окуйм деген жаштардын көбү энергетика факультетине барууда. Кечирип коюшсун, алардын көбү тармакты көтөрүү үчүн эмес, совет доорундагы зоотехник, прокурор, бухгалтер болгусу келгендердей эле, ууру-кескилик схемалары аркылуу жеңил акча тапкысы келгендер.
Буга чейин текей оттогондорун моюндашты
Токтогул электр станциясындагы оор акыбалдан кийин биздин энергетиканы башкаруучулар өкмөт башчысын туура эмес сүйлөөгө мажбур кылышты. Эмне деп дебейсизби? “Биз ушул авариядан кийин бүткүл электр станцияларынын шаймандык акыбалын изилдеп чыгалы дедик” деп атпайбы. Кудайга тобо! Бул эмне дегендик өзү?! Ошол станцияда иштегендер кичинесинен баштап, министрлигине чейин эч нерсе кылбай, дүкөн кайтарган кароолчудай болуп отурганын Орусиядан келген кызматкер да бекемдебедиби. Дагы Кудай сактады. Эч ким жабыркаган жок. Болбосо, энергетика тармагында жумуш планы деген болот. Ар кандай инженердик, инспектордук текшерүүлөр, контролдук приборлор, аларды жазып турган кызматкерлер болот. Кайда ошонун баары? Эми комиссия акт жазганда ушунун баарын жаап жашырбай, сылап-сыйпабай ачык айтуусу керек. Бул анализдер азыр эмес, күнүмдүк жумушту аткарган ар бир смена толтурган кагаз аркылуу күн сайын аткарылыш керек болчу. “Эскирди, ресурсу бүттү” деген маалыматтар дайыма мамлекеттик башкаруу органдарынын тынчын алып турушу керек эле.
Шымаланып окуп, иштегенден башка жол жок
Абал дагы эле оор. Эмне кылуу керек? Биз жалпы кыргыз коомчулугу, аны менен бирге энергетика тармагын башкаргандар, же дагы эле мен башкарам деп интрига уюштуруп жүргөндөр ойлончу маселе ушул. Кыргызда “ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат” деген кеп бар эмеспи. Демек эч нерсени жашырбай, көкөйгө көк таштай тийген “баардыгы эскирди” деген сөздү кайра-кайра кайталап алакан жайбай, “АБР баланча, Дүйнөлүк банк түкүнчө каражат бермей болду” деп кайырчы болуп кайырчылыкка көнбөй, шымаланып иштегенди, окуганды үйрөнүш керек. Электр тармагы бул бир бүтүн чынжыр. Станцияларда акыбал кандай болсо, башка бөлүктөрүндө да ошондой. Оору баарына бирдей тиет. Мына, бөлүштүрүү компанияларын эле алалы. Ар бир министр президенттин алдында келген сайын убадаларын, отчётторун берет. “Мен жалпы жоготууну 5 пайыз төмөндөттүм” дейт тим эле. Алардын айтканын угуп, эсептеп отурсаң, биздин тармактагы жоготуулар эбак дүйнөлүк деңгээлге жетип, 7-8 пайыз эле болуп калмак. Бирок, бул тармакта көптөн бери иштеген тажрыйбалуу энергетиктер муну совет доорундагы “100 койдон 200 козу алам” дегендей эле кеп экенин жакшы билет. Азыркы башкаруу түзүлүшүндө жоготуу 30 пайыздан түшкөн эмес, түшпөйт дагы. Эгер андай эле эффективдүү болуп келсе, эмне үчүн тармак өзүн-өзү каржылай албайт? Демек 2 гана көйгөй бар. Же башкаруу түзүлүшү натыйжалуу эмес, же толугу менен мамлекетти алдоо. Демек мындай башкаруу формасын өзгөртмөйүнчө, тарифти алмаштыра берүүдөн эч натыйжа чыкпайт. Анткени, мурунку тариф боюнча каражатты толук чогултпай туруп, кийинки жогорулатылган тарифке өткөрүү эч натыйжасыз иш. Биз кайра-кайра эле жаңы кубаттуулуктарды киргизебиз деп көкүрөк койгулай бербей, турган кубаттуулукту натыйжалуу пайдаланганды үйрөнүшүбүз керек.
Жыл сайын келген министр электр энергиясын пайдалануу 10 пайызга өстү дейт. Алардын айтуусу боюнча карасак, биздин мамлекетте өнөр-жай өркүндөп, бака-шака түшүп иштеп жаткандай сезилет. Бирок чындыгында андай эмес да. Азыр акылдуу эсептегичтерди коюп жатабыз деп, ушул ишке басым жасоодо. Биз азыр канчалаган каражат коротуп аларды коюп алып, кийин кайра башка өлкөлөрдөгүдөй көп тарифтүү эсептегичтерге алмаштырабызбы деп ойлойм. Анткени, чет мамлекеттерде ар бир электр кубатын колдонуучу күндүн кайсыл убагында колдонуу пайдалуу экендигин эсептеп, өзү эле график түзүп алат. Электр тармагы бул технологиялык жактан караганда өтө татаал тармак. Демек биз каалайбызбы, же каалабайбызбы, айтор, башка мамлекеттер менен атаандаштыкта жашаш үчүн Кыргыз мамлекетинин иштөө өзөгүн түзгөн бул тармакты натыйжалуу иштетишибиз керек.
Ал үчүн биринчи кезекте жасалма дипломдууларды эмес (кесиптик лицейден баштап жогорку энергетикалык факультеттерге чейин) чыныгы кесипкөйлөрдү даярдап, иним эле, агам эле, жердешим эле деген сыяктуу оорудан арылып, кесипкөй кадрларды тартуу зарыл.
Экинчиден, энергетиканы башкаруу тармагына “менин партияма, же жеке өзүмө кызмат кылат” деген башкаруучуларды алып келбей, ушул убакытка чейин чыныгы энергетиктердин ар бири жылуу сөз менен эскерген, СССР убагында эл аралык энергетика маселесин чече билген И.А.Давыдовдой кесипкөй адамдар керек. Эгер азырынча андайларды таба албасак, анда өнүккөн мамлекеттерден күчтүү менеджерлерди жалдайлы да, алардан үйрөнөлү. Азыр болсо Президент айткандай, “бизди Кудай эле сактап турат”.