Нурболот Азамат:

Кечээ “Китеп форумду” ийгиликтүү жыйынтыктап алдык. Эми бир от души мактанып, келбей калгандар үчүн обзор жасап, баарын төкпөй чачпай айтып берейин. Анын алдында бир тактоо:

Февраль айынын башында жазуучу Oljobai Shakir агай “Адабий форум” өткөрөм деп жатат. Анын чоо-жайын сурап бизге, мага жазып жаткандар бар. Ал иш-чараны өткөрүүгө биздин фонд жөн гана көмөктөшөт, кечээгидей негизги уюштуруучу болуп, мазмуну үчүн жооп бербейт. «Акбарак» коомдук фонду өзүнүн кийинки иш-чараларына чейин тыныгуу алганын билдирем.

Эми “Китеп форум” жөнүндө

Адеп бардык басма үйлөрдү, китеп дүкөндөрдү, авторлорду, жазуучуларды, котормочуларды, редакторлорду, китеп клубдарды жана окурмандарды, китеп сүйүүчүлөрдү – айтор, Кыргызстандын китеп индустриясында жүргөндөрдү бир жерге топтоп, өз ара байланышын чыңдап, нетворк аянтча түзүү жөнүндө идеяны былтыр декабрда “Китепстан” басма үйүнүн негиздөөчүсү, биздин фонддун жакын досу Bakytbek Abdullaev менен талкуулап, январь айына пландап баштаганбыз.

Биз анда 60-70 кишилик иш-чараны ойлонуштурганбыз. Анан форум жөнүндө жарыя берип, катталуу шилтемесин ачканыбыздан 1 күн өтпөй келем дегендердин саны 100гө чукулдап берди. Отуруп калдык. Анан кой деп форматты өзгөрттүк. Эми биз 200 кишилик иш-чараны ойлонуштура баштадык. Натыйжада, кечээги иш-чарага жалпысынан 668 киши катталып, ага келгендердин саны 400гө чамалады. Ушул форум үчүн атайын аймактардан келгендер болду. Көрсө, бул чөйрө үчүн мындай иш-чара болгон эмес экен, чаңкап туруптур. Ушул жерден Novotel мейманканасына, анын жетекчиси Jodar Saidilkhan мырзага көрсөткөн колдоосу жана сунуштаган жеңилдиги үчүн ыраазычылык билдирем.

Иш-чарабыз көп маселени ортого чыгарып, бул тармакка байланыштуу бир топ стереотиптерди талкалады

Биз китеп же адабият жөнүндө иш-чара десе эле китепканаларда айтылган акылдуу сөздөрдү, тегерек столдорду, узун лекцияларды элестетип көнгөн экенбиз. Мындайга киши келбейт деп бекем ишенип алыптырбыз. “Китеп форум” китепке, адабиятка майрамдай мамиле кылса болорун, зал опоңой толуп, эл батпай каларын көрсөтүп койду. Анан басымдуу бөлүгү жаштар болуп, акыркы бөлүктүн соңуна чейин катышып беришти. Муну Каныбек Иманалиев жакшы белгиледи: “Бул иш-чараны мамлекет өткөрсө, студенттерди мажбурлап алып келишмек, алар кызыксыз расмий бөлүктөн кийин тарап кетишмек”. Тыныгууда жазуучу, журналист, “Акбарак” фондунун досу, кеңешчиси Marat Tokoev : “Зал толбой калганы билинбеген түр болсун деп артка отурдум эле, бир маалда эчтеке көрүнбөй, алды-артым толуп калды” – деди. Күтүлгөндөн 2 эсе көп элди шек алдырбай тосуп берген форумдун ыктыярчыларына ыраазычылык билдирем (сертификаттарыңарды аз күндө аласыңар).

Эми мазмунуна келели

Форумда негизги үч панелдик талкуу болду:

  • Адабияттагы азыркы тенденциялар: эмнелер жазылып, эмнелер окулууда?
  • Адабият жана маркетинг: китепти окурманга кантип жеткиребиз?
  • Окурмандардан сунуш: эмнени окугубуз келет?

Алгачкы панелдик талкууда Jibek Kenzhebaeva’нын презентациясы көпчүлүктүн эсинде калды. Ал дүйнө эли эмнелерди окуп атканына, ар бир муундун табити кандай өзгөчөлөнөрүнө, суроо-талап кандай китептерге ооп атканына, манго, комикс сыяктуу жаңы жанрлар калыптанып, “оң каарман, терс каарман” деген түшүнүк эскиргенине, жазуучулар кадимки карама-каршылыктуу мүнөз күткөн бир каарманды алдыга чыгаргандарына кенен токтолду.

Жазуучу Олжобай Шакир кыргыз адабияты мындай тенденциялардан артта калып, бүгүнкү окурмандын талабын канааттандыра албай жатканын белгиледи. Жазуучу, котормочу, редактор Nasypbek Asanbaev балдар адабиятына көбүрөөк басым жасоого, сөз байлыкты өстүрүп, дүйнө таанымды кеңейтчү жөнөкөй китептердин жоктугуна кейиди. Модератор катары мен эмнеге Эр-Төштүктү же Курманбекти комикс кыла албайбыз деп талкууну андан ары кызытып бердим. Басма үйлөр, жазуучулар терең ойго кетти, баарын жазып алышты. Бинго!

Экинчи панелдик талкууда “Оку!” басма үйүнүн жана Book House китеп дүкөндөрүнүн негиздөөчүсү Замир Таштемиров чакан презентация жасап, өзү өткөрүп жүргөн республикалык китеп окуу сынактарынын натыйжасына токтолду. Китепти онлайн сатып алууга мүмкүндүк берген маркетплейси жөнүндө айтып берди. Атайын форум үчүн Оштон келген Куштарбек Кимсанов агай авторлор менен басма үйлөр бири-бири менен тыгыз кызматташышы керектигин айтып, китепке продукт катары кароого үндөдү. Шаарда англисче китептер сатылган жалгыз дүкөндүн ээси Ayday Maxatbekova англисче билгендер 0.2% түзгөн өлкөдө кантип иши жүрүп атканын айтып, буга социалдык тармактар чоң көмөк болгонун белгиледи. Инфлюенсерлер, блогерлер менен кызматташуунун маанисин айтты. Ушул жерден төртүнчү спикер, маркетолог, СММ адиси Zina Kabylbek Kyzy сөз алды. Менимче, Зина көпчүлүктүн эсинде калган спикерлердин бири болду. Сөзүнөн кийин бардыгы аны издеп жатты. Ачылыш жасады. Зина китепти жайылтууда керектелүүчү 20’дан ашуун маркетингдик ыкмага токтолду. Тиктоктун күчүнөн, атайын хештегтерден бери сөз болду. Китеп чыгаргандар маркетолог менен иштешиши керек деген чоң инсайт пайда болду. Форумдан кийин ал бул тармак бош экенин, көп маркетологтор үчүн жакшы нища болуп берерин байкаганын айтып, кызыгып калды. Маркетологтор үчүн да дагы бир тармак ачылды. Улуттук китепкананын өкүлдөрү да анын кеңештерин алып, жазып алып жаткандары жүрөк жылытты.

Соңку панелдик талкууда жигердүү окурмандар авторлорго, китеп тармагындагыларга сын айтышты. Журналист, редактор Sanji Tuitunova осол жасалган котормого сын айтып, редакторлор менен иштешүүгө көңүл бурууга чакырды. Медиа консультант Sapargul Abdinabieva уулу үчүн китеп алууда тандоосу кыйла чектелип каларын айтып, балдар үчүн китептерди көбөйтүүнү сунуштады. Чыгаан замандаштарыбыз Асел Сартбаева, Роза Отунбаевалардын өмүр баяндарын балдар үчүн ылайыктап берүүнү сунуштады. Мен бул боюнча идеяны бышырып жүргөн басма үйлөрдүн бар экенин билгендиктен, алардын изги ойлорун айтып, балдар адабияты эң кымбат тармак экенин белгилеп, иш-чарадагы ишкерлерди, жогору жакка жакындарды колдоого, демөөрчүлүккө чакырып үлгүрдүм. Дагы бир спикер, “Книголюбы” окурмандар клубун негиздегендердин бири Нурсултан Токтобеков китеп тармагындагыларды 20 пункт менен “талкалады”. Ар китептен чогултулуп жазылган, бирөөнүн юбилейине карата чыгарыла калган китептерди сынга алды. Таасирдүү спикерлердин бири болуп калды.

Форум баштан-аяк китеп жарманке менен коштолду. Ондогон китеп дүкөндөр китептерин сатышты, соода кызыды. Биз жарманкеге алдын ала каттап атканда, автордук укугу жок, китепти мыйзамсыз көбөйтүп саткандарды жолотпогонго аракет кылдык. Муну иш-чарада да улам ачык айтып, аларды уяткардык. Ассортимент кеңири болду. Табылды Эгембердиевдин сыясы кургай элек, бет ачары мына пландалып жаткан китеби, “Эсимде” изилдөө аянтчасынын эмгектери коюлду.

Биз мындан он күн мурда “Кыргызстандыктардын китепке мамилеси кандай?” аттуу социалдык сурамжылоо жарыялаганбыз. Анын жыйынтыгы менен “Китепстан” басма үйүнүн негиздөөчүсү Бакыт Абдуллаев тааныштырды. Онлайн сурамжылоого дээрлик 5000 киши катышты. Андан балдарга караганда кыздар алда канча көп китеп окушары, окурмандарды китептин мукабасы көбүрөөк кызыктырары жана башка кызыктуу маалыматтар белгилүү болду. Жазуучу Топчугуль Шайдуллаева эже сурамжылоодо кандай методология колдонулганына кызыгып, анын ишенимдүүлүгү боюнча негиздүү сын айтты. Бакыт байке сурамжылоону жүргүзүү жөнүндө сунушту маданият министрлигине айтканын, изилдөө борборлоруна кайрылганын, бирок колдоо таппаганын, ошондон улам өз алдынча аракет кылууга мажбур болгонун айтып жооп кылды.

Кыскасы, эсте калгандары ушулар болду.

Эми негизги уюштуруучу катары бир ооз сөз

Мага форум эркин, ар түрдүү болгону менен жакты. Мен көп эле китеп чогулуштарына барып жүрөм. Дайыма кайсы бир баалуулуктар таңууланып, ачык эле манипуляция, пропаганда жыттанып турар эле. “Мындай болушу керек”, “бул жакшы, бул жаман” деген сөз көп айтылчу, китептерге, адамдарга баа берилчү, “ыйман”, “адеп” сыяктуу түшүнүктөргө аныктама берилчү. Аудитория белгилүү идеологторунун сөзүнөн чыга алчу эмес. Андай жыйналыштардан далай нервим кашайып чыгып жүрдүм. Эми ага альтернатива сунуштадым.

Биз өткөргөн “Китеп форумда” ар түркүн көз караштагы адамдарга сөз берилди. Бири-бирине аргументтүү сындарын, сунуштарын айтышты. “Туура эмес” деген тарап болгон жок. Ошондуктан бир маселени ар кайсы ракурстан карай алдык. Ошондуктан “Китеп форум” идеялардын ордосуна айланды. Ошондуктан жаңы, пайдалуу маалыматтар суудай акты. Ошондуктан тараптар бири-бирине кыйла жакындады.

Мен сөз жана ой эркиндигинин күчүн, чыгармачылык эркиндиктин демин, ал эмнеге алып келерин, кандай жемишин берерин дагы бир жолу сезип, түшүндүм.

Бул форум көпчүлүктүн көзүн ачты. Өлкөнүн китеп тармагы жанданды, ойгонду. “Э баягы эле да” деп кол шилтеп келбей койгондор бүгүн бармак тиштешти, “вау” дешти.

Муну ишке ашырабыз деп көгөрүп алган мага, Жибекке, Бакыт, Замир байкелерге, Айдайга, Айжанга, Батмага тирек болуп берген демөөрчүлөргө (Global Print басмаканасына, Pamir kurut ишканасына, Таалай Кумбаевке, “Супара” этно-комплексине, SRIS мектебине), өнөктөштөргө, досторго, кесиптештерге үлкөн рахмат!

Колдообуз ушул болсун деп акча ордуна китеп алып, форумду ачып берген төкмө акын Kubat Tukeshov’го, алып баруучу Urmat Borchenov’го жана анын командасына рахмат! Нак маданият өкүлү силер экенсиңер, калайык, биле жүргүлө.

Нурболот Азамат