Кыргызстандын аймагында турган Тажикстандын Ворух анклавынын айланасында талаш-тартыш ондогон жыл бою уланып, алардын ичинен 2021-жылы 29-апрелде жана 2022-жылы 16-сентябрда куралдуу аскердик кагылышуу орун алды
Дүйшөмбүнүн жер дооматы
Расмий Дүйшөмбүнүн жакында БУУнун Башкы ассамблеясында чек ара чырынын негизги себептерин кыргыз тарапка оодарган билдирүүсү саясий чөйрөдө талкууга түштү. Кыргызстан Тажикстан менен мамлекеттик чек арасы 976 чакырымды түзсө, анын жарымынан көбү же тагыраагы 504 чакырымы такталып бүткөн. Бирок чек ара сызыгын чектөөдө эң эле татаал жана талаштуу тилкелер Кыргызстандын ичинде турган Ворух анклавы менен аны Тажикстандын негизги аймагы менен байланыштырган жерлерге келип такалган. Мурдагы чек ара сүйлөшүүлөрүндө тажик тарап анклавга “коридор” берүүнү сурап келсе, соңку мезгилде расмий доомат арта баштады.
Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин Нью-Йорктогу сөзүндө биринчи жолу кыргыз тарап Тажикстанга таандык жерлерди ээлеп алганын айтып, буга байланыштуу анын аймактык дооматы бар экенин билдирди:
“Кыргызстан өткөн кылымдын 50-жылдарынан бери бир жактуу көз карашка таянып, Тажикстанга тиешелүү болгон 2110 чарчы чакырымдан ашуун жерди өзүм билемдик менен басып алган. Биздин кошуналар муну эстегиси келбейт. Мен БУУнун Башкы ассамблеясына Тажикстан Кыргызстан менен чек араларды тактоодо 1924-1927-жылкы улуттук-аймактык чектөөлөргө ылайык келген документтер боюнча макулдашууну иштеп чыкканын кабарлагым келет. Дал ошол документтер конституциялык процедуралардан өткөн жана сүйлөшүү жараянындагы жалгыз укуктук база. Бирок ага карабай, биз жакшы ниет менен ийкемдүүлүктү көргөзүп, кошунанын ыңгайына көнүп, Кыргызстан сунуштаган 1989-жылдагы паритеттик комиссиянын документтерин колдонууга макул болгонбуз. Чек араларды саясий билдирүүлөр аркылуу же капсалаң кырдаалды түзүү менен чечүүгө болбойт”.
Буга чейин тажик маалымат каражаттары бейрасмий түрдө Кыргызстандын Баткен облусунун ичинде жайгашкан Ворух анклав эместигин, аны негизги аймак менен байланыштырган жер тилкелери Тажикстанга караштуу деген версияны байма-бай чагылдырып келген.
“Чырдын чыныгы себеби эми чыкты”
Ал эми кыргыз тарап Ворухту анклав деп атап, аны негизги аймагы менен бириктирүүгө макул болуу Кыргызстандын Баткен облусунун жарымын бөгөп, эксклав абалына алып келерин белгилеп келет.
Жогорку Кеңешинин депутаты Султанбай Айжигитов муну катардагы чек ара чыры эмес, тажик тараптын олуттуу жер дооматы катары кабыл алууга убакыт келгенин айтып, парламентте билдирүү жасады:
“Бул аскердик кагылышуулардын себеби бүгүнкү тажик бийлигинин саясатында болуп жатат. Ал саясатты Тажикстандын тышкы иштер министри БУУда сүйлөгөн сөзүндө ачык эле айтып койду. Ал “кыргыз тарап 1950-жылдардан бери өзүм билемдик менен 2110 чарчы чакырым жерди мыйзамсыз ээлеп келген” деген эч бир далилсиз, негизсиз доомат коюп жатат. Биз аларга бир метр жерге дагы доомат койгон жокпуз. Биздин Баткен облусунда болгону 17 миң чарчы чакырым жер аянты бар. Анын деле 90% тоо кыркаларынан турат. Түзөң жана ойдуң жер аянттары үч миң чарчы чакырымдай эле. Ошонун эки миң чарчы чакырымына алар доомат артып жатышат”.
Алматы декларациясы
СССР тараган 1991-жылы КМШ уюму түзүлүп, ага кирген өлкөлөр чек аралардын бузулбастыгын жана аймактык бүтүндүгүн тааныган Алматы декларациясын кабыл алган. Ага Тажикстан менен Кыргызстан да кол койгон. Бул шартнаама 1994-жылдагы Москва декларациясы, КМШ тууралуу макулдашуу жана ошондой эле ынак кошуналыкты караган эки тараптуу келишимдер менен бекитилген.
Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Данияр Сыдыков баштапкы 1927-1929-жылдардагы макулдашылбаган картага таянуу менен Дүйшөмбү соңку базалык келишимдерди бузуп жатканын белгиледи:
“Бүгүнкү күнү тажик тарап 1924-жылдагы эски картага жана ага байланыштуу чечимдерге таянып, жер тилкелерине доомат артып, шарттарды коюп жатат. Мына ошол карта боюнча азыр Тажикстандын курамында турган Мургаб менен Жергетал деле кыргыздын жери болчу. Анда баш-аягы 60 миң чарчы чакырымдан ашуун жер аянты турат. Эгерде биз алардын тили менен сүйлөсөк, анда мына ошол аймактарды кайтарууну талап кылып туруп алсак, туура болобу? СССР тарап, КМШ түзүлгөндө ага кирген мамлекеттер мына ушуга окшогон жер дооматтары болбосун деген максатта Алматы декларацяисына кабыл алышкан. Ага азыркы тажик президенти Эмомали Рахмон дагы кол койгон. Мына ошондо союздук республикалардын ортосундагы чек араларды негиз катары алып, алардын бузулбастыгын, аймактык бүтүндүгүн тааныган жыйынтыкка келишкен. Ал эми эки ортодогу чек ара сызыктарын тактоо мына ошол базалык келишимдердин негизинде күч менен эмес, эки тараптуу тынч сүйлөшүүлөр аркылуу жүргүзүлө турганы көрсөтүлгөн. Ал мезгилде тажик тараптын бизге аймактык дооматы бар болсо, анда ошол декларациялар менен келишимдерге кол койбойт болчу. Азыр болсо мына ошол келишимдер бузулуп жатат”.
Баткен менен Согддун кошуналыгы
Чек ара талашынан кагылыштар чыккан Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согд облусу географиялык жактан Фергана өрөөнүндө жайгашкан. Тарыхый булактарда бул аймактар ар кайсы доорлордо түрк жана перс тилдүү калктар жашаган түрдүү дөөлөттөрдүн курамында болгон. Алардын арасынан эң эле соңку мамлекеттик түзүм түрк-чагатай династиясы башкарган Кокон хандыгы болгону белгилүү.
Хандык 19-кылымдын экинчи жарымында кулап, анын аймагы Падышалык Орусияга караган. Ал мезгилде аралашкан жалпы маданият үстөмдүк кылгандыктан аймактык бирдиктер этникалык негизде бөлүнгөн эмес.
Бирок ошол эле кезде аймактагы ар бир этностук топ жердеген аймактардын чегинин географиялык картасы чийилип, чектелбеген, бирок алардын ар биринин көчмөн же отурукташкан шартта чарба жүргүзгөн тарыхый ээликтери болгону илимий изилдөөлөрдө көрсөтүлгөн.
Орто Азиядагы 1924-жылдагы улуттук-аймактык чектеп, бөлүүнүн этносаясий жараяндарга таасирин Орусиянын Алтай мамлекеттик универститетинин профессору Ирина Бочкарева 2019-жылы жарыяланган илимий эмгегинде изилдеген. Анда чөлкөмдөгү алгачкы улуттук-аймактык бөлүштүрүү кеңеш бийлигин чыңдоону көздөп, улут маселесин чечүү, улуттук негизде союздук республикаларды түзүү аркылуу өз алдынча бирдиктүү Түркстан мамлекетин көздөгөн күчтөрдүн арасына ажырым салып, идеологиялык сокку уруу максаты болгону мисалга алынган. Ошондой эле империянын чынжырынан чыгып, өз алдынчалыкты көздөгөн күчтөр ошол кезде Түркия менен байланышууга аракет жасаган учурлары Москваны кооптондуруп, ал жер-суу реформасын атайын “шахматтык” шартта жүргүзүп, аны жалпы Түркстандын бүтүндүгүнө каршы коюп, пантүркисттик маанайды ооздуктоо саясаты жүргөнү аталган эмгекте изилденип, Орто Азиядагы азыркы чаташкан чек ара чатактарына мына ошондо эле “үрөн” себилген саясий жагдайлар белгиленген.
Москванын чечими менен 1929-жылы Тажик АССРи Өзбек ССРинен бөлүнүп чыгып, өз алдынча Тажик ССРи түзүлгөн. Ал башында Тоолуу Бадахшан, Гарм, Гиссар, Куляб, Коргон-Төбө, Пенжикент, Оро-Төбө аймактарынан туруп, ага Өзбекстандын Кожент округу өткөрүлүп берилген.
Мургаб менен Жергетал: эски картанын эпкини
Тарых изилдөөчү Кыяс Молдокасымов Мургаб менен Жергетал кандайча өтүп кеткенин айтып берди:
“Эгерде тажик тарап бизге 1924-1927-жылдардагы эски картаны таңуулай турган болсо, анда биз сөзсүз түрдө анда Жергетал менен Мургабды кайтаруу маселесин коюшубуз керек. Ал аймактар мына ошол карта боюнча Кара-Кыргыз автоном облусунун курамында турат. Бул талаш-тартыш маселелер мына ошол 1924-1927-жылдары кыргыздардын кызыкчылыгы эске алынбай, Москвадан келген комиссия жергиликтүү элди, жердин нугун жакшы билбегендиктен улам туура эмес чечилип калган. Алтургай, мына ошол кезде Коженттин тегерегинде кыргыздар жашаганы эске алынган эмес. Тарыхта “коженттик кыргыздар” деген түшүнүк бекеринен чыккан эмес. Бул Кожент аймагы ошол кезде Өзбек ССРинин карамагында болчу. Азыр эми ошол аймактагы жерлердин бардыгы Тажикстандын ээлигинде калып кеткен”.
Орусияда 1917-жылы падышалык бийлик кулап, 1922-жылдан баштап большевиктердин жаңы улут саясаты жарыяланып, анын негизинде СССРдин курамында улуттук-аймактык бирдиктер негизделе баштаган. 1924-жылы Өзбек ССРинин курамында Тажик автоном республикасы негизделген. Тажик АССРи 1929-жылы андан бөлүнүп чыкканга чейин азыркы Ворух аймагы Өзбек ССРинин Кожент округуна карап турганы тарыхта белгилүү.
Көчмөндүк менен көчкөн журт
Тарыхчы Кыяс Молдокасымов Ворухта жана анын айланасында калктын кандайча турукташканын мындай чечмелеп берди:
“Бул аймактар эзелтеден бери эле түрк тилдүү элдердин мекендеп келген жерлери. Кыргыздар көчмөнчүлүк жашоодо болгон кезде отурукташкан, жер иштетүү, соода-сатык менен алектенген перс тилдүү тажиктин айрым уруулары Ворухка келип, орун-очок алып калган. Алардын саны улам өсүп, азыркы учурдагы деңгээлге чейин көбөйүп отурган. Мына ошол улуттук-аймактык чектөө болгондо мурдатан кыргыздар ээлеп келген жерлер ошол кездеги Кара-Кыргыз автоном облусунун аймагы катары чийилиши керек болчу. Бирок ал кезде тагдырды Москва чечкендиктен чек араларда мына ошондой оош-кыйыштар орун алган. Бул тууралуу ошол кездеги мамлекеттик ишмер, маркум Жусуп Абдрахманов деле күндөлүгүндө жазып жатпайбы”.
Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча комиссиялар ар бири өзүнүн кызыкчылыгындагы ар кайсы жылы чийилип, бирок расмий бекитилбеген карталарды азыр чек ара сызыктарын аныктоо куралы катары көтөрүп келген. Тажик тарабы 1924-1927-жылдардагы алгачкы улуттук-аймактык чектөөгө таянса, кыргыз тарабы 1956-1958-1961-жылдардагы жана 1989-жылкы документтер менен карталарды карманган.
Кыргыз тараптын ырасташынча, 1924-1927-жылдагы улуттук-аймактык бөлүштүрүү иштери шарттуу жүрүп, этностордун чарба жүргүзүү шартын эске албай, так картографиялык-геодезиялык ыкмалар колдонулган эмес. Москвадан келген комиссия улуттук-аймактык чектөөдө Лениндик улут саясатынын төрт принцибинин бирөөнү гана ишке ашырып, катачылыктарга жол бергени кийинки териштирүүлөрдө белгилүү болгон.
Тажик тараптын аргументтери
Анткени, баштапкы улуттук-аймактык бөлүү иштери жай мезгилинде жүргөн. Жайда көчмөн кыргыздар малга карап жайлоолоп, тоолордо болуп, күзүндө гана кыштоодогу жер ээликтерине түшкөн жагдайлар эске алынбай калган. Ал эми отурукташкан калк адатта дыйканчылык менен алек болуп, жаңы жер тилкелерин өздөштүрүп турган. Ошондуктан да тажик тарап 1975-жылга чейин Ворухтун айланасында Ак-Сай жана Көк-Таш сыяктуу кыргыз айылдары болгон эмес деген жүйө келтирген. Тажикстандын Исфара шаарынын экс-мэри, постсоветтик мезгилдеги чек араларды тактоо боюнча баштапкы сүйлөшүүлөрдүн катышуучусу Мирзошариф Исломидинов “Азия-Плюс” сайтына ошол кезде Ворух анклав болбой, анын айланасындагы азыркы Аксай жана Көк-Таш сыяктуу кыргыз айылдары жайгашкан жерлер “Тажикстанга караштуу болгон” деп билдирген.
Кыргыз тарап болсо Ворухту курчаган кыргыз айыл-кыштактары мурдатан эле болгонун, ал эми Ак-Сай жана Көк-Таш айылдары ошол эле аймактагы мурдагы майда жана чачкын жайгашкан конуштар менен айыл-кыштактарды көчүрүп, ирилештирүү боюнча ошол кездеги советтик саясаттын негизинде кайрадан калыптанып, түптөлгөнүн белгилейт.
Ворухтун жанынан көчкөн айылдар
Көчмөн кыргыздар жер ээликтерин малдын ыңгайына карап, жайлоо, күздөө, кыштоо жана жаздоо кылып бөлүп, көчүп-конуп жүргөндүктөн 1924-1927-жылдагы комиссия Лейлек менен Баткен аймагындагы улуттук-аймактык бөлүштүрүүдө кыргыз тараптын кызыкчылыгын эске албаганы кийинки Фрунзенин борборго – Москвага жазган каттарында да көрсөтүлгөн. Буга байланыштуу тарыхый документтер буга чейинки кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрүндө талкууланганы айтылды.
Ал эми Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев 1950-жылдары тескерисинче Москванын көрсөтмөсү менен Ворухтун жанындагы майда кыргыз айылдары көчүрүлгөнүн ырастаган далилдер бар экенин мисал келтирди:
“Кечээ кийинки эле соңку тарыхка кайрылсак, ошол кездеги СССРдин жетекчиси Хрущевдин көрсөтмөсү менен “келечексиз конуштар” деген негиздеме менен Ворухтун айланасындагы кыргыз айылдары ал жактардан толугу менен көчүрүлүп, чыгарылып кеткен. Мына ошол Ворухтун жанындагы Бедеке, Керосин деген айыл-кыштактардын тургундары, анан ал анклавдын үстүндөгү Кык деген айылдын калкы берки ичкери жакка которулуп, көчүрүлгөн. Биз ал жактан айыл-кыштактарды көчүрүп, ал эми Ворухтун аймагы алардын эсебинен кеңейип отуруп, андагы калктын саны улам өсүп кеткен. Мен жетекчи болуп турган мезгилде да алар биздин аймактарга чейин чыгып келип, биздин жайлоолорду мыйзамсыз колдонуп, кыргыздын арчаларын кесе баштаган. Ошондо биз сунуш киргизип, жанагы чек ара бекеттерин койдурганбыз”.
Кыргыз өкмөтүнүн мамлекеттик чек араларды тактоо боюнча паритеттик комиссиясын көп жыл жетектеген адис, геодезист-картограф Саламат Аламанов аймактагы этникалык топтордун тарыхый чарба жүргүзүү чектери мамлекеттик чек араны тактоого укуктук негиз болорун белгиледи.
Элүүнчү жылдардагы ревизия. Катаны оңдоо
1950-жылдары Орто Азиядагы союздук республикаларда калктын жашоо деңгээли оңоло баштаганда, улам жаңы жер тилкелерин өздөштүрүү маселеси күн тартибине чыккан. Анда коңшулар арасында чарбалык, экономикалык маселелер чыгып, эки ортодо жер-суу ресурстарына ээлик кылууга байланыштуу талаштар чыга баштаган.
Буга байланыштуу 1955-жылы Москванын көрсөтмөсү менен чөлкөмдөгү тарыхый, географиялык, улуттук-саясий факторлорду эске алып, заманбап картографиялык-геодезиялык ыкмаларды колдонуу менен Орто Азиядагы союздук республикалардын ортосундагы чек араларды тактоо боюнча паритеттик комиссиялар түзүлгөн.
Кыргыз тарап тажик бийлиги карманган 1924-1927-жылдардагы документтердин укуктук күчү жок деп эсептейт. Ошол эле кезде чек араларды шарттуу аныктаган ал документтер андагы эки тараптын элдик өкүлчүлүк органдарынын бекитүүсүнөн өтпөгөнү белгиленди.
Геодезист-картограф Саламат Аламанов баштапкы улуттук-аймактык чектөөнүн тыянагы таанылбай, 1956-жылы эмнеге кайра паритеттик комиссия түзүлгөнүн чечмеледи:
“Комиссия мына ошол 1924-жылы биринчи жолу келип, араба менен кыдырып талааларда иштеген мандикерлерден эле жердин нугун, алардын кайсы этникалык топко караштуу экенин сурап, “мында ошол улуттагылар жашайт экен” деп кайтып кете беришкен. Бул тууралуу жазылган тарыхый документтер бар. Ал мезгилде кыргыздар жайлоолордо болгон. Бул тууралуу кийин кыргыз тарап доомат коюп, жайдын күнү чектөө иштери жасалып, чектер туура эмес чийилип калган деген негизде арызданган учурлар болгон. Анан жогору жактан бекитилген негизги принциптер аткарылбагандыктан анын кемчиликтери бар экени кийин таанылып отурбайбы. Ошондуктан 1955-жылдан баштап кайра каралып, тажрыйбалуу жер адистери барып, кайрадан улуттук-аймактык чектөө иштери жүргөн. Эгерде бардыгы туура болсо, Москва кайра экинчи ирет комиссия жиберип, эки тарапты тең катыштырып, анан паритеттик комиссия түзбөйт эле да. Биз мына ушул далилдер менен аргументтерди айтканда тажик туруп, муюп эле укчу. Азыр эле кандай болуп жатканын түшүнбөй турам”.
Кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрүндө негизги укуктук күчкө ээ далилдер катары кандай документтер менен картографиялык материалдар эсептелери, 1924-жылдан 1991-жылга чейинки улуттук-аймактык бөлүштүрүү иштеринде кандай тарыхый, саясий жана укуктук факторлор эске алынышы керектигин бекиткен шарттар азырынча коомчулукка белгисиз.
Чыр-чатактар менен кагылыштардын чордону
Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде, анын ичинде Ворухтун айланасындагы кыргыз айылдарын оор жоготуулар менен орчундуу кыйроолорго алып келген куралдуу кагылыштар өткөн жылы 28-апрелде жана быйыл 16-сентябрда болду.
Эл аралык укук боюнча башка өлкөнүн ичинде жайгашкан экинчи бир өлкөнүн анклав аймагына аскер күчтөрүн жана оор аскер техникасын алып кирүүгө тыюу салынган. Буга байланыштуу эки ортого чек ара бекети коюлуп, көзөмөл орнотулган.
Ак-Сай айылынын тургуну Эркин Жолчиев үч жыл мурун мына ошол бекет алынып, Ворухка курал-жарак жана аскер техникасы толтурулуп, анын бардыгы соңку кол салууда колдонулганын белгиледи:
“Кечээ жаңжалда Ворухтан жалаң чопкутталып, ок өтпөгөн БТР, БМПлар сыяктуу оор аскердик техника келип түштү да. Анткени 2019-жылы Жеңиш Разаков вице-премьер болуп турганда ага чейин турган чек ара бекетибиз алынып салынган. Ошондон пайдаланып, алар улам аскер техникасын анклавга киргизип, толтура берген экен”.
Ачык булактарда 1960-жылдары Ворухтун калкы кошуна Кыргызстанга караган Исфайрам дарыясынын сол жээгиндеги 700 гектардан ашуун бош жер тилкелерин өзүм билемдик менен өздөштүрүп алганы көрсөтүлгөн. Кыргыз бийлиги 1974-жылы ал жерлерди бошотууну талап кылган. Көп өтпөй Ворухтун жанында куралдуу кагылыш болгон.
Андан кийин өздөштүрүлгөн жерлердин бир бөлүгүн кыргыз тарапка кайтаруу чечилип, бирок ал чечим кийин аткарылбай калган. Жаңжал 1982-жылы кайра от алып, Тажикстандын Ворух анклавы менен Кыргызстандын Танги-Капчыгай айылынын тургундары кагылышкан. 1989-жылы суу талаштан Кожалы (тажикче Хожа-Алъо) менен Самаркандектин тургундары чатакташып, адам өлүмү катталган.
Ошентип Ворух анклавынын айланасында байма-бай чыр-чатактар уланып, алардын ичинен 2021-жылы 29-апрелде жана 2022-жылы 16-сентябрда куралдуу аскердик кагылышуу орун алды.