Суроо: Азыркы замандын эң чоң көйгөйлөрүнүн бири болгон зулумдуктун алдын алуу жаатында өзүн ыйман жолуна арнаган кишилердин милдеттери кандай деп ойлойсуз?

     Жооп: Ыйман жана Куран жолуна өзүн арнаган кишилердин негизги максаттарынын бири − жер бетинде жүрүп жаткан, же жүзөгө ашырылышы мүмкүн болгон бардык зулумдуктардын алдын алуу. Анткени алардын эң алдыңкы милдети адамзаттын материалдык жана моралдык көйгөйлөрүн чечүү эмеспи. Зулумдук да адамзатка кедергисин тийгизген маанилүү көйгөйлөрдүн бири экенинде күмөн жок. Ушундан улам алар алынын келишинче, акыл-эсинин жетишинче бул жаатта иш-чараларды уюштуруп, стратегияларды ойлонуп чыгышы керек.

     Ооба, ыйман жолуна башын сайгандар буга чейин керектен чыккан буюм сымал бир бурчка ыргытылган ишеним системаларынын, ой жүгүртүү дүйнөсүнүн жана дин түшүнүгүнүн жалпы дүйнөлүк мааниге ээ экенин, адамзат үчүн пайдасы өтө чоң болорун элдин баарына жеткирүүгө милдеттүү. Биз колубуздагы баалуулуктар азыркы тапта болуп жаткан көптөгөн катаал көйгөйлөрдүн чечилүүсүнө олуттуу салым кошоруна ишенебиз. Ошондуктан мүлдө адамзатты бул баалуулуктардан ажыратпай, аны адам атпайдын баарына жеткирүүнү эң негизги милдетибиз катары көрүшүбүз керек. Бирок, муну өз усулу менен, өз жолу, өз ыкмасы менен аткарганыбыз оң. Мажбурлоонун, таңуулоонун бардык түрүнөн алыс бололу. Айткыбыз келген нерселерди эң биринчи өзүбүз адатка айландырып, кылык-жоругубуз менен, кыймыл-аракетибиз менен көрсөтөлү.

     Тилекке каршы, кээ бирөөлөрдүн Исламга каршы өз алдынча карманып алган пикирлери, ал тургай кас душмандык түшүнүктө болушу жана арабыздагы кай бир наадандардын тескери үлгү болуп, Исламдын жарык жүзүнө ылай чачуусу жалпы адам уулунун бул мөлтүр булактан кана-кана жутуусуна тоскоол болуп келди. Ал эле эмес, Ислам зулумдук менен радикалдыктын булагы катары да көрсөтүлгөн учурлар болду. Ал орой, кырс, катаал кишилердин дини сымал кабыл алынды. Натыйжада, көбү андагы баалуулуктарды көрүп-биле турган түшүнүккө жете алган жок. Мына ошондуктан Ислам дини зулумдук менен радикализмдин булагы эмес экенин, тескерисинче, адамзаттын чекесине чыккан чыйкан болгон бул эки жамандыкка каршы эң чоң курал экенин көрсөтүү − Аллага чындап ишенген момундардын мойнундагы өтө маанилүү милдет.

     Ошол эле маалда, эгер силер адамзат маани берген көйгөйлөргө көңүл бурбасаңар, алар да силердин көйгөйгө көңүл бурбай койорун эсиңерден чыгарбагыла. Эгер силер бүгүн бүткүл дүйнөнүн баш оорусуна айланып, жалпы адамзатты коркунучка салган зулумдук, терроризм, радикализм, ачарчылык, жакырчылык сыяктуу опурталдуу маселелерге каршы жетишинче чара көрбөсөңөр, анда башка маселелер боюнча сунуштаган эң керектүү долбоорлоруңарга да ойлогонуңардай колдоо ала албайсыңар. Алардын көйгөйүнө маани бербей койсоңор, зарыл болуп турганыңарда силерге да көңүл бурбай коюшат. Ошондуктан, жер жүзүнүн көпчүлүк тургундары силерден күткөн, силерден каалаган нерселер менен алпурушууңар, колуңардан келишинче аларга кол кабыш кылууңар өтө маанилүү.

     Тил табышуу (диалог) жана жылуу маанай

     Тагыраак айта турган болсок, зулумдуктун алдын алуунун эң алдыңкы жолдорунун бири – тил табышуу (диалог) жана жылуу маанай маданиятын жайылтуу. Анткени муну менен кишилер бир үстөлдүн айланасына чогулуп, бири-бирин жакшылап таанып, пикир алышууну, түшүнүшүүнү үйрөнөт. Урушпай-талашпай жашоо тажрыйбасын өздөштүрүшөт.

     Башкалар алгачкы учурда, силердин максатыңарды түшүнө электе балким кежирленишээр, тартынышаар. Бирок, маселенин зарылдыгы, пайдалуулугу туура түшүндүрүлсө, ким болбосун бул жөрөлгөгө макул болот. Адамзатка кызмат кылам дегендер токсонунчу жылдардан бери тынымсыз аракет кылып, колунан келишинче жүзөгө ашырып келген жылуу маанай жана диалогго чакыруу иштери алгачкы убактарда кай бирөөлөргө жакпай тескери кабыл алынганы менен, бара-бара муну коомдун ар түркүн тайпалары, ар түркүн элдери менен мамлекеттер ишке ашыра баштады. Эми кийинки кадам муну дагы системалуу жүргүзүүнүн жана жайылтуунун жолдорун табууда.

     Алла Таала ар бир инсанды өзүнчө бир дүйнө кылып жараткан. Ар бир элдин өзүнө таандык баалуулуктары, өзүнө таандык каада-салты, үрп-адаты бар. Ушундан улам аларды бир чыйырга салып, башын бириктирүү өтө оор болуп, алардын жүрөктөрүнөн түнөк таба билүүгө, ынандырууга байланыштуу. Бул болсо оңой-олтоң аткарыла койчу нерсе эмес. Муну менен бир мезгилге чейин жер бетинде ынтымак орнотуп, кимди болбосун өз деңгээлине жараша кабыл алып, чыр-чатактын себептерин жок кылып, бейпил турмушка жетише аласыңар. Мына биздин милдет эч болбоду дегенде ушул максатта аракет кылуу, тынчтыктын, ынтымактын жарчысы болуу.

     Башкалардын сый-урматына жетүүнүн жолу башкаларга сый-урмат көрсөтүүдө жатат. Эгер башка диндерге, үрп-адаттарга, маданияттарга сый көрсөтүүдөн тайбасаңар, анда өзүңөрдүн ишенимиңерге көрсөтүлчү сый-урматтын жолун даярдаган болосуңар. Башкаларга көрсөткөн жылуу мамилеңер кайсыл бир күнү өзүңөргө кайтып келет. Эгер башкаларга ыргыткан нерсеңер ошол бойдон силерге кайтып аткан болсо, анда жакшы нерселерди ыргытканга аракет кылгыла. Ошентсеңер кайтып келип тийген нерселерден башыңар жарылып, чекеңер томуйбайт.

     Алтернативдүү жолдорду өздөштүрүү

     Бүгүн аткарыла турган милдет: «Сый-урмат көрсөтүү, жылуу пикир, тил табышуу, диалог, ынтымак ж.б.», – деп болжолдуу мерчем түзүп алып жолду улантуу. Себеби, ар бир иш-аракет алдын-ала ойлонууну, иш мерчемин түзүүнү жана долбоорду талап кылат. Бирок, бул деле болсо болжолдуу, же үстүртөн мерчемдөө болот. Себеби, иш жүзүндө эмнелер менен беттешериңерди толук билбейсиңер. Ишти баштагандан кийин убакыт, ыңгай жана коом алдыңарга койгон нерселерге жараша дагы тагыраак, дагы бекемирек мерчем түзөсүңөр. Муну иштин ичиндеги кошумча мерчем десеңер да болот. Бүгүн элдин алдына сунуп турган диалог жараяндарыбыз эртең алдыбызга эмнелерди чыгарарын азыр толук биле албайбыз. Жолду катар ой жүгүртүп, алдыбыздан чыккан жаңы абалдарга жараша мерчем түзүп, долбоорубуздун аяк-башын карап, иш-аракетибизди кайрадан карап чыга беребиз жана бул жолубуздун аягына чейин уланат. Кокус алдыбыздан таптакыр күтүлбөгөн көйгөйлөр чыгып калса, анда жакшылап ойлонуп план түзүп, чечүүнүн кошумча жолдорун таап чыгабыз.

     Жаңы фыкх өкүмдөрүн чыгаруу үчүн колдонулган ижтихад ыкмасына аалымдардын арасында ар кандай көз караштар болгону менен, адамзатка кызмат кылуу үчүн жасалчу иштерди белгилөөдө ижтихаддын эшиги ачык экенинде эч кимдин күмөнү жок. Алдыдан чыккан көйгөйлөрдү чечүү үчүн убакытка жана ыңгайга жараша дайыма жаңы ижтихаддар жасалып, жаңы-жаңы чечим жолдорун чыгарууга болот.

     Ушундан улам силер акыл-эсиңерде жана иш-чараларыңарда жанданган бардык аракетиңер менен эл ичинде сүйүүнү, ынтымакты орнотууга, зулумдукту, агрессияны токтотууга аракет кыласыңар. 

     Үлгү болуунун күчү

     Көкүрөктөгү жек көрүү менен кастыкты кандайдыр бир жолдор менен жок кылбасаңар, анда зулумдукка, терроризм менен радикализмге каршы тура албасыңарды билип койгула. Жек көрүү, кекенүү менен жашаган кишилерге бул дүйнөдөгү бардык нерсени ынтымакташа бөлүшүп, бейпилдикте өмүр сүрсө болорун түшүндүрө албайсыңар. Булар бири-бирин күчөткөн, бири-бирин кубаттап турган нерселер. Кекенүү менен жек көрүү зулумдукту пайда кылса, зулумдук жек көрүү менен кекенүүгө жеткирет. Мына ушул айлампаны бузгуңар келсе, элге кечиримди, мээримдүүлүктү, башкалардын пикирин сыйлоону үйрөткүлө. Ал эми аны үйрөтүүнүн эң негизги жолу − үлгү болуу.

     Ушундан улам Курандын буйруктарынын чегинде баары менен таанышып, баары менен кол алышуубуз керек. Кимге болбосун дасторконубуз жайылуу, кабагыбыз жарык болсун. Бир канча жолу бет маңдай отурбай, чогуу тамактанбай, ал-жай сурашпай туруп өзүңөр тууралуу да айта албайсыңар, алар тууралуу да эч нерсе уга албайсыңар. Бир кыйла убакытка чейин чогуу жүрбөй, ортодо достук байланышын түзбөй туруп канча кылымдардан бери келаткан жаракаларды жаап, тоолорду түздөп, кандан, ириңден бүткөн дарыяларды өтө албайсыңар. Булар жүзөгө ашпаса көкүрөгүңөрдөгү сезимдер, жан дүйнөңөрдөн чыккан эргүүлөр аларга жетпейт.

     Ооба, зулумдуктун, агрессиянын эң чоң себептеринин бири – кишилердин бири-бирин жетишерлик тааныбай, бири-бирине чоочун болуусунда. Бири-бирин тааныса, чогуу отуруп маектешип сүйлөшүшсө жек көрүүнүн, кекенүүнүн, зулумдуктун кереги жок экенин баары эле түшүнмөк. Илгертен бери ар кандай сыпаттар, наамдар, этикеткалар жабыштырылган, ушундан улам коркуп келген кишилер таптакыр өздөрү ойлогондой эмес экенин көрүшмөк. Бирок, дагы бир жолу кайталап койолу, бул дароо эле аткарыла калчу нерсе эмес. Мына ушул айтып жеткиргибиз келген жолдор, ыкмалар менен башталган иштин эл ичине сиңип, отурукташып калуусу жок эле дегенде эки муундун убактысын алат.

     Кай бир усулий принциптер

     Зулумдукту, залимдикти токтотуу, эл ичинде бейкуттукту орнотуу биз үчүн маанилүү максат болгону менен, буга жетебиз деп толук ишенип алуудан да алыс болуш керек. Бардык нерсе Алланын колунда экенин унутпайлы. Ал эмне кааласа ошол болот. Алла каалабаган нерсе болбойт. Ал каалабаган соң башыңар менен жер казып, оозуңар менен орок оруп, төбөңөр менен жер сүзсөңөр да бир күкүмчөлүк жумуш кыла албайсыңар. Бул пенденин эркине көз жумуу, себеп-натыйжа түшүнүгүн жокко чыгаруу деген сөз эмес. Тескерисинче, биз өзүбүз туура деп санаган жолубуз үчүн эркибизди көргөзүп, колубуздан келишинче аракет кылып, күч-кубат сарптайбыз. Бирок, натыйжаны жаратуу Аллага таандык экенин да эсибизден чыгарбайлы. Ооба, жүрөктөргө сүйүүнү сала турган да, кишилерди бири-бири менен жакындаштырып, достоштура турган да Алла. Бардык нерсени материалдык байлыктан, күч-кубаттан издегендердин муну түшүнүүсү мүмкүн эмес.

     Маселенин дагы бир жагы мындай: адамзат үчүн, элибиз үчүн сонун нерселерди ойлоп, болжоп, мерчемдейбиз. Жакшылык деп ойлогон нерселердин жүзөгө ашуусун чын жүрөктөн каалап, ошого жетүүгө жан үрөйбүз. Бирок ойлогон оюбуз менен жашоонун чындыгы кесилишкен жерди туура таба албасак, анда бардык кылганыбыздын текке кеткени ошол. Ал тургай аны менен элдин жек көрүүсүнө да кабылышыбыз мүмкүн. Ушундан улам бир көйгөйдү чечүүгө киришүүдөн мурун, аны чечүүгө кудуретибиз жетип-жетпей турганын жакшы ойлоп алганыбыз оң. Жок эле дегенде таштаган кадамдарыбыз көздөгөн максатыбызга туура келип-келбесин жакшы билип алалы.

     Азыр ушундай бир заманда жашап атабыз дейсиңер, кээде көйгөй чыгаргандар менен ошол көйгөйгө нааразы болгондор бир эле кишилер болот. Андан да жаманы, алар бери жакта нааразы болуп, жапа чеккен кишидей көрүнгөнү менен, нары жагында ойго да келбеген иштерди жасап, былгытып жүрүшөт. Өздөрүнүн пландарына, стратегияларына ылайыктап маселелерди пайда кылышат. Мисалы, эл алдында зулумдукту, радикализмди, террорду жаман көрүп, ошондой сүйлөгөнү менен, көшөгөнүн артынан аларга колдоо көрсөтүшөт. Эгер силер ушул жаатта пландарды, долбоорлорду ойлоп чыга турган болсоңор, анда бул жагын да ойлой жүрүшүңөр керек.

     Жыйынтык катары дагы бир нерсени айта кетсек, радикализм менен терроризм бир жолу пайда болуп алган соң, аны менен күрөшүү, аны жок кылуу чынында эле аябай оор. Себеби, бир жолу бири-бири менен жакалашып, жек көрүшүп, касташып алган соң, акыл-эс менен иш кылуу артка жылып, бирөө бирөөнү укпай калат. Ушундан улам, эң негизги маани берилчү нерсе, мындай жоруктарга алдын-ала чара көрүү. Же аларга себеп болуу мүмкүндүгү бар нерселерди күн мурунтан аныктап, дароо ошого жараша чара көрүү. Акылдуу кишилердин аткара турган иши – окуялардын агымын жакшы көзөмөлдөп, чыга турган көйгөйлөргө алдын-ала даярдык көрүү эмеспи.


Мухаммад Фетхуллах Гүлен

Которгон: Насыпбек Асанбаев