Өкмөттүн легалдуу түрдө кумарканалардын иштөөсүнө уруксат берүү жөнүндөгү кадамы коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Бир тарапта казынаны толтуруштун айласынан кумарканаларга уруксат бергиси келген өкмөт жана аны колдjгондор, экинчи тараптан кумарканалардан кыргыз жарандарынын да жапа тартып калышын жана шариятка туура келбей турганын, кумарканадан алынган салык да «арам» болот деген жүйө келтирипкаршы чыккан катмар болуп? талкуу уланып жаткан учур.

Кыргыз жарандарынын кумарканаларга кирип кетип, анын зыянын тартып калышына сарсанаа болуу эч күмөнсүз орундуу жүйөө. Негизи эле, акылы соо киши муну жакшы түшүнүп турат. Дал ошол себептен улам өкмөт да кыргыз жарандарын кумарканага жолотпой тургандыгын убадалоодо. Бул жер чындыгында аябай маанилүү. Тактап айтканда, коомчулук катары, өкмөт чындап эле өз жарандарын кумарканадан оолак кармай алышына көзү жетип-жетпегенине карап, «макул же жок» деп пикир билдирүү орундуу болчудай.

Буга улай, казинолордун ачылуусуна каршы чыккан катмардын кээлери өкмөттүн бул ишин кандайдыр бир саналуу кишинин жеке бизнеси, абадан акча тапкан бир ууч байдын кара акчаларды адалдоо аргасы деген сыяктуу жүйөлөр да келтирип жатат. Бул жүйөлөр чындыгында маанилүү жана муну талкуулагандан жана кыңыры бар болсо өкмөттүн бул кадамына каршы чыгуу атуулдук милдетибиз. Эгер чындап эле бул кадамдар деле бир ууч тандалма тараптын кызыкчылыгына болуп кала турган болсо, мунун такыр кереги жок. Кыргызстан мындай учурлардан жапа тартып, безип калды.

Дал ошол себептүү, кумарканаларга уруксат берүүгө каршы чыгып жаткан тараптын өкмөттөн бул айткандары тууралуу реалдуу убада, иш-план талап кылып жаткандыгы толугу менен орундуу. Бул туура жана болушу керек болгон аракет. Жада калса, эгер өкмөт учурда сөз бергендей кылып ишке ашыра албай калса, тийиштүү өкмөт мүчөлөрүн жазага тартуу механизмин да иштеп чыгууну талап кылуу орундуу болмок.

Мына ушундайча, өкмөттүн да бул иш-аракетинде канчалык чын-ыкластуу экенин жана канчалык даярдык менен бараткандыгын өлчөп алуу мүмкүн болор эле. Өкмөт тарабынан да бул талапка ылайык, кумарканаларга уруксат берүү менен кыргыз жараны, өкмөтү жапа тартпайт, пайда гана табарын реалдуу пландарын айтып, аларды көндүрүүсү зор мааниге ээ. Себеби куру сөзгө, реалдуулугу жок убадага алданып тажаган катмар, учурда, балким, чын дилдүү иш-аракеттен да күмөн санап жаткан болушу мүмкүн…

Эгемендүүлүктөн тартып эле, үмүт арткан өкмөттөрдүн көбүнүн этеги жаман жерден жыртылган өлкөдө, мындай көрүнүш нормалдуу эле болсо керек. Кыскасы бул иштен кыргыз коому пайда менен чыгуусу үчүн өкмөткө бул сыяктуу талаптарды коюу толук орундуу. Бул жагдайларды талкуулоо, жети өлчөп бир кесүү, балким, бул жагдайлардын сыртында бизге зыян берип коё турган жагдайлар бар болсо, аларды да талкуулоо жана өкмөттөн алар боюнча да кепилдик талап кылуу – биздин акыбыз.

«Арамдан» толук оолак туруу канчалык мүмкүн?

Бирок, элдин коопсуздугу тууралуу сарсанааларды канааттандыраарлык жооп бере алган иш-план, реалдуу даярдык менен аттанып жатканын далилдей алган чакта деле «бул арам акча» деген жүйө менен каршы чыгуу орунсуз деп ойлойм.

Курандык негизден алганда, кумар оюну арам экени анык. Мүмкүн болсо ага жанашпаган эң туурасы. Бирок тынымсыз өзгөрүп жаткан жаңы дүйнөдө муктаждык менен кыялдын салмагын туура тартуу маанилүү.

Кээ бир диний лидерлердин мындай пикири сезимталдык менен айтылган, реалдуулукка эмес демагогияга ыктаган бир айтым деп эсептейм. Анткени, учурдун шарттарына ылайыкташа албай калган, өзүн өзү жаңылай албаган «шарияттын өкүмүн» бүгүнгө алып келип, аны менен бактылуулук убадалоо – реалдуу эмес, романтикалуу кыял.

Айтылуу «шарят» тарыхтын кайсыл бир доорунда өз мөмөсүн берген, коомдук гармонияны жараткан чыгар. Бирок дүйнө өзгөрдү жана мамлекет катары жашап калуунун шарттары илгеркидей бойдон калган жок. Дал ошол себептүү бүгүн жакшы жашоого умтулуу үчүн шарияттын принциби келсин дегенден мурда, учурдун шарттарын жакшылап, бардык динамикаларды эске алып окуп чыгуу жана андан кийин бир бүтүмгө келүү алда канча алгылыктуу болот.

Бул кыялдын реалдуу болуп болбогонун, учурда шарияттык негизде башкарылган өлкөлөр менен светтик негизде башкарылган өлкөлөрдүн жашоо шартын салыштырып көрүү менен белгилүү деңгээлде бир тыянакка баруу мүмкүн.

Мисалга, дүйнө жүзүндө ойнотула турган лотерея кыялдана туралы… Аны уткан адамдарга дүйнөнүн каалаган жерине барып жашаганга демөөрчүлүк кылына турган болсун. Муну уткан адамдардын канчоо шарияттык негизде башкарылган, жок эле шарияттын деми басымдуу болгон өлкөнү тандамак?

Жеке божомолумда, бүгүн шарият келсе, жыргап кетерине ынандырып жүргөн кишилердин көпчүлүгү бул мүмкүнчүлүктү утуп калса, дароо өздөрү каапыр деп жамандап жүргөн, светтик негиздеги өлкөгө эле кетмек… Жеке пикиримде, дүйнө таанымы кеңирээк ажыкелер, аалымдар бул туңгуюкту көрүп, байкап эле турат.

Бүгүн Мухаммет пайгамбар жашап өткөн өлкө канчалык шарияттык башкарууну орното алганын, анын мөмөсүн канчалык көрүп жатканын да байкап, ошого жараша «шарият» камчысын чапкандардын сөзүнө баа берүү орундуу болор.

Бир мусулман катары, карапайым элдин шарияттык принципке ыктаганын, «арам» кирешеден шарият үчүн оолак турууга ыктап жатканын дароо жаманга чыгарбоо керек…

Бул адамдар деле дагы да жакшы, дагы да татыктуу жашоого умтулганынан ушуну айтып жатат. Болгону татыктуу, көпчүлүктүн пайдасына боло турган жашоо таризди «шарият» аркылуу келет деген жерде жаңылышып калып жатышат. Себеби өздөрү ээрчиген диний лидерлер өздөрүнүн романтикалуу тарых түшүнүгүн аларга сиңирип келет…

Мындан улам, алар кулак төшөгөн диний лидерлер айткан шариятты бекем кармануу аркылуу кой үстүндө торгой жумурткалаган жашоону алып келүү мүмкүн экендигине ынанып келишет.

Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет

Ийри отуруп түз кеңешсек майнап чыгат. Бүгүндүн дүйнөсүндө аман калуунун, мамлекет катары сакталып калуунун эрежелерине көз чаптырсак, казынаны толтуруу өзгөчө мааниге ээ экендиги түшүнүктүү болуп турат. Андыктан, «Биздин өлкөнүн жарандары кирбейт деген менен, чет мамлекеттик кишинин кумар ойношуна шарт түзүп берип жатпайбызбы? Анын арамга аралашып калуусуна себеп болуп жатабыз. Кокуй болбойт…», – деп, глобалдык деңгээлде арам менен адалга кароолчулук кыла турган деңгээлде эмес экендигибиз маалым.

Өзгөчө казынан бөксөлүгү биздин коопсуздугубузга доо кетире турган деңгээлге жетип калганы чын болсо, кумарпозго жал ооруп, аны күнөөдөн оолак кармоого бел байлабай турган оң болобу деп турам…

Болгону бул иште өкмөттөн кыргыз коомчулугу жапа тартып калбай турган моделди жана анын реалдуулугун талап кылуу орундуу. Эгер өкмөт бул кадамында чын ыкластуу эмес экени так аныкталса, каршы чыгуу андан да орундуу болот. Светтик өлкөнүн жарандары катары, айтылуу салыктын арам же адалдыгына эмес, максаттуу колдонулушун көзөмөлдөөгө катышуу туура болор.

Бири-бирибиздин алдагандан кимге пайда? Бүгүн акча кандай гана артыкчылыктарды тартуулап калганын билип турабыз. Акчалуу өлкөдөн душманы жалтаңдайт, досу тең ата сүйлөшөт. Акчалуу өлкөдө гана ар бирибиз самаган жогору жашоо деңгээли болот.

Кумарканага күнү түшпөй эле учурдун акчалай муктаждыгын чечип ала турган дараметте болсок кана!..Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп, тарткылык мезгилден өтүп баратканда, элдин, мамлекеттин тагдырын кээ бир молдокелердин «куру кыялына»алмашып ийүү туура болбой калат деп ойлойм…

Элмурат Кочкор уулу