Бул дүңүнөн камоо өлкөнүн коомдук-саясый жашоосунун 2022-жылдагы тажиктердин кол салуусунан кийинки эң кайгылуу кара так болуп калмакчы
Эки ай мурун эркин, элдик, конституциялык мамлекетибизде, болбогон, кулагынан тартып келген негизди карманып, өлкө үчүн көптөгөн жылдар бою күйүп, патриоттугун сөз менен гана эмес, иш-аракети менен далай далилдеп койгон мекендештерибиз камакка алынган. Көпчүлүгүнүн камакка алуу “аземи” чачты тик тургузган Гестапонун көрүнүштөрүн элеске тарткан түрдө аткарылган.
Камакка алынгандан бери эч кандай тергөө, суракка алуу, иликтөө иштери болбоптур – болсо жакында дагы 2 ай камак кошуп берген сот жүрүшүндө угузушмак. Жөн гана өмүрүнүн 2 айын камакта, үй-бүлөлөрүн сыздатып жатышканы жетпей, дагы 2 айга узартышты.
Камакка алынгандан бери, аларга карата айтылган куру сөздөр эле болду. Башкасы калсын, жакынкы күндөрдө өлкө башчысы өзү – өз керт башы менен адилетсиз камоону көргөн инсан – камактагыларга карата суук, эмпатиядан куру сөзүн айтканы өзгөчө кейитти. Үй камагына чыгаргыла деп суранган камалгандардын энелерине карата, “андан көрө, өз кезинде кыздарын тарбиялаш керек болчу” дептир. Миң жактырбаса да, миң ачууланса да, мынчалыкка барбоо – эл башчынын парзы эле.
Эми, тарбия боюнча, көп нерселерди ар кимге карата айтса болот. Пикирдин көп түрдүүлүгү эркин коомдо табигый нерсе – жагымдуусу, жагымсызы, жумшагы, катаалы, салмактуусу, жеңил ойлуусу – эл деген ушул көп түрдүү пикирлер менен эл болот. Ал эми коомдук-саясый майданда бийликтин чечимдерине каршы болгон, кай бир чечимин ката көргөн көрүнүш – эркин коом үчүн суудай керек нерсе. Мындай болбогон коом – ошол эле Түркмөнстан.
“Бийлик талашышат, көздөгөнү – бийликти алуу” дешти камактагылар жөнүндө. Бир нечеси боюнча бул жүйөө такыр орунсуз экенин билем, бирок ушул “күнөө” чын болсо да – бул кылмыш эмес, демократиялык, элдик бийлик системасында оппозициянын болуусу, ал оппозициянын бийликке умтулуусу – кайра эле мыйзамдуу, табигый нерсе. Ошол атаандаштык аркылуу өлкө жакшы башкаруу, мамлекеттик кызмат күтө алат. Мыйзам бузду деп мыйзам бузуу фактысы орун алганда гана айтылат, андай факты жок, жөн гана кофе ичип отурган жарандардын сөзү бар.
Бүгүн камактагылардын көпчүлүгү бул адилетсиздикке каршы эң катаал аракетке барышты – ачкачылык. Бул Кыргызстанда гана эмес, адамзаттын баарында боло келген, бийлик адилетсиздик кылганда жарандар нааразылык үчүн, бийликти кайра ойлонууга түртүү үчүн кайрылчу эң оор аракет.
Камалгандар бошотулсун, үйлөрүнө чыгарылсын. Алардын бийликти дароо басып алчу же башка бир кылмыш кылчу чамасы жок. Качып кетчү жарандар эмес булар. Аларды камакта кармоо – адамгерчиликке жатпай калды, мыйзамдуулугу ары турсун. Президент “мен чечпейм, сот чечет” дегени, албетте, өтө ыңгайлуу, 30 жылдан бери президенттер байма-бай колдонгон жүйө.
Адамдын ден-соолугун, эркиндигин, тирүүлүгүн сактап калуу үчүн сөзсүз жол табылат. Соттоло элек, тергөө камагына алынгандар – башкача айтканда, эч кандай кылмышка да соттолбогон адамдар – “сот чечет” деп, уламдан-улам камагы узартылып жата берүүсү адилетсиз экенин эң биринчи президент өзү көрүп, чара көрүүсү абзел.
Боштондук!