Орусиянын Украина менен согушу орус элинин физикалык жана руханий дүйнөсүн бүтүндөй камтып алды. Жеңишке жетпегени, аскердин он миңдеп өлгөнү да орус элин согушка жапырт каршы чыгара албайт, бирок…

Ушул жылдын январында коомдук пикирди изилдөө “Левада-борборунун”: “Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн Украинадагы аракеттерин колдойсузбу”, – деген суроосуна орус калкынын:

  • 45%‘ы – “албетте, ооба”;
  • 30%‘ы – “ооба дейт окшойм”;
  • 9%‘ы – “албетте, жок”;
  • 10%‘ы – “жок дейт окшойм”, – деп жооп берген. 6 пайыз киши “жооп берүү кыйын” деген.

Бул сурамжылоодо орустардын украиндерге каршы согушун 75% жараны колдогону көрүнүп турат. Мындай пайыз өткөн айларга караганда 2-3 пунтктка өскөн.

Бирок бул жоопко (75%), убагында Владимир Путиндин командасында иштеген, саясий аналитик Аббас Галямов “калп” деген баа берген. Анын ою боюнча, бул көрсөткүч орус калкынын учурдагы коркуусуна жана адаттагы саясий эки жүздүүлүгүнө байланыштуу.

Ошондуктан “албетте, ооба” жана “ооба дейт окшойм” деген формулировкага макул болгондор таптакыр башка нерсени айткысы келет. “Хроники” социологиялык долбору орустардын согушка карата эмне дегенин изилдеп чыкты.

“Хроника” орус жарандарынын эмне дегиси келип жатканын билиш үчүн үч түрдүү суроо бергенде, төмөнкүдөй натыйжа чыккан:

  • 58,5% – “согушту колдойм”;
  • 47,2% – “согуштун максаттарына жетпестен аскерди чыгарып кетүүгө каршымын”;
  • 37% – “каржыда куралдуу күчтөргө артыкчылык бериш керек”, – деген.

Демек, акыл калчап, согушту дайыма жана чындап колдогондор 22 пайыздан ашпайт. Мындан улам, согуштун тарапташтары орус калкында азчылык болуп калган десек болот. Бул көрсөткүч орус ура-патриот каналдары айтып жаткан пайыздан алда канча төмөн.

“Хроника” проекти ошол эле үч суроонун тетирисин бергенде, кийинки натыйжалар чыккан:

  • 42% – “согушту колдобойм”;
  • 40% – “согуштун максаттарына жетпестен аскерди чыгарып кетүүгө макулмун”;
  • 47% – “каржыда социалдык тармакка артыкчылык бериш керек”, – деген.

Демек, акыл калчап, согушка чын дилинен каршы чыккандар да 20 пайыздын тегерегинде. Мындан улам, Путиндин пропагандачылары 80%‘дан кем эмес орус калкы согушту колдойт дегени болбогон кеп десек болот. “Хрониканын” жетекчилигинин айтымында, согушту жата калып колдогондор мурунку айларга караганда 2-3%‘га төмөндөгөн.

Саясий аналитик Аббас Галямов да согушту чындап колдогон орус жарандары эч качан 20%‘дан ашкан эмес, эгер курал берип, согушка аттан десең, алардын 5%‘ы да калбайт деп келет. Муну согушка жарамдуу калктын дээрлик бардыгы мобилизациядан ар кайсыл себеп менен качып жүргөнүнөн деле байкаса болот.

Бирок Владимир Путин мындай абалга каршы деле эмес. Ага баарынын боорун тытып согушту каалагындыгы кереги жок. Анткени согуш күнүмдүк турмуштун бир бөлүгү болуп калды. Башкача айтканда орустун жаңы жашоосунан бир үзундү.

Саясат таануучу Екатерина Шульман орус олигархтары менен элине Путин жаңы коомдук келишим сунду дейт. Эгер мурун олигархтарына: “Уурдагыла жана эң жогорку эл аралык деңгээлде короткула, бирок саясатка кийлигишпегиле”, – десе, учурда: “Уурдагыла жана Орусияда колдонгула, силерди куугунтуктабайбыз”, – деген мэссэж берилди. Калкына буга чейин: “Саясатка эле кийлигишпесеңер тынч жашайсыңар”, – делсе, эми: “Биз, силерди согушка алабыз жана акча беребиз”, – деди.

Путин өткөн аптадагы эки сааттык кайрылуусунда элин да, элитасын да, аскерлерин да мактап-жактады. Баарына “баары жакшы болот” деди. Мунун себебин саясат таануучу Екатерина Шульман, Украинада эч кандай жеңиш аттуу эч нерсе жоктугунан, Путиндин калкынан, элитасынан жана силовой блогунан корко баштаганын ашкерелейт деп жоруду. “Эгер бирилеринин көзүнө жалдырап атса, демек, алардан коркуп жатат”, – дейт политолог айым.

Таалайбек Маматов