Түркиянын оппозициялык партиялары 2023-жылы май айындагы президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчы Режеп Тайып Эрдоганга каршы бирдиктүү талапкер катары Кемал Кылычдароглун тандады
Кемал Кылычдароглу мырза өлкөдөгү негизги секулярдык жана консервативдик оппозициялык Республикалык Элдик партиянсын (Жумурият Халк Партиси – ЖХП) жетектейт.
Коомдук пикирди алдын ала сурамжылоолор, президент Эрдогандын 20 жылга созулган авторитардык бийлигинин соңунда карама-каршы уюлдарга өзгөчө бөлүнгөн түркиялык коомдо быйылкы президенттик шайлоо өнөктүгү өзгөчө курч өтүшүнүн ыктымал.
Учурдагы экономикалык каатчылык жана өткөн айдагы зилзаланын кесепеттерин жоюудагы өкмөттүн каталары Эрдогандын талапкерлигин мурдагы шайлоолордогуга салыштырмалуу чабалыраак кылып салышы мүмкүн.
Алты партиядан куралган бирдиктүү оппозиция тарабынан орток талапкер катары тандалган 74 жаштагы Кемал Кылычдароглуну Түркияда билбеген киши жок.
Ал 1948-жылы декабрда Тунжели облусунун Назимийе районуна караштуу Баллыжа кыштагында туулган. Теги – огуздардын бозок уругунан, ата-бабасынын диний ишеними – алевий. Ал өзүн сейиттердин тукуму деп да санайт, бирок мамлекеттик башкаруу динден ажыратылган секулярдык Ататүрк негиздеп кеткен жумурият түзүлүшүн жактайт.
Атасы Камер жергиликтүү расмий кызматкер болчу. Энеси – Йемуш ханым. Жети баланын төртүнчүсү болгон Кемал жокчулукту жон териси менен сезип чоңойгон.
Анкара шаарындагы Экономика жана соода илимдер академиясы аттуу окуу жайда таалим алды. Ал окуу жайды аяктаган соң, бир жылдай Францияда билимин жана иш тажрыйбасын өркүндөттү.
1974-жылы ал Селви Кылычдароглуга үйлөндү. Жубайлар Аслы, Зейнеп деген эки кыздуу, Керем деген уулдуу болушту.
Кылычдароглу мырза 1971-жылдан тартып каржы, экономика жана социалдык камсыздандыруу тармагында ар кыл кызматтарда иштеп жүрдү. 1999-жылы Коомдук камсыздандыруу уюмдарынын Башкы жетекчиси кызматын аркалап жаткан чагында пенсияга чыкты.
ЖХПнын ал кездеги лидери Дениз Байкал чакырган соң, Кылычдароглу бул партияга кирип, 2002-жылы ушул партиядан Стамбул дун атынан депутат болуп парламентке шайланды. 2007-жылы депутаттыкка кайра шайланды.
2008-жылдын 22-сентябрында өткөргөн маалымат жыйынында Кылычдароглу Эрдогандын Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын (Адалет ве Калкынма партиси – АКПнын) ошол кездеги төрагасынын орун басары Денгир Мир Мехмет Фыратка таандык фирмаларга байланыштуу экспорт жана баңгизат аткезчилиги доосу камтылган документтерди коомчулукка жарыялап, өлкөдө чоң саясий чуу чыккан.
Фырат өзүнө коюлган айыптарды четке какканы менен, бир аз убакыттан кийин ден соолугуна байланыштуу деген жүйөө менен макамынан кетүүгө аргасыз болгон.
Кийинчерээк башкаруу маселесинде Байкал мырза менен келише албай калып, Кылычдароглу ага каршы чыккан топко кошулду.
Дениз Байкал партиялык жетекчи кызматынан чегинген 2010-жылы партиядагы төрагалык кызматка келген чагында, мурдагы пикир келишпестиктерине карабастан, Кылычдароглу Байкал менен баарлашып турду.
2014-жылы Кемал Кылычдароглу президенттик шайлоого Эрдоганга каршы оппозициячыл ЖХП жана МХП партияларынын орток талапкери катары профессор Экмеледдин Ихсаноглуну (Исламдык кызматташтык уюмунун мурдагы башчысын) колдоп чыкканда, партиялаштарынын көпчүлүгүнүн сынына кабылган.
2017-жылы Кылычдароглу өлкө пезидентинин ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө багытталган конституциялык референдумду катуу сынга алган.
Эми, бир нече партия тарабынан орток талапкер катары президенттик шайлоого аттанып жатып, Кылычдароглу Түркияда күчөтүлгөн парламенттик система орнотуп, кеңешип башкарууга убада берди.
“Биздин супарабыз — тынчтык дасторкону, – деп ал айтканын Рейтерс ж.б. агенттиктер маалымдашты. – Биздин бир гана максатыбыз бар – өлкөнү бакыбатчылык, тынчтык жана кубаныч күндөрүнө жеткирүү”, – деди Кылычдароглу.
Ал өлкөнү парламенттик системага кайтаруу зарылдыгын баса белгиледи. Азыркы президент Эрдоган 2018-жылы президенттик башкаруу системасына өтүү боюнча референдум өткөрүп, кеңири ыйгарым укуктарга ээ болгон.
ЖХП азыркы Түркиянын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрк тарабынан түзүлгөн. 1990-жылдардан бери бийликке келе албай жатканына карабастан, өлкөнүн эң эски саясий партиясы катары анын колдоочулары (25-28%) дагы эле арбын.
Ошондой болсо да, Кылычдароглу партиянын гана колдоосу менен шайлоо өнөктүгүн жеңип чыга алмак эмес.
Эми ал жетектеген ЖХП партиясы Жакшы, Келечек, Демократия жана өнүгүү , Бакыт жана Демократиялык беш оңчул партия менен бириккен. Бул алты партия эми жалгыз гана талапкерди – Кемал Кылычдароглуну орток талапкер катары сүрөмөкчү.
Ар кандай саясий сынга чыдабай баштаган түрк ажосу Эрдоган 14-майдагы президенттик шайлоодо Кылычдароглу менен таймашууга аргасыз.
Үстүбүздөгү жылы февралда Түркиянын түштүк-чыгышындагы 45 миңден ашуун кишинин өмүрүн алган алааматтуу жер титирөөдөн кийин Кылычдароглу Эрдогандын өкмөтүн аёосуз сындоонун башында келет.
Жемкорлукка кекиртегине чейин баткан азыркы өкмөт имарат куруу стандарттарына көз жумгандыгы үчүн нечендеген бейкүнөө тургундар набыт болгон.