Саресеп
Архив

1 млн. 200 миң машина 16 күндө…

25 января 2016 г. 11:56 805

16 күндүн ичинде жарандар унаасын милдеттүү түрдө камсыздандырып үлгүрүп калышы керек, болбосо аларга мамлекеттик айыппул салына баштайт. Айыппулдун көлөмү анын камсыздандыруу төлөмүнө барабар

Өкмөт 7-февралдан тарта милдеттүү камсыздандыруу долбоорун ишке киргизгени турат. Муну катуу көзөмөлгө алыш үчүн унаа ээлерине 1-мартка чейинки 16 күндүк убакыт чектеди. Бул “чектелген убакыттын ичинде жетишсең жетишип кал, жетишпеспең МАИлердин кайырмагына түшкөнүң түшкөн” деген кыйшак билдирүүнү элестетип тургандай…

Асмандан издегени жерден табылып…

Ошентип Өкмөт камсыздандыруу иштерин жеке компанияларга тапшырды. Айтмакчы, жеке компаниялар дагы мындай майлуу ишке оңой эле илешип калган жок. Ал үчүн аларга да уставдык талаптар коюлган. Лицензияга ээ болуш үчүн компаниянын уставдык капиталы 100 млн. сом болушу керек. Майлуу иш дегеним, аталган компаниялар мамлекетке бир дагы пайыз бөлбөйт. Түшкөн каражат жалпысынан өз капчыктарында калат.

Учурда Кыргызстанда баш-аягы 20дан ашуун камсыздандыруу компаниясы бар. Бирок алардын ондон ашууну гана унаалар менен иштейт. Азырынча мамлекет камсыздандыруу милдетин кайсы компанияларга ыйгарары билине элек, бирок болжолдуу маалыматтар бар.

Айласыздан айыппул

2015-жылдагы маалымат менен карасак, Кыргызстанда 1 миллион 200 миңдей автоунаа катталган. Мынча унааны 16 жумушчу күндүн ичинде каттап үлгүрүү чындыкка коошпой тургандай. “Үлгүрбөсө анда Өкмөт узагыраак убакыт бермек да” деп күмөн санап отурсаңыз, анда болжолдуу эсептеп көрөлү.

Жалпы авто унаалардын санын 13 компанияга бөлгөнүбүздө ар бирине 92300 кардар туш келет. Бул деген 92300 автоунааны бир компания 16 күндүн ичинде каттап жетишүүсү керек деген сөз. Демек, алар бир күндө 5760 кардарды тейлеп үлгүрүшү зарыл. Маселен, бир компанияда 50 кызматчы болуп, ар бири 10 сааттан тынымсыз иштесе, анда 1 агент 5 мүнөттө 1ден кардарды тейлеп жетишиши керек. Бирок, так ушул 5 мүнөттө бир кардарга жетишүү жана бир күндө 10 саат тынымсыз иштөө таптакыр болбогон сөз экени маалым. Эмесе реалдуу эсеп жүргүзүп көрсөк. Бир кызматкер 1 унааны тейлегенге жок дегенде 15 мүнөт убакыт керектесе, 1 саатта 4 кардарга, 10 саатта 40 кардарга жетишет. Натыйжада, 13 компания 16 күндө болгону 416000 эле унааны камсыздандырып бүтөт. Калган 784000 унаа ээлери айласыздан айыппулга жыгылат.

Кантем? Кантем? Кантем?

Бул мыйзам сунушталганы жооптордон суроолор арбын болууда. Мурда-кийин мындайды көрбөгөн жарандар үчүн көп нерселер түшүнүксүз. Бирок адистер “көч бара-бара оңолот” дегендей, бир аз убакыттан кийин бардыгы өз нугуна түшөт деп ишендирүүдө. Эмесе ошол суроо-жооптордон бир-экисин назарыңызга сунсак.

Биз айыл жеринде турабыз. Унаамды камсыздандырыш үчүн Бишкеке барышым керекпи?

Жок. Бишкеке келүүнүн зарылчылыгы жок. Жакында бардык айыл аймактарда, район, облустарда камсыздандыруучу компанияларга тиешелүү агенттер иштеп баштайт. Ошол агенттерге кайрылып камсыздандыруу полисин алсаңыз болот.

Мен буга чейин эле унаамды камсыздандырып койгом, эми кантем?

Камсыздандырып койгонуңуз жакшы. Бирок мыйзамга жараша ОСАГО полисин алууңуз шарт. Бул унааңызды кайра камсыздандырасыз деген кеп.

Менин унаамды камыздандырган компания кандайдыр бир себептерден улам ишин токтотуп койсочу?

Эч коркпоңуз. Кыргызстанда атайы “ЮЖБ Автокамсыздандыруучулар Ассосиациясы” деген компания иш алып барат. Аталган компанияда “кепилдик төлөмдөр фонду” деген фонд бар. Камсыздандыруучу компаниялар түшкөн акчанын 6 пайызын ошол фондго төгүп турат. Эгер сиздин унааны камсыздандырган компания банкрот болсо, же ишин токтотсо, аталган фонд анын ордуна төлөп берет.

Мен мотоцикл айдайм. Аны дагы камсыздандырышым керекпи? Баасы канча болот?

Ооба, транспорттун бардык түрү камсыздандырылышы керек. Мотоцикл болобу, ГАЗ-53 болобу, комбайн болобу, же кран болобу айрымасы жок. Болгону салмагына жараша жана тийгизген зыянына жараша болмокчу. Сиздики мотоцикл болсо, жеңил унаалардан азырак төлөйсүз. Анткени мотоцикл чоң унааны сүзсө кичине эле зыян алып келет. Ал эми орто эсеп менен алсак, камсыздандыруу полиси жеңил жана оор унааларга 2200дөн 3000 сомго чейин болот.

Мен 2-3 айдан кийин унаамды сатканы жаткам. Кандай кылсам болот? Акчам кайра берилеби?

Унааны сатам деген оюңуз болсо, анда жарым жылга, же 5 айга эле камсыздандыруу полисин алсаңыз болот. Бирок 1 жылга камсыздандыргандан кийин сатам, же алмаштырам десеңиз, акчаңыз кайтарылбайт. Бирок сатып алып жаткан кардар биринчи эле камсыздандыруу полиси барбы деген суроо бериши мүмкүн.

Кезекке туруп, убакытымды коротпой эле бүгүн унаамды камсыздандырып койсом болбойбу?

Жок. Азырынча ОСАГО мыйзамы ишке кирише элек. Пландар толук аткарылбай жатканына байланыштуу 7-февралдан баштап ишке киришет.

Кырсыкта күнөөлүү мен болуп чыксам. Мен дагы компания тараптан акча өндүрсөм болобу?

Катталган жол кырсыгында сиз күнөөлүү болуп, каршы жакта чоң зыянга учуроолор болсо, анын ичинде адам өлүмү катталса, сиздин ордуңузга компания келип төлөп берет. Жарадар болгондорго 200 миң, автоунаага 150 миң, каза болгон адам үчүн 200 миң сомго чейин, жалпысынан 550 миң сом төлөнөт. Бирок сиз мас абалында болсоңуз, төлөп берилбейт. Ал эми сиз күнөөлүү болгонуңуз үчүн ден-соолугуңузга жана унааңызга өз капчыгыңыздан чыгымдайсыз.

Жооптор финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын аткаруу кеңешинин мүчөсү Байбосунов Нурландан алынды.

Мыйзамга ылайык турак жай дагы милдеттүү камсыздандырылышы керек. Анын көлөмү айыл жергесиндеги үйлөргө 600дөн, шаардагыларга 2000 сомдон жогору. Бирок мыйзамдан баш тарткан атуулдарга айыппул салынбайт. Болгону кокус жаратылыш кырсыгы катталса, өкмөт тарабынан эч кандай жардам көрсөтүлбөйт.

Акылай Туткучева

САРЕСЕПТИН ЭКОНОМИКАЛЫК БАЯНДАМАЧЫСЫ

Related posts

Шайлоодон кийин үчүнчү ажыдарды өлтүрүү керекпи?

Эсен Ырыскелди
3 года ago

Дүйнө башка, биз башка тарапка кетпешибиз керек

Эсен Ырыскелди
3 года ago

Дүйнөнү (тымызын?) башкарам дегендер

Эсен Ырыскелди
3 года ago
Exit mobile version