Эч кимдин кандай өлөөрүн биле албайбыз. Хадисте айтылгандай, кээ бирлери мусулман болуп туулуп, мусулман болуп жашап, бирок ыймансыз өлүшөт. Айрымдары болсо капыр болуп туулуп, капыр бойдон өмүр сүргөнү менен, мусулман болуп жан беришет
Каарынан мээрими көп, эң майда жакшылыктарды да көз жаздымда калтырбаган Алла Таала: Христианчылыкты, Иудаизм, Буддизм же башка динди карманып жашаган кээ бир кишилерге айрым жакшы иштеринен улам, жашоосунун акыркы мүнөттөрүндө көздөрүн Исламга ачып, мусулман болуп жан берүүнү жана ошол абалда акыретке аттанууну насип кылышы мүмкүн.
Ошол эле учурда, өмүр бою мусулман болуп жашаган кээ бирөөлөр деле ыйманынын алсыздыгынан же айрым ката-күнөөлөрүнүн айынан, Кудай анын бетин ары кылсын, акыркы деминде ыйманынан айрылып калышы ыктымал. Демек, биз эч кимдин кандай өлгөнүн, өлгөндөн кийин кандай мамилеге дуушар болорун так биле албайбыз. Билбегенибиз үчүн, алар тууралуу акыркы өкүмдү Аллага тапшырабыз.
Фатрат доорунун кишилери
Фатрат – бошоо, алсыроо. Фатрат доору эки пайгамбардын ортосундагы чыныгы дин тууралуу маалымат жетпей калган доор
Мындай темалар козголгон кезде Имам Газзали жана Бадиуззаман өңдөнгөн аалымдардын фатрат доору тууралуу айткан пикирлерин эске алууга тийишпиз.
Алар Пайгамбарыбыз (саллалаху алейхи вассалам) адамзатка келип кеткенден кийин да фатрат доору болушу мүмкүн экенин жана Ислам динине байланыштуу эч бир маалыматка ээ болбогон кишилер Алланын алдында фатрат доорунун кишилерине кылына турган мамилеге туш болушу ыктымал деген пикирди айтышкан.
Тилекке каршы, учурда Ислам дини жан дүйнөгө, акыл-эске, логикага жана аң-сезимдерге ылайык сунулбай жатат. Өрнөк боло албай жатабыз жана ал аз келгенсип, өрнөктүүлүгүбүз да туруксуз. Чындыгында, бир күнү оңолуп, бир күнү жоголуп, бир күн мас, бир күн соо, бир күн мечитте, бир күн шарапканада ара жолдо калган адамдарга айландык. Жаңыдан ыйманга келгендер биздин өрнөктүүлүгүбүздөн эмес, толугу менен Алланын мээриминен улам чындыкты көрүп атышат. Акыйкатты издеген, Исламды изилдеген кишилер биздин ушул туруксуз абалыбызды көргөндө тескери бурулуп кетиши мүмкүн. Мына ушунун баары баш айлантууга, күмөн саноого себеп болууда.
Демек, айрым замандаштарыбызга фатрат учурунун кишиси катары карасак жарашат. Бул да болсо маркумдардын соңу тууралуу кескин жыйынтык берүүдөн тыйган дагы бир фактор. Бирок ар дайым ыймансыздыгын жар салган, аны илимий негиздерге таяган жана ошонун туусун булгалаган кишилерди бул тизмеге кошууга болбойт.
Ислам дининде окуялардын, кубулуштардын сырткы көрүнүшүнө жана адамдардын айткандарына карап баа берип, ошого жараша амал кылабыз. Эч кимдин жүрөгүн ачып, ичин карай албаганыбыз үчүн, кишинин сырткы көрүнүшүнө, иш-аракетине карап мусулман экенин же мусулман эместигин билсек болот. Маркумдарга да ушундай мамиле жасайбыз.
Эгер бир киши мусулман болуп өмүр сүргөн болсо жана жашоосунун акырына чейин ал тууралуу пикирибизди өзгөртчү жагдайга туш болбосо, өлгөндөн кийин аны Ислам шарттарына ылайык жууп-тазалап, кепиндейбиз жана мусулмандардын көрүстөнүнө коёбуз. Ал эми бир киши Алланы четке каккан бойдон жан берген болсо, ошого жараша мамиле кылабыз. Балдары, жакындары же достору ыймансыз өтүп кеткен ошол кишиге кечирим тилөөсү жана ырайым суроосу да туура эмес.
Кайрыдиндерге мунапыс суроо
Бир киши баланчанын ыймансыз өлгөнүн билип туруп, ал киши үчүн Алладан кечирим жана ырайым сурашы – өзүнүн эңсөө-сезимдерин Жараткандын бул маселедеги каалоосунан жогору койгонуна барабар.
Эгер, ыймансыз өлгөн, акыретке ыймансыз көчкөн кишиге шапаат кылууга, Алладан кечирим жана ырайым суроого же болбосо жакшы күмөндө болууга уруксат берилген болсо, анда Пайгамбарыбыз да өзүнө өмүр бою колдоо көрсөткөн, кыпындай да зыяны тийбеген Абу Талиб абасы үчүн мындай жосунду аткармак.
Аллага ширк кылган бойдон өлгөн кишилерге кечирим жана ырайым тилөөгө Курани Карим төмөндөгү аят менен апачык тыюу салган: مَا كَانَ لِلنَّبِيِّ وَالَّذِينَ آمَنُوا أَنْ يَسْتَغْفِرُوا لِلْمُشْرِكِينَ وَلَوْ كَانُوا أُولِي قُرْبَى مِنْ بَعْدِ مَا تَبَيَّنَ لَهُمْ أَنَّهُمْ أَصْحَابُ الْجَحِيمِ «Капыр болуп өлүп, тозокко барышары өзүлөрүнө (аларга) белгилүү болгон соң, жакындары болсо дагы мушриктер үчүн кечирим суроо – Пайгамбардын да, мусулмандардын да кылар иши эмес». (Тауба сүрөсү, 9/113)
Курани Каримдин Ибрахим пайгамбар (а.с.) тууралуу билдирген маалыматтары да бул маселенин төркүнүн түшүнүүгө зор өбөлгө болот. Куранда Ибрахим (а.с.) пайгамбардын атасына кылган мындай дубасы орун алган: وَاغْفِرْ لأَبِي إِنَّهُ كَانَ مِنَ الضَّالِّينَ «Атамды да кечир, анткени ал адашкан адамдардан болчу», (Шуара сүрөсү, 26/86). Бул аятта болсо Ибрахим пайгамбар атасы тирүү кезинде ал үчүн кечирим сурайм деп сөз бергени айтылат: قَالَ سَلاَمٌ عَلَيْكَ سَأَسْتَغْفِرُ لَكَ رَبِّي إِنَّهُ كَانَ بِي حَفِيًّا «(Ибрагим атасына мындай деди:) Сага салам болсун, сен үчүн Раббимден кечирим тилейм. Себеби Ал мага жакшылык кылуучу». (Марям сүрөсү, 19/47; караңыз: Мумтахана сүрөсү, 60/4)
Тауба сүрөсүндө кездешкен бул аят Ибрахим пайгамбардын ыймансыз өлгөн атасы үчүн тилеген кечирими мурда сөз берип койгону үчүн гана айтылганын, кийин атасынын абалы маалым болгондо ал үчүн ырайым тилөөдөн баш тартканын баяндайт:
وَمَا كَانَ اسْتِغْفَارُ إِبْرَاهِيمَ ِلأَبِيهِ إِلاَّ عَنْ مَوْعِدَةٍ وَعَدَهَا إِيَّاهُ فَلَمَّا تَبَيَّنَ لَهُ أَنَّهُ عَدُوٌّ لِلَّهِ تَبَرَّأَ مِنْهُ إِنَّ إِبْرَاهِيمَ لَأَوَّاهٌ حَلِيمٌ
«Ибрахимдин атасы үчүн (Алладан) кечирим тилөөсү – болгону ага (атасына) берилген убаданы орундатуу үчүн гана болгон. Бирок анын (атасынын) Аллага душман экени маалым болгондо, ал менен мамилесин үздү. Чындыгында Ибрахим ары кичи пейил, ары жумшак мүнөз эле». (Тауба сүрөсү, 9/114)
Мээримдүү Жараткан өзү таразалайт!
Мындай маселелер жөнүндө сөз болгондо, бир жагынан диндин өкүмдөрүнүн чегинен чыкпоого, ошол эле учурда туура ыкма колдонууга, адамдардын көңүлүн оорутуп албоого абдан көңүл буруу керек.
Бирөөлөрдүн ата-энеси же жакын туугандары Исламды тутунбаган болсо, ал кишилердин жанында этияттап сүйлөшүбүз зарыл. Керек болсо: «Алланын чексиз мээриминен үмүт үзбөш керек. Эгерде алар Алланы таанып, Ага ыйман келтирген бойдон көз жумган болсо арты жакшы болот. Жараткан эч нерсени текке кетирбейт», – деген сыяктуу жубатуулар менен ары чындыкты айтып, ары жакшы ой-тилектерибизди билдиришибиз керек. Ошондо алардын көңүлүн ала алабыз.
Аны менен бирге, мындай учурларда Алладан суралбачу нерселерди сурап, бирөөлөргө бейиштен жер даярдап, Аллага карата урматсыздык кылып албайлы. Соңу маалым болбогон мындай маселелерде: «Оо, Жараткан, баланчаны бейишиңе киргизе көр! Фирдаус бакчаларыңды насип кыл!» деген сыяктуу сөздөрдү айта турган болсок, каалообузду Жараткандын каалоосуна теңеген болобуз. Эң жакшысы, мындай маселелерде диндеги өкүмдөрдүн чийининен чыкпай, маселени Кудайга тапшыруу керек.
Аллах бизден чексиз эсе мээримдүү, алда канча ырайымдуу экенин эстен чыгарбайлы. Бадиуззаман устат айткандай, кудайдын ырайымынан ашкан ырайым – ырайымсыздык.
Макала Фетхуллах Гүлендин 2009-жылдын 4-августундагы баяндан алынды.
Которгон: Тойчубек Сагындыков