Түркиянын учурдагы президенти Рэжеп Тайып Эрдогандын 2023-жылкы шайлоодо кайра бийликте калуу ыктымалы түрк оппозициясын чочутуп турат. “Шайлоону жеңип чыккан машина” атаккан Эрдоган оппозицияга соккунун аркасынан сокку уруп, айласын кетире баштады…

Тайып Эрдоган менен анын АКП партиясы акыркы үч айдан бери аз да болсо добушун арттыра баштады. Бирок буга карабастан, каршысына эң алсыз делген оппозициалык социалисттик партиясынын лидери Кемаль Кылычтароглу чыкса да, биринчи турда 51% алып кетүүсү мүмкүн эмес болуп турат.

“Шайлоо машинасы” делген Эрдоган бир нече жылдан бери биригип, бирдиктүү саясат кылып келе жаткан, “Алтылык Үстөл” деп аталган алты оппозициялык партиянын лидерлерин бири-бири менен чабыштыра баштады. Эрдоган бул жаңжалды эң күчтүү оппозициялык талапкер болгон, Стамбулдун мэри Экрем Имамоглуна кылмыш ишин ачтырып, 7 жылга соттотуп, саясатка кирбеши керек деген жаза чыгарткан аптада ишке ашырды.

Экономикалык кризистен өзүнүн жактоочулары да мүңкүрөп баштаган, түрк бюджети сырттан эбегейсиз карыз алып эптеп чеке-белин жаап аткан кезде Эрдоган каржы  жана бакубаттык “сүйүнчүлөрүн” угузуп кирди. Мисалы, ондогон жылдар бою алдап келген “өзүбүздүн газ корубуз” табылды деген упчуну шайлоочунун оозуна кайра салды. Ошону менен бирге мамлекеттик курулуш компаниясы ТОКИ аркылуу он миңдеген үй-бүлөгө ипотекага арзан үйлөр бериле баштайт деди.

Анан бул убада дасторконунун үстүнө “бешбармак” катары Карчарбага эрте чыгуу проектисин сунду. Ал боюнча 2 миллион 200 миң киши элүү жаштан өтүп өтпөй пенсияга чыкмакчы. Алар пенсияга кетип мамлекеттик кызматтан айрылары менен ордуна ошончо киши жумушка алынат. Ошентип бир токтомго кол коюу менен Эрдоган төрт жарым миллион кишинин көңүлүн алды. Алардын жакындарын эске алганда он миллионго жакын шайлоочуну жыргатып койду десек болот.

Анын үстүнө минималдык айлык маянага эбегейсиз үстөк кошулуп, келерки аптада газ менен бензин арзандатылганы жатат. Ошентип, сөз эркиндиги, адилеттүүлүк жана демократиясы бар өлкөдө бийликтин ашмалтайын чыгарып тактыдан оодарчу нерсенин баары Эрдогандын “кылын кыйшайтпачудай” көрүнүп, ал жана партиясы “күлдөн кайра тирилип чыкканы турат” дейт түрк саясат таанучулары.

Эми ушунун баарын шурудай тизип келе жаткан Эрдоган менен анын партиясы 2023-жылкы шайлоодо бийликте кала алабы?

Пенсияга эрте чыгаруу долбору Түркияда 2001-жылы Сулейман Демирел тарабынан ишке ашырылып, кийин ага кеткен каражатты калктын банктарга койгон акчасын тартып алып жапкандыктан, ал кездеги өкмөт бийликтен кеткен. Алардын ордуна келген Эрдоган менен партиясы 20 жылдан ашык бийликте калуусунун негизги себеби да – каржы тартибин киргизип, мындай афераларга жол бербегени болчу.

Эми муну өздөрү кылганы турат. Түркия дүйнөлүк инфляцияда биринчи же экинчи орундан түшпөй келе жаткан учурда Эрдогандын өкмөтү бар акчаны гана эмес, башка өлкөлөрдөн карызга алган акчаны да ой келди колдонуп кирди. Азыр сырттан карызга келген долларлар менен түрк казынасынын алтындары шакылдатып сатылып, бюджеттегилердин чөнтөгүнө шыкала баштады.

“Йөн эйлем” сурамжылоо компаниясынын 2022-жылдын 22-27-декабрь күндөрү жүргүзгөн изилдөөсүндөгү “ушул жекшембиде шайлоо болсо кимге добуш берет элеңер” деген суроонун жооптору төмөнкүчө:

  • Эрдогандын АКП партиясыныкы – 32,1%;
  • Негизги оппозициялык ЖХПныкы – 25,5%;
  • Оппозициялык улутчул ИЙИ партиясыныкы – 13,5%;
  • Күрттөрдүн ХДПсыныкы – 9,7%;
  • Эрдоганга өнөктөш ультра-улутчул МХПныкы – 8,1%.

Ошондо АКП менен МХПныкын кошкондо = 40,2% чыгып атат. ЖХП менен ИЙИ партиясын кошкондо = 39%га жакын ой чыгууда. Демек эки каршылаш биримдиктердин ойлору бирдей десек болот. Эрдоган түздүргөн фейк партиялар (Ишчи – 2%; Мемлекет – 1%; Йениден Рефах – 1,9%; Зафер – 2,7%) оппозициядан 5,6% добушту жулуп кетип жатат. Демек, мындай “пат” абалынан Түркияны бир гана күрттөрдүн 9-10% ою чыгара алчудай көрүнүп турат.

Эми “Йөн эйлемдин” президенттик шайло боюнча натыйжасын карап көрөлү:

Эрдоган өзү каалаган Кылычтароглу менен жарашка чыкса 42,5% – 45,2%, алышып, учурдагы президент 3%га уттуруп атат, ошол эле убакта ортодо кимге добуш берерин чече элек 11% турат.

Эрдоган, учурда сот иши ачылып ажолук жарыштан шыпырылган Имамоглу менен жарышса, ага 10%га (40,5% – 50,1%) уттуруп жибермек болчу. Эрдоган чечим чыгара албай ортодо калган 9%ды алганда да Имамоглуна уттурмак.

Эң кызыгы бул сурамжыло боюнча, эгер Эрдоган Анкаранын мэри Мансур Яваш менен жарышса, ага 20% (36,5% – 55,9%) уттуруп жиберчүдөй көрүнөт.

Ошентип учурдагы түрк саясатынын негизги суроосу: “Эрдоган мынча айырма менен утуп кетчү Мансур Явашка эмнеге оозун ача албай жүрөт?”, – деген суроо болуп калды.

Ошол эле убакта түрк парламентинде небактан бери, Эрдоганды жеңе албачудай көрүнгөн, Кемаль Кылычтароглун жоопко тартуу боюнча сураныч иш-кагазы жатат.

Жансакта Сарбашов