Бидат − Шарияттын Ээси Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) динди кемелине жеткиргенден кийин, диндин атынан жаңы өкүмдөрдү чыгаруу, жаңы кошумчаларды кошуу, же шарий далилдерге каршы иш-аракеттерди аткаруу дегенди билдирет. 

     Мисалы, Пайгамбарыбыз (ага Алланын салаваты жана саламы болсун): “Менин намазымды карагыла жана так мен окугандай намаз окугула!” (Бухарий, Азан 18; Ахмад бин Ханбал, ал-Муснад-5/53) деп, намазга тиешелүү бардык шарттарды, рүкүндөрдү майда-чүйдөсүнө чейин үммөтүнө үйрөткөн. Эми мындан ары намазга кошула турган ар бир кошумча, ар бир өзгөрүш бидат болуп эсептелет. 

     Анын сыңарындай, Куран менен сүннөт орозо кармоону майда-баратына чейин чечмелеп бергенден кийин, кимдир бирөөнүн ага кай бир өзгөртүүлөрдү киргизүүсүн, мисалы, орозонун убактысын өзгөртүүсүн, же башка диндин өкүлдөрүндөй кай бир азыктарды жеп, кай бирин жебей орозо кармоосун бидат маселесине мисал катары көрсөтүүгө болот. 

     Алланын Элчиси (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) бир хадисинде мындай дейт: “Сөздөрдүн эң жакшысы – Алланын китеби (Куран), кармала турган жолдордун эң жакшысы – Мухаммеддин (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) жолу (сүннөт). Иштердин эң жаманы – сүннөткө терс болуп, кийин пайда болгондор (бидаттар). Ар бир бидат – адашуу” (Муслим, Жума 43; Насаий, Иидайн 22; Ибну Мажа, Мукаддима 7). Мындан бидат чыгарган киши дин чийген чектин сыртына чыкты деген маанини түшүнөбүз. 

     Сахабалардын этияттыгы

     Бул ушундай кооптуу маселе болгондуктан, сахабалар бидатка каршы аябай сак мамиле кылышкан. Мисалы бир жолу Абдулла бин Умар (Алла андан ыраазы болсун) намаз окуганы бир мечитке барып, ал жердин азанчысы кооматтан кийин элди намазга чакыруу максатында кошумча чакырык айтканын көрөт. Натыйжада Абдулла бин Умар намаз окубай туруп мечиттен чыгат да, жанындагыларга: “Жүргүлө, бул бидатчылардан алыстайлы” (Тирмизий, Намаз 31) дейт. Негизи мындай нерселерди тыйылган деп эсептөө, айрыкча аларды адашуу деп айтуу оңой-олтоң иш эмес. Бирок алар динге динден сырткары нерселердин аралашып кетпөөсү үчүн аябай этият мамиле кылышкан. Себеби алар Пайгамбарыбыз бекиткен өкүмдөр менен дин толукталып кемелине жеткенине, ушулар менен гана Алланын ыраазылыгына жетсе болоруна жана андан башка эч нерсеге муктаждык жок экенине бекем ынанышчу. 

     Демек ибадаттардагы эң этият жол − Куранда же фиилий1, каулий2  жана такририй3  хадистерде келген өкүмдөрдүн чегинен чыкпоо; колдон келишинче сүннөт аркылуу келбеген амалдарды кошпоо. Мисалы миң жолу Ихлас сүрөсүн, бир канча жолу Фатиха сүрөсүн окуп, каалашыңызча дуба кылып, каалашыңызча тасбих-такдис айтсаңыз болот. Куран окуу, дуба кылуу, Алланы зикир кылуу сыяктуу амалдар ибадаттардын түрүнө киргендиктен, алардын ар бири үчүн сооп аласыз. Бирок өз оюңузга жараша намаздын саждасына, рүкүсүнө, коомасына (рүкүдөн кийинки кыска убакытка тик туруу) жана жалсаларына (эки сажданын арасындагы олтуруш) өзгөртүү киргизе албайсыз. Алар үчүн сүннөттө айтылбаган атайын дубаларды, же белгилүү сүрөлөрдү дайындап, ар дайым ушул окулуп турушу керек дегендей ойдо болсоңуз, бидат чыгарган болуп саналасыз.

     Азандын рүкүндөрү

     Аткарылган ибадаттарда диндин маңызына жана рухуна каршы болгон иштерди жасабоого катуу көңүл буруш керек. Динге жаңы нерселерди киргизүү гана эмес, бар болгон ибадаттарды өзгөртүү жана аларды ар кандай калыптарга салуу да бидат деп эсептелет. Мисалы, аалымдар “Аллаху акбар” менен башталып “лаа илааха иллаллах” деп аяктаган азандын сөздөрү анын рүкүндөрү (негизги амалдары) экенин айтышкан. Себеби азан эки сахабанын бирдей түш көрүүсү, аларга түшүндө азандын үйрөтүлүүсү жана Алла Элчисинин (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) муну жактырып макулдук берүүсү (такрир кылуусу) менен кабыл алынган. Эми мындан ары бул өкүмдү өзгөртүү тууралуу сөз кылынбайт. 

     Бул азандын сөздөрү өзгөртүлсө азан болбой калат дегенди билдирет. Арап тилиндеги азандын ордуна анын которомосу айтылбайт. “Теңир улук, Теңир улук, билем, билдирем: Теңирден башка сыйынуучу жок …” деп азан айтылбайт. Эгер минтип айтылса бидат чыгарылып, диний өкүм өзгөртүлгөн болот. Бир киши бул сөздөрдү элүү жолу кайталаса да, бир жолу азан айткан болуп эсептелбейт. Бир мезгилде бизде ушундай болгон. Мен билгенден биздин өлкөдөн (Түркия тууралуу айтылып жатат – котор.) башка дүйнөнүн эч бир жеринде, Пайгамбарыбыздын доорунан азыркы күнүбүзгө чейинки эч бир убакта азандын рүкүндөрү өзгөртүлгөн эмес. 

     Азан мындай турсун, бир учурларда намаздарды да мааниси которулган Куран менен окуу сунуш кылынган. Бирок уламалар каршы чыкканынан ал сунуш нары жылдырылып, жүзөгө ашкан эмес. Эгер ишке ашып кеткенде, мындан да чоң бидат болуп, намаздар намаз болбой калмак. Кээ бирөөлөр бул темада Абу Ханифанын фатвасын карманышат. А бирок анын фатвасы жаңы мусулман болуп, арапчага тили келбегендерге убактылуу гана Фатиханы перс же башка тилде окуп турууга уруксат берүү менен чектелген. Ошол эле маалда башка улуу факихтер (укук таануучулар) Абу Ханифанын бул фатвасына макул болгон эмес. Атүгүл анын бул маселедеги фатвасы ханафий мазхабдын ичинде да таанымал фатва эмес. (Сарахсий, ал-Мабсут, 1/37; Акмалуд-дин ал-Бабертий, ал-Иная шархул-Хидая 1/286). Бир гана Фатиха сүрөсү үчүн берилген мындай фатваны кармануу менен намаздагы кыраатты башка тилдерде окуса болот деп өкүм берүүнүн шариятта эч кандай негизи жок.     

     Азирети Бедиуззамандан “Ахлу кашфтын4  риваяты боюнча, Рамазан айында ахлу суннат вал жамаат үчүн бир сүйүнүч, бир жеңиш болору кабар берилген. Бирок андай болгон жок. Андай болсо бул олуя, ахлу кашф эмне үчүн чындыкка дал келбеген кабар берген?” деп сурашканда, ал: “Тилекке каршы мечиттерге рамазан айында бидаттар киргендиктен, алар дубалардын кабыл болуусуна тосмо болуп, сүйүнүч келбеди” (Бедиүззаман, Лемалар, 130-б.) деп жооп берген. Бедиүззаман Саид Нурси ал бидаттардын эмне экенин чечмелеген эмес. Себеби ал убакта аны ачык айтуу кылмыш болчу. Бирок ал айткысы келген бидат – мечиттерге түркчө азан менен кооматтын кирүүсү болгон. Ушундан улам Алланын жакшылыктары үзүлгөн. Бедиуззамандын бул сөзү Пайгамбарыбыз койгон тартипти сактоо канчалык маанилүү экенин көрсөтөт.   

     Жанабы Хак бир аятта: “إِنَّا نَحْنُ نَزَّلْنَا الذِّكْرَ وَإِنَّا لَهُ لَحَافِظُونَ ” “Чынында Куранды биз түшүрдүк жана аны сактай турган да бизбиз” (Хижр сүрөсү, 15/9) деп айтат. Курандын, аны менен кошо диндин сакталуусунун адамзатка таандык эң маанилүү тарабы – бидаттардан алыс туруу. Анткени ар бир бидатты жасоо менен диндин маңызына, негизине доо кетип, анын бир бөлүгү бурмаланат. Негизи мурунку самавий диндердин5  бурмалануусу да мына ушундай майда нерселерден башталган. Сөздөр менен ойноп, аталыштар негизги маанилеринен алыстатылып, аларга башкача маанилер берилген жана бурмалоонун артынан бурмалоо, өзгөртүүнүн артынан өзгөртүү болуп олтуруп диндин баштапкы абалынан аябай алыс бир нерсе пайда болгон. Себеби Курандын сөздөрүн, айтылыштарын же алардын маанилерин бурмалай баштаганда, аларды жеке каалоолорго жараша чечмелөөнүн жолу ачылат.  

     Тарых боюнча Куранга каршы качан болбосун окшош эле айла-амалдар колдонулуп келген. Бирок баарында тең Алланын каалоосу жана камкордугу менен уламалар алардын ойлогон арам ойлорун бузган. Себеби жогорудагы аятта да айтылгандай, мында Алланын убадасы бар. Алла Таала Куранды түшкөн күнүнөн баштап ар кандай бурмалоодон сактаган. Анын бир тамгасын да өзгөртүү мүмкүн болгон эмес. 

     Негизги эрежелерге баш ийүү

     Дагы бир жагынан диндин баштапкы нукуралуулугун буза турган өкүмдөрдү, жорумдарды жана  практикаларды пайда кылуу туура эмес болгондой эле, диндин маңызына, табиятына ылайык келер-келбесин карабай туруп алдыдан чыккан нерсенин баарын эле бидат деп айта берүү да туура эмес. Мисалы, дуба кылуу динде аябай маанилүү ибадаттардын бири. Себеби Алланын Элчиси (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) дубаны “ибаддаттын маңызы” деп сыпаттаган (Тирмизий, Даават 1). Дуба − бардык себептерден жогору турган Жараткан Аллага жүздөнүүнүн бир аталышы, нукура ибадат. Бирок анын кайсыл тилде, кайсыл убакта, кандай формада жана канча жолу кылуунусууна байланыштуу так өкүмдөр жок. Пенде каалаган тилинде, каалаган формада, каалаган убакта, каалаганча дуба кыла алат. Булардын эч кимисин бидат деп эсептегенге болбойт. Эң негизгиси – дуба кылып жатканда диндин негизги өкүмдөрүнө каршы келген нерселерди сурабоо, негизги эрежелерге тескери сөздөрдү айтпоо керек.

     Дубалар бир гана аяттардан жана хадистерден болуш керек деген нерсе да жок. Бирок пенденин Куран аяттары аркылуу үйрөтүлгөн дубалар менен, же Пайгамбарыбыз (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) кылган дубалар менен Аллага жалынып жалбаруусу, өзүнүн сөздөрү менен дуба кылгандан көрө буларды тандап алуусу албетте жакшыраак. Анткени Пайгамбарыбыз Аллага эң жакшы кулчулук кылган инсан болгондуктан, каалоо-тилектерди Жараткандан кантип сураш керек экенин да, аларды кандай көрүнүштө билдирүүнү да бизге караганда алда канча жакшыраак билген. Адамдар илгертен эле расмий тараптарга арыз жазгысы келсе атайын арыз жазган адистерге барышчу. Карапайым эл бул иштин усулун, адебин, максатты кандай билдириш керек экенин жана бул сөздөр кандай айтыларын ал адистер өздөрүнөн мыкты билерин түшүнүшкөн. Пайгамбырыбыздын (ага Алланын салаваты жана саламы болсун) дубаларын да мына ушундай караса болот.  

     Анткени менен буларды сөзсүз аткарылчу иш катары саноо туура эмес. Себеби бул кишиге колунан келбеген нерсени жүктөө жана ибадаттын алкагын тарытуу болуп саналат. Ошондуктан эч ким эч кимдин мажбурлоого акысы жок. Ар ким кандай кааласа, ошондой дуба кылат. Бул маселеге чектөө киргизе албайбыз. Кимге кайсыл тилде каалоосун, тилектерин айтуу ыңгайлуу болсо, ал ошол тилде Аллага дуба кыла берет. 

     Кээ бир дубалар, зикирлер жана салаваттар бар. Аларды Пайгамбарыбыз да, сахабалар да, салафи салихиин да, факих аалымдар да айткан эмес. Бирок ушуга таянуу менен эле буларды айтуу бидат деп санап койгон жарабайт. Мисалы Фатиха, Ихлас жана Муаввизатайн6 (Фалак, Нас) сүрөлөрү сыяктуу сүрөлөрдүн пазилети, сооптору тууралуу риваяттар бар. Ушул риваяттарга таянган киши бир жерде олтуруп алып жүз жолу Ихлас сүрөсүн окуса болот. Же салафи салихиндер кылгандай, кээ бир Куран аяттарынан кээ бир мунажаттарды (Аллага жалбаруу формаларын) чыгара алат. Бактылуулук Доорунда, же сахабалардын учурунда болбогону үчүн мындай нерселерди бидат деп айтса болбойт. Анткени булар маңызына жараша динде үгүт кылынган амалдар. Бир нерсенин бидат же бидат эмес экенин аныктоодогу негизги өлчөм – анын негизги эрежелерге туура келип келбегенинде. 


1Фиилий − иш-аракет кылуу, кандайдыр бир нерсени аткаруу аркылуу көрсөтүү.
2Каулий – айтуу, түшүндүрүү менен көрсөтүү.
3Такририй − бирөөнүн бир нерсе кылып жатканын, же айтып жатканын көрүп учукпоо, аны тыйбоо, жокко чыгарбоо аркылуу макулдук берүү.
4Ахлу кашф – Алла Таала кайыпка байланыштуу кээ бир маселерди билдирген киши.
5Самавий диндер − Алладан келген аянга, кабарларга таянган диндер.
6Муаввизатайн сөзү «коргоочу, сактоочу» деген мааниде. Фалак менен Нас сүрөлөрүнүн мааниси да ар кандай сыйкырлардан, караңгы түндөн, кишилердин жаман ниетинен ж.б. коргоо максатында болгондуктан, бул эки сүрө Муаввизатайн сүрөлөрү деп аталат. 

Бул макала Фетхуллах Гүлендин 2009-жылдын 22-майындагы баянынан алынды.

Которгон: Абдубасир Гапаров

Редакциялаган: Насыпбек Асанбаев