49 күн түрк президенти Тайып Эрдоганды коркутту деген шылтоо менен Стамбулдун СИЗОсуна камалып чыккан журналист жана мугалим Седеф Кабаштын учурдагы “өкүлчүлүк” демократиясынын көйгөйлөрү тууралуу ойлорун берүүнү туура көрдүк.
СИЗОдогу 49 күндүн ичинде 30 китеп окуп бүтүргөн, түрк жана британ жогорку окуу жайларын ийгиликтүү бүтүрүп, журналист учурунда Түркиянын жана башка өлкөлөрдүн тың чыкмалары менен 1500дөн ашык маек курган бул түрк чыгаан аялзатынын демократия тууралуу маанилүү пикирлери терең ойлондурат.
Sedef Kabaş
Мени соттошуп, 2 жыл 4 айга камоого өкүм беришип, 49 күн камашкан “Президентке акаарат” деген 299-мыйзам, Конституциянын 90-беренеси менен жокко чыгарылып турат. Бул доор өткөндөн кийин мындай “кылмыш” иштеринин баары жокко чыгат. Азыр түрмөдө бир да жолу адвокат менен жолуктурулбаган, бирок 20-25-30 жыл жана өмүр бою кесилип кеткен аялдар камалып жатат.
Учурда Мыйзамдуулук боюнча эл аралык индексте Түркия 139 өлкөнүн арасында 117-орунда, ЖМКлардын эркиндиги боюнча 180дин арасынан 152-орунга түшүп, “жарым-жартылай эркин” мамлекеттердин катарынан чыгып, “эркин эмес” мамлекеттердин арасына кирди. Биз демократия дегенди унуткан авторитардык саясий режим катары таанылып калдык.
Учурдагы бийлик: “Биз мамлекеттик бюрократияны четке сүрүп чыгып, чет элдик инвестицияны алып келебиз, анткени аркабызда президентибиз бар”, – деп, инвестиция алып келем деген мээ менен жолун улаганга мажбур. Анткени азыр бизде чын эле экономиканы, укукту билген акылдуу, сапаттуу, татыктуу инсандарга сөзү өтүп, катарына кошо алгандай бийлик жок. Андай доорлор небак өттү. Ошондуктан басмырлоо, коркутуу, баш көтөртпөө жана ушуларды кайра кайталоодон башка чарасы калбады. Коомдук психологияны билгендер үчүн бул түшунүктүү эле. Ким эң катуу кол салат? Эң катуу корккондор гана.
Оппозиция жагына келсек, саясий аренадагы оюнду 20 жылдан бери иштеп чыгып, өзүнө ылайыкталган жасалма куралдар менен ойногон бийлик бар. Бийлик медианын күчүн, казынаны жана куралдуу күчтөр менен укук-коргоо органдарын колуна алды. Бул үчөөнү бир колго топтогон соң оюндун эрежелерин да өзү коюп калды. Эми колунан бардык күчтү тарттырган оппозиция, оюндун эрежесин каалаганындай калчаган бийликти утам деп атат.
Ошондуктан мен, бийлик “жогору демократия” деген оюнду “жасалма оюн” деп атап, оппозиция бул оюнга катышуудан баш тартышы керек деп жатам. Башкача оюн түзүп чыгыш керек. Анын ичинде башкача шайлоо компанияны, башкача ураандарды, башкача стратегияларды, башкача саясий соода методдорун колдонуу зарыл. Биз бийликтин оюнун ошентип бузушубуз керек.
Дүйнөдө да өзгөрүп бара жаткан тренд байкалат. Учурда “өкүлчүлүк демократия” деген түшүнүк да өзгөрүп баратат. Өтмүштө калыптанган, бийлик менен карапайым калктын ортосундагы ортомчу катмар жоголуп бараткан дүйнө пайда боло баштады. Жарандар учурдагы санариптик технология аркылуу бийликке үнүн жеткиргиси келип калды. Борборлордо отуруп, элдин өкүлү катары иш аткарган саясий модель да өзгөрөт. Буга чейинки шайлоо стратегиялары, ой берүү ыкмалары баары бир өзгөрөт.
Ошондуктан оппозиция түздөн-түз катышууну камсыздаган демократияны куруп чыга тургандай стратегияларды иштеп чыгуусу керек. Муну ишке ашырып, жаңы сүйлөмдөрдү калыпташ үчүн, бири-бирин алмаштырган баягы эле кишилер менен ойногонго аракет кылгандын ордуна жаштар, аялдар, профессура, түрдүү экономикалык топтор менен иштөө, технологияны жакшы колдонуп, дүйнө менен интеграция болуу сыяктуу өзгөрүүлөрдү кыла билиши керек. Ошондо гана оппозиция мындай өзгөрүүнүн лидерлигин жана жоопкерчилигин жүктөнө алат.
Түркчө билген жарандарыбыз бул шилтеме https://www.youtube.com/watch?v=Lx7Mwz2e8UE аркылуу Седеф Кабаштын маегин толук угуп чыкса болот.