Муну сөзсүз окуш керек. Мындай жинди ойлор дайыма эле келбейт башыма. Мүмкүн камалып да кетемби, бирок ошонун алдын алгандагы кербезим гой. Жинди деген жинди да…
Биздин коом бүгүнкүдөй жолду сөзсүз басып өтүшү керек. Бийликтин адилетсиздигин да көрсүн. Жеке бийлик жетелеп кайда алып барарын да көрөлү. Мамлекеттик дөөлөт, мамлекеттик түзүм баардык кыйынчылыкты басып өтмөйүн күч-кубатка ээ болбойт. Эки достун бийлиги Кыргызстан үчүн чоң сабак, чоң жаңылыштык экенин калктын калың катмары түшүнүүгө жакшы мүмкүнчүлүк жаралды.
Эркиндик, эгемендик — курмандыксыз келбейт. Далай тагдырлар сынат, далай адилетсиздик менен соттолгондор болот. Эл ошентип чыйралат, көз ошентип ачылат баарыбызда. Улут катары калыптануу, күчтүү мамлекеттик дөөлөттү куруу жеңил-желпи жол менен келбейт. Андыктан коомдогу оңду-солду пикирлер ачык-айкын айтылып, жазылып атканы жакшы көрүнүш.
Коомдук пикирлер экиге бөлүнүп турганы өтө сонун. Муну трагедия кылбайлы. Кайра сүйүнөлү. Бир тараптуулуктан Кудай сактасын. Коомдогу бир тараптуу пикирлер Түндүк Корея же Түркмөнстанда гана болушу мүмкүн. А биз эркин коом курабыз десек, өйдө-ылдый жолдордон өтүшүбүз керек.
Учурда манасчылар менен төкмө акындар ортосундагы ажырымдан мен эч бир жамандык жышаанын көргөнүм жок. Өнөр адамдары коомдук-саясый толкундарга даяр болбогон үчүн гана аларды төө бастыга ала берген да болбойт. Элдик өнөрпоздор тургай илимий чөйрөнүн итирейген “интеллигенциясы” илгертен даканса, илгертен кошоматчы болуп келишкен. Профессионал адабият журту деле Арзыматтан аша чаап, пропагандист болуп келишкен. Кыскасы, коомдун алдыңкы өкүлдөрүн, алдыңкы көзкараштагы катмарын биз али жарата албай келген улутпуз. Анан кайдагы мамлекеттик пайдубалыбыз бекем болсун!
Илгери кайран көсөм, кайран кеменгер устаттарыбыз Салижан Жигитов менен Алым Токтомушев маек куруп, ошол экөө биз али улут тургай коом катары калыптана элекпиз деген чындык менен бүгүн гана бетме-бет кездешип отургандагыбыз. Мына, кайсы коом калыптанган бизде? Саясый коом элита боло албады. Жалаң шылуундар. Коомдун эң абийирсиз катмары бийлик төрүндө. Адабий коомчулук барбы? Жок! Аты бар, заты жок. Алар улут абийири боло албады. Арзыматтар! Илимий коомчулукчу? Интеллектуалдуу кылмышкерлер көбү. Илимий даражаларды сатып алган самапалдар! Диний коомчулук кыртыш алдыбы? Шегим бар. Алар да ич ара ирип-чирип, ыйкы-тыйкыдан баштары чыкпаган топтор. Бирдиктүү баалуулукту карманбаган жамааттар. Ал эми манасчылар, төкмөлөр чөйрөсүнүн баштары биригип, уюмдашканына ашып кетсе 20 жылдай эле убакыт өттү. Алар да коом катары калыптана элек. Ар кимиси өз алдынча чыйыр салар жолун издөөдө. Бирок жалпы улуттук баалуулук эмне? Ушуну аңдабай келебиз!
Мен үчүн жалпы улуттун жападан жалгыз мүдөөсү ЭРКИНДИК болууга тийиш. Биз эркин коомду курмайын, башканын баары сокур тыйын. Эркин эл гана жаратмандык касиетке ээ. ЭРКИНДИК баарыбыздын колдон чыгаргыс асыл баалуулук! Бирок эркиндикти каалагандарды эки дос эл душманындай көрсөткөн саясый кырдаалда түрдүү пикир, түрдүү көзкараштар чектелбеши керек. Ак-караны ажыратуу мүмкүнчүлүгү бар бизде. Ошол мүмкүнчүлүк — сөз эркиндиги, ой эркиндиги! Андыктан тилди тишке катпайлы. Талашалы, тартышалы. Анүчүн бири бирибизге болгон таарынычты, ызаны жеңип, тартынбастан, кысынбастан өз пикирибизди ачык айтууга үйрөнөлү.
Иий, баса, жаңылгандан коркпойлу. Чалынып жыгылгандан коркпойлу. Көп жаңылган адам мендей – О`Шакирдей акылдуу болуп баштайт, а көтөрүмдүүлүгүмө чек жок ко чиркин. Башымдан ылдый жугунду куюп ийген кишиге да кечиримдүү болуп үйрөнүп кеттим мен жинди. Мурда өзүмдү сыртыман карасам, өтө жеңил-желпи, оолукма мүнөздүү элем, кийин карасам эле киши болуп бараткансыйм. Жинди деген жинди да. Мен жинди коомду да жинди кылгым келет кээде…